ӨСҮП-ӨНҮГҮҮГӨ КЕСИПКӨЙ КӨЗ КАРАШ

  • 16.04.2021
  • 0

12-апрелде билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев 2021-2023-жылдарга карата билим берүү жана илим тармагын өнүктүрүүгө багытталган үч жылдык программасы менен коомчулукту тааныштырды.

Мындай конкреттүү программа министрликте биринчи жолу иштелип чыкты. Ал билим берүү жана илим системасын жаңы сапаттык деңгээлге көтөрүүгө, мугалимдин статусун жогорулатууга, билим берүү көйгөйлөрүн чечүүгө коомчулукту тартууга өбөлгө болуучу шарттарды түзүүгө арналат жана бул боюнча министрдин ишмердигинин максаттары менен негизги багыттарын аныктоочу стратегиялык документ болуп саналат.

– Бизде азыркыбызды жана келечегибизди бирге өзгөртө ала турган уникалдуу мүмкүнчүлүк бар. Билим берүү системасы, илим маанилүү ролду ойнойт, анткени адам капиталы жана анын ийкемдүүлүгү өлкөнүн ийгиликтүү өнүгүү жана өзгөрүп туруучу шарттарга ыңгайлашуу жөндөмдүүлүгүн аныктайт. Сунушталган идеялар сиздерди кызыктырат жана биз позитивдүү өзгөрүүлөргө жетишебиз деп үмүттөнөм. Албетте, алдыбызда көптөгөн чакырыктар турат, абдан көп иштерди жасашыбыз керек, биз сиздер менен оң натыйжаларга сөзсүз жетишебиз. Кайсы мамлекетте болбосун илим, билим, инновация тармагы бизнес менен биргелешип иштегенде экономикалык өсүш ыкчамдаарын көрүп жүрөбүз. Ошондуктан биз биринчи жолу үч жылдык программабызды ачыктап, сиздердин алдыңыздарга сунуштап жатабыз. Баардык тараптан колдоолорду күтөбүз жана кызматташууга чакырабыз, — деп министр баардык демөөрчүлөргө, өнөктөштөргө бирге кызматташууга чакырык таштады.

Алдыга коюлган максатка жетүү үчүн ириде билим берүү тармагын башкаруу деңгээлинде министрликтин ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга басым жасалды. Эми министрлик жаңы структура менен иш алып барат. Биринчи жолу тарбия маселеси боюнча сектор иштейт. Спорт, дене тарбиясы, музыка жана искусствого, балдардын адеп-ахлактык, тарбиялык өсүп-өнүгүүсүнө багытталган атайын адистер иш алып бара баштайт. 2025-жылы өтө турган PISA сынагын координациялоо багытында да атайын адистер иш баштады. Райондук деңгээлде адистер мектептин жана балдардын санына карата бөлүштүрүлөт.

Бала бакчаларды көбөйтүү

Кыска мөөнөттүү 500 бала бакча түзүүнүн эсебинен мектепке чейинки билим берүү менен камтууну кеңейтүү – балдарды мектепке даярдоонун сапатын жакшыртууга мүмкүндүк берет. Балдарга мектепке чейинки билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу үчүн бала бакчалардын имараттарындагы жайларды пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча механизмдерди иштеп чыгуу; ар кандай типтеги бала бакчаларды жана мектепке даярдоо программаларын кеңейтүү үчүн СанПиНди корректировкалоо; бала бакчалардын кызматкерлеринин потенциалын алардын керектөөлөрүнүн негизинде жогорулатуу, инновацияга багытталган педагогдорду колдоо катары бала бакчалардын тарбиячыларын аттестациялоо системасын иштеп чыгуу; мектепке чейинки билим берүү уюмдарын ченемдик, жан башына каржылоо формуласын иштеп чыгуу да ушул программага кирет.

МЕКТЕПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ

БИЛИМ БЕРҮҮНҮН МАЗМУНУН ЖАҢЫЛОО

Мектептик билим берүү деңгээлинин иш-чараларынын алдыңкы сабында билим берүүнүн мазмунун жакшыртуу маселеси турат.

– Мамлекеттик билим берүү стандартынын, Базистик окуу планынын долбоорун иштеп чыгуу жана ошого жараша башталгыч, негизги жана жогорку мектептердин предметтик билим берүү стандарттарын жаңылоо иши жаңы окуу жылына карата даярдалуу алдында турат. Бул өзгөрүүлөр дүйнөлүк тренддерге жараша ыңгайлашат, атап айтканда, STEM – табигый илимдерге, технологияларга, инженерияга, искусствого, математикага багытталган, б.а. дүйнөнүн баардык жеринде ошол предметтер бирдей болгон мамлекеттерде биздин да бүтүрүүчүлөрүбүз эмгек рыногуна жарамдуу болуп, башкалар менен теңтайлаша алышы үчүн ушул предметтерди приоритет катары алдыга алып чыгып жатабыз”, — деди министр.

Мектеп программасы союз кездеги өзөктөн чыгып сөңгөккө айланып баратканы талашсыз. Глобалдаштыруу доору айрым предметтерди сүрүп чыгарууга жана бир нече предметтин биригип, интеграцияланышына шарт түзүүдө. Замандын талабына сергек кароо менен келечектин муунун туура нукка салып окутуу убагы келди. Ал үчүн мыкты окутуучулар армиясын камсыздоо зарыл. Бул жаатта күчтүү жана “эт менен челдин ортосунда” жүргөн мугалимдер өзүнөн өзү иргелүүчү, аттестациялоонун жаңыланган системасы аркылуу инновациялык-багытталган педагогдорду колдоонун үзгүлтүксүз өнүгүүчү тутуму иштелип чыгат. Бүгүнкү күндө мугалимдер кесиптик категориялардын кайрадан калыбына келишине кубанып, аттестациядан өтүүгө даяр экендигин билдиришүүдө.

ЭЛЕКТРОНДУК МЕКТЕП

Заман талабына жараша Кыргызстанда биринчи жолу алты чоң багытты камтыган бир электрондук мектеп негизделет. Ал Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ачылат.

– Пандемия сыяктуу кооптуу кырдаал болуп калган шартта бир электрондук мектеп аркылуу болгон контентти, мазмунду уюштуруп берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Экинчиден, чет мамлекетте жашаган этникалык кыргыздардын балдарына кыргыз тили, кыргыз адабияты, тарыхы сыяктуу сабактарды үйрөнүүгө шарт түзүлөт. Үчүнчүдөн, жыл ортосунда чет мамлекетке көчүп кетип жаткан мигранттардын балдарынын мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү максатын көздөйт. Алар чейректин же жылдын ортосунда которулуп кетишсе, ошол жылды, ошол чейректи өзү окуган мектептен бүтүрүп алуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Кээ бир айыл жерлеринде кайсы бир предметтер боюнча мугалимдер жетишпейт. Мектепке мугалим табылганга чейин, электрондук мектептен ошол предмет боюнча билим алып турса болот. Андан сырткары ден соолугунан жабыркаган, онкологиялык оорусу бар балдардын психологиялык жактан өздөрүн жакшы сезишине, окууга келе албай калган учурда убактысын өткөрүп жибербешине да мүмкүнчүлүк түзүлөт. Түрдүү себептер менен мектепке бара албай калган балдар да бул жерден окуусун улантып, аттестат алууга мүмкүнчүлүк табат”, — дейт министр.

“АГАРТУУ ПАРКЫ”, “ПРЕЗИДЕНТТИК ИННОВАЦИЯЛЫК МЕКТЕП”

Инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу багытында билим берүү, илим инновацияларын, идеяларын жайылтуу максатында Бишкек шаарынын борборунда жаштар, педагогдор, эксперттер, окумуштуулар, коомдук ишмерлер үчүн атайын “Агартуу паркы” ачылат. Бул парк мугалимдерге, илимге, билимге арналат жана паркка ата-энелер балдары менен келип эс алуу менен бирге кандайдыр бир билим алып чыгууга багытталат. Паркта “Мугалимдер аллеясы” жана чет өлкөлүк элчиликтердин өз мамлекетинин билим берүүчү символу болгон монументтер жайгашат.

Чүй облусунун Воронцовка айылында “Президенттик инновациялык мектебин” негиздөө да пландалууда. Ал мектепте 400 жакын бала дайыма жатып окуса, 300 жакын жакшы окуган бала бир чейрек келип-кетип, алмашып турат. Алар мектептен көргөн үлгүлүү тарбияны, алган билимин өзү окуган мектепке жайылтат.

“Креативдүү технологиялар борбору” да негизделип, өзгөчөлөнгөн, таланттуу балдарды окутат.

КЕСИПТИК БИЛИМ

АТТЕСТАТ МЕНЕН БИРГЕ КОШУМЧА КЕСИП

Министрликтин үч жылдык программасына кесиптик лицейлердин базасында өндүрүштүк окутууну өздөштүрүү менен бирге жогорку окуу жайлардын мектеп менен байланышын арттырып, профилдик окутууну күчөтүп мектептен эле кесиптик көндүмдөргө ээ болуу мүмкүнчүлүгүн ишке ашыруу да кирди. Башкача айтканда, мектеп бүтүрүүчүлөрү аттестат менен бирге бир кошумча кесип алып чыгышат. Ал үчүн жогорку окуу жайлар менен мектептердин байланышы чыңдалып, акыркы класстардын окуучуларын жогорку окуу жайлар өздөрү шефтикке алып, мектептен эле университетке даярдашы керек болот. Мунун жакшы мисалы катары Кыргыз-Орус Славян университети менен №12 мектеп-гимназиясынын мамилесин үлгү катары айтууга болот. Бул мектеп жогорку класстарына Кыргыз-Россия Славян университетинин базасында көп тармактуу билим берүү принциби менен билим берет. Алты: архитектуралык, табигый-техникалык, укуктук, медициналык, эл аралык мамилелер, экономикалык профили боюнча жүргүзүлөт.

Министрликте ушул жылдын үчүнчү кварталында кесиптик билим берүү программаларына World Skills принциптерин жана стандарттарын киргизүү боюнча концепциянын долбоорун иштеп чыгуу жана аны бекитүү милдети да турат.

– Дүйнөдө эмгек рыногу, талаптар өзгөрдү. Биздин канча жылдан бери эмгек рыногуна жараша бүтүрүүчүлөрдү чыгарбай келе жатканыбыз эң чоң көйгөй. Андыктан учурда рыноктун талабына жараша кесип ээлерин даярдоо иштери башталды. Мындан ары жогорку, орто кесиптик окуу жайларга кабыл алуу планы кадрларга болгон керектөөлөргө ылайык гана жүргүзүлөт. Буюрса, бул жагынан дагы бир топ иштер аткарылат, — дейт министр.

ЖОЖдорго КАБЫЛ АЛУУ – БИР ЖЫЛДА ЭКИ ЖОЛУ

2021-окуу жылынан тарта орто кесиптик жана жогорку окуу жайларына кабыл алуу бир жылда эки жолу жүргүзүлөт. Бул боюнча токтом даярдалып, Өкмөттүн кароосуна киргизилди. Министрликтин жаштардын жогорку кесиптик билим алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү максатында ишке ашырып жаткан бул демилгесин жогорку окуу жайлардын жетекчилери да колдошууда.

– Кабыл алуу бүткөнгө чейин кандайдыр бир себептер менен документтерин бүтүрө албай калган абитуриенттер көп болот. Өзгөчө виза алуу жагынан чет мамлекеттиктер абдан кыйналышат. Ошондой абитуриенттерге кайрадан мүмкүнчүлүк түзүү — жакшы демилге. Муну толук колдойт элек. Себеби өз убагында тапшыра албай, кийинки жылга калып, бир жыл убактысын текке кетирип коюшат, — дейт Кыргыз улуттук университетинин ректору Канат Садыков.

АЙМАКТАРДАГЫ ЖОЖДОРГО КАБЫЛ АЛУУДА ЖЕҢИЛДИКТЕР

Министрлик жогорку окуу жайлардын географиялык жайгашуусун эске алуу менен жаштардын жогорку билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн теңдештирүү, региондордон эмгекке жарамдуу жаштардын кетишин азайтуу, региондук ЖОЖдордун ишмердүүлүгүн колдоо максатында аймактык ЖОЖдорго кабыл алууда босого баллынын деңгээлин ЖРТнын негизги тестинин белгиленген босого баллынан онго төмөн коюу чечимин чыгарды. Бул Бишкек жана Ош шаарынан башка аймактардагы баардык окуу жайларга тиешелүү. Алар 2021-2022-окуу жылынан баштап салыштырмалуу он балл төмөн кылып кабыл ала алышат.

Учурда абитуриенттердин ишеним деңгээлин жогорулатуу үчүн орто кесиптик окуу жайларга кабыл алуунун бирдиктүү санарип платформасы да иштелүүдө. Башкача айтканда, эми мындан ары орто кесиптик окуу жайларга абитуриенттер ЖРТ сыяктуу жаңы механизм аркылуу тапшырышат.

ЧЕТ МАМЛЕКЕТТИК СТУДЕНТТЕРГЕ БИРДИКТҮҮ ПЛАТФОРМА

Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына чет өлкөлүк студенттерди кабыл алуу үчүн бирдиктүү санариптик платформа иштелип чыгат. Кыргызстандан билим алууну каалаган баардык чет мамлекеттик абитуриенттер ошол платформа аркылуу окууга тапшырып, ошол эле жерден электрондук визаларын алып, университетке жайгашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Мунун эң негизги максаты – ортодогу коррупциялык элементтерди жокко чыгаруу. Учурда Кыргызстанда жогорку окуу жайларда жалпы 212 миң студент бар болсо, анын 35 миңи жакынкы жана алыскы чет өлкөлүктөр.

МАЗМУН ЖАҢЫЛАНАТ

Орто жана жогорку кесиптик билим берүүдө эң негизги маселе квалификациялардын улуттук алкагын, квалификациялардын тармактык/сектордук алкактарын жана кесиптик стандарттарды эске алуу менен жогорку жана орто кесиптик билим берүүнүн мазмунун жаңылоодо турат. Даярдоонун жаңы багыттарын, анын ичинде чектеш тармактарды жана адистиктерди ачуу үчүн шарттарды түзүү да колго алынууда. Эки же үч кошулган дисциплиналардын арасындагы бөлүмдөрүн ачуу боюнча жождорго атайын багыттар берилди. Мындан кийин бир багыттагы гана кесипти окутуу эмес, эки, үч билимди кошуп окутуу ишке ашырылат.

БИЛИМ САПАТЫН ЖАКШЫРТУУ

Коомчулукту мектептик билим берүү секторундагы көйгөйлөрдү чечүүгө тартуу максатында Билим берүү жана илим министрлиги биринчи айым Айгүл Жапарованын «Үмүт булагы» кайрымдуулук фонду менен биргеликте “Мектеп — биздин жашыл үй” деп аталган акциясын жарыялады.

Акция мектеп чөйрөсүн жакшыртууга, жашылдандырууга, спорт аянтчаларын курууга жана окуучуларды тазалыкка, тартипке үндөөгө багытталат. Акцияда 1-2-3-орундарды ээлегендерге жакшы сыйлыктар каралды. Биринчи тогуз орунду алган мектептерин жетекчилерин алыскы өлкөлөргө, экинчи орунду алгандарды жакынкы өлкөлөргө, үчүнчүнү алгандарды коңшу мамлекеттерге билим сапарына жөнөтүү пландалууда.

– Билим берүү Кыргызстандын бюджетинин эң көп пайызын алган тармак. Бирок биз бүгүн тармактагы кээ бир элементардык маселелерди чече албай келебиз. Ошондуктан ата-энелердин, коомчулуктун жардамына муктажбыз. Ушул маселени чечүү максатында министрлик эки чоң багытта иш алып барууну туура деп чечти. Биринчиси, мугалимдин статусун көтөрүү, экинчиси, коомчулуктун колдоосун билим берүүгө тартуу. Ошондуктан үч жылга үч чоң акция жарыялап жатабыз. Коомчулукту, бизнес өкүлдөрүн, ата-энелерди, жалпы эл аралык донорлорду бул демилгебизди колдоого активдүү катышууга чакырабыз, — дейт министр Алмазбек Бейшеналиев.

Экинчи акция мектептерди компьютер менен камсыздоого багытталат. Кыргызстанда 2283 мектеп бар болсо, анын 135 менчик. 1200 мектепти 2021-2022-жылдары Дүйнөлүк Банк жабдып берүү убадасын берген. Калган 952 мектеп компьютерге абдан муктаж.

– Компьютер менен жабдууда чет мамлекеттерди же башка донорлорду карап отурбастан, өзүбүздүн коомчулукка, элчиликтерге, донорлорго, бизнес өкүлдөрүнө, ата-энелерге ушундай акция аркылуу кайрылып жатабыз. Кимдин колунан канча келсе ошону берсе болот. Эгерде биз он миң компьютер чогулта турган болсок, орто эсеп менен бир мектепте он, он экиден компьютер коюлат экен. Кайрымдуулук кылам деген ар бир жаранга, ар бир мекемеге, ар бир өлкөгө биздин эшигибиз ар дайым ачык, — дейт министр.

Ушуга окшогон акциялар 2022-2023-жылдары да уланат. Эмдиги жылы өтө турган акция китеп көйгөйүн чечүүгө багытталат. Андан кийинкиси табигый илимдердин — химия, физика, биология жана IT тармагынын лабораторияларын чыңдоого арналат.

ӨНӨКТӨШТӨР КЫЗМАТТАШУУГА ДАЯР

Николай Удовиченко, Россиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси:

– Билим берүү жана илим министрлигинин үч жылдык программасынын тушоо кесүү, тааныштыруу аземи мындан 60 жыл мурда 12-апрелде Ю. Гагариндин тарыхта биринчи жолу космос кемеси менен жерди айланып учкан күнүнө туура келип жатат. Адамдын биринчи космоско учуусу андагы илим менен билимдин дүркүрөп өнүккөнүнөн кабар берет. Бирок ортодо СССРдин кыйрашы менен илим, билим тармагы кайсы бир деңгээлде деградацияга түшүп кетти. Эми аны сапаттык жактан көтөрүү, өнүктүрүү максатында бир катар чоң аракеттер болууда. Министр А.Бейшеналиевдин билим, илим тармагын өнүктүрүү максатындагы программасы мезгил талабындагы чоң иш. Бул багытта максаттуу түрдө мектептерди курууда, жаңылоодо, мугалим адистерди камсыз кылууда биргелешип аракет кылабыз деген ойдомун. Биз бул программанын алкагында эл аралык донорлорду тартуу багытында да иш алып барууга көмөктөшөбүз.

Фархад Пакыров,
ЖИА бизнес-ассоциациясынын директору:

– А.Бейшеналиевдин билим, илимдин сапатын көтөрүү, өнүктүрүү багытындагы үч жылдык стра-
тегиялык планын биз кош колдоп колдойбуз. Бул өз учурунда жасалган иштиктүү, креативдүү кадам. Чоң саамалык. Ал эми ЖИА бизнес-ассоциациясы программада камтылган иш пландарын жүзөгө ашырууда көмөктөшүүнү баштады десек болот. Ага мисал, бизнес коомчулугунун колдоосу менен 2023-жылга чейин он миң компьютер сатып алып, мектептерге таратууну пландап жатабыз. Бул акцияга бардык ишкерлердин активдүү катышуусун каалар элек. Себеби билим — бул элдин, мамлекетибиздин келечеги. Сапаттуу, жеткиликтүү билим, кесиптик даярдык жок болсо өнүкпөйбүз. Ошондуктан министрдин үч жылдык программасынын негизинде бул тармакка эл аралык уюмдарды өнөктөш болууга чакырам.

Кристин Жольм, ЮНИСЕФтин Кыргыз Республикасындагы өкүлү, Кыргыз Республикасындагы Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн координациялык кеңешинин тең төрайымы (“Билим берүү” сектору):

– Дүйнөлүк каатчылык учурунда Кыргызстандын билим берүүсүндөгү санариптик демилгелер тар убакыт аралыгында кабыл алынууга туура келди. Программа билим берүүнү өркүндөтүү стратегиясына толугу менен шайкеш келди. Антсе да, санарип программаларын кайрадан карап чыгуу керек. Биз өзгөчө муктаждыктары бар балдарды жалпы социалдык чөйрөгө тартууга аракет кылышыбыз керек. Анткени андай балдар дагы өздөрүн коомго керек экенин сезиши абзел.

Даярдагандар: М.Токторов, А.Асаналиева, Ч.КИЙИЗБАЕВА, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер