ОРКОНУН ОДИССЕЯСЫ

  • 24.06.2024
  • 0

ОРКОНУН ОДИССЕЯСЫ ОРКОНУН ОДИССЕЯСЫ

Улуу Ата мекендик согуштун каарманы Сарымсаков Орко баскан жол көркөм өнөрдүн темасы. Жөө баян жарашпаган тагдыр, кургак кепке сыйбай турган окуялар. Балким керемет көркөм чыгарма жаралып калаар. Ажеп эмес. Аккан досум, эмки замандын ойчул жазуучусу Арслан Капай уулу Койчиевге бир курдай Сарымсаков Орконун тагдырын айтып берсем, катуу кызыгып калган эле. Сөзүмдү жерге таштабай, Израилдин Бээр-Шева шаарына атайы барып, 100 жыл жашаган согуш ардагерине жолугуп, учурашып келген эле.

1919-жылы Жумгалдын Жаңы-Арык айылында туулган Сарымсаков Орконун бу дүйнөдөгү сапары 2021-жылы Израилде карып, сөөгү Бээр-Шева шаарынын жака белиндеги мусулман бейитине кыргызча зыйнат менен жерге берилди. Орко аксакалдын еврей элине кылган кызматын баалаган Израил өкмөтү кадырлуу ветеранды тиги дүйнөгө кастарлап узатты. Ал эми Орко аксакалдын байбичеси, еврей кызы Сура Абрамовнанын сөөгү 1996-жылы Кочкор жеринде коюлду.

Кыргыз баласы соңку бир кылым ичинде эки дүйнөлүк согушту, II Дүйнөлүк согушка чейин совет-фин согушун башынан кечирди. 20-кылымдын ортосунан тартып дагы бир далай куралдуу жаңжалдарга, согуш аталбаган уруштарга катышты.

Адамдын тагдыры, жеке инсандын турмушу, кечирген өмүрү, бактысы жана шору, кубанычы жана кайгысы бүтүндөй элдин тагдырынын кичирейтилген проекциясы окшобойбу. Сарымсаков Орко менен Асанов Ишеке кан куда, курбалдаш адамдар. Ишекенин кызы Жийде Орконун жалгыз уулу Алишердин жубайы. Замандаш эки адамдын тагдырын паралелль жүргүзсө болот. Турмуштук кырдаалга жараша айырмачылыктары, экзистенциалдык өзгөчөлүктөрү эле болбосо, экөөнүн тең тагдыры кыргыз улуту XX кылымда башынан кечирген не бир түркүн процесстердин, көрүнүштөрдүн жана окуялардын туундусу.

Империялар ар дайым кайсы бир жерде согушуп турмагы анык окшобойбу. Ата-жотосу оӊдуу билбеген, жети атасы жаа тартып атышып көрбөгөн, жети муун мурдагы бабалары алышып көрбөгөн элдердин кандуу кармаштарына кыргыз баласынын тагдыры эки-үч айланта байланат деп ким болжоптур. Дүйнөлүк ири мамлекеттердин урушу эки мертебе элге бүлүк салып, эки курдай кыргыз журтун алааматка салат деп ким ойлоптур.

Орус падышачылыгы кыргыз жерин каратып алчуда биринчи дүйнөлүк согуш чыгып, Россия баштаган бир тобу, Германия баштаган бир даары жылдап согушат. Орус бийлиги басып алган аймактардагы жергиликтүү калкты, анын ичинде ири алдыда кыргыздардын аскер ишине жарактууларын тике кармашка салбаса да, согушка керек кара жумушка алмакчы болгону буга чейинки нааразычылыкты ого бетер күчөтүп, эл каршы чыгат. Эл хан шайлап, желек кармап көтөрүлүшкө аттанат. Ушуну эле күтүп тургансып, ансыз деле “жок кылынууга тийиш, жапайы жергиликтүү” эсептелинген элге орус жазалоочу аскерлери кандуу бүлүк салат. Согуш жүргөн Европада миллиондогон кишилер набыт болсо, андан миӊдеген чакырым алыста, Азиянын чок ортосунда он миӊдеген кыргыз кырылат, тууган жерин таштап Кытайдагы эзелки жерине качат, сынбаган шагы калбай, көрбөгөн азапты баштан кечирет. Сарымсаков Орко да, Асанов Ишеке да 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүшүнүн алдында жана андан кийин жаралган муундун өкүлдөрү. Асанов Ишеке 1913-жылы, Сарымсаков Орко 1919-жылы туулган. Сарымсак оокаттуу киши болгон экен. 1916-жылдагы көтөрүлүшкө катышкан журт башчыларынын бири. Кыргыздар жеңилген соң, Сарымсак да үй-бүлөсү менен Кытайга качып, ак падыша жеңилди деген кабар жеткенде кайра айылына, Жумгалга кайтат. Бирок Сарымсак мурда малдуу болгондуктан, тап душманы катары большевиктер тарабынан далайга чейин куугунтук жейт, мал-мүлкүнөн ажырайт. Орко аксакал өмүр бою совет бийлигине нааразы болуп жүрүп өттү. Анык себебин убагында сураган эмесмин. Балким жандырмагы ушундабы деп түкшүмөлдөйм. Ишекенин атасы Асан да Анжиянга мал айдап, соода кылган адам болгон экен. Бирок кудай жалгап, кулакка тартылбай, тап душманы катары куугунтукталбаптыр.

Ошентип бири Үркүндөн 3 жыл мурда, бири эки жыл кийин төрөлгөн эки кыргыз совет бийлигинин орношу, кулакка тартуу, колхоздоштуруу, индустриялаштыруу, социалисттик типтеги урбандаштыруу процесстерин баштан кечирет. Асанов Ишеке адегенде Талаа-Булак (Кен-Батыш) айылындагы медреседен араб арибинде билим алат, анан латын арибинен сабатын ачат, кийин кирилица арибин үйрөнөт. Ветеринардык техникумду бүтүрүп, өмүр бою ушул кызматты аркалайт. Сарымсаков Орко башталгыч мектепте, анан Кочкордогу 7 жылдык мектепте билим алат. 1936-жылы Фрунзедеги финансы техникумуна өтөт. Техникумда ал келечектеги премьер-министр Ахматбек Сүйүнбаев менен бирге окуган. Асанов Ишеке менен Сарымсаков Орко 1939-жылы аскерге чакырылат. Асанов Ишеке совет-фин согушуна, андан Улуу Ата мекендик согушка катышкан эски жоокер.

Асанов Ишеке 1939-жылы жазында аскерге чакырылып, совет-фин согушуна катышып, 1943-жылы жарадар болгонго чейин фронтто жүргөн. Финдер “Кышкы согуш” деп атаган совет-фин согушу 1939-жылы 30-ноябрда башталып, 1940-жылы 12-мартта аяктаган. Советтик армия 126 миң жоокеринен айрылып, 264 миңи жарадар болгон. Финдер 26 миң жоокерин жоготуп, 43 миңи колго түшкөн. Совет-фин согушунда чечүүчү салгылаштар Түндүк-Батыш фронтунда (Карел аймагы) жүргөн. Бул фронтто 600 миң жоокери, 350 самолету, 600 пушкасы бар финдер Кызыл армиянын 1,3 миллион аскери, 1,5 миң танкы, 3,5 миң артилерриялык куралы, 3 миң самолетуна каршы 3 жарым ай салгылашкан. Совет-фин согушунда Кыргызстандан аскерге чакырылган жоокерлер да катышкан. Биз жана бизден улуу муун айылдагы аксакалдардын оозунан “Мен жети жыл согуштум, тээ финдер менен кармаштан баштаганбыз”; “Адегенде финдер менен согуштук, анан чоң согуш чыкканда башка фронтко жөнөдүк” деген сыяктуу кептери көп уктук. Улуу Ата мекендик согуштун тарыхы бир бүтүн окуя деп эсептелинип, 193 млн калкы бар, эбегейсиз зор, аскер кубаты жүз эсе арбын СССР калкы 3 жарым миллионго чукул кичинекей өлкөнү бир топко жеңе албай, жеңиштин баасы өтө кымбат болгондуктанбы, айтор, совет-фин согушу өзүнчө кеп кылынбайт. Совет-фин кармашына канча кыргызстандык катышканы, алардын таржымалы, тагдыры, курмандыктар тууралуу маалымат аз. Изилдениши да үстүрт, так маалыматтар жетишсиз, демек бул теманы тереңдеп изилдөө милдети туру. Асанов Ишеке совет-фин согушунан соң совет-түрк чек арасында кызмат өтөйт, Керчти коргоо үчүн салгылашка катышат. 1943-жылы күзүндө катуу жарадар болуп, майдан талаасынан айылына кайтат. Жараткан деле атадан жалгыз элең деп аяганбы, мөндүрдөй жааган октон да, эки-үч курдай тике келген ажалдан аман калат. Бир жолкусунда жүрүш кылып бараткан калың аскер тыныгууга токтойт. Бир нече жоокер командирлер жаткыла деген жерге батпай, окчунураак барып, бир дарактын түбүнө жай алышат. Бир маалда кыйкырык-өкүрүк чыгып, ызы-чуу түшүп калышат. Көрсө уктап жаткан аскерлерди артта келаткан танкалар көрбөй калып, тебелеп кеткен экен. Дагы бир ирет Керчтен советтик аскерлер чегингенде, эл түшкөн кемеге түшпөй калып, эки-үчөө бир кайыкка жармашып, аркы жээкке аман жетишет. А Ишеке сындуу бир топ аскер түшпөй калган тигил кемелерди немис самолеттору аткылап, бомба таштап, деңизге чөктүрүп жиберген экен.

Орко да аскерге 1939-жылы чакырылып, Харьков аскер округунда атчандар полкунда кызмат кылып, мына эми демобилизация болоордо согуш башталат. Андан соң Орко штабдын өзгөчө тапшырмалар боюнча курьери катары аскер кабарларын ташыйт. Ал кезде ПО-2 жеңил самолету фронтто негизги курьердик транспорт болгон. Бир жолу тапшырма менен баратканда самолеттун жыгач фанерадан жасалган кабинасы тийген октон өрттөнө баштаганда, учкуч жерге кондуруп, экөө колго түшпөй, өз бөлүгүнө эптеп жетет. Орко кызмат кылган аскер бөлүгү 1942-жылы Калининград фронтуна которулат. Офицерлер жетишпегендиктен орусча жакшы билген сабаттуу жоокер минометтук взводго командалык кылат. 1943-жылдын жазында Псков областынын Невел кыштагынын жанында салгылашта жарадар болуп, Перм областынын Соликамск шаарчасындагы госпиталда дарыланат. Айыккан соң штабга иштеп, Ярославлдагы интенданттык окуу жайга жиберилет. Бир жылдык курсту бүтүргөн офицер-интендаты Биринчи Ыраакы Чыгыш Армиясына которулат. Ыраакы Чыгыш Армиясында СМЕРШтин (аскер контрчалгын кызматы) канцеляриясында кызмат кылат. СМЕРШке кабыл алынаарда штабдын жетекчилиги Жумгал аскер комиссариатына Сарымсаков Орконун ата-теги тууралуу суроо-талап жиберет. Кудай жалгап, айылдык кеңештин төрагасы менен жергиликтүү аскер комиссары Сарымсак кедей адам болгон деген маалымкат жиберет. Бирөөгө бекер зыяным тийгенче жаным тобокел деген нравалык принципти сактаган адамдар Оркого шарапаты тийген экен. Болбосо тап душманынын уулу контрчалгын кызматына алынмагы тургай, шектүү катары куугунтук жемек. Согуш аяктаган соң Ыраакы Чыгыштагы аскер бөлүгүндө финансы-чарбалык кызматтарды аркалайт, ошол эле учурда СМЕРШтин кызматкери катары колго түшкөн жапон туткундары менен иштейт.

Тагдыр, чиркин. Жумгалдык кыргыз жоокеринин Израилге барчу жолу дал ушул жылдары башталса керек. 1950-жылы Еврей Автоном облусунун Мухинки аскер санаторийинин административдик-чарба бөлүмүнө башчы болуп дайындалган Орко ушул санаторийде буфет иштеткен Сура Абрамовнаны жолуктурат. Ошол эле жылы Биробиджан шаарында кыргыз жигити Орко менен еврей кызы Сура баш кошот. Сура Абрамовна 1922-жылы Кишиневде туулган. 1939-жылы Молдавия СССРдин курамына каратылат. Согуш башталганда Европадагы Холокосттон кабары бар Молдавиядагы еврейлер жапырт Чыгышты көздөй качат. Сура эмчектеги баласы, эки иниси менен товар жүктөгөн поездге жармашып, Махачкалага келип баш калкалайт. Ушул жерден Суранын инилери Якир менен Янкел дайынсыз жоголот. Согуш аяктаган соң еврей келинди Еврей Автоном облусуна жиберишет.

Орко алаамат түшкөн заманда туш-тушка качкан кайын журтун издей баштайт. Кызматкер болгондуктан билген маалымат булактарына кайрылып, сураштырып отуруп, 1951-жылы Совинформбюро аркылуу жубайынын атасын, энесин, эки сиңдисин жана бир тууган инисин Самаркандан таап, катыша баштайт.

1953-жылы Орко менен Сура Кыргызстанга кайтат. Жаш үй-бүлө адегенде Нарын шаарында жайгашып, эки жылдан соң Кочкорго келишет. Орко райондук финансы бөлүмүндө, Сура бала бакчада иштейт. Сура Абрамовна 1996-жылы жүрөк оорусунан каза болот да сөөгү Кочкор кыштагынын күн батыш жагындагы көрүстөнгө коюлат.

Орконун уулу Алишер эр жетип, үй-бүлө күтүп, очор-бачар болот. Алишер Сарымсаков кесиби математик, мектепте, андан соң райондук элге билим берүү бөлүмүндө инспектор кызматтарында, жубайы Жийше Ишекеева бала бакчада тарбиячы болуп иштеди.

2001-жылы Алишер атасы Оркону, жубайын, эки уулун, эки кызын ээрчитип энесинин эңсеген ыйык жери Эрец Израилге жол тартат.

Ага чейин камданып жүрүшсө керек. Орко аксакалдын небереси Салтанат биздин үйгө көп келчи. Окуучу кыз биздин үйдөгү көп китептин ичинен “Факты об Израиле” деген китепти таап, сурап кеткен эле.

Бээр-Шеванын табияты, аба-ырайы, флора менен фаунасы такыр башка. Бирок да топулуу торгой, булбул, кара чыйырчык, таранчы, үпүп, чабалакей байырлайт. Ушуларды көргөндө, тааныш куштардын сайраган үнүн укканда туулган жери эсине келип, айылы-журту көз алдына нечен тартылгандыр. Бийиктиги деңиз деңгээлинен 280 метр гана паста жайгашкан, аптаптуу чөлдө, топурак-тоз учкан жерде эңсебей коебу Ала-Тоонун салкын абасын. Сагынбай коймокпу киндик каны тамган ыйык жерин, кишиликке жанган куттуу журтун. Кылым ашык жашаган кайран киши нечен түркүн элестерди өзү менен өзү гана бөлүшкөндүр.

Бирок Орко аксакал эр киши экен. 82 жашында ата-жотосу дурус билбеген Израилге аттанып отурушу тобокелчилик эмей эмине. Аткарайын дедиби балким өмүрлөшүнүн керээзин? Жубайынын өмүр сапары Европада башталып, Ыраакы Чыгышта уланып, Кыргызстанда карыды. Жумгалда башталып, тиягы Европаны, биягы Ыраакы Чыгышта аралаган узак сапарын эми Израилде карыткысы келдиби. Өмүрлөшүм еврей кызынын сөөгү кыргыз жеринде жатат, менин сөөгүм сенин жериңе коюлсун дедиби? Уул-келинин, неберелерин энесинин эзелки ыйык журтуна алып барайын дедиби? Неберелеринин келечегин ойлодубу? Айтор түркүн санаа чеккендир, ар кандай ойго жетеленгендир. Адам өмүрү журт тагдырынын чакан проекциясы.

Алмаз Кулматов, тарыхчы, коомдук ишмер  

 

Бөлүшүү

Комментарийлер