PISA-2025: ӨЛКӨ НЕГИЗГИ ИЗИЛДӨӨНҮ ЭҢ ЖОГОРКУ ДЕҢГЭЭЛДЕ ӨТКӨРҮҮГӨ ДАЯР

  • 01.04.2025
  • 0

Апрелдин аягына чейин өлкө мектептеринде  PISA — 2025 Эл аралык окуучулардын баалоо программасынын негизги изилдөөлөрү өткөрүлөт. Бул иш-чара өлкөнүн билим берүү системасынын баалоосунда жана андан аркы өнүгүүсүндө маанилүү этап болуп, өлкөнүн билим берүү сапатынын эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылышына болгон умтулуусун чагылдырат. Бул масштабдуу долбоорду уюштуруу жана координациялоо Билим берүү жана илим министрлигинин, ошондой эле «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун Дүйнөлүк банк тарабынан каржылоосунун колдоосу менен  Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаментинин кесиптик координациялоосу аркылуу мүмкүн болду.

PISA-2025: ӨЛКӨ НЕГИЗГИ ИЗИЛДӨӨНҮ ЭҢ ЖОГОРКУ ДЕҢГЭЭЛДЕ ӨТКӨРҮҮГӨ ДАЯР

Үч жыл даярдык

PISA-2025ке катышуу үчүн даярдык тээ 2022-жылы эле башталган. Үч жылдын ичинде адистерден турган команда  1000ден ашуун тест тапшырмаларын кыргыз, орус жана өзбек тилдерине адаптациялап жана которуп иштешкен. Мындан тышкары, эки негизги анкета иштелип чыккан — бирөө окуучулар үчүн, экинчиси — мектеп администрациясы үчүн. Ар бир тест 15 жолу текшерүү жана бекитүү этабынан өтүп, кээде бир тапшырма бир гана этапта эки жумага чейин убакыт талап кылган. Мындай кылдат мамиле материалдардын Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун техникалык стандарттарына ылайык келүүсүн камсыз кылган, анын жоктугу менен өлкө бүгүнкү күнгө жетиши мүмкүн эмес эле.

2024-жылдагы PISAнын талаа этабы 15-сентябрдан 15-октябрга чейин өттү. Анын максаты — эң ири билим берүү мониторингинин куралдары жана процедураларын сынакка алуу болуп, бул негизги PISA-2025 этабына даярдык катары өттү. Тестирлөө окуу, математика жана табигый илимдер боюнча жүргүзүлдү. Бирок өзгөчө көңүл PISA-2025тин негизги тармагы болгон табигый илимдер боюнча тапшырмаларды апробациялоого багытталган. Мындан тышкары, пилоттук этапта 15 жаштагы балдар санариптик куралдарды колдонуп, белгилүү бир турмуштук максаттарга жетишүү мүмкүнчүлүгүн баалоо үчүн инструменттер да сыноодон өткөн. Анткени  учурдагы циклдин инновациялык тармагы — санариптик дүйнөдө билим алуу (Learning in the Digital World, LWD).

PISA-2025: ӨЛКӨ НЕГИЗГИ ИЗИЛДӨӨНҮ ЭҢ ЖОГОРКУ ДЕҢГЭЭЛДЕ ӨТКӨРҮҮГӨ ДАЯР

Талаа изилдөөгө 66 мектептен  2853 окуучу жана  мектеп директорлору катышты. Анын ичинен 42 мектеп кыргыз тилинде окуйт, 21 мектеп орус тилинде, ал эми 3 мектепте аралаш (кыргыз жана орус) тилдери колдонулат. Тестирлөөнү өткөрүү үчүн атайын виртуалдык машина иштелип чыгып, ага PISA-2025 тесттерин өткөрүү үчүн уникалдуу программа орнотулган. Бул система ар бир катышуучу өлкөнүн өзгөчөлүктөрүн, анын ичинде тилдик жөндөөлөрдү, коопсуздук параметрлерин жана техникалык спецификаларды эске алуу менен кылдат даярдалган. Бул процесстин жөндөөлөрүн туура жүргүзүү үчүн тынымсыз иш жүргүзүлүп, программалык камсыздоонун туура иштеши, тесттик платформа стабилдүү иштеши жана маалыматтарды коргоо камсыздалган.

Маалыматка ылайык, аталган иш бир жылга жакын убакыт бою жүргүзүлдү. Бул иштин натыйжасында, Кыргызстандагы бардык окуучулар тестирлөөнү бирдиктүү стандартташтырылган форматта өтүшөт, ал Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун катуу талаптарына жооп берип, санариптик форматта болот. Ар бир тест-администраторлордун командасы департамент  тарабынан ноутбуктар менен камсыздалды.

Мониторинг

Талаа изилдөө жүргүзүлүп жаткан учурдагы контролдук көзөмөл улуттук жана эл аралык мониторинг  адистери тарабынан жүргүзүлдү. Эл аралык мониторинг жүргүзүүчүлөрдү Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюму тандап алды. Тестирлөө учурунда бардык механизмдердин иштешин текшерүүгө, логистикадан баштап, техникалык камсыздоого чейинки процесске толугу менен киришүүгө мүмкүнчүлүк болду. Тестирлөөнү уюштуруу боюнча алынган ыкмаларды сыноодон өткөрүп, алардын натыйжалуулугун текшерүүгө шарт түзүлдү. Бул тажрыйба кемчиликтерди аныктап, стратегияларды оңдоого жана маанилүү өзгөртүүлөрдү киргизүүгө мүмкүнчүлүк берди, анын натыйжасында, бардык аспектилер эске алынган жана өлкө негизги изилдөөнү эң жогорку деңгээлде өткөрүүгө даяр.

Мектептерди изилдөөгө катыштыруу үчүн өлкөдөгү билим берүү мекемелери боюнча маалыматтарды топтоо жана талдоо кылдат жүргүзүлдү. 2023-жылдын күз айларынан 2025-жылдын март айына чейин Улуттук долбоордук менеджерлер,  Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте Westat компаниясынын талаптарына жооп берген 15тен ашуун форма толтурулду. Westat — Американын алдыңкы статистикалык талдоо жана маалымат тандоо жаатындагы компания, ошондой эле PISA-2025 изилдөөсүнүн консорциумунун бир бөлүгү. Бир форманы толтуруу эки айга чейинки убакытты талап кылганын эске алуу менен жасалган иштин масштабын түшүнүүгө болот. Маалыматтарды өлкө боюнча 15 жаштагы бардык окуучулардан топтоо үчүн ар кандай факторлор боюнча маалыматтар жыйналды. Натыйжада, негизги изилдөөдөн өтүү үчүн 199 мектеп тандалса, алардын 197си тестирлөөнү толугу менен өтө баштады.

6911 кыргызстандык окуучу, дүйнөнүн 100гө жакын өлкөсүнүн жүздөгөн, миңдеген окуучулары сыяктуу эле, тестирлөөнү өткөрүп, ар бир өлкөдө билим берүүнүн өнүгүүсүнүн жалпы тенденцияларын аныктоого жардам берүүчү бирдей тапшырмаларды чечишет. Тестирлөөгө 4096 окуучу кыргыз, 2470 окуучу орус жана 345 окуучу өзбек тилдеринде катышат.

Maple системасы  — тестирлөө процессинин купуялуулугун жана
тактыгын камсыз кылат

Тестирлөөгө тандалган билим берүү мекемелери тиешелүү класстарды же аудиторияларды даярдоого тийиш. Департамент ар бир окуучуга тесттен жана анкета толтуруудан өтүү үчүн ноутбуктарды камсыз кылды. Тестирлөө үчүн Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти 14 мобилдик топту түзгөн, ар бир топко координатор, IT адиси, тестирлөөнүн администратору жана айдоочу кирет. Атайын жабдыктарга атайын көңүл бурулду: жогорку окуу жайларынан, мектептерден, жеке компаниялардан жана Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү  департаментинин кызматкерлеринин жеке булактарынан 308 ноутбук чогултулду. Кыргызстан үчүн иштелип чыккан Maple системасы, ар бир окуучу үчүн уникалдуу логиндерди жана паролдорду жаратуу үчүн колдонулуп, тестирлөө процессинин купуялуулугун жана тактыгын камсыз кылат.

Изилдөөнүн жыйынтыгы 2026-жылы жарыяланат

Маалыматка таянсак, 2025-жылдын 30-апрелиндеги тестирлөөнүн аякташы иштин жыйынтыгын билдирбейт. Алдыда натыйжаларды коддоштуруу процессинин түйшүктүү иши турат, бул үчүн үч тилде коддоштуруу командасын даярдоо керек. Күн сайын көптөгөн тесттерди иштеп чыгуу пландаштырылган, бул жогорку квалификацияны жана иштин тактыгына муктаж. Изилдөөнүн акыркы жыйынтыктары 2026-жылдын аягында жарыяланат жана Кыргызстандагы билим берүү системасынын абалына кеңири талдоо жүргүзүлөт.

PISA-2025ке катышуу өлкөнүн билим берүү сапатын жакшыртууга болгон умтулуусун гана эмес, эл аралык кызматташтык жана тажрыйба алмашуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Которуу, адаптация, тандоо жана адистерди даярдоо процессин, ошондой эле дүйнөлүк эксперттер менен өз ара аракеттенүүнү уюштуруу Кыргызстандын глобалдык билим берүү коомчулугуна интеграцияланышына жана өзүнүн абалын эл аралык деңгээлде баалоого мүмкүндүк берди.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер