ОЙЛОП ТАБУУЧУЛАРДЫН ОЮН КОШКОН ОШТОГУ ФЕСТИВАЛЬ

  • 20.10.2022
  • 0

ОЙЛОП ТАБУУЧУЛАРДЫН ОЮН КОШКОН ОШТОГУ ФЕСТИВАЛЬ

11-15-октябрда Ордолуу Ошто өткөн «Креативдүү технологиялар кербени» эл аралык фестивалына Кыргызстандын жети дубанынан жана Ош, Бишкек шаарларынан, Россия Федерациясынын Архангельск, Волхов, Санкт-Петербург шаарларынан, Удмуртиядан жана Белорусиядан таланттуу жаш жаратмандар катышты. Фестивалдын өзөгүн балдар ойлоп тапкан жана өз колдору менен жасаган буюмдарынан турган көргөзмө түздү.

ОЙЛОП ТАБУУЧУЛАРДЫН ОЮН КОШКОН ОШТОГУ ФЕСТИВАЛЬ

Фестивалдын салтанаттуу ачылыш аземине КР Президентинин Билим берүү, илим, маданият, спорт жана жаштар саясаты бөлүмүнүн эксперти Медербек Өмүрбеков, КР Президентинин Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнест Толтоев жана Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова ж.б. расмий өкүлдөр катышты.

Медербек Өмүрбеков куттуктоо сөзүндө жаш таланттарга ийгиликтерди каалоо менен бирге, ушундай фестивалдар катышуучулардын жеке эле компетенттүүлүгүн жогорулатууга салым кошпостон, коомчулукту, педагогикалык журтчулукту билим берүү тармагын натыйжалуу реформалоого активдүү тартууга негиздеп, достук, биримдик көпүрөсүн түзүүгө түздөн түз таасир этерин белгиледи.

Нарындан келген чий боз үй, чүкө жана электрондук китеп

Азыркы балдардын табияты татаал деп алаканды шак коюп, уюлдук телефонго байланып калганын айтып кайгырып калабыз, а бирок бул күндөрү өзгөчө ой жүгүртө билген, ал ойлору, кыялдары менен Кыргызстандын келечеги үчүн кам көргөн балдарды көрүп, ичимден аябай ыраазы болуп, көзүм да, көңүлүм да тойду.

ОЙЛОП ТАБУУЧУЛАРДЫН ОЮН КОШКОН ОШТОГУ ФЕСТИВАЛЬ

Ош шаарындагы С.Ибраимов атындагы улуттук драма театрынын фойесинде ачылган таланттуу балдардын колунан жасалган креативдүү буюмдарды көргөндө айрыкча толкундандым. Экинчи кабатка көтөрүлө бергенде эле  Нарындан келген жаш жаратмандардын бурчу алгач көзүмө урунду. “Алтын түйүндүн” Нарын облусундагы филиалынын жетекчиси Рыскүл Турдалиева менин көңүлүмдү кызыл-жашыл түскө боелгон кадимки эле чүкөлөрдөн куралган төрт бурчтуктарга, чийден жасалган боз үйгө, чий куурчактарга бурду. Рыскүл айымдын айтымында, алар кыргыз элинин баалуулуктарын креативдүү технологиялар аркылуу жайылтууга басым жасашат экен. Анысы туура да, Нарында улуттук, табигый нукура буюмдарды жайылтпаса, таң калычтуу болмоктур. Чийден жасалган куурчактар секелек кыздар колдон талашып ойногудай кооз жасалгасы менен айырмаланат. Аларды Барби куурчактарына альтернатива катары көбөйтүп чыгарса да болчудай.

—  Бул фестивалга Нарын облусунан 13 окуучу катышты. Айрыкча, Нарын жана Ак-Талаа районунун окуучулары активдүү болушту. Биз кыргыз элинин улуттук нарк-насил баалуулуктарын креативдүү технологиялар менен байланыштырууга жана программалык инженерияны  киргизүүгө аракеттендик. Көргөзмөгө Алмазбек уулу Урматтын “Коопсуз үй” долбоорун, Кубат Сарбагышовдун Нарын облустук филиалынын тогуз жылдан бери басып өткөн жолун чагылдырган сайтын, команда менен биргеликте жасалган “Аскер роботун” жана Нарын районундагы А.Жутакеев орто мектебинин окуучулары ойлоп тапкан “электрондук китепчесин” алып келдик. Балдар түзгөн электрондук китепчеде кыргыз элинин чыгармалары жөнүндө маалыматтарды QR-код менен алуу жолдорун киргизишкен. Андан тышкары, Жибек Бейшекова менен Назми Майрамбекова кыргыздын кадимки эле чүкө менен ойноочу “топ таш”, “упай” оюндары аркылуу манжалардагы майда моториканы иштетүү жана логикалык ой жүгүртүүсүн өстүрүүгө болорун көрсөтүштү. Биздин балдар ошондой эле экологиялык жактан таза чийден же чырпыктан жайкы боз үй жасоонун жеңил жана ыкчам жолдорун жайылтууну демилгелейт. Азыр баарыбыз табияттын койнуна чыгып эс алууну каалайбыз. Ошондо тигип, кайра жыйноого эң ыңгайлуу жана экологиялык таза, — дейт Рыскүл айым.

Таластын аэропортун жандандыргысы келген жаш талант

Талас облусунунан келген жаш жаратмандардын табылгаларынын ичинен “Талас аэропорту” деген модель да өзгөчө көрүнүп турду. Ал Кара-Буура районунун Көк-Сай айылынан келген 11-класстын окуучусу Музулумов Айдардын колунан жаралган. Анын айтымында, бул эки кабаттуу аэропорттун макетин команда менен алты айдын ичинде жасап чыгышкан.

— Биз Таластагы иштебей турган аэропортту жандандыргыбыз келет. Себеби, жолдун узактыгына байланыштуу башкалар менен каттамдар жок, туристтер да келе алышпайт. Мисалы, биз Ошко 14 саатта араң келдик. Эгерде ушул моделди ишке ашырса, Төө-Ашуудан өтүүчү узак жолду кыскартууга, жол коопсуздугун камсыздоого жана алыскы жана жакынкы мамлекеттердеги туристтерди тартууга жакшы болмок. Таласта туристтерди кызыктырган “Манас” ордо этнокомплекси жана башка көптөгөн кызыктуу жайлар бар. Эки кабаттан турган аэропорттун модели заманбап жасалган. Биринчи кабатында, каттоо жайы, ашкана, ал эми экинчи кабатында мейманкана, медпункт бар. Чатырында күн батареясы орнотулган, ал күндөн энергия алып, электр энергиясын үнөмдөөгө жардам берет, — дейт Айдар.

Кайыңдын кабыгынан жасалган кооз буюмдар

ОЙЛОП ТАБУУЧУЛАРДЫН ОЮН КОШКОН ОШТОГУ ФЕСТИВАЛЬ

Россиянын шаарларынан келген кол өнөрчүлөр өздөрү жасаган буюмдар менен эле эмес, кийген кийимдери менен да өзгөчөлөнуп элди өзүнө тартып турду. Архангельск шаарынан келген кол өнөрчүлөрдүн бири Мария Акрепилованын айтымында, алар көргөзмөгө кайыңдын кабыгынан өрүлүп жасалган кооз себеттерди жана турмуш-тиричиликте колдонуу үчүн жыгачтан оюлуп жасалган кутучаларды, столго кое турган сааттарды, шам чырактарды жана башка интерьер буюмдарын, чакан китепкана моделин алып келишкен. Жолдун алыстыгынан буюмдардын көбүн алып келүүгө мүмкүн болбогонуна кейиген Мария айым, Ош шаары аябай жаккандыгын, биринчи кезекте меймандос элине таасирленип жатканын белгиледи.

“Алтын түйүндүн” атактуулукка жетишкен “Алтын баласы”

Албетте, фестивалдын негизги өзөгүн “Алтын түйүндүн” таланттуу ойлоп табуучуларынын колунан жаралган буюмдар түздү. Фестивалда айрыкча, Акоша Асанбаевдин “Алтын бала” роботу эң популярдуу болду. Фестивалдын меймандары азырынча колдору гана иштеп жаткан “Алтын бала” менен кол алышып учурашып, сүрөткө түшүп жатышты. Акошанын айтымында, ал робот жакында буттары иштеп “Акылдуу үй” менен интеграцияланып, үйдүн коопсуздугун көзөмөлдөөгө жетишет.

“Алтын түйүндүн” дагы бир жаш катышуучусу Шербеков Алтай Бишкектеги №61 мектепте 6-класстын окуучусу. Ал “Алтын түйүнгө” беш жылдан бери катышат. Атай кийимди бүктөө боюнча техникалык моделдөөнүн механизмин алып келген. Алтайдын айтымында ата-энелеринен “кийимиңди жыйна” деген көп эскерүү алган балдарга робот жардамга келмекчи. Алтай аны бренд дүкөндөрүнө койсо абдан сонун болот дейт.

ОЙЛОП ТАБУУЧУЛАРДЫН ОЮН КОШКОН ОШТОГУ ФЕСТИВАЛЬ

Алтайдын жетекчиси Андрей Иванович Хлопков “Алтын түйүндүн” техникалык моделдөөнүн негизи ийримин жетектейт. Бул ийримге жети жаштан 14 жашка чейинки балдар катышат. Андрей Иванович балдарды картон менен иштөөгө, аны кесип, ар түрдүү моделдерди модефикациялоого, мисалы, техника, самолет, кайыктарды ж.б. даярдоого үйрөтөт. Мында балдар негизинен манжалардын моторикасын өнүктүрүүгө жана эң негизи — балдар өз алдынча инженердик ой жүгүртүүгө жетише алат. Андрей Иванович хобби катары картон менен иштеп келатканына 44 жылдын жүзү болду. Ал картондорду чогултуп, адамдардын оюна келбеген өтө кызыктуу буюмдарды жасайт. Бул жакка кызына алып келип жүрүп, өзү да иштеп калган. Ал бул жакка өз колу менен картондон жасаган көпүрөнү алып келип, аны Оштогу филиалына белекке тартуулады.

Фестиваль – достуктун көпүрөсү

Ошентип, фестивалдын соңунда, өзгөчө ойлоп табуулары менен айырмаланган балдарга “Алтын түйүндүн” дипломдору тапшырылды. Чындыгында бул символикалуу белек десек болчудай. Себеби, башка кароо-сынактардан айырмаланып, фестивалга балдар таймашканы эмес, таанышканы, сынашканы эмес, сырдашып, ой бөлүшкөнү келет эмеспи. Андыктан балдардын баарын биринчи, баары жеңүүчү десек жарашат.

ОЙЛОП ТАБУУЧУЛАРДЫН ОЮН КОШКОН ОШТОГУ ФЕСТИВАЛЬ

Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов фестивалдын салтанаттуу жабылышында сүйлөгөн сөзүндө мына ушундай жаш жаратмандардын жаңы муунунун ой-тилектерин бириктирип, эстен кеткис майрам уюштурган “Алтын түйүн” УБРИТАнын директору Жаркын Бапановага, белгилүү академик-окумуштуулардан куралган калыстар тобуна жана алыс-жакындан келген жалпы эле катышуучуларга ак жол каалап, “Креативдүү технологиялар караваны” жөн гана майрам эмес, ал биринчи кезекте, креативдүү ой жүгүрткөн балдардын технологиялык ойлоп табууларын жараткан креативдүү аалам” экендигин баса белгиледи.

Фестивалдын алкагында катышуучулар үчүн ыйык Сулайман тоосуна, музейлерге эс көөнүнөн кеткис экскурсия уюштурулду.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер