ӨРТТӨН КАЗА БОЛГОН 39 ОКУУЧУ ЭСКЕРИЛДИ

  • 07.02.2024
  • 0

Таластын Айтматов районунун Кызыл-Адыр айылындагы паркта 1969-жылдын 4-февралынын түнүндө Киров сегиз жылдык мектеп-интернатында болгон кырсыктан каза тапкан 39 окуучуну эскерүү иш-чарасы өттү.

ӨРТТӨН КАЗА БОЛГОН 39 ОКУУЧУ ЭСКЕРИЛДИ

Талас райондук/шаардык усулдук борборунун жетекчиси Салтанат Бейшенованын маалыматына караганда, ага аким Бектур Сагымбаев баш болгон жетекчилер, каза болгон балдардын жакындары жана район тургундары катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө паркта курман болгондорго арналып тургузулган эстеликке гүлчамбарлар коюлуп, куран окутулду.

ӨРТТӨН КАЗА БОЛГОН 39 ОКУУЧУ ЭСКЕРИЛДИ

— Бизге жеткен маалыматтарга караганда, 1969-жылы кышында Таластын Кызыл-Адыр (мурдагы Киров) айылындагы окуя көптөгөн балдардын өмүрүн алган. Өрттөн улам чабандардын балдары окуган интернат күйүп кеткен. Тарбиячылар балдарды имаратка таштап, өздөрү шейшептерди байлап, терезеден чыгып кетишкен деп айтылат. Ал эми куткаруу иштери 40 градус сууктан улам суу тоңгондугуна байланыштуу оор болгон. Кийин күйүп бүткөн күлдүн арасынан 39 баланын денеси табылган. Алардын кыз же эркек экендиги күйгөндөн калган ткандарды араң чогултуп жатып аныкталган. Эгер денеде калган көйнөк майка болсо эркек бала болгон, эгер түстүү көйнөк болсо кыз деп табышкан, — дейт С.Бейшенова.

Каргашанын кесепети боюнча ошол кездеги Компартиянын Борбордук Комитетинде бюронун отуруму да өткөн. Партиялык орган диверсия болушу мүмкүн деп да шек санаган. Анткени Киров районунда кыска убакыттын ичинде ар кайсы мектептерде үч жолу өрт чыккан. Бирок бул каргашада атайын жасалган кылмыштын белгилери табылган эмес.

ӨРТТӨН КАЗА БОЛГОН 39 ОКУУЧУ ЭСКЕРИЛДИ

2019-жылы Манас районунун Жийде айылынын тургуну Ажыбек Айылчиев балдар күйүп, каза болгон окуяга өз көзү менен күбө болгонун эскерип айтып берген экен.

“Ал учурда алыскы кыштоодо, жайлоодо жашаган малчылардын балдары азыркы Кара-Буура районунда жайгашкан интернатта билим алчубуз. Бул интернет 1959-жылга чейин согушта ата-энесинен айрылган балдардын үй интернаты болгон. 1959-жылдан баштап Киров атындагы сегиз жылдык мектеп-интернаты болуп которулган. Ошондон баштап бул интернатка Талас өрөөнүнүн бардык жеринен малчылардын балдары окуп калган.

1969-жылы мен 5-класста болчумун. 1969-жылдын 4-февралы күнү ал жерде мен агам, эжем, иним төртөөбүз окуучубуз. Андан тышкары бир тууган эжемдин эки кызы бар болчу. Ошол учурда мектеп интернаттын жатаканасы өрттөнгөн эле. Ошол өрттө менин 2-класста окуган Чыныбек иним, жогоруда айткан эжемдин эки кызы тең каза болгон. Биздин үй-бүлө үч баласын жоготушкан эле.

Биз уктап жатканбыз. Бир маалда элдин топураган үнүнөн ойгондук. Бир жума мурун интернатта жылытуу системасы жарылган эле. Кызыл-Мойноктон аскерлер келип, ширетип оңдоп кетишкен. Чоңдордон «Эмне кылабыз?» деп сурасак,  «Бир жума мурдагыдай болду окшойт» дешти. Барыбыз бөлмөбүздөн чыкпай олтурдук. Көрсө, бардыгы эле баягыдай ширетип жатат деп унчугушпаптыр. Бир маалда кара түтүн каптап калды. Кошуна бөлмөдө иним Чыныбек бар эле. Улам ал жакка чуркайм, дем ала албай кайра келем. Эки жолу барып жете албай келдим. Жанымдагы досумдан дагы «менин күчүм келбей жатат, иним ушул жакта калып калды» деп суранып чырылдап ыйладым. Ал дагы барып жете албай келди. Үчүнчү кабаттын айнегиннен секи жасап түшүп башташты. Досум биринчи түшүп кетти. Аркасынан мени дагы түшүрүштү.

хххххх

Ата-энем акыркы күнгө чейин күйүттө ыйлап жашашты. Балким, өрт учурунда алыс чуркап кетип, башкалар багып алгандыр, жок дегенде бирөөсү эртең кирип келет деп үмүттөрүн үзгөн жок. Өрттөн бир жума мурун калың кар жааган экен. Качса дагы алыска жетпей түндө тоңуп калышмак.

Өрт чыккан үч кабаттуу имараттын ортолору карагай менен курулган экен. Азыр имараттар бетон менен куюлат. Өрт күйүп жаткан 3-кабат 2-кабатты басып кулап, 2-кабаттан 1-кабатты басып кулап жок болгон. Менин эсимде, чырылдаган ый, кыйкырык үндөр жок болуп калып жатты. Кийин балдардын күлдөрүн эле коробкаларга салып айылдарга таратышкан. Калдыктарынан кийим кара өңдүү болсо эркек деп, түстүү өңдөгү кийим болсо кыз деп таратышкан.

ххххххх

Кийин бул өрт боюнча көп божомолдор болду. Шпионаж деп көп айтылат. Бизде 1-кабатта китепкана эле. Биз 3-кабатта жатчубуз. Кечкээ маал иним экөөбүз ээрчишип түшүп, эки  китеп алып өйдөгө чыкканбыз. Чыгып келе жатканыбызда тааныш эмес эки аял тепкичтин жанындагы дубалдарды щетка менен аябай жышып жатышкан экен. Мен ошондо эжекемден «бизге комиссия келеби?» деп сураганым эсимде. Анткени бизде комиссия келет дегенде катуу даярдык болчу. Кечээ өткөн эскерүүдө «ошондо дубалдарга тез күйүүчү каражаттар колдонулган» деп айтып жатышат. Өрт учурунда тепкичтерден түшүп кетпесин деп ошол жерлер биринчи өрттөнүп кеткен экен. Ошол убакта радиодон «СССРдин Орто Азиядагы мамлекеттеринде мектеп-интернаттарды, малчылардын, дыйкандардын жатаканасын бага албай өрттөп жатышат» деп айтылган экен. Бул сөз бүгүнкү күнгө чейин айтылып жүрөт.

50 жылдан кийин бул балдарды эскерип, эстелик тургузуу боюнча демилге көтөрүлүүдө. Эскерүүлөрдө 39 бала каза болгон деп айтылчу экен. Акыркы жыйынтык менен 43 бала деп жүрөт. Анткени өрттөн 2-3 күндөн кийин дагы каза болгондор болгон”.

— Бул ар кимден көп жылдар бою чогултулган маалыматтар, — дейт борбордун башчысы.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер