Окуучулардын сүйүктүү “Гүлнара апасы”

  • 20.09.2024
  • 0

Максатова Гүлнара — Мукаш Абдраев атындагы Республикалык музыкалык мектеп-интернатынын тарбиялануучуларынын эң сүйкүмдүү апасы. Ал чейрек кылымдан бери интернаттын балдарына тамак жасап берип, курсагын ачырбайт. Интернаттын балдары аны “Гүлнара апа” дешет.  

Окуучулардын сүйүктүү “Гүлнара апасы”

Гүлнара Максатова, ашпозчу

 

Гүлнара бул мектепте башкы ашпозчу. Кесиптик окуу жайын бүткөндөн бери ушул жерден жылбай иштеп келет. Алгач ашкана кызматчысы болсо, кийин идиш-аяк жууп жүрдү. Анан акырындык менен ашпозчунун жардамчысы, ашпозчу болуп, акыркы беш жылдан бери башкы ашпозчулук милдетти аткарууда. Балдарды абдан жакшы көрөт, аларга көнүп алгандыктан эмгек акысынын аздыгына карабай 25 жылдан бери интернаттан кете албай жүрөт.

– Жаңы иштеп баштаганда бир айлык эмгек акым 140 эле сом болчу, анан акырындап 500, 600 сомдон кошулуп отуруп азыр 13 000 сом алам. Азыркы заманда бул эмнеге жетет? Башка ашпозчулар мындай акчаны эки тойго кызмат кылса эле таап алат. Мен болсо жаш кезимден ушул жакка келип, жашоомдун баары балдар менен өтүп, аларга аябай көнүп алгандыктан, такыр таштап кетким келбейт. Балдар дагы “Гүлнара апа” деп аркамдан калбайт. Эбак бүтүп кеткен окуучулар көчөдөн көрүп калса алыстан чуркап келип учурашат, – дейт ашпозчу.

 

СССРДЕН КАЛГАН ЭСКИ ЖАБДЫКТАРДАН КУТУЛТКАН ПРОГРАММА   

Гүлнара иштеген мектеп-интернатта 1-11-класска чейин республиканын ар кайсы аймагынан келген 500дөн ашык бала окуйт. Анын эки жүздөн ашыгы жатак мектепте жашап, төрт маал тамак ичсе, үйүнө барып келип окугандары бир маал ысык тамак менен камсыз болот. Баарына бир ашканадан тамак жасалат. Ашкана жайгашкан имарат 60 жыл мурун салынган. Бир да жолу капиталдык оңдоп-түзөөдөн  өткөн эмес. Айрым ашкана жабдыктары болсо ашпозчу Гүлнарадан да улуу. Быйыл Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын жардамында эскирген жабдыктардан кутулуп, жаңысын алып, ашпозчулар гана эмес, бүтүндөй мектеп кубанып турган учур. Ашкана жайгашкан имарат да өтө эле аянычтуу абалга келип калган. Учурда Президенттин иш башкармалыгы тарабынан биринчи жолу капиталдык ремонттон өтүүдө.

Окуучулардын сүйүктүү “Гүлнара апасы”

Ашкана жайгашкан имарат 60 жыл мурун салынган. Бир да жолу капиталдык оңдоп-түзөөдөн  өткөн эмес. Айрым ашкана жабдыктары болсо ашпозчу Гүлнарадан да улуу.

Окуучулардын сүйүктүү “Гүлнара апасы”Быйыл Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын жардамында эскирген жабдыктардан кутулуп, жаңысын алып, ашпозчулар гана эмес, бүтүндөй мектеп кубанып турган учур.

– Бул республика боюнча жалгыз музыкалык билим берүүчү жатак мектеп болгондуктан ашкана маселеси, андагы жабдуу, туура тамактануу абдан маанилүү. Окуучулардын жүктөмү оор. Анткени алар кадимкидей эле жалпы жана музыкалык билим алгандыктан, эртеден кечке мектепте болуп, тыным алышпайт. Ошондуктан тамак-ашына абдан жакшы көңүл бурулушу керек. Биз БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын 12-агымына кирип калганыбызга абдан кубанып жатабыз, – дейт мектептин директору Разия Сырдыбаева.

Жаңы техникалардын, жабдыктардын келиши ириде ашпозчулардын ишин  жеңилдетип, бир топ түйшүктөн арылтты. Анткени мурда биринчиге суюк тамакты мискейлерге мештин үстүнө жасашчу. Азыр болсо бир жасаганда балдардын баарына жеткидей болгон өзүнчө казан, экинчи тамакты жасай турган чоң сковородка, камыр жуура турган аппарат сыяктуу бир катар жабдыктарды алышты. Эми нанды да өздөрү жасашат.

Мектептин ашкана кызматчылары болсо бул программанын курсунан өтүп,  кесиптик чеберчилигин да жогорулатты.

 

МЕКТЕП ТАМАГЫ КАНДАЙ БОЛУШУ КЕРЕК?

Негизи балдарга тамак даярдоодо тийиштүү органдар тарабынан атайын иштелип чыккан нормативдер сакталат. Дүйнөлүк азык-түлүк программасы да мектеп рационунун өлчөмүн эсептеген калькулятор иштеп чыккан. Талапка ылайык, эртең мененки тамактанууда сөзсүз түрдө сүт, май менен байланышкан азыктар: ботконун түрлөрү, быштак, сыр, кефир ж.б. болушу керек. Түшкү тамактанууда болсо уйдун эти кошулган: биринчисине — суюк, экинчиге — эттен даярдалган тамактын түрү менен гарнир берилүүгө тийиш.

Окуучулардын сүйүктүү “Гүлнара апасы”

Келечектеги музыканттар.

 

– Гарнирге күндө камыр азыктарын колдонбой, гречка, күрүч, буурчактын түрү менен алмаштырып турабыз. Жумасына бир же эки ирет меште бышырылган балык азыктарын беребиз. Бирок интернатта ар кайсы аймактардан, ар кандай социалдык абалдагы үй-бүлөлөрдөн келген балдар жашагандыктан айрымдар туура тамактанганды билбейт. Көрсө, биз балдарды жаштайынан китеп окууга үйрөтөт экенбиз, бирок туура тамактанууга үйрөтпөйт экенбиз. Өзгөчө төмөнкү класстардын балдары кээ бир тамактарды үйүндө жегенди үйрөнгөн эмес. Алар чечевица, буурчак дегенди билбейт, жебей коюшат. Негизи адам ушундай азыктардан көп витаминдерди алат. Тилекке каршы, биздин балдар камыр, эт, нанды гана билет, анан кумшекер менен чай ичет, – дейт  директор.

Окуучулардын сүйүктүү “Гүлнара апасы”

Түшкү тамак.

 

Жетекчи айткандай, балдардын табитине туура келген тамак жасоо чоң түйшүктү талап кылат. Анан калса башка мектептерде шашке тамак эле берилсе бул интернаттын балдары төрт маал тамак ичет. Аларга убагында тамак даярдоо үчүн кызматчылар эки нөөмөттө иштейт. Тамактар болсо медайымдын түзүп берген тизмеси менен гана жасалат. Ал талапка ылайык түзүлөт. Даяр болгон тамактарды медайым өзү жеп көргөндөн кийин гана балдарга берүүгө уруксат берет.

 

БААРДЫГЫ БАЛДАР ҮЧҮН

Кыргызстан БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын, Мерсико эл аралык уюмунун, Россиянын өнөр жай тамактануу институтунун жардамы менен мектеп окуучуларынын тамактануусун жакшыртып келет. Учурда мектептердин 98% ысык тамак берилет. Жыл сайын мектептер тамак-аш жана ашкана жабдуулары менен камсыздалып, ашканаларынын инфраструктурасы жакшыртылып, мектеп ашпозчулары мектепте тамак-ашты коопсуз даярдоого үйрөтүлүүдө.

Окуучулардын сүйүктүү “Гүлнара апасы”

Окуучулардын сүйүктүү “Гүлнара апасы”

Россия өкмөтү БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы аркылуу 2023-2026-жылдарга карата Кыргызстандагы мектептердин тамактануу системасын өнүктүрүү долбоорунун үчүнчү фазасын ишке ашырууга 15 миллион доллар бөлүүнү чечти.

Окуучулардын сүйүктүү “Гүлнара апасы”

Окуучулардын сүйүктүү “Гүлнара апасы”

2013-2023-жылдары 22 миллион доллар бөлүнгөн. Жалпы 920 мектептин ашканасы оңдолуп, заманбап ашкана жабдуулары менен жабдылып, 4 миң тонна байытылган ун жеткирилди. Мектептердин ашпозчулары жана ашкана кызматкерлери үчүн кошумча 3 миң жумушчу орун түзүлсө, 59 ашпозчусу окуудан өткөрүлдү. Мерсико аркылуу дагы  681 мектептин ашпозчусу даярдалды.

Окуучулардын сүйүктүү “Гүлнара апасы”

Окуучулардын сүйүктүү “Гүлнара апасы”

Чолпон Кийизбаева, Айгерим Токтобаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер