ЖАҢЫ МЫЙЗАМ — ЖАҢЫ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨР

  • 15.08.2023
  • 0

Президент Садыр Жапаров “Билим берүү жөнүндө мыйзамына кол койду. Мыйзам билим берүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги принциптерин, ошондой эле Кыргыз Республикасында билим берүү ишинин укуктук, социалдык-экономикалык, уюштуруучулук негиздерин белгилейт.

ЖАҢЫ МЫЙЗАМ - ЖАҢЫ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨР

Бириккен долбоор

Мыйзамдын максаты – адамдын сапаттуу билим алуу укугуна кепилдик берүү, жалпы адамзаттык жана улуттук баалуулуктарды тааныган инсанды ар тараптуу өнүктүрүү, ар бир адамга коомдун пайдалуу, кесиптерди эркин тандоо аркылуу эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүү мүчөсү болуу мүмкүнчүлүгүн берүү болуп эсептелет экендиги аныкталды.

Окурмандардын эсине сала кетсек, Жогорку Кеңеште “Билим берүү жөнүндө” мыйзамдын бириктирилген долбоору үчүнчү окууда кабыл алынган болчу. Мыйзам долбоорунда мектептерге этап-этабы менен ваучердик системаны киргизүү, жеке бала бакчаларды ачууда лицензиялык бюрократияны жоюу сыяктуу көп орчундуу өзгөрүүлөр каралган.

«Билим берүү жөнүндө» акыркы мыйзам 2003-жылы кабыл алынган. 20 жылдын ичинде коомдо, өлкөдө көптөгөн өзгөрүүлөр болду. Дүйнөдө тенденция, талаптар өзгөрүүдө. Ошонун негизинде аталган мыйзамда алмаштырууну талап кылган көп пункттар бар экенин адистер айтышууда.

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев жаңы мыйзам долбооруна билим берүүнү каржылоонун ваучердик моделин киргизүү азыркы мектеп реформасынын эң башкы талаптарынан болуп эсептелерин айтып келет. Министрдин пикиринде, ваучерлер – ар кандай киреше деңгээли бар адамдардын сапаттуу билимге жетүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу боюнча мамлекеттик саясаттын механизмдеринин бири.

— Каржылоонун бул ыкмасында мамлекет тарабынан бөлүнгөн акча биринчи кезекте окуучу балага көрсөтүлгөн кызмат үчүн берилет, — дейт министр.

Билим берүү жана илим министрлигинин укуктук камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы Бектур Ибрагимовдун айтуусунда, 2021-жылы Президенти Садыр Жапаровдун Жарлыгынын негизинде билим берүү тармагында инвентаризация жүргүзүлгөн.

— “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамдан сырткары дагы төрт мыйзамды кошуп, бир эле мыйзам алып чыгалы дедик. Мыйзамдын ичинде “Мугалимдердин статусу жөнүндө”, “Окуучулардын тамак-ашы жөнүндө”, “Башталгыч кесиптик билим берүү жөнүндө” жана “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө” мыйзамдары. Бул мыйзамдар 1990-2000-жылдары кабыл алынган. Ага бир нече жолу өзгөртүүлөр кирген. Улам-улам өзгөртүү киргизе бербестен, бир мыйзам иштеп чыгып, бүгүнкү күндүн талабына ылайыктуу кылып сунуштадык.  Жогорку Кеңештин депутаттары дагы өздөрүнүн долбоорун иштеп чыгышкан. Ал мыйзамды анализдеп чыктык, — деди бөлүм башчы.

Жаңы мыйзамдын долбоору билим берүү системасын өнүктүрүү үчүн укуктук шарттарды багыттайт. Билим берүүнүн сапаты, инклюзивдүүлүгү, мектепке чейинки билим берүүнү жогорулатуу, системаны башкарууну жакшыртуу, коррупцияны жоюу, ошондой эле билим берүү мамлекеттик каржылоонун натыйжалуулугун жогорулатуу максатын көздөйт.

— Мыйзам долбоорунда билим берүүнү каржылоодо жогорку окуу жайларга жана мектептерге этап-этабы менен ваучердик системаны киргизүү, жеке бала бакчаларды ачууда лицензия берүү жагдайын жокко чыгаруу демилгеленген. Мектептик билим берүүдө 2024-жылдын 1-сентябрынан 2026-жылдын 1-сентябрына чейин ваучердик каржылоо пилоттук режимде киргизилет. Кийин анын жыйынтыгы менен республика боюнча жайылтылат. Биз 2021-жылдан бери жарандык коомдор менен чогуу иштедик. Алардын бир нече талаптарын аткардык. Маселен, лицензияны алып салуу, аккредитациядан өз каалоосу менен өтүү ж.б., — деди Б.Ибрагимов.

Учурда мектепке чейинки билим берүүдөн баштап, кесиптик билим берүүгө чейин бардык чөйрөлөрдө билим берүү тармагындагы ишмердүүлүктү жөнгө салуучу жогоруда айтып кеткен беш негизги мыйзам бар.

— Талдоо көрсөткөндөй, ченемдер негизинен эскирген, алдыңкы дүйнөлүк тажрыйбадан артта калган, коомдун заманбап керектөөлөрүнө жооп бербейт жана системалык, комплекстүү, концептуалдык өзгөрүүлөрдү талап кылат. Буга байланыштуу  Билим берүү жана илим министрлиги иштеп чыккан жаңы редакциядагы мыйзам долбоорунун кабыл алынышы өлкөдөгү билим берүү системасынын абалын жакшыртууга, аны модернизациялоо, билим берүү кызматтарынын рыногун өнүктүрүү жана жалпысынан сапатын жогорулатуу боюнча зарыл чараларды көрүүгө мүмкүндүк берет. Мыйзам долбооруна ылайык, мындан ары мектепке чейинки, жалпы билим берүү программаларын, башталгыч жана орто кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилери сынактын негизинде дайындалат, — деди Б.Ибрагимов.

Тарыхый чечим

“Билимдүү Кыргызстан” улуттук демилгесинин төрагасы Абдывахап Нурбаевдин ФБ баракчасына жазган пикирине көз чаптырсак, жаңы мыйзам билим берүүнү өнүктүрүүгө жана заман талабына ылайыкташтырууга багытталды.

— Биз бул ишти 1,5 жыл мурда аракет кылып баштаганбыз. Жогорку Кеңештин депутаттары менен аймактарды кыдырып, 1000ден ашуун мугалимдер менен жолуктук, алардын көйгөйлөрүн-сунуштарын уктук. Алардын сунуштарын эске алып, эл аралык тажрыйбаны иликтеп жыйынтыгында ушул мыйзам келип чыкты. Кайталанма жолугушуу-чогулуштар, кызыл чеке талаштар болду. Бул процесстер аябай маанилүү деп ойлойм. Анткени көйгөй так аныкталганда гана анын чечилиши үчүн туура чаралар көрүлөт. Бул Жогорку Кеңеш, Министрлер Кабинети, Билим берүү жана илим министрлиги жана жарандык коом биргеликте аракет кылып, бышыра иштеп чыккан, эң көп талкууланган мыйзам болду деп эсептейм, — дейт төрага.

Мындан сырткары анын айтымында, мектепти түзүүдө Билим берүү жана илим министрлиги менен уставды макулдашуу зарыл эмес. Ал эми лицензиялоо — уруксат берүү системасы жөнүндө мыйзамдарына ылайык лицензияланат,  мамлекеттик жана муниципалдык мектептер Министрлер Кабинети бекиткен типтүү уставдардын негизинде түзүлөт, ошондой эле мектепти аккредитациялоо ыктыярдуу түрдө жүргүзүлөт.

— Мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин, кесиптик билим берүү  мекемелеринин директорлору конкурс менен дайындалат. Мектептин/бала бакчанын/кесиптик лицейдин директорлугуна педагогикалык жана педагогикалык эмес жогорку билими бар адам талапкер боло алат, конкурстук комиссиянын талаптары жана курамы Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет. Ата-энелердин тандоосу жана мектептен аттестациядан өтүү (чейректик жана жыйынтыктоочу) шарты менен үй-бүлөлүк билим берүү, анын тартиби Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилет. Менчигинин түрүнө карабастан билим берүү уюмдарында жана квалификацияны жогорулатуу боюнча башка уюмдарда квалификацияны жогорулатуу, педагогикалык адистик боюнча кайра даярдоо менчигинин түрүнө карабастан орто, жогорку кесиптик жана башка лицензиясы бар билим берүү уюмдарында тездетилген программа боюнча (педагогикалык минимум) билими жөнүндө документ берүү менен жүргүзүлөт, — дейт А.Нурбаев.

Абдывахап Нурбаевдин айтымында, Президенттин сунушталган мыйзамга кол койгон чечими өлкөнүн өнүгүүсү, келечеги үчүн эң маанилүү жана зарыл кадам болуп саналат. Анткени өлкөнү өнүктүрүү билим, илим, инновация жана жаш муунга өз учурунда кам көрүп, керектүү колдоо көрсөтүү менен гана толук кандуу ишке ашат.
— Мыйзамдын кабыл алынуусу – билим берүү тармагындагы реформанын башталуусунун мыйзамдуу негизи. Эми мыйзам алдындагы актыларды иштеп чыгуу, аны ишке ашыруу миссиясы бар. Мыйзамдын кабыл алынышына колдоо көрсөтүп, сунуш-пикирин айтып келген активдүү жарандарды мыйзамдын мындан аркы иштешине да көз салып турууга чакырам.  Мугалимдер баш болуп, ар кайсы тармактын өкүлдөрү катышкан көптөгөн талкуулардын, берилген сунуш-пикирлердин арты менен кабыл алынган мыйзам билимдүү коомдун түптөлүшүнө өбөлгө болсун деп тилек кылабыз, — дейт А.Нурбаев.

Кесиптик билим берүүдө дагы өзгөрүүлөр кирди. Алсак, башталгыч кесиптик билим берүү үчүн аккредитация ыктыярдуу түрдө; орто жана жогорку кесиптик билим берүү үчүн аккредитация милдеттүү;  мамлекеттик билим берүү гранттары ваучердик механизм аркылуу каржыланат (бюджеттик акча түздөн-түз ЖОЖго барбай, студенттерге бөлүнөт); кесиптик лицейлерге, колледждерге жана университеттерге автономия (административдик, финансылык жана академиялык) берилет; мамлекеттик ЖОЖдордун ректорлору Министрлер Кабинети бекиткен тартипте Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан дайындалат.

Жаңы мыйзам Президент Садыр Жапаровдун программасы, билим берүү боюнча убадаларын ишке ашырууга болгон аракеттин жыйынтыгы экенин адистер баса белгилешүүдө. Демек, мугалимдердин, жарандык коомдун, бул тармактагы адистердин жана депутаттардын сынынан өткөн долбоорду өлкө  башчы Садыр Жапаров да колдоп, билим берүүнүн өнүгүүсүнө өбөлгө түздү. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер