ӨСӨР АДАМ ӨНӨКТӨШ ИЗДЕЙТ

  • 22.02.2024
  • 0

Кара-Суу районуна караштуу Шарк айыл аймагындагы №27 Топ-Терек негизги мектебинде мугалимдердин чыгармачылык изденүүсүнө, өз алдынча билим алуусуна өзгөчө маани берилет.

ӨСӨР АДАМ ӨНӨКТӨШ ИЗДЕЙТ

Жакында эле бул билим уясында эмгектенген агай-эжейлер лейлектик устат педагог Гапыр Мадаминовдун “Өзүн-өзү тарбиялоо — асыл инсандык сапат” жана ”Акыл эмгегинин маданияты” аттуу  китептерин окуп чыгышты.

— Биз, мугалимдер, бүгүнкүнүн Дүйшөнү, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими, акыл эмгек маданиятын туура колдонуу менен  балдардын дүйнө таанымын кеңейтүү  маанилүүлүгун чечмелеп, билим берүүгө өзгөчөлүк киргизген Гапыр Мадаминов агайды өзүбүз үчүн өрнөк алчу адам деп таптык, – дейт мектеп директору Назира Шайлиева.

Айтканындай эле, демилгечи топтогулар  “Өзүн-өзү тарбиялоо -асыл инсандык сапат” жана ”Акыл эмгегинин маданияты”  китептерин окуп чыккан соң, тест тапшырып, өз сабактарында жогорудагы китептерде айтылган усул-ыкмаларды  колдонуп көрүүнү чечишет. Алдыдагы иш-чараны ары-бери өткөрө койбостон, чыгармачылык таймаштын     максатын бийик коюп, заман талабына ылайык STEM, PISA программаларын айкалыштырып сабак өтүү милдетин күн мурунтан белгилеп алышат. Калыстар тобуна  мектеп директору Н.Шайлиеваны, мектептин соцпедагогу  А.Рахмановду, химия-биология мугалими Р.Женалиеваны бир добуштан көрсөтүшүп, өз каалоосу боюнча 10 мугалимди катышуучу катары бекитишет.

ӨСӨР АДАМ ӨНӨКТӨШ ИЗДЕЙТ

Күткөн күн да келип,  Гапыр Мадаминовдун китептерине негизделген сынак ары кызыктуу, ары пайдалуу  өттү. Конкурстун жеңүүчүлөрүнө Шарк айыл өкмөтүнун жергиликтүү кеңешинин депутаты Рыскелдиев Нээткабыл 1-орунга ээ болгон кыргыз тили жана адабияты мугалими Салтанова Бактыканга өзүнүн эсебинен түстүү телевизор,  2-орундун ээси орус тили жана адабияты мугалими Самидинова Нурияга кир жуучу машина,  3-орунду ээлеген физика, математика мугалими Бекболотова Гүлданага микроволновка,  дагы бир  3-орундун ээси, башталгыч класстар мугалими Жомарт кызы Берметке ток менен нан бышыргыч  тапшырды.

ӨСӨР АДАМ ӨНӨКТӨШ ИЗДЕЙТ

Жеңишке жетпей калган башка катышуучулардын аракети да зор болду. Калыстар тобунун чечими менен кыргыз тили жана адабияты мугалими, кесиптик бирликтин төрайымы Байиш кызы Назира  “Мыкты санарип мугалим”  аталды. Мектепте жарым кылым иштеген, өрнөгү күчтүү  насаатчы, математик мугалими Карыбекова Марал эжей да конкурска активдүү катышты. Өзгөчө үнү бар кыргыз тили жана адабияты мугалими Баймурат кызы Анара сабакта балдарга текстти тыным менен окутуп, түшүнгөнүн айтып берүүгө багыттады. Жаш педагог, тарых  мугалими Машрапова Назгүл балдардын сабактагы ар бир ийгилигин “Азаматсың!”, “Мыктысың!” деп алкап, өз сабагын кызыктуу өттү.  Мектепте 480 сааттык программаны окуткан башталгыч класстар мугалими Кудайкулова Наргиза өзүнүн сылык, жумшак сөзү менен жаш балдарды өзүнө тарта алды. Сабакта бөбөктөрдүн көңүл буруусун, эске тутуусун, оозеки кебин курчуткан көргөзмө куралдар көп болду.

— Конкурска катышып, өздөрү үчүн чоң ийгилик жараткан  мугалимдерибизди  мен айылыбыздын, мектептин лидер  мугалимдери деп атайт элем, – деди мектеп жетекчиси сөзүн улап.

ӨСӨР АДАМ ӨНӨКТӨШ ИЗДЕЙТ

Баса, конкурска активдүү катышкан мугалимдерге жергиликтүү  кеңештин депутаты Кыдырова Райха азыркы билим берүүнүн устаттары: Орозали Сайдилкановдун “Заман мектеби” эмгегин,  Орозали Сайдилканов менен Абдыкерим Муратовдун “Атыңдан айланайын сабак”, Куштарбек Кимсановдун “Эң мыкты адам”, “ Өлкөнү өнүктүрүүчү өзгөчө өрнөктөр”,  Дүйшөн Шаматовдун  “Билим – бакыт канаты”, Гапыр Мадаминовдун “ Педагогикалык этюддар”, Адылбек Батыралиевдин “Педагогика”,  Кен Робинсондун “Креативдүү мектептер”, Тимотинин “Финдердей окуталы. 33 стратегия” деген китептери белекке берди. Белекке берилген китептер кийинки сынактын темасы болору бышык.

ӨСӨР АДАМ ӨНӨКТӨШ ИЗДЕЙТ

— Мугалимдер китептерди бири-бирине алмашып окуп, дагы да өздөрүнун чыгармачылыктарын өркүндөтүп, мыктылардын катарын толукташат деген ойдомун, — деди Назира Шайлиева  кичинекей бирок мугалимдердин кесиптик өнүгүүсү үчүн зор мааниси бар максаттын орундалганына кубанып.

Угушубузда балдарды жаштайынан китеп окууга шыктандырган ушундай эле жарыштар окуучулар арасында да өткөрүлүп жатыптыр. Ушул иш-чарада жергиликтүү кеңештин депутаты Рыскелдиев Нээткабыл келерки балдардын китеп окуу жарышына демөөрчү болуп берерин жарыя кылды. Айылдык кеңештин башка депутаттары да, кесиптешинен калышпай, мектептин эң алдыңкы окуучуларына стипендия берип турушат экен.

ӨСӨР АДАМ ӨНӨКТӨШ ИЗДЕЙТ

Жеңүүчүлөр ой бөлүшөт

 

САМУДИНОВА Нурия, орус тили жана адабияты мугалими:

Гапыр Мадаминовдун китептерин окуган күндөн баштап, жашоомдо жана ишимде зор өзгөрүүлөр болду.  Агайдын методдорун колдонуп, STEM, PISA программаларын айкалыштырып конкурста экинчи орунга ээ болдум. Мындан кийин  дагы да сонун ийгиликтерге жетишем деп ишенем. Агайдын бул китептерин ар бириңиздерге сунуштамаймын.

 

ЖОМАРТ кызы Бермет,  башталгыч класстар мугалими: 

Гапыр Мадаминов агай  «Кылым жашасаң, кылым тарбия ал» деп бекер айтпаптыр.  Конкурска катышып жатып мугалимдик кесип дайыма изденүүнү, талыкпаган эмгекти талап  кыларына дагы бир жолу  ынандым.  Окуучулар менен дайыма тыгыз мамиле түзүп, алар менен иштешүүнү үйрөндүм. Устаттын усулдарын пайдаланып, сабакта «Айкөл Манас» темасын өттүм. Сабак өзгөчө таасирдүү болду.

 

БЕКБОЛОТОВА Гүлдана, физика, математика мугалими:   

Окуучулардын өзүнө болгон ишенимин пайда кылуу үчүн сабактын башталышында медитация жасадык. STEM, PISA программаларын колдонуп, окуучуларым менен биргеликте «Геометриялык парк» түздүк. Сабакта терминдерди түшүндүрүү методун колдондум. Сабагым өз максатына жетти.

 

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер