PISA-2025: МЕКТЕП КООРДИНАТОРЛОРУНУН ИШИ ӨТӨ МААНИЛҮҮ

  • 26.03.2025
  • 0

2025-жылдын 1-апрелинен 20-майына чейин Кыргыз Республикасында PISA-2025 эл аралык изилдөөнүн негизги этабы башталат. Эл аралык изилдөөнү өткөргөн Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюмунун шарттарына ылайык, сынакка  катышууга  197 билим берүү  уюмдары тандалып алынган. Саналуу күндөр калган маанилүү иш-чараны даярдоодо жана өткөрүүдө Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаментинин жүргүзүп жаткан иш-аракеттери боюнча маалымат алдык.

PISA-2025: МЕКТЕП КООРДИНАТОРЛОРУНУН ИШИ ӨТӨ МААНИЛҮҮ

Изилдөөгө 6911 кыргызстандык окуучу катышат

PISA – 2025 долбоорунун администрациялоо боюнча адиси Рыскүл Маданбекованын берген маалыматына таянсак,  Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти 2025-жылдын негизги изилдөөсүн даярдоо жана өткөрүү боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө.

PISA-2025: МЕКТЕП КООРДИНАТОРЛОРУНУН ИШИ ӨТӨ МААНИЛҮҮ

PISA – 2025 эл аралык изилдөөгө тандалып алынган 197 жалпы билим берүү уюмдарынан  15 жаштагы өспүрүмдөр катышат. Белгилей кетсек, 6911 кыргызстандык окуучулар өздөрүнүн билимдерин эл аралык деңгээлде сынашат. Алардын ичинен изилдөөгө 4096 окуучу кыргыз тилинде, 2470 окуучу орус тилинде жана 345 окуучу өзбек тилинде катышат.

– Изилдөөгө катышууга тандалып алынган билим берүү уюмдары сынакка класстарды даярдашы керек. Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти ар бир окуучуга тест жана анкета тапшыруу үчүн ноутбуктарды алып барат. Изилдөөнү сапаттуу жана жогорку деңгээлде өткөрүү үчүн тест администраторлор, IT жана мониторинг жүргүзүүчү адистер тартылган. 2025-жылдын 17-мартынан 20-мартына чейин тест администраторлор жана IT адистер үчүн окутуу-тренингдери уюштурулду. Ар бир мектепке тандалган окуучулардын тизмеси жиберилди, окуучулардын окутуу тили кайрадан такталды, айрым өзгөртүүлөр киргизилди, мектеп координаторлоруна жана мектеп анкетасын толтурууга даярдануу үчүн колдонмолор жөнөтүлдү. Жакында эле “PISA – 2025 негизги изилдөөсүнө даярдык жана уюштуруу” иштери боюнча департаменттин директору Б.Шамшидинова
ZOOM конференциясын өткөрдү. Ошондой эле тандалган мектептердин окуучулары менен cerebry.edu.gov.kg платформасында изилдөөгө даярдоо боюнча ZOOM конференциясы өткөрүлдү, — дейт
Р.Маданбекова.

Катышуучулардын саны бирден онго чейин окуучуларды түзгөн аз комплектелген мектептерди жакын жайгашкан мектеп менен бириктирүү уюштурулат. Негизги изилдөөнүн катышуучуларынын (тизме боюнча окуучулар,  уюмдун администрациясы,  координаторлору, информатика  мугалимдери) катышуусу жана билим берүү уюмунун материалдык-техникалык жабдуулары изилдөөнүн талабына жооп бериши керек жана ага ылайык камсыз кылынышы талап кылынат.

Изилдөө учурунда санитардык-гигиеналык ченемдердин талаптары, окуучулардын өмүрү, ден соолугу жана ишмердүүлүгү үчүн коопсуздук эрежелери, жол кыймылынын коопсуздугу, анын ичинде окуучуларды негизги изилдөө өтүүчү билим берүү уюмуна чейин жана кайра артка жеткирүү талаптары катуу сакталышын камсыз кылуу министрликтин буйругунда баса белгиленген.

Негизги изилдөөнү уюштурууга жана ишке ашырууга байланышкан финансылык чыгымдар «Келечек үчүн билим берүү» долбоору менен түзүлгөн келишимдин алкагында ишке ашырылат.

 Мектеп  координаторлорунун  ролу

PISA – 2025 изилдөөнү өткөрүүдө  мектеп координаторлорунун  ролу эбегейсиз.  Мектептин координатору мектебинде баалоо жүргүзүү үчүн тест администратору менен Улуттук борбордун ортосундагы маанилүү байланыштыруучу.

— PISA төмөнкү өзгөчөлүктөргө ээ, биринчиден, бул билим берүү боюнча дүйнөдөгү эң ири эл аралык изилдөө. Экинчиден, изилдөөгө катышкан  15 жаштагы окуучулардын келечектеги жашоосуна даярдыгын, окуучулардын окуу, илим жана математика боюнча компетенцияларын  баалайт. Изилдөөнүң катышуучусу өлкөлөрдүн/экономиканын билим берүү практикасы жөнүндө контексттик маалыматты чогултат. PISAга катышуу маанилүү, анткени баалоонун жыйынтыгында Кыргыз Республикасында окуучулардын мектепти аяктагандан кийин турмушка канчалык деңгээлде даяр экендигин көрсөтөт, ошондой эле изилдөөгө катышкан окуучулардын жетишкендиктерин жана окуу чөйрөсүн салыштырууга мүмкүндүк түзүлөт, — дейт долбоордун адиси.

Тест кандай тапшырылат?

Тандалган мектептен  келген 42ге чейин  туш келди окуучулар илим, окуу, математика жана Санариптик дүйнөдө окуу (LDW) боюнча эки саатка созулган компьютердик тест тапшырышат. Андан соң окуучулар 1-бөлүктү аяктагандан кийин анкетаны компьютерде тапшырышат. Окуучунун анкетасы үчүн 45 мүнөт талап кылынат.

Мектеп жетекчилери үчүн анкета

Мектеп жетекчилери үчүн анкета мектеп контексти жана ресурстары, мектеп климаты, мугалимдин квалификациясы жана кесиптик өнүгүүсү, окутуу практикасы, окуу убактысы жана окуу планы, ошондой эле баалоо жана баалоо практикасы жөнүндө маалыматтарды чогултат.

Мектеп жетекчилери үчүн анкета – бул мектеп директору же директордун орун басары тарабынан толтурулуучу онлайн анкета жана толтурууга болжол менен 45 мүнөт талап кылынат. Улуттук борбор ага  маалыматтык материалдарды, анын ичинде логинди  берет. Координатор анкетанын туура жана толук толтурулганына жооптуу.

— PISA сессиялары бардык катышуучу өлкөлөрдө/экономикада бирдей башкарылышын камсыз кылуу үчүн биз тараткан колдонмодо талап кылынган жол-жоболорду кылдаттык менен аткаруу маанилүү. Эгерде ал аткарылбай калса изилдөөнүн жыйынтыгы жокко чыгышы мүмкүн. Улуттук борбор координаторлорго негизги иш-чараларды өткөрүү боюнча керектүү документтерди жана формаларды жөнөттү. Алар кайсылар?  Мектептин даярдык куралы колдонмосу.  PISAны онлайн башкаруу үчүн мектептердин IT потенциалын баалоо үчүн колдонулат. Окуучу тууралуу маалыматтар жана анкетадагы жооптору окуучунун даярдыгы менен туура жана ишенимдүү түрдө байланыштырылышы үчүн бул формаларды так жана толук толтуруусу да  маанилүү, — дейт Р.Маданбекова.

Даярдык иш-чаралары

 — Баалоо убактысын жана ордун пландаштырууда, мектеп координатору  баалоо үчүн жерди саат 6-30дан 18-00 чейин ээлеп коюушу керек (толук бир күнгө). Техникалык көйгөйлөр болгон учурда бир нече запастык компьютерлер даяр болуш керек. Эгерде бир жерде бул убакытка компьютерлер жетишсиз болсо, анда бир нече жерди колдонуу же башка күнү башка сессияны өткөрүү керек болот, — дейт адис.

Баалоо убактысы — PISA

АктивдүүлүкУбакыт
Бөлмөнү даярдоо20-30 мүнөт (болжол менен)
Окуучунун логиндери, сырсөздөрү жана тестти киргизүү15 мүнөт (болжол менен)
Жалпы багыт(инструкция)15 мүнөт (болжол менен)
Тестин 1-бөлүмү70 мүнөт
Кыска тыныгууЖалпысынан алганда, 5 мүнөттөн ашык эмес
Тесттин 2-бөлүмү менен таанышуу5 мүнөт (болжол менен)
Сынактын 2-бөлүмү70 мүнөт
Тыныгуу15 мүнөт (болжол менен)
Окуучунун анкетасы менен тааныштыруу5 мүнөт (болжол менен)
Окуучунун анкетасы45 мүнөт  (болжол менен)
Материалдарды чогултуу жана сессияны аяктоо5 мүнөт (болжол менен)
Бөлмөнү жыйноо20 мүнөт (болжол менен)
БардыгыОкуучулардын убактысы: 3 саат 20 мүнөт

Бөлмө убактысы: 4 саат 15 мүнөт (болжол менен)

Эң башкысы, мектеп координаторунун эң жогорку сапатта чогулткан маалыматтары Кыргыз Республикасынын ийгилиги үчүн абдан маанилүү. Андыктан мектеп координаторлору колдоруна алган колдонмону жадыбалдай жаттап, андагы көрсөтмөлөрдү так жана сапаттуу аткаруусу зарыл.

Министр Д.Кендирбаеванын буйругу боюнча негизги изилдөөгө катышкан окуучуларга жеке ыраазычылык каттар жана билим берүү уюмдарына сертификаттар ыйгарылат.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер