СҮЙҮНБЕК КАСМАМБЕТОВДУН НАРК КУРЖУНУН АЧКАНДА
- 28.03.2025
- 0
Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовдун «Нарк куржун» аттуу китебинин басылып чыкканын телерадиодон, басма сөз беттеринен угуп, окуп журдүм эле. Жакында иштеген мекемемден улуттук нарк, элдик каада-салт боюнча окуу куралын жазууга тапшырма алып,
С.Касмамбетовдун ошол «Нарк куржунун» таап, атайы окуп чыгууга туура келди. Көрсө, мамкатчынын китеби мектептер, колледждер, ЖОЖдор үчүн турушу менен эле даяр окуу куралы, ар бир алатоолук жаран ийнине салып көтөрүп жүрө турган «Куржун» экен.
Бул кандайдыр бир үлкөн мамлекеттик чиновниктин трибуналардан чыгып сүйлөгөн же жасаган кургак докладдарынын расмий жыйнагы эмес. Мындай нерсеге «Нарк куржун» таптакыр карама-каршы. Официалдуулук, догматизм деген неселер бул китепке жат. Бул китеп эркин сөздүн, эркин рухтун туусун көтөргөн, өзүн өз ата журтумдун уулумун, өз элимдин кулумун деп эсептеген мекенчил жарандын калк алдында чын жүрөктөн төгүлүп айткан монологу. Мына ошондуктан кол жазманы алдын ала окуп, те далайдан бери улуттук наркты муундарга окутуп келе жаткан эл мугалими Бектур Исаков мамкатчынын «Манастап» ураан чакырганына кубанып, «Сүйүнбек мырза, сен накта ата-бабаң тааныган изди ээрчип, ошолор баштаган жолго баштап баратасың кыргызыңды. Журтуңа көрсөткөн туура багытың эч убакта кайтарымсыз калбайт. Эч кылчактабай сапарыңды ула!» деп, китепке баш сөз жазып, аксакал катары ак батасын бериптир. Китепте «Кыбыра», «Нарктуу ойлор», «Кыргыз наркы», «Торгой», «Чач», «Жоолукчан», «Элчи», «Уул», «Дос», «Ормон хан», «Мугалим», «Үч кап», «Ак элечек», «Көч», «Абийир», «Ынтымак», «Байбиче», «Манасчы», «Кыргыз табериги», «Жүз жигит», «Үч аркар» сыяктуу темалар ортого коюлуп, булардын ар бири боюнча салмагы сайдын ташындай ой уютмалары, философиялык акыл-ой бүтүмдөрү, мааниси терең нарк-нускалар, көнүмүштөн тыш капыстан жарк эткен кайталангыс пикирлер, таасын аныктамалар тартууланат. Мисалы, «Мугалим» аттуу темада С.Касмамбетов класстагы мугалимдин бийик нарктуулук касиетин кайталангыс бир эпизод аркылуу эстен чыккыс кылып, таамай мүнөздөп келип, аягында «Мугалим деген ким?» деп суроо коюп, ага мындайча жооп берет: «Мугалим тамчыдай тыпылдап жандүйнөңө «адам бол… адам бол» деп тамчылоодон тажабаган адам». Мугалим жөнүндө оригиналдуу, образдуу, күтүүсүз айтылган бул сүйлөм, өзүнүн адаттагыдай эмес сүйлөнгөндүгү менен таасирлентип, көңүлүңө кыттай уюп калат.
«Нарк куржундун» автору трибунадан узун доклад менен жарым саат, бир саат сайрай турган мазмунду бир-эки сүйлөм менен гана берип койгон чеберчиликке ээ. Маселен, С.Касмамбетовдун «Нарк куржундагы» «Ак элечек» баянынан төмөнкү «бир чымчымды» окуп көрөлү:
«Кыргыз элинин учугун жоготпой, тамырын үзбөй, өзөгүн соолтпой сактап келген ЫЙЫКТАРЫ: көкүрөгүндө «Манасы», башында калпагы менен элечеги, колунда туусу менен комузу, бешиги менен мазары, көңүлүндө салты менен наркы болгон. Ушул нерселерди ыйык сактай албасак өзүбүздү-өзүбүз басып, шылдыңдап олтурсак кандай эл болобуз?» (102-бет).
«Сакадай бою сары алтын» деп ушул «бир чымчымды» айт. Караңызчы автор ушул тепкедей болгон эки гана сүйлөмгө бүтүндөй бир улуттук идеологиянын мазмунун батырып, улуттун бир бүтүндөй көйгөйүн айтып, томуктай жерге тоодой мазмунду батырып койгон. Бул чеберчилик эмей эмне? Китеп башынан аягына чейин жарым беттен, бир беттен же бир жарым беттен ашпаган кыска-нуска көркөм жазылган миниатюралардан гана турат. Бирок С.Касмамбетовдун миниатюраларынын бою бир карыш болгону менен ою миң карыш. «Нарк куржундун» «Торгой», «Дос», «Көч», «Үч кап», «Элчи», «Ормон хан», «Манасчы», деген притчаларын окуп көрүңүзчү, улуу рухка, улуу наркка, акылмандыкка кез болуп, акыл-эсиң, жан дүйнөң агарып чыга келет. Ушул темаларда Мамкатчынын калың журтка салмак менен сүйлөгөн аңгемелери сыналгыдан кайра, кайра берилип, көрөрмандардын көңүлүн курсант кылууда. Журтубуз ушундай нарктуу кептерге суусап калган экен. С.Касмамбетовдун китептеги кээ бир күндөлүк окуяларга, кай бир турмуштук мерчемдүү учурларга карата айткан, жазган каалоо-тилектери, кеңештери, ойлору да кызыктуу, оригиналдуу, образдуу. Баягы чиновниктик дежур сөздөр эмес. Буга ишенүү үчүн «Нарк куржундагы» эл аралык мелдештерде чоң байгелерди уткан балбан кыздарыбыз Мээримге, Айсулууга, Жоламан балбанга арналган сөздөрүн окуп көрсөңүз жетиштүү. «Тузу оор Манастын туу жыгар кызы дүйнөнү үч мертебе таңгалдырып, Айсулуубуз дүйнө кыйындарын нечен ирет бөк түшүрүп, бийиктикке чыкты. Кыраан кыргызда кыз балдар да намыс талашып, эрөөлгө туруп берген. Айсулуунун үстүндө ай менен эле күн калды багына элек». Кандай күчтүү, маанилүү, ширелүү, поэтикалуу шыктандыруучу сөздөр. «Манастын туу жыгар кызы!» Бул сөз кантип Айсулуунун жандүйнөсүн титиретпесин, кантип, жооптуулукка, эки эселенген кайратка чакырбасын. «Үстүндө ай менен эле күн калды» деген сөздөр Айсулуу Тыныбекованын эл аралык жеңиштеринин улутубуз үчүн канчалык маанилүү экенин поэтикалуу образ менен жеткирип жатпайбы.
С.Касмамбетовдун кээде эл ичинен көрүп же байкап калган бир фактынын, көрүнүштүн артында кыргыз наркынын улуу маңызы, касиети жатканын баамдап, аны алгыр куштай чап илип алып, аренага алып чыгып, көпчүлүккө таанытмай өнөрү бар. Автор китебинде манасчы Тыныбектин эстелигинин ачылышына байланыштуу эскермелеринде бир байбиченин
«Мен кайнатама далымды салып калат экемин» деп, капыстан кар аралаш башталып кеткен бурганакта эстеликтин артына далдааланган элдин арасына барып отурбай койгонун таңгалуу менен айтып берет. Карачы, жарыктык байбичени. Эмне деген ыйман! Байбиче көтөрүп жүргөн ушул ыйман сактап келген да, кыргызды. Биз ыйманды Аравиянын чөлдөрүнөн издебей, өзүбүздүн ак элечек тоолорубуздун арасынан издесекчи. Таянар тообуз өзүбүздө дейт С.Касмамбетов.
С.Касмамбетов кеп болуп жаткан китебинде дайыма кылымдардын кыйырын баскан кыргыз адеп-ахлагынын уңгуларын таберик кылып, дүйнөдөгү индустриалдык цивилизациянын фонунда чаңга басылган ата-бабалардын издерин издеп, аларды таап, топурагын аарчып, «алтындарды» жаркыратып көрсөтөт. Эгерде бүгүнкү балбандардын жеңиштерин кеп кылса, ал мөөрөйдүн артында «Манастагы» алп Кошойдун ар-намыс салты тургандыгын айтып, түпкү уңгуну көрсөтүп өтөт. Бул бекеринен эмес, анткени Сүйүнбек Касмамбетовдун улуттун түпкү өзөк кечтерине таянган мекенчил концепциясы бар. Мамкатчынын концепциясы өлкөнүн Президенти Садыр Жапаровдун «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө», «Кыргыз элинин баа жеткис рухий мурасы – «Манас» эпосунун үчилтигин ар тараптан изилдөө боюнча кошумча чаралар жөнүндө», «2022-жылды тоолордун экосистемасын коргоо жылы деп жарыялоо жөнүндө», «Улуттук нарк жөнүндө» жарлыктарынын идеяларына таянат. С.Касмамбетовдун концепциясы анын төмөнкү сөздөрүндө чагылдырылган: «Кыргыз эли – дүйнөлүк цивилизациянын ажыргыс бир бөлүгү, андан четте калууга акыбыз жок. Биз жалпы адамзат дүйнөсүнө нечендеген кылымдардын сыноосунан тайгылбай өткөн улуттук өзгөчөлүгүбүздү, ата-бабабыздын нарк-насилин, улуттук салт-санаабызды, маданий жана руханий баалуулуктарыбызды сактоо менен кирип, өзүбүздүн татыктуу ордубузду табууга тийишпис». Колубуздагы «Нарк куржундун» «эки көзү» тең дал ушундай концептуалдуу стратегияны жүзөгө ашырууда мамлекетибизге да, бүткүл жарандарыбызга да тирек, жөлөк-таяк боло турган өзөктүү ойлор, уңгулуу идеялар, рухий нарктар, асыл баалуулуктар, келечекке багытталган аруу каалоо-тилектер, жанга эм, акылга дем боло турган учкул пикирлер менен толтурулган. С.Касмамбетовдун «Нарк куржунун» Ала-Тоонун ар бир жаранынын ийнине салып көтөрүп жүргөнү оң. Анткени бул куржундагы рух нарктары, ой берметтери ар кимдин уктап калган улуттук аң-сезимин ойготуп, ар намысын козгоп, улуу Манастын урпагы экенин туйгузуп, «өксүк комплексинен» арылтып, кыргыз болгонуна сыймыктануу сезимин жаратып, башын жогору көтөрүп, улутман, мекенчил жаран болуп жашоого өрөпкүтүп, өргө сүрөөчү күчкө ээ.
СССР доорунда ата-бабаларыбыздын даңазалуу тарыхы муундарга тааныштырылбай, окутулбай, тарых китептерине жазылбай, элден жашырылып, кыргыз тарыхы эзилген кедей-кембагалдардын, кул-күңдөрдүн, сабатсыздардын тарыхы делип, элдин чыныгы тарыхы Октябрь төңкөрүшүнөн кийин гана башталды деген коммунисттик-тоталитардык идеологиялык манипуляция «куйругун чагарактатып» даң салды. Баатырдык эпос «Манас» негизги варианттары XX кылымдын 20-30-жылдарында толугу менен эл оозунан жазылып алынса да, «реакциячыл-динчил» чыгарма деген сыяктуу ар кандай саясий айыптар коюлуп отуруп, 1958-жылга чейин толук жарык көрбөй, жабыкта кармалган. Мына ушундай абал-жагдайга жарандык абийири чыдабай, Кыргыз эл жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбеков ичи өрттөнүп чок болуп, 1973-жылы Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетине, анын бюро мүчөлөрүнө кат жазып, төмөндөгүдөй ачуу сөзүн бүрккөн.
«Биз элибиздин тарыхын, маданий мурастарын эстен чыгарып келатабыз. Өзүбүздү өзүбүз жамандап, «жапайы», «жарым жапайы» элек деп элибизди кордоону мактаныч иретинде айтып көрдүк. Ушинтип өзүбүздү өзүбүз кемсинтүүнүн натыйжасында жылдызыбыз түшүп, шагыбыз сынып отурат».
T.Сыдыкбеков бүтүндөй калкты басынтканга болбостугун түшүндүргөн жана кыргыздардын даңазалуу тарыхы жөнүндөгү чындыкты калыбына келтирүүнү компартиядан талап кылган. Мындай талабы үчүн Түгөлбай ата «улутчул» аталып, «Көк асаба» романы 18 жыл «кара сандыкка жабылган». Улуу патриот жазуучубуздун кыргыз тарыхынын чындыгын жана ак калпак калктын нарк-дөөлөттөрүн калыбына келтирүү талабы бүгүнкү күндө Ажо Садыр Жапаровдун улуттук нарк саясатында жана мамкатчы Сүйүнбек Касмамбетовдун рухий-интеллектуалдык жана агартуучулук-жайылтуучулук ишмердигинде жүзөгө ашып жаткандыгы сүйүнүчтүү. «Нарк куржун» мына ушул тарыхый кайра жаралуу процессинин бир жаркын фактысы болуп эсептелет. С.Касмамбетов кыргыз эли Азиянын бороондуу жолдорунда такшалган байыркы эл экендигин, ак калпак калктын кылымдардын сыноосунан өткөн түптүү нарктары бар экендигин, ал уңгулуу баалуулуктардын улуттук иденттүүлүгүбүздүн сакталышында баа жеткис мүлк экендигин трибуналардан, телерадиодон, басма сөздө күн-түн саймедиреп, журттун боюна сиңирип жатат. Садыр
Жапаровдун чоролорунун курамында С.Касмамбетовдой улутту сактоо идеясы менен куралданган идеолог-стратегдин бар экендиги үмүтүбүздүн чырагын жандырууда.
Сөз акырында С.Касмамбетовдун бир артыкчылыгын белгилеп кетмекчибиз. «Нарк куржундагы» Улуу Ата мекендик согуш, жеңиш жөнүндөгү сөзүндө С.Касмамбетов «Чолпонбай атабыз жамгырдай ок жаадырган дзотту окоп казган күрөгү менен тоспой, оттой күйгөн жүрөгү менен тосподубу…!» десе, аялзатка, энелерге арналган сөзүндө «Кыргыз эне гана миң тилдин бирине да которулбаган «алдыңа гана кетейин!» деген сөздү айтат. Энеге чексиз таазим!» деп сүйлөсө, жолчуларга багышталган кебинде «Нарктуу журт, жолчуларга үйүбүздөн суусундук ала чуркап, улуу көчтү түздөйлү!» дейт. С.Касмамбетов ушинтип демейкидей эмес стилде, күтүлбөгөндөй сөз, ой айкалыштарын таап, угумдуу, жугумдуу айтса да, жаза да билген өнөргө ээ. Журналист Асланбек Сартбаев туура белгилегендей, мамкатчы «улуттук уңгу мурастарыбызды жипке тизгендей шурудай кынаптап» айтканга уста. Дал ушундай чеберчилик улуттук кайра жаралуу мезгилинде мамлекеттик аппаратта иштеген идеолог ишмерге аба менен суудай керек эмеспи. С.Касмамбетовдун чечендик өнөрүнө арбалган бир мекендешибиз «Укмуш жалындуу сүйлөйт экен, тим эле ээрчип кеткиң келет», деп айтып отурат (Окурмандардын пикирине – «Нарк куржун» 157-бет). Сүйүнбек мырзанын мындай касиети кайдан деген собол жаралбай койбойт. Бу кишинин түбү качан, кайдан түптөлгөн?
Кыргыз эли байыртан сөз күтүп, кеп баккан, сөзмөрлүк, чечендик өнөрдү жогору баалаган калк. Ак мөңгүлүү Ала-Тоо «өнөр алды – кызыл тилдин» мекени болуп келген. Сөздү мончоктой тизип, куюлуштуруп көркөм сүйлөгөн, сөзү угумдуу, кеби жугумдуу, оюн ташка тамга баскандай таамай айткан адамдар эл ичинде кадыр-барк күтүп, даңкталган. Сөз кадырын билүү, эне тилге болгон сый-урмат, кеп чеберчилиги, сүйлөө маданияты кыргызда адептүүлүктүн чен-өлчөмү катары каралган. «Айтылган сөз — атылган ок», андыктан алды артыңды аңдап сүйлө, ар нерсени талдап сүйлө, тантырабай далдап сүйлө деген кыргыз. Кыргыздын кеп устачылыгы, чечен сөзү жөнөкөй гана кооз сөздөрдүн тизмеги эмес. «Арканды узун таштап сүйлөнгөн, ою терең, чабыты кенен, ажат ачкан, чындыктын көзүн тапкан, бутага таамай тийген, курч, кыска-нуска, макалдатып, мисалдатып жорго сөз менен айтылган чечендик, сөзмөрлүк «тили буудай куурган», «таңдайынан чаң чыккан», «капилеттен сөз тапкан, караңгыда көз тапкан» тил өнөрү жогорудагы аты аталган чечендерге, элчилерге, акындарга, манасчыларга, ошондой эле, эл ичиндеги нускалуу, нарктуу сөзмөр карыяларга жана байбичелерге, Акыл Карачач сындуу чыгаан жаштарга мүнөздүү болгон.
С.Касмамбетов дал ушундай элдик тилдик маданияттын кыртышынан өнүп чыккан. Бул жерде үй-бүлөлүк таалим-тарбиянын жана маданий-генетикалык фактордун да ролу чоң.
С.Касмамбетовдун атасы манасчы, төкмө акын Сапарбек да, чоң энеси да чечендик өнөрдү аркалаган нарктуу инсандар болушкан. Сүйүнбек мырза «Нарк куржунда» минтип жазат: «Мени апам бакты. Чоң энемди «апа» деп чоңойдум. Эки айлыгымда эле ата-энемден алып кеткен экен. Менин көпчүлүк учурдагы айткандарымдын көбү чоң энемден уккан баяндардын топтому десем болот. Басса-турса куюлуштура сүйлөгөн, айылда барктуу, нарктуу да байбиче болчу чоң энем. Ошол кишинин айткан баяндарынын көбүн мен кийин чоңойгондо элдик оозеки чыгармалардан окудум. Апам (чоң энем) меселдете сүйлөгөн, көп нерсени эстутумуна сактап калууга жөндөмдүү, элдик кааданы, салтты өтө бекем кармаган, тегерегиндегилерден да ошону талап кылган мыкты жан эле. Менин да кыргыз каадасын, наркын көп билгендигим, кези келгенде жорго сөздөр менен куюлуштура сүйлөгөндүгүм, сөз байлыгымдын кенендиги да ошол апам тараптан келгендиги анык» (16-бет).
Демек, С.Касмамбетовдун «өнөр алды кызыл тилдин» ээси экендиги тегин жерден эмес экен. «Казанда болсо чөмүчкө чыгат» деген ушу да. Буюрса, калың журтубуздун мамлекетибиздин башкы идеологунун ишмердигинен бай түшүм жыйнарында шек жок, жыйнап да жатабыз. Ошол түшүмдүн эл руху үчүн кызарып бышкан мөмөлөрүнүн бири 2024-жылы жарыкка чыккан ушул «Нарк куржун» китеби болуп саналат.
Советбек БАЙГАЗИЕВ, Кыргыз эл жазуучусу, филология илимдеринин доктору, профессор, КР илим жана техника жаатындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты
Комментарийлер