ОКУУЧУЛАРДЫН БИЛИМИН ТЕКШЕРҮҮДӨ МОНИТОРИНГДИН ОРДУ КАНДАЙ?

  • 06.07.2023
  • 0

 Жергебиздин булуңбурчунда жайгашкан билим берүү мекемелеринде миңдеген агартуу тармагынын кызматкерлери келечек муунду тарбиялап, өзүндөгү бар билимин алар менен бөлүшүп келет. А бирок берилип жаткан маалыматтарды окуучулар канчалык деңгээлде сиңирип жатышат? Сабактардын натыйжалуу болуп жаткандыгын билүү максатында кандай иш-аракеттерди жасасак болот? Негизи эле окуучулардын билими кандай текшерилиши керек?

ОКУУЧУЛАРДЫН БИЛИМИН ТЕКШЕРҮҮДӨ  МОНИТОРИНГДИН ОРДУ КАНДАЙ?

Адатта, мугалимдер окуучулардын билимин текшерүүдө класстык журналдагы тизмеге карап, окуучуларга түрдүү суроолорду берип, же болбосо тест, жат жазуу жумуштарын колдонушат. Ал эми Ош шаарындагы №52 «Кыргыз-Түрк достугу» мектеп-лицейинде 5-класстан 11-класска чейинки окуучулардын билимин текшерүүдө айына бир ирет мониторинг алынат.

Билим берүү жараянында окуучуга сиңирилип жаткан билимдин сапатын текшерүү көп убакытка созулуп кетпөөсү керек. Мүмкүн болсо, ар төрт-беш темадан соң алардын билими улам текшерилип турууга тийиш. Бул кудум эле тамакты аз-аздан жеп, аны мыкты сиңирүү сыяктуу иш. Мисалы: мугалим ар бир айда окуучулардан мониторинг алса болот. Мониторинг – бир эле убакыттын ичинде бардык окуучулардын билимин сапаттуу текшерип алуу жараяны. Мында мугалим алдын ала он суроодон турган суроо баракчасын даярдайт. Окуучулардын бири-бири менен пикир алышпоосунун алдын алуу максатында ар бир окуучу үчүн жекече суроо барагы болгону дурус.

Мейли кыргыз тили жана адабияты, мейли химия, мейли биология же география сабагы болсун, негизи эле мониторингдин суроолорунун түзүлүү тартиби бирдей. Ар бир суроо 0 дон 5ке чейинки балл менен бааланат. Төмөндө дал ошол он суроо кандай болору тууралуу кеңири маалымат беребиз:

  1. Аныктама. Мында өтүлгөн сабактар боюнча бир термин тандалып алынат да, окуучу дал ошол терминге аныктама берет (тагыраак айтканда жазат).
  2. Терминдер. Бул бөлүмдө өтүлгөн темалар боюнча кээ бир термин (а балким, бир нече терминдер) тандалып алынат да, окуучу ошол терминдер боюнча өз түшүнүгүн жазуу түрүндө билдирет.
  3. Сабаттуулук. Кайсы бир предмет боюнча өтүлгөн темалардын ичинен кайсы бири эң маанилүү, кайсы бири алардын турмушунда көп колдонулушу мүмкүн. Бул бөлүмдө окуучулардын кайсы бир предмет боюнча сабаттуулугу текшерилет.
  4. Ашыкчасын сызуу. Мындагы тапшырмаларды түзүү мугалимдин чеберчилигине жараша болот. Мугалим атайын сөздөрдү же сүйлөмдөрдү жазат да, окуучу алардын ашыкчасын сызып, эмне үчүн ал ашыкча экендигин түшүндүрүп берүүгө тийиш.

5-6. Кайсы гана сабак болбосун мониторинг жумушунда сөзсүз түрдө аналогиялык тапшырмаларды колдонуусу керек. Себеби аналогиялык тапшырмалар менен алектенүү бир гана кыргыз тили жана адабияты мугалиминин жумушу эмес. Мисалы, теңдеме: тамыр деп аталган үлгү жупту чечмелөө, талдоо, түшүндүрүү үчүн кыргыз тили жана адабияты мугалиминин билими аздык кылат. Бул аналогиялык тапшырманы талдоо үчүн ал математика илимин терең билүүсү керек. Дегеним, ар бир предметте өзүнө тиешелүү аналогиялык тапшырмалар берилиши абзел.

  1. Алган билимдин турмушта колдонулушу. Бөлүм өзү айтып тургандай, мындагы суроолор окуучунун алган билимин турмушта колдоно билүүсүн, күнүмдүк жашоодо натыйжалуу колдонушун шарттайт.

8-9. Фактологиялык суроолор. Бул бөлүмдөгү суроолор башка бөлүмдөрдөн айырмаланып, мында фактологиялык тесттик суроолор берилет.

  1. Концептуалдык суроолор. Мында окуучуларга түрдүү схема, же болбосо атайын даярдалган таблицалар берилиш мүмкүн. Окуучу берилген нускамаларга ылайык, аларды туура толтурушу керек.

Мониторингдин жоопторун баалоо тартиби кандай болот?

Окуучулардын мониторинг жазма ишин текшерип жаткан мугалим берилген жооптордун деңгээлине, окуучулардын чыгармачылыгына жараша кошумча упай берип, же алып салууга укуктуу. А бирок бир суроого берилген максималдуу балл бештен ашып кетпөөсү керек. Жыйынтыгында окуучулар топтогон упайларына жараша төмөндөгүдөй бааларга ээ болушат:

  • 45 – 50 балл – 5 (эң жакшы)
  • 40 – 45 балл (жакшы)
  • 35-40 балл (канааттандырарлык)
  • 5 – 35 балл (төмөн)

Төмөндө кыргыз тили сабагы боюнча 8-класстарга ылайыкталып түзүлгөн №5 мониторинг ишинин тапшырмаларын, ошол эле учурда кийинки сабакта мугалим мониторингдин суроолору боюнча кандайча сабак өтөрү, эмнелерге токтолору тууралуу да маалымат берилет.

КЫРГЫЗ ТИЛИ САБАГЫНАН 8-КЛАССТАРГА ЫЛАЙЫКТАЛЫП ТҮЗҮЛГӨН №5 МОНИТОРИНГДИН ТАПШЫРМАЛАРЫ

Белгиленген убакыт: 40 мүнөт.

Эскертүү: окуучулардан мониторинг алардан алдын ала күтүлүүчү суроолор жөнүндө маалымат бере кетүүнү унутпаңыздар. Ошондой эле үстөлдүн үстүндө окуу китеби, уюлдук телефон жана кошумча жардамчы каражаттар турбоосу керек.

  1. Жалаң сүйлөм
  2. Кемтик сүйлөм деген эмне?
  3. Төмөндө берилген тексттен ката жазылган сөздөрдү таап, алардын алдын сызгыла. Ал сөздөрдүн туура жазылышын өзүнчө жазып көрсөткүлө:

Жайкы эс алуудан кайткан Нурзада башынан өткөргөн бардык окуяларын байандай баштады. Ал жай мезгилинде «Ала-Тоо» айантына баргандыгын, убакытын текке кетирбей, чет тилдерин үйрөнүү максатында сабактарга дайардангандыгын айтып берди. Себеби ал өзүн өнүктүрүүгө жан үрөп, аракеттенбөөнү уйат катары көрөт. Мына ошондуктан да ал жайкы эс алуу мезгилинин кандайча айактап калгандыгын да сезбей калды шекилдүү.

  1. Ашыкчасын сызгыла:
  • Токтогул комузун колуна алды.
  • Алыкул жаңы ыр жазды.
  • Кыргызстанда китеп окурмандарынын саны көбөйдү.
  • Мүнүшкөрлөр кетип калышты.
  • Аргымакты жаман деп, тууганды кайдан табасың?
  1. шакек: күмүш

А) топ: резина

Б) талпак: тери

В) муз: суу

Г) бак: жыгач

  1. саат: убакыт

А) калькулятор: эсеп

Б) дөңгөлөк: ылдамдык

В) калем: текст

Г) календарь: дата

  1. Төмөндө көрсөтүлгөн сүйлөмдөрдүн тыныш белгилерин койгула.

Менин өлкөм Кыргызстан.

Ысык-Көл кыргыз бермети.

Атым Адилет.

Кыймыл-аракет бул ден соолук.

Энелер бул ааламды сактап туруучу жалгыз нур.

Ырыс алды ынтымак.

  1. Жээренче чечен таңдайынан чаң чыккан адам эле. Алды сызылган фразеологизмдин мааниси кайсы вариантта туура көрсөтүлгөн?

А) куюлуштуруп, өтө чебер, чечендик менен сүйлөгөн, сөзмөр

Б) алдыртан сырын тартып, оюн билген

В) сөзгө сындырып, уят кылган.

Г) жигин билгизбеген, өтө кылдат.

  1. Кайсы варианттагы сүйлөмдө орфографиялык катасы бар сөз берилген?

А) Касым ооруган малдын боорун жерге көөмп койду.

Б) Болоор бала он бешинде башмын дейт, болбос бала отузунда жашмын дейт.

В) Шаарлык келинге айылдын турмушуна көнүү оңойго турган жок.

Г) Уктаар алдында бир стакан суу ичүү – ден соолукка пайдалуу.

  1. Төмөндө берилген схемага ээнин мүнөздүү белгилерин жазгыла.

№5 МОНИТОРИНГДИН СУРООЛОРУНУН ТУУРА

ЖООПТОРУ ЖАНА АЛАРДЫН ЧЕЧМЕЛЕНИШИ

  1. Жалаң сүйлөм – баш мүчөлөрдөн (ээ жана баяндооч) гана түзүлгөн сүйлөм. Мисалы: Мугалим келди. Жол алыс. Алар билишет. Студенттер окуп жатышат.
  2. Кемтик сүйлөм деген эмне?

Түрдүү жагдайга, талапка байланыштуу айрым сөздөрү айтылбай калса да, а бирок жыйынтыктуу ойду билдирген сүйлөм кемтик сүйлөм деп аталат.

Мисалы: Дарыгер жумуш бөлмөсүнө келип отурду. Бүгүнкү жадыбалы менен таанышып, бейтаптарынан кабар алууга жөнөдү.

Мында «Дарыгер жумуш бөлмөсүнө келип отурду» деген сүйлөм толук сүйлөм болуп саналат. Ал эми «Бүгүнкү жадыбалы менен таанышып, бейтаптарынан кабар алууга жөнөдү» деген сүйлөм кемтик сүйлөм. Кош, эмне үчүн? Математика илиминде «кемитүү» деген амал «алып салуу», «азайтуу» деген маанини билдирет. Андай болсо экинчи сүйлөмдө эмне кемип калды? Бул үчүн суроо берип көрөлү: Бүгүнкү жадыбалы менен таанышып, бейтаптарынан кабар алууга жөнөдү. Ким жөнөдү? Ал жөнөдү. Демек, бул сүйлөмдө ал деген ат атооч, тагыраак айтканда, сүйлөмдүн ээси кемип калды. А бирок сүйлөмдүн ээси айтылбай калса деле биз иш-аракеттер дарыгерге тиешелүү экендигин билдик.

  1. Төмөндө берилген тексттен ката жазылган сөздөрдү таап, алардын алдын сызгыла. Ал сөздөрдүн туура жазылышын өзүнчө жазып көрсөткүлө:

Жайкы эс алуудан кайткан Нурзада башынан өткөргөн бардык окуяларын байандай баштады. Ал жай мезгилинде «Ала-Тоо» айантына баргандыгын, убакытын текке кетирбей, чет тилдерин үйрөнүү максатында сабактарга дайардангандыгын айтып берди. Себеби ал өзүн өнүктүрүүгө жан үрөп, аракеттенбөөнү уйат катары көрөт. Мына ошондуктан да ал жайкы эс алуу мезгилинин кандайча айактап калгандыгын да сезбей калды шекилдүү.

Албетте, йоттошкон тамгалар жана алардын туура жазылышы боюнча окуучулар 5-классынан баштап эле кыргыз тили сабагынан окуп-үйрөнүп келишет. А бирок ага карабастан, дале болсо йоттошкон тамгаларды жазууда ката кетирген окуучуларыбыз болот. Бул тапшырма дал ошондой окуучуларыбыздын билимин текшерүү максатын көздөйт.

Текстти окуп жаткан окуучунун көзүнө дароо эле йоттошкон тамгалар кездешүүчү сөздөрдүн туура жазылгандыгы же туура эместеги күмөн ойду жаратат. Себеби жат жазуу жана башка жазуу жумуштарында да бир нече окуучулар ушул маселеде кыйналат.

Бул үчүн кыргыз тили жана адабияты мугалими мониторингдин экинчи бөлүгүндө Кыргыз тилинин жазуу эрежелеринде камтылган төмөнкү эрежени кайталоо менен окуучулардын билимин бекемдеп кетүүсү абзел болот.

Эреже: кыргыз тилинде я тамгасы й+а тыбыштарынын айкашуусун (биригүүсүн) билдирет. Демек, айак эмес аяк, айант эмес, аянт, байанда эмес, баянда, дайар эмес, даяр, уйат эмес уят болуп жазылат.

  1. Ашыкчасын сызгыла. Эмне үчүн ал ашыкча экендигин далилдегиле.
  • Токтогул комузун колуна алды.
  • Алыкул жаңы ыр жазды.
  • Кыргызстанда китеп окурмандарынын саны көбөйдү.
  • Мүнүшкөрлөр кетип калышты.
  • Аргымакты жаман деп, тууганды кайдан табасың?

Бул тапшырманы аткарууда кыргыз тили сабагына кызыккан окуучу дароо эле ашыкча сүйлөмдү таап, анын алдын сызат.

Себеби мында берилген беш сүйлөмдүн төртөө жайылма сүйлөмдөр, бирөө жалаң сүйлөм болуп айырмаланып турат: Мүнүшкөрлөр кетип калышты. Мүнүшкөрлөр эмне кылышты? Кетип калышты – сүйлөмдүн баяндоочу. Кимдер кетип калышты? Мүнүшкөрлөр – сүйлөмдүн ээси. Демек, сүйлөмдүн баш жана айкындооч мүчөлөрүнүн катышына карай бул сүйлөм – жайылма сүйлөм.

  1. шакек: күмүш

А) топ: резина

Б) талпак: тери

В) муз: суу

Г) бак: жыгач

Үлгү жупта зат жана анын курамы берилген. Аналогиялык тапшырмалар менен иштөөдө үлгү жупта берилген сөздөрдү катыштырып так-даана, кыска сүйлөм түзүп алуубуз керек. Сүйлөм канчалык туура түзүлсө, жоопту табуу ошончолук жеңил болуп саналат.

Мисалы: күмүштөн шакек жасалат. (А) варианты азырынча туура, себеби резинадан топ жасалат. (Б) варианты да азырынча туура, себеби териден талпак жасалат. (В) варианты туура эмес, себеби суудан муз жасалбайт, суудан муз пайда болот. (Г) варианты туура эмес жооп, себеби жыгачтан бак жасалбайт, жыгач бактын бир бөлүгү болуп саналат. Бизде (А) жана (Б) жооптору калды.

Үлгү жупка кайра чыгып, кошумча жүйө келтирип көрөлү. Шакекти жасоо үчүн адам баласынан көп эмгек талап кылынат. Ал эми талпакты жасоо үчүн анчалык көп эмгектин кереги жок. Демек, туура жооп (А) топ: резина варианты.

Мындай тапшырмалар менен иштөөдө окуучуларга түшүнүксүз болгон сөздөрдү да түшүндүрүп берүү керек. Бул үчүн сиздин жаныңызда «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү» сөзсүз болушу керек. Мисалы, дал ушул китепте «талпак» деген сөзгө төмөндөгүдөй түшүндүрмө берилет: малдын, айбандын жерге салууга же жүн сабоого ылайыкталып кургатылган териси. Мисалы: аюу талпак, кулундун талпагы.

Кыргыз тилинде «Талпагын ташка жаюу» деген фразеологизм да бар. Мааниси: талкалап жок кылуу, кыйратуу.

  1. саат: убакыт

А) калькулятор: эсеп

Б) дөңгөлөк: ылдамдык

В) калем: текст

Г) календарь: дата

Үлгү жупта зат жана анын негизги кызматы берилген. Сүйлөм түзөбүз: сааттын негизги кызматы – убакытты билдирүү. (А) варианты туура эмес, себеби калькулятордун негизги кызматы эсеп эмес, эсептөө болуп саналат. (Б) варианты туура эмес жооп, себеби дөңгөлөктүн негизги кызматы айлануу, тегеренүү, кайсы бир оор объектти бир чекиттен экинчи чекитке жеңил жеткирүүчү каражат болуп саналат. (В) варианты туура эмес жооп, себеби калемдин негизги кызматы текст жазуу болуп саналбайт: математикалык амалдарды аткарышы мүмкүн, сүрөт тартышы мүмкүн. (Г) варианты туура жооп, себеби календардын негизги кызматы датаны билдирип туруу.

Экинчи жүйө: убакыттын да, датанын да белгилүү бир чектери болот. Ал чек аягына келген соң кайрадан (цикл) башынан башталат. Мисалы: саат он экиден кийин кайрадан бирден башталат, он эки ай аяктагандан кийин, кийинки жыл январь айынан башталат.

  1. Төмөндө көрсөтүлгөн сүйлөмдөрдүн тыныш белгилерин койгула.
  • Менин өлкөм — Кыргызстан.
  • Ысык-Көл — кыргыз бермети.
  • Атым — Адилет.
  • Кыймыл-аракет — бул ден соолук.
  • Энелер — бул ааламды сактап туруучу жалгыз нур.
  • Ырыс алды — ынтымак. 

Бул тапшырма окуучулардын ээ менен баяндоочтун арасына сызыкчаны туура коё билүү билгичтиктерин текшерет. Албетте, ээ менен баяндоочтун ортосуна сызыкчаны туура коюу аркылуу окуучулар жат жазуу, дил баян, эссе сыяктуу жазуу жумуштарын аткарууда катачылыктардын алдын алышат.

  1. Эгерде сүйлөмдүн ээси да заттык маанини билдирген сөз, баяндоочу да заттык маанини билдирген сөз болсо, аралары сызыкча белгиси менен ажыратылат.
  2. Менин өлкөм – Кыргызстан.
  3. Ысык-Көл – кыргыз бермети.
  4. Атым – Адилет.
  5. Кыймыл-аракет – бул ден соолук.
  6. Энелер – бул ааламды сактап туруучу жалгыз нур.
  7. Ырыс алды – ынтымак.

Биринчи сүйлөмдүн ээси “өлкөм”, баяндоочу – “Кыргызстан”. Экөөбү тең зат атооч сөз, экөөбү тең атооч жөндөмөсүндө турат жана сүйлөмдүн баяндоочу сүйлөмдүн ээси толуктап, анын маанисин ачып, ойду тактап турат. Кийинки сүйлөмдөрдө да дал ушул эле көрүнүш: Ысык-Көл эмне? Кыргыз бермети. Атым ким? Адилет. Кыймыл-аракет эмне? Кыймыл-аракет – ден соолук. Же эмне ден соолук болуп саналат? Кыймыл-аракет. Энелер ким? Энелер – нур. Сүйлөмдөрдүн баарынын ээси дагы, баяндоочу дагы зат атооч сөз түркүмүнөн болуп, атооч жөндөмөсүндө турушат. Ошондуктан аралары сызыкча белгиси менен ажыратылды.

Ээ менен баяндоочтун арасына сызыкчанын коюлушу боюнча кыргыз тили жана адабиты мугалими Капар Момуналиевдин YouTube каналындагы «Ээ менен баяндоочтун ортосуна коюлуучу сызыкча» аталышындагы кыймылдуу сүрөттү (видео) көрүүнү сунуштайбыз.

Жогорудагы мисалдар да дал ошол каналдан алынгандыгын белгилеп кетмекчибиз.

  1. Жээренче чечен таңдайынан чаң чыккан адам эле. Алды сызылган фразеологизмдин мааниси кайсы вариантта туура көрсөтүлгөн?

А) куюлуштуруп, өтө чебер, чечендик менен сүйлөгөн, сөзмөр

Б) алдыртан сырын тартып, оюн билген

В) сөзгө сындырып, уят кылган.

Г) жигин билгизбеген, өтө кылдат

  1. Жээренче чечен таңдайынан чаң чыккан адам эле. Алды сызылган фразеологизмдин мааниси кайсы вариатта туура көрсөтүлгөн?

А) куюлуштуруп, өтө чебер, чечендик менен сүйлөгөн, сөзмөр

Б) алдыртан сырын тартып, оюн билген

В) сөзгө сындырып, уят кылган.

Г) жигин билгизбеген, өтө кылдат

Фразеологизмдердин маанисин табууда ар бир сөзгө кылдат маани берүү керек. Мисалы: «Таңдайынан чаң чыгуу» деген фразеологизмдеги сөздөрдүн бири – таңдай. Ал ооз көйдөйүндө жайгашкан. Демек, берилген жооптордон оозго байланыштуу маанилерди карап чыгуу керек. Мында (В) жообу да туура жооптой сезилет. А бирок көп окуп, көптү билген окуучу Жээренче чечендин мындай адаты жоктугун дароо билет да, бул вариантты четке кагат.

Окуучуларга башка варианттарда берилген маанилер кайсы фразеологизмге тиешелүү экендигин да ар бир жумушта айтып туруу керек.

Тамырын тартып көргөн — алдыртан сырын тартып, оюн билген.

Кепке кемтик кылган – сөзгө сындырып, уят кылган.

Камырдан кыл сууругандай – жигин билгизбей, өтө кылдаттык менен.

  1. Кайсы варианттагы сүйлөмдө орфографиялык катасы бар сөз берилген?

А) Касым ооруган малдын боорун жерге көөмп койду.

Б) Болоор бала он бешинде башмын дейт, болбос бала отузунда жашмын дейт.

В) Шаарлык келинге айылдын турмушуна көнүү оңойго турган жок.

Г) Уктаар алдында бир стакан суу ичүү – ден соолукка пайдалуу.

Бул тапшырма сөздөрдүн туура жазылышын, окуучулардын орфографиялык сабаттуулугун текшерет. (А), (В) жана (Г) варианттарындагы сөздөр туура жазылган. (Б) вариантында «болоор» сөзү туура эмес жазылган. Туура жазылышы – болор.

Эреже: эгерде үндүү менен аяктаган этишке арсар келер чактын – ар мүчөсү уланса, анда созулуп жазылат: иште+ар=иштээр. Эгер үнсүз менен аяктаган мүчөгө уланса, анда созулбастан жазылат: бол+ар=болор.  

  1. Төмөндө берилген схемага ээнин мүнөздүү белгилерин жазгыла.

 

Барчын Абдылсакы кызы,  Ош шаарындагы №52 «Кыргыз-Түрк достугу» мектеп-лицейинин кыргыз тили жана адабияты мугалими

Бөлүшүү

Комментарийлер