ООР СЫНОО: АЗАБЫ ЖАНА САБАГЫ

  • 01.04.2021
  • 0

Бир жылдан берки билим берүү тутумунда түзүлгөн жагдай жөнүндө үч адистин биргелешип айткан оюн ортого салабыз.

Асылбек Жооданбеков, билим берүү боюнча эксперт

Дүйшөн Шаматов, Казакстандагы Нурсултан Назарбаев  университетинин профессору

Кеңешбек Сайназаров, “Search for Common Grounds” уюмунун Бишкектеги жетекчиси, эксперт

Бул илдеттин айынан биздеги бардык окуу жайлар былтыр 16-марттан жабылып, онлайн режимде иштөөгө өтө баштады. Кыйын сыноонун азабын эле тартпастан, пайдалуу сабактарын да  алдык.

ООР СЫНОО: АЗАБЫ ЖАНА САБАГЫ

Айкындалган өксүктөр

Адегенде пандемиянын билим берүү системасына тийгизген терс таасирлеринин айрымдарын санап өтөлү:

  1. Элибизге төбөсү көрүнгөн азаматтарыбыздан ажырадык.  Агартуу тармагында эмгектенген 200гө жакын агай-эжейлер каза болду. Бул, албетте, орду толгус жоготуу. Ооруп сакайгандар жана алардын жакындары да кыйла катуу жабыкты.
  2. Бул билим берүүдө ансыз да эбегейсиз көйгөй болуп келген теңдик жана калыстык маселелерин курчутуп, жагдайды оорлотуп жиберди. Шартка жараша онлайн окутуу менен бирге теле сабактарды тез арада даярдоо иши колго алынганы менен, билим сапаты начарлады.

Өзгөчө коомдогу аялуу катмардын балдары билим алуу мүмкүнчүлүгүнө толук жетишпей, кээ бирлери такыр эле окубай калды. Айрым ата-энелер балдарына компьютер менен планшет эмес, смартфон да алып бере албайт эле. Туруктуу ылдамдыктагы интернет шаардан алыс жерлерде жеткиликтүү болгон жок. Азыркыга чейин бул маселе толук чечиле элек.

  1. Борборлоштурулган башкаруу шартында аймактар Билим берүү жана илим министрлигинин буйруктарын күтүшөт. Жергиликтүү реалдуулуктар жетиштүү даражада эске алынбайт. Мисалы, тоо койнундагы же чек арадагы айылдарга интернет да жете бербейт, телевизор да тартпайт. Мектептеги балдардын саны аз. Пандемия жергиликтүү, климаттык, географиялык, техникалык мүмкүнчүлүктөрдү эске алуу керектигин эскерткендей болду.

Сыноо бизди чыйралтты

Бирок пандемия шартында билим берүү кызматкерлери кол куушуруп отуруп калбастан, бир топ алгылыктуу иштерди жүргүзүштү, пайдалуу сабактарды өздөштүрүштү:

  1. Пандемия Кыргыз Республикасынын билим берүү тутумунда санариптештирүүнү тездетип, бул сектордогу айрым жагдайларга көңүлүбүздү бургузду. 2019-жылы жана 2020-жылы расмий түрдө өлкөнү санариптештирүү зарылдыгы негизги милдеттердин бири катары жар салынса да, айрыкча билим берүү тармагында иштиктүү кадамдар жасалбай келген эле. Мындай шартта Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз билим берүү академиясы ж.б. мекемелер билим берүү системасынын туруктуулугун, балдардын билим алуусун камсыздоо боюнча теле сабактарды уюштуруу, интернет платформаларды колдонуу боюнча аракеттерди көрө баштады.

Пандемия билим берүү жараянын бүт бойдон аралыктан ишке ашырууга түрткү берди. Кыргызстанда алдыңкы өлкөлөрдүн жетишкендиктери катары сыпатталып жүргөн санариптештирүү жаатында секирик жасалды. Сабактар ар кандай маалымат технологияларынын жардамы менен жүргүзүлө баштады. Кайтарым байланышты камсыздоо үчүн мугалим менен окуучу вотсап жана башка каражаттарды кеӊири колдоно баштады.

Сабактардын жадыбалы ийкемдүү түзүлүп, окутуу теле көрсөтүү жана радио аркылуу жүргүзүлүп калды. Окуучулардын, мугалимдердин, ата-энелердин жеке маалыматтары бирдиктүү электрондук алкакка чогултулуп, балдардын билим алуу траекториясы ачык-даана көрүнүп, кемчиликтерин аныктап, өзгөчө көңүл бөлө бурган жагдайларын аныктаганга шарт түзүлдү. Бул көйгөй узак жылдар бою чечилбей келген болчу.

Окубай жүрүп эле бүтүп кеткен студенттердин маселеси ачыкка чыкты. Анткени автоматташтырылган системадагы маалыматты оңдоп-түзөө оңой болбой калды.

  1. Экинчи чоң жаӊылык – окуу куралдарынын түркүмдөлүшү жана ар башка булактардан окуу мүмкүнчүлүгү. Пандемиянын шартында мугалимдер сабактарын кызыктуу жана сапаттуу өткөрүш үчүн мурдагыдай китеп менен эле чектелип калбай, ар кандай булактарга таянуу менен сабак өткөрүү мүмкүнчүлүгүн көрүштү.

Дүйнөдөгү Стэнфорд, Кэймбриж менен Оксфорд сыяктуу алдыңкы окуу жайлар өздөрү колдонгон лекциялары менен маалымат булактарын ачык колдонууга чыгарды. Окуучу, студент Чоң-Алайда же Тогуз-Тородо жашаса да, Санкт-Петербургдун же Торонтонун профессору менен студенттери колдонгон окуу булактарынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

  1. Албетте, окуучулар күн тартибин өз алдынча түзүп, иштөө мүмкүнчүлүгү менен кошо жоопкерчиликти да мойнуна алуу керектигин түшүнө баштады.

Совет доорунан мурасталып калган билим берүү системасынын эӊ орчундуу көйгөйү – окуу жүктөмүнүн өтө чоӊдугу. Пандемия шартында окуучулар эӊ керектүүлөрүн иргеп, кызыгуулары боюнча илгерилөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

  1. Мугалим сабак өтүү усулдарынын эффективдүүлүгүн арттыруу үчүн дүйнөнүн ар тарабынан чогулуп, талкуу жүргүзүп, бир бүтүмгө келген ар кандай мугалимдер үчүн түзүлгөн вотсапп, телеграмм жана башка порталдар аркылуу байланышты күчөтүп, алдыңкы методикаларды өз сабагына пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Бул мугалимдер үчүн кесиптик чеберчиликти жогорулатуу, санариптик сабатты арттыруу жагынан ыӊгайлуу шарт түзүлүп калды.

Тыянак ордуна

Ооба, мугалимдер интернет тарифтерин күчтөндүрүү, телефон, ноутбук сатып алуу жагынан кыйналды. Бирок, ошондой болсо да, кесиптик өсүшү токтоп калган агай менен эжекелер да жаӊылыктарды өздөштүрүү жараянына аралашып, ар кимиси өзү билген алдыңкы технологияларды башкалар менен бөлүшкөнгө дилгирленди. Социалдык тармактардагы гана мугалимдердин бири-бирине өтүп берген вебинарлардын саны жалпы Кыргызстан боюнча 28000ден ашыптыр. Бул өтө чоң көрсөткүч.

Пандемия – бүгүн дүйнөнү каптаган реалдуулук. Кыргызстандын билим берүү сектору да башка өлкөлөрдөгүдөй эле билим берүү процессин токтотпостон улантып кете бериши керек.

Айрым аналитиктер билим берүү сектору эми такыр мурункудай болбойт дешет. Демек, каалайбызбы, каалабайбызбы, учурда онлайн окуунун сапаттын көтөрүп, мугалимдердин, окуучулардын жана ата-энелердин бул жааттагы көндүмдөрүн өнүктүрүү үчүн ырааттуу иштерди жүргүзүү зарыл. Бул жагынан илгерилөө боюнча кичинекей Кыргызстаныбызда бардык шарттар бар.

Биздин балдар, жаштар билимдин баркын билет. Билим берүү айдыңындагы багбандардын эӊ башкы артыкчылыгы — өлкөнүн билим берүү тутумун 21-кылымдын шарттарына ылайыкташтырууга болгон бел байлагандыгы. Мунун өзү кубантаарлык көрүнүш.

Буюрса баары болот, баары алдыда! Элибизде бейкуттук, жерибизде тынчтык орносун!

 

Бөлүшүү

Комментарийлер