«ПЕДАГОГ МЕЗГИЛДИН ТАЛАБЫНА ШАЙКЕШ АРАКЕТТЕНБЕСЕ, ТАРБИЯ НАТЫЙЖАЛУУ БОЛБОЙТ»

  • 23.11.2023
  • 0

"ПЕДАГОГ МЕЗГИЛДИН ТАЛАБЫНА ШАЙКЕШ АРАКЕТТЕНБЕСЕ, ТАРБИЯ НАТЫЙЖАЛУУ БОЛБОЙТ"

Гүлайым ЖУМАБАЕВА, Кыргыз билим берүү академиясынын жетектөөчү илимий кызматкери, педагогика илимдеринин кандидаты

— Гүлайым эже, акыркы жылдары мектептерде мугалим менен окуучулардын өз ара мамилелеринде бир топ түшүнбөстүктөр орун алды. Коомчулуктун бүйүрүн кызыткан окуялар да болуп өттү. Мунун себеби эмнеде деп ойлойсуз?

— Адамзаттын тарыхындагы көптөгөн түшүнбөстүктөр адамдардын тил табыша албай калганынан, кызыкчылыктардын кагылышынан, идеологиялык келишпестиктен келип чыккан. Балдардын ортосунда да өз ара түшүнбөстүктөр бар, анын себеби көп. Антогонисттик көз караштагы балдар бири-бирин түшүнүшпөйт. Ынанымы, ишеними, багыты ар башка балдардын тил табышы кыйын. Моралдык сапаттары бири-бирине жакпай, чыр чыгып кетет. Мүнөзү оор балдар менен тил табышуу  кыйын. Интеллектуалдык, жеке, инсандык айырмачылыктар да чыр-чатактын себеби болот. Идеологиялык вакуумдун да  балдар тарбиясына терс таасири жок эмес.
Сиз айткан мугалим менен окуучунун түшүнбөстүгүнүн себеби да аз эмес. Ушул кылымдын баш жагында республикабызда 2,5 миллион адам алкоголдук ичимдик ичишкен. Ичимдиктен, бангиликтен кийин боюна бүтүп, төрөлгөн балдардын интеллекти төмөн болот. Интеллекти төмөн балдарга адамча жашоонун жол-жобосун түшүндүрүү кыйын. Айрым ата-энелер фарм-продукцияларды ашыкча колдонушкан. Алардын балдарынын да көйгөйлөрү болот. Ооган, Чернобыль, Ош ж.б. окуясына катышкан адамдардын психикасындагы проблемалар да балдарына терс таасирин тийгизди. Демографиялык кризистин да мектепке терс таасири тийди. Азыркы мезгилде кылмышка катышкан өспүрүмдөрдүн 88 миңи мигранттардын балдары, 5 миңи туугандарында жашаган балдар (2023).  Арам азык менен азыктанган балдардын зээни өнүкпөй калат. Мамлекеттин, элдин, коомдун “пайдасын көргөндөрдүн” (ичип-жегичтердин) балдарынын тарбиясында кемчилиги болот. Ушундан себептерден улам  азыр мугалимдер абдан кыйналып иштеп жатышат.
Класска жаңы келген  баланы классташтары аябай сындашат. Балдардын чабуулунда калган өспүрүм психопат, психоастеник, истерик, паранойик сыяктуу жүрүм-турум стилине келиши мүмкүн. Баланын чыр-чатакка даярдыгынын белгилери төмөнкүлөр:

 − турмуштагы кыйынчылыкты жеңүү менен байланышкан кризистик жагдайды туура түшүнүүгө жөндөмдүү эмес;

− чөйрө менен мамиле түзгөндү билбейт,  өзүн өзү көзөмөлдөөсү начар, эмоциясы туруктуу эмес, психологиялык жактан жабыр тартуучу жагдайдан чыгуунун натыйжалуу жолун таба албайт. Стресске көп кабылгандыктан агрессивдүүлүгү жогорулап кеткен же апатияга келип, депрессивдүү абалга жеткен, өзүн кем тутуу комплекси бар.

 — Сиздин оюңузча, мамилелердин курчушунда кимиси көбүрөөк жооптуу?

— Ата-эненин, мугалимдин, коомдун, саясаттын деги койчу баарыбыздын жоопкерчилигибиз бар. Мурдагы саясат К.Тыныстанов, И.Арабаев сыяктуу мыкты педагогдорду репрессиялаган. Кийинки коом коррупцияланган десек, учурда балдарынын таалим-тарбиясын толук мектептин мойнуна толук жүктөп койгон ата-энелер жок эмес. Сабагын берип коюп, үйүнө шашкан, “мугалим” деген наамга татыксыз сабак берүүчүлөр аз эмес. Тарбиялык маселелердин ИИМге, муниципалдык, айылдык жергиликтүү бийликке да тиешеси бар. Алар да жооптуу. Билим берүү системасында иштегендердин баары жооптуу.
Тарбия үй-бүлөдөн башталат. Баланын таалим-тарбиясына жеткиликтүү көңүл бөлбөгөн ата-эне биринчи жооптуу. Мугалим катардагы адам эмес, мамилелердин курчушу окуучулардын моралдык-этикалык билиминин жетишсиздигинен чыгат, аны үйрөтпөгөн класс жетекчи көбүрөөк жооптуу. Мугалимдин интеллектуалдык-рухий кубаты катардагы адамдын кубатынан жогору болушу керек. Мектеп турмушундагы бардык маселени чечкенди мугалим билсе, чыныгы педагогикалык чебердигин көрсөтөт. Анда маселе болмок эмес. Азыр окуучуларга мурдагыдай таалим-тарбия берүү натыйжалуу эмес.  Абийирди ойготуу, моралдаштыруу да анча натыйжалуу болбой калды. Тарбиялык иштер жакшы жолго коюлган мектептерде мамилелер курчубайт деп эсептейм.

— Мугалим менен окуучулардын өз ара мамилелерин туура нукка салган алгылыктуу усулдар, ыкмалар же чет өлкөлүк тажрыйбалар барбы?

— Ооба, бар. Орусиянын педагогдору насаатчы, вожатый, тьютер штатын киргизип, аларга 22 сааттык окуу жүктөмүнө барабар каражат бөлүп, тарбиялык иштердин сапатын жакшыртуу боюнча аракеттенип жатышат. Жергиликтүү бийлик, ИИМдин, медициналык кызматкерлер, психологдор, педагогдор, ардагер-интеллигенттер ж.б. биргелешип, тарбиялык маселелерди чечип жатышат. АКШнын педагогдору инклюзивдүү билим берүү боюнча абдан жигердүү эмгектенип жатышат, көйгөйлүү балдарга жардам берилсе, мамилелер оңолот.  Көп мамлекеттер класстан, мектептен  тышкаркы тарбиялык иштерди активдештирүү боюнча социум менен кызматташууда. Мындай көйгөйлүү меселелерди чечүү үчүн окумуштуулар педагогиканын тарыхына кайрылып жатышат. Педагогиканын тарыхына көңүл бөлсөк, мамилелерди туура нукка салуунун ыкмалары бар экен. Учурда мугалим жана окуучулардын мамилелери, окуучуларды тарбиялоонун абалы бүтүндөй дүйнө боюнча көйгөйлүү болуп саналат. Америкабы, Европабы, Азия мамлекеттериби, баарында мугалимдердин, окумуштуулардын окуучуларды тарбиялоо жаатында абал начар деп коңгуроо кагуусу жылдан жылга күчөгөндүктөн дин таануу билими жалпы билим берүүчү мектептерге киргизилиптир. Светтик мектептерде ал предмет, (курс) боюнча этикалык билим гана үйрөтүлүп жатат. Германиянын аны окутуп жатканына 53 жыл болду.
Окуучулардын психикалык көйгөйлөрүн азайтууга да көңүл бөлүүдө. “Окуучулардын психикалык, руханий жактан соо болушу үчүн ата-бабалардын осуятын үйрөтүү натыйжалуу болорун Олпорт Г. (Личность в психологии. – М., КСП+:СПб:Ювента.1998. – С 103-112)  жазган.  Азыр Орусиянын педагогдору ата-бабалардын 10 осуятын эмес,  10000 осуятты 10000 турмуштук шартка колдонууга үйрөтүп жатышат. Бүткүл дүйнөлүк билим берүү системасы багыт алган тенденциялар ушундай.

— Жогорку окуу жайды жаңы эле бүтүрүп келген адиске мектептеги тарбиясы эң татаал классты жетектөө милдетин тапшыруу туурабы?

— Туура эмес. Жаш мугалимдин теориялык билими болгону менен, педагогикалык оор маселени чечүүдө тажрыйбасы аз. Аны бир насаатчы шефке алып, практикалык тажрыйбасын үйрөтсө жакшы болмок. Бирок практикада жаш мугалимге эң татаал классты жетектөөгө берилиши көп эле кездешет.  Көпчүлүгүбүз ишибизди ушинтип эле баштаганбыз. Анткени жаман атка конбой, өз жанынын тынчтыгын ойлогон, тың классты алып, “тың” жашагысы келген “мугалимдер” аз эмес.  Эң татаал класстан, эң оор маселени чечүүдөн көпчүлүк мугалимдер баш тартышат. “Акыл жаштан, асыл таштан” деп, жаш мугалимдин энчисине оор маселе түшүп калат.  ЖМКдан, телефондон бактысыз адамдардын кырсыгын, криминалды, кыйроону, банкротту, аварияны ж.б. көп көргөн окуучуга балээ жабышкансып, жашоосу азаптуу окуялардын тегерегинде өтө берет. Окуучу балээден кутулуш үчүн анын көңүлүн турмуштун кызыктуу жагына буруу керек. Мындай окуучуга турмуштун башка жагына көңүлүн бурууда жаш мугалим кыйналат. Ага тарбия завучу  жардам бериши керек.        Окуучулардын арасында невротик, психоз, агрессивдүү балдардын саны арбыды. Бул мугалимдер менен мамилелешүүдө  кыйынчылык түзүүдө.  Невроз – бардык жактан куру калган, кароосуз, үлүшсүз, бактысыз балдардын оорусу. Жашоосуна канааттанбаган, мээримсиз, жашоосу коопсуз балдар да невроз болушат. Урмат-сыйдан калган, эч ким аны теңине албаган, өзүн кем тутуу комплекси бар балдар да неврозго  кабылат. Мугалим билим берем десе, окуучу “аны коюп, менин абалыма көңүл бөлчү”, деген сыяктуу сабакты бузат. Системалуу сабак бузган бала мугалимдин ачуусун келтирет. Жаш класс жетекчи ушундай балдар менен иштегенден кыйналат. Дарак күнгө муктаж болгондой эле окуучу көз каранды эместикке  муктаж. Көз каранды эместикке – жагымсыз жагдайдан кутулуп, өз алдынча билим алууга  үйрөнгөн балдар жетишет. Жаш класс жетекчи бардык жүктү мойнуна ала бербей, психолог, социалдык педагог, администрация менен менен кызматташып, мындай маселелерди чечиш керек. Мектепте өнүгүү жетишсиз болгондо көйгөй, кылмыш башталат. Кайсы мектепте класстан тышкаркы иш жүргүзүлбөй, мугалимдердин иши сабак берүү менен чектелип, тарбиялык иш пландуу жүргүзүлбөсө, өнүгүү жетишсиз. Мындай мыйзамченемдүүлүктүн илимге, искусствого, философияга, саясатка ж.б. тиешеси бар. ЖМКда маалымат согушу, компьютердик оюндарда бүлдүрүү, жардыруу, өрттөө, өлтүрүү көрүнүштөрүнүн арбышы кокустук эмес. Мурда мугалимдерге идеологиялык рамкада камалган маалыматтар берилгендиктен, мектептик тарбияда көйгөйлөр арбын. Мугалимдер азыр жаңы маалыматка муктаж.

— Класс жетекчилерге, айрыкча өспүрүмдөр менен иш алып барган тарбиячыларга кандай кеңештерди берер элеңиз?

—Тың элдер тарбиянын багытын өзү аныктап, өзү жоопкерчиликтүү болот. Эринчээк элдер башка элдин тарбиясын туурайт. Бул дагы – проблеманын көрсөткүчү. Алдыга кеткен элдер аларды манипуляциялайт.  Анткени артта калган педагогдордун аң-сезими алдыга кеткен өлкөнүн маалыматына көз каранды болот. Көз карандылыктагы элдин ичиндеги акылман-интеллектуал педагогдордун туура ою, алдыга кеткен өлкөнүн саясатына туура келбесе, өнүккөн өлкөлөрдүн жарандары колдобойт. Муну жетекчилер, педагогдор  билгени дурус. Тарбиянын багытын өзүбүз аныктап, ага өзүбүз жооптуу бололу. Анткени башка элдин тарбиясын туураган эл, өз этнопедагогикасынан, руханий баалуулуктарынан, маданий мурастарынан ажырайт. Аңдан айрылган эл, чоң элдердин ичине сиңет. Улут катары сакталып калыш үчүн, элдин өз тили, маданияты, руханий казынасы, этнопедагогикасы ж.б. болуш керек.
Эми  мамиле түзүүдөгү маселени кантип азайтуу керек, ошо боюнча кеңеш берели:

– жашоо-тиричилиги оор кырдаалга кабылгандарга социалдык абалына көңүл бөлүп, гуманитардык жардам берүү керек, анткени сиркеси суу көтөрбөй турган бала эч ким менен мамиле түзгүсү келбейт. Мындай балдардын адаптацияланышына жардам берүү жана реабилитациялоо;

– билим берүү уюмдарда жана ЖОЖдордо руханий тарбияны жандандырып, адептик, жарандык аң-сезимин жогорулатуу боюнча чараларды көрүү;

– балдардын ден соолугун чыңдоого, укугун коргоого, сергек жашоо мүнөзүн калыптандырууга, спорттук шарттарды түзүүгө коомдун көңүлүн буруу;

– ата-энелердин педагогикалык сабаттуулугун жогорулатуу;

– балдарга керектүү маалымат табууга, өз маселесин өзү чечүүгө, өзүн өзү көзөмөлдөөгө, инсан катары жетилүүгө жана өнүгүүгө үйрөтүү;

– балдарды өнүктүрүүчү иш-чараларды уюштуруу, ийримдерди, секцияларды иштетүү, класстан, мектептен тышкаркы иштерди активдештрүү;

–  үй-бүлө институтун бекемдөө боюнча лекцияларды уюштуруу, укук коргоо, медицина кызматкерлери, педагогдор, психологдор, ата-энелер, коомчулук ж.б. биргеликте мындай көйгөйлөрдөн арылуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл.

 Педагог мезгилдин талабына шайкеш аракеттенбесе, тарбия натыйжалуу болбойт. Көрүнгөн элди туурай берген тарбия да натыйжалуу болбойт. Батыш элдери билим берүү боюнча тың. Чыгыш элдери да тарбия маселелерин чечүүдө андан калбайт. Элдик педагогиканын рухий негизин изилдөө менен “кайра жаралуу”, соолуп бараткан ыймандык тарбияны жандандыруу зарыл. Ата-бабалардын руханий мурастарын,  элдик педагогиканын берметтерин, тарбияны өркүндөтүүнү жандандырсак, аракетибиз натыйжалуу болот. Жалпы элдин рухий абалын билип, балдардын келечегин ойлоп, алы жеткиче аянбай аракеттенген педагогдор тарбия аркылуу көп маселени чече алышат. Мугалимдерге ден соолук,  жигердүүлүк, сабыр берсин. Балдарга ыйман, аракет, билим берсин дейлик.

Маектешкен: А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер