ОН ЭКИ ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮГӨ САПАР
- 01.09.2025
- 0
Жаңы окуу жылынын алдында Ак-Өргө конушундагы №77 мектепке барып, мектептин 12 жылдыкка өтүүгө көрүп жаткан даярдыктары менен тааныштык. Мектеп жетекчиси Жылдыз ЭШМАНБЕТОВА мугалимдер STEM багытында, директор менен анын орун басарлары 12 жылдыкка өтүүдөгү өзгөчөлүктөр тууралуу Бишкек шаардык Билим берүу департаменти уюштурган окуудан өтүшкөнүн айтып берди.

— Жылдыз Джааншабековна, он эки жылдык билим берүүнүн өзгөчөлүгү эмнеде?
— Коомдогу болуп жаткан ар бир кыймыл билим берүүгө да таасирин тийгизет эмеспи. Учурда ушул убакка чейин мектепке чейинки, негизги орто жана жалпы орто билимдерге ээ болуп келдик, эми мына акырындык менен он эки жылдык билим берүүдө, мектепке чейинки билим алууда окурмандык, жазуу, эсептөө жана дүйнө таануу көндүмдөрүнө ээ болушат, ал эми мектептик жана жогорку мектептик же болбосо кесиптик баскычтарында жалпы билимди кеңейтүү, ар тараптуу өнүгүү, кесиптик багытка даярдык жана тереңдетилген предметтик билимдерди алышат.

Он эки жылдык билим берүүнүн өзгөчөлүгү — балдар билимди акырындык менен, жаш өзгөчөлүгүнө жана дүйнөлүк тажрыйбага ылайык алуу мүмкүнчүлүгүндө. Бул система көп өлкөлөрдө колдонулат жана негизги артыкчылыктарын алсак, биринчиден, жаш куракка ылайык бөлүштүрүү – окуу процессинде предметтер акырындык менен татаалдашат, балага ашыкча күч келбей, жөндөмүнө жараша өнүгөт. Экинчиден, негизги баскычтардын так бөлүнүшү Алсак, башталгыч мектеп (1–6-класстар) – окурмандык, жазуу, эсептөө жана дүйнө таануу негиздерин алуу каралган. Ал эми негизги мектеп (7–9-класстар) – жалпы билимди кеңейтүү, ар тараптуу өнүгүүгө басым жасалат. Ошондой эле жогорку мектеп (10–12-класстар) – кесиптик багытка даярдык, тереңдетилген предметтик билим берүү берилет. Үчүнчүдөн, кесипке багыт берүү – акыркы класстарда окуучулар өзүнүн кызыгуусуна жараша профилдик сабактарды тандай алышат (мисалы, математика, тилдер, биология, же кесиптик багыттагы предметтер). Төртүнчүдөн, убакытты көбүрөөк берүү – 11 жылдык системага салыштырмалуу окуучу билимди тереңирээк өздөштүрүүгө жетишет жана атаандаштыкка жөндөмдүү болуп чыгат. Бешинчиден, дүйнөлүк стандартка шайкештик – көпчүлүк мамлекеттерде орто мектеп 12 жыл. Ошондуктан бул система бүтүрүүчүлөргө чет өлкөдө окууга, эл аралык программаларга катышууга жеңилдик берет. Алтынчыдан, шайкеш көндүмдөрдү өнүктүрүү – сынчыл ой жүгүртүү, командада иштөө, чыгармачылык жана практикалык көндүмдөргө басым жасалат.
— 11 жылдык жана 12 жылдык билим берүүнүн айырмасы эмнеде? Даярдык кандай?
— 11 жылдык система – тезирээк бүтүрүүчү, бирок билим көлөмү чектелүү. Ал эми 12 жылдык система – убакытты көбүрөөк алганы менен, билим сапатын жогорулатат жана дүйнөлүк стандартка шайкеш келет. Ал эми өз алдынча жана жоопкерчиликтүү, чыгармачылык менен өзүн көрсөтүүгө жөндөмдүү, коомдо эркин баарлашып, өлкөнүн келечегине кайдыгер карабаган окуучуларды окутууда мугалимдердин, башкача айтканда, кадр маселесин он эки жылдык билим берүүгө өтүүдөгү даярдыгын эске алууда №77 жалпы билим берүү мектебинде мугалимдер жамаатын кезек-кезеги менен Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти тарабынан графиктин негизинде окутулуп жатты. Жалпы билим берүүнүн мамлекеттик стандартынын негизинде 11 жылдык билим берүү класстары жана 12 жылдык билим берүү класстары үчүн Базистик окуу пландары бекилип, жаңы окуу жылына карата жүктөмдөрүнүн негизинде сааттар туура бөлүштүрүлүп, он эки жылдык билим берүүгө акырындык менен өтүүдөбүз. Окутуунун форматтарын жаңылоо менен катар №77 жалпы билим берүү мектебинде билим берүүдөгү өзгөрүүлөргө ыңгайлаштыруу жүрүп жатат.


Мекенчилдик, чынчылдык жана адилеттүүлүк, эмгекчилдик жана ак ниеттүүлүк, жаратылышка аяр мамиле жасоо сыяктуу баалуулуктарды эске алуу менен мектеп ичинде бир нече ийримдер ачылды. Жаш жеткинчектер бирикмесинен кол эмгек ийрими, ийрим жетекчиси – Иманалиев Ишенбек Аскарбекович , тигүү-бычуу, дизайнер ийрими, ийрим жетекчиси – Жээнбаева Айгүл Карыбековна, комуз ийрими, ийрим жетекчиси – Жыргалбекова Рахат Жыргалбековна, предметтик жана спорттук, жашылдандыруу боюнча ийримдер да ачылып, окуучулардын шыгына шык кошуп, чыгармачылыгына жөндөм кошуп, билимине билим кошуп келебиз.

Мектептин жетекчиси катары алдыга койгон максаттарым — окуучулардын он эки жылдык билим берүү реформасындагы өзгөрүүлөргө толук ыңгайлануусуна жана мугалимдерге методикалык колдоого, ресурстар менен камсыз кылууга, психологиялык жана моралдык колдоого, кесиптик өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн түзүүгө таяныч болуу. Учурда жаңы окуу жылынын башында 12 жылдык билим берүүдө мугалимдерди акырындык менен жаңы системага көндүрүү жана колдоо боюнча мектеп ичинде план түзүлүп, пландын үстүндө иштөөдөбүз. Ал эми 12 жылдык системага киргенде мугалимдер менен мектеп жетекчилери гана эмес, ата-энелер да баланын билим алуусундагы негизги өнөктөшү болуп саналат, мектепке окуучуларды кабыл алууда жана 12 жылдыкка өткөрүүдө ата-энелерге туура, жеткиликтүү маалымат берип, максаттарын туура түшүндүрүп келебиз.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер