«ОКУУ КЕРЕМЕТ!» ДОЛБООРУ – КЫРГЫЗСТАНДЫН МЕКТЕПТЕРИНДЕ БАШТАЛГЫЧ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН САПАТЫН ЖОГОРУЛАТУУ ҮЧҮН ЖАҢЫ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨР

  • 29.04.2021
  • 0

USAIDдин «Окуу керемет!» долбоору – башталгыч класстардын окуучуларынын окуу жана математика боюнча окуу жетишкендиктерин жогорулатууга багытталган беш жылдык долбоор. Долбоор өз ишин 2019-жылы 1-ноябрда баштаган. Долбоор Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен USAIDдин ортосунда 2020-жылдын август айында кол коюлган өз ара түшүнүшүү тууралуу Меморандумдун алкагында ишке ашырылат.

Долбоор өлкө боюнча 1687 мектепти, башкача айтканда, жалпы билим берүүчү мектептердин 75% камтыйт: 13 500дөн ашуун башталгыч класстардын мугалимдери, 5 000 мектеп администрациясынын өкүлдөрү, райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн адистери жана мектеп китепканачылары камтылат. Натыйжада, жалпы өлкө боюнча 300 000 башталгыч класстардын окуучулары орто мектепте ийгиликтүү окуунун пайдубалы болгон окуу жана математика көндүмдөрүн жакшырта алышат.

1687 максаттуу мектеп макулдашылып, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен бекитилген (№708/1 8-сентябрь 2020-ж.).

Карта: Облустар боюнча мектептердин камтылышы

«ОКУУ КЕРЕМЕТ!» ДОЛБООРУ – КЫРГЫЗСТАНДЫН МЕКТЕПТЕРИНДЕ БАШТАЛГЫЧ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН САПАТЫН ЖОГОРУЛАТУУ ҮЧҮН ЖАҢЫ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨР

1-максат. Окууну, эсепти жана математиканы окутуунун сапатын жогорулатуу

Бул компоненттин алкагында максаттуу мектептердин башталгыч класстардын мугалимдеринин окуу, жазуу жана математика боюнча кесиптик чеберчилигин жогорулатуу программалары иштелип чыгат жана ишке ашырылат.

Долбоордун биринчи жылында окуу жана жазуу боюнча башталгыч класстардын мугалимдери үчүн беш окутуу модулдары иштелип чыкты. Бул материалдар Кыргызстанда буга чейин ишке ашырылган USAIDдин «Бирге окуйбуз» (2013-2017) жана «Келгиле окуйбуз» (2016-2021) долбоорлорунун алкагында иштелип чыккан базалык модулдардын негизинде түзүлгөн. 2021-жылдын ичинде
15 000ден ашуун башталгыч класстардын мугалимдери жана мектеп китепканачылары беш модуль боюнча онлайн жана оффлайн форматтарда окуудан өтөт деп пландаштырылып жатат. Окутууну жүргүзүү жана мугалимдерге усулдук колдоо көрсөтүү үчүн долбоор 350дөн ашуун улуттук тренерлерди даярдады. Алар учурда онлайн форматта окутуу жүргүзүп жатышат жана долбоордун алкагында иштелип чыккан электрондук тиркемени колдонуу менен сабактарга байкоо жүргүзүп, кайтарым байланыш берип жатышат.

2021-жылдын январь айынан баштап «Окуу керемет!» долбоору 1687 максаттуу мектептердин мугалимдери үчүн башталгыч мектепте окууну жана жазууну интеграциялап окутуу боюнча тренингдердин сериясын баштады. Бул окутуу программасы беш модулдан турат: «Башталгыч класста дифференцияланган окутууну колдонуу», «Предметти жана тилди интеграциялап окутуу», «Башталгыч мектепте балдар китебин пайдалануу», «Башталгыч мектептеги чыгармачыл жазуу», «Башталгыч мектептеги күн сайын жазуу».

Бул кесиптик чеберчиликти жогорулатуу программасы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун Окутуу жана методикалык бирикмеси тарабынан экспертизадан өтүп, окутуу жана мектептерде практикалык ишти кошкондо
72 саат көлөмүндө бекитилген (14.10.2020). Окутуу программасын аяктаганда мугалимдер РПККЖжКДИнин жана Долбоордун биргелешкен сертификатын алышат.

Окутуу программасы дифференцияланган мамилени колдонуп, башталгыч класстардын окуучуларынын окуу, окуганын түшүнүү, күн сайын жана чыгармачыл жазуу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталат. Ошондой эле, мугалимдер жана администрация өкүлдөрү сабактарга байкоо жүргүзүү жана калыптандыруучу баалоо боюнча электрондук тиркемелерди пайдаланууну үйрөнүшөт.

КР ББИМдин буйругуна ылайык (№ 20/1, 14-январь, 2021-ж.) тренингдер ушул окуу жылынын аягына чейин дистанттык форматта Moodle платформасынын базасында өтүп жатат (кошумча маалымат төмөндө берилген). Азыркы учурда, 17 000ден ашуун мугалимдер жана мектеп китепканачылары дистанттык форматта окуп жатышат. Дистанттык тренингдер окуу жылынын аягына чейин өтөт. Кийинки окуу жылында, август-декабрь айларында «Окууну жана жазууну интеграциялап окутуу» программасы традициялуу, бетме-бет окуу форматында аякташы пландаштырылууда.

Долбоор башталгыч класстардын мугалимдери үчүн математиканы окутуу методикасы боюнча да кесиптик квалификациясын жогорулатуу программасын иштеп чыкты. Бул программа он модулдан турат. Азыркы учурда бул модулдар Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жайгашкан 30 мектепте апробациядан өтүп жатат. Апробациядан кийин модулдар кайра каралып чыгат да, КР ББИМнин алдындагы РПККЖжКДИде мугалимдерди окутуу үчүн бекитүү жол-жобосунан өтөт. 2022-жылдын январынан тартып долбоор РПККЖжКДИ менен биргеликте математиканы окутуу методикасы боюнча башталгыч класстардын мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу программасы боюнча окутуу жүргүзүп баштайт.

Окутуунун натыйжалуулугу жана сунушталган окутуу стратегияларын сабакта колдонуу негизинен мектептерде болгон усулдук колдоого жана насаатчылыкка көз каранды. Долбоор 2021-жылы жайында мектеп жетекчилерин, Рай/ШаарББ өкүлдөрүн жана МУБдун башчыларын усулдук колдоо методдору жана технологиялары боюнча окутууну пландаштырат: сабакка байкоо жүргүзүү жана мугалимге кайтарым байланыш берүү үчүн колдонууга болгон менторинг боюнча электрондук тиркемелер иштелип чыгууда. Ар бир мектеп жана Рай/ШаарББ тиркемелер жана материалдар топтому жүктөлгөн планшет алат. Тиркемелердин бири — окуучулардын окуу жана математика көндүмдөрүн калыптандыруучу нукта баалоо үчүн тиркеме мугалимдердин баарына жүктөп алууга сунушталат. Бул тиркемеде баалоо жана баалоонун жыйынтыктарын иштетүү жана талдоо үчүн электрондук формалар берилген. Бул формалар окуучулардын көндүмдөрүнүн калыптанышы тууралуу маалыматты тез алууга жана бул маалыматты окутуунун жүрүшүндө кийинки кадамдарды жана дифференцияланган окутууну пландаштырууда колдонууга мүмкүнчүлүк берет.

Билим берүү стандарттарын иштеп чыгуу жана жаңылоо процессинде КР ББИМге колдоо көрсөтүү максатында 2021-жылдын апрель айында атайын жумушчу топ түзүлдү. Бул жумушчу топ азыркы учурда Кыргыз билим берүү академиясынын эгидасында предметтик стандарттарды иштеп чыгуучулар үчүн жол картасын жана колдонмону иштеп чыгып жатышат. Андан кийин башталгыч мектеп үчүн предметтик стандарттарды иштеп чыгуу үчүн жумушчу семинарлардын сериясы өткөрүлөт.

2-максат. Формалдуу жана формалдуу эмес окуу чөйрөсүн жакшыртуу

Китеп окууну популяризациялоо, китепке болгон кызыгууну арттыруу, башталгыч мектепте базалык окуу жана математикалык сабаттуулукту калыптандыруунун маанилүүлүгү тууралуу маалымдоо максатында долбоор мектептер, ата-энелер коомчулугу, коомдук жана мектеп китепканалары менен иш алып бара баштады. Мектепте китеп фестивалы, математика боюнча чемпионаттар, топтук изилдөө долбоорлор, китеп клубдары, жайкы окуу жана эсеп лагерлер ж.б. сыяктуу иш-чаралар өткөрүлөт. Аларды уюштурууда мугалимдер, мектеп китепканачылары жана ата-энелер катышышат. Мисалы, 23-апрелде белгиленген Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө арналган иш-чаралар апрелде өтөт. Максаттуу мектептердин мектеп китепканачылары долбоордун тренингдерине активдүү катышууда жана башталгыч класстардын окуучуларын китеп окууга тартуу үчүн мектептердин базасында класстан тышкаркы иш-чараларды өткөрүүнү демилгелеп жатышат. Биз балдар жана чоңдор үчүн кызыктуу иш-чаралар өткөрүлүп жаткан К. Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаш өспүрүмдөр китепканасы жана региондордогу коомдук китепканалар менен кызматташып жатабыз.

«ОКУУ КЕРЕМЕТ!» ДОЛБООРУ – КЫРГЫЗСТАНДЫН МЕКТЕПТЕРИНДЕ БАШТАЛГЫЧ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН САПАТЫН ЖОГОРУЛАТУУ ҮЧҮН ЖАҢЫ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨР

Окуу үчүн материалдардын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу максатында долбоор жазуучулардын жана иллюстраторлордун потенциалын бекемдейт жана кыргыз, орус, өзбек жана тажик тилдеринде 1 500гө жакын балдар китептерин иштеп чыгат. 2020-жылдын июнь айынан тартып башталгыч мектеп окуучуларынын жаш өзгөчөлүктөрүнө жана окуу көндүмдөрүнүн калыптануу деңгээлине ылайык келген китептерди адаптациялоо жана жаңыдан жаратуу ишине болжол менен 45 автор жана иллюстратор тартылды. Учурда 335 адаптацияланган жана жаңыдан иштелип чыккан китептер КР ББИМ тарабынан бекитилди. Китептер мектептерге жана китепканаларга электрондук жана басма түрүндө таратылат. Долбоор 2020-жылдын сентябрь айында USAIDдин «Келгиле окуйбуз» долбоорунун алкагында иштелип чыккан китептердин топтомун (45 аталыштагы китептер, 285 000 нуска)
1 065 мектеп китепканасына жана 82 коомдук китепканага тапшырды. Учурда «Окуу керемет!» долбоорунун алкагында иштелип чыккан китептер кыргыз жана орус тилдеринде КР ББИМнин электрондук китепканасына киргизилип баштады (https://www.kitep.edu.gov.kg/ru/catalog/all_books_for_child).

Балдар китептерин басып чыгаруунун сапатын жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен кызматташтыкта, долбоор алкагында балдар китебин басып чыгуу стандартын иштеп чыгуу иши жүргүзүлүп жатат. Өлкөдө басылып чыгарылган балдар китептеринин сапатына бирдиктүү талаптарды киргизүү зарылчылыгы бул стандартты иштеп чыгууга себеп болду. Стандартты иштеп чыгуу үчүн басмаканаларды, авторлорду жана иллюстраторлорду жана бөлөк кызыкдар жактарды бул ишке тартуу талап кылынат.

3-максат. Башталгыч билим берүү системасын бекемдөө

Долбоор окутуу программаларын жана материалдарды пландоодо, ишке ашырууда жана институционалдаштырууда Билим берүү жана илим министрлигинин тутуму жана Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен тыгыз кызматташтыкта иштейт, себеби өнөктөштүк мамиле гана демилгенин эффективдүүлүгүн жана анын натыйжаларынын туруктуулугун камсыз кылат.

КР ББИМдин алдында функционалдык сабаттуулук боюнча Комитет түзүлүп, учурда иштеп жатат. Бул комитет башталгыч билим берүү тармагындагы ар түрдүү демилгелерди координациялоо жана өнөктөштүк үчүн аянтча. Пандемиянын башынан бери долбоор башталгыч класстар үчүн 1 500 телесабак иштеп чыгууга колдоо көрсөттү. Долбоор алкагында инклюзивдик билим берүү жана гендердик аспекттер боюнча изилдөөлөр жүргүзүлдү жана алардын сунуштары окутуу материалдарын жана балдар китептерин иштеп чыгууда эске алынды.

«Окуу керемет!» долбоору өз ишин КР ББИМ менен өнөктөштүктө улантат жана долбоордун ишмердүүлүгүн жер-жерлерде ишке ашырууда мугалимдер, мектеп директорлору, Рай/ШаарББ, областтык усулдук борборлор колдоо көрсөтүп, кызматташат деп үмүттөнөбүз. Биргелешкен аракеттер аркылуу гана биздин мектептерде билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жетише алабыз!

СИЗ «Окуу керемет!» долбоорунун дистанттык курсун окуп бүттүңүзбү?!

«Окуу керемет!» долбоорунун негизги максаттарынын бири — башталгыч мектепте окууну жана математиканы окутуунун сапатын жогорулатуу. Бул максатка жетүү үчүн долбоор Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүү системасын бекемдөө үчүн техникалык жана программалык колдоо
көрсөтүүдө.

2020-жыл ичинде долбоордун командасы КР ББИМ, РПККЖжКДИ, КББА, билим берүү жана педагогика чөйрөсүндөгү жергиликтүү эксперттер жана мектеп мугалимдери менен тыгыз кызматташтыкта башталгыч класстардын мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу курстарын иштеп чыкты. Алсак, «Башталгыч мектепте окууну жана жазууну дифференциялап жана интеграциялап окутуу» квалификацияны жогорулатуу курсу (72 саат) окуу жана жазуу боюнча беш модулдан турат. Модулдарды атап айтсак:

(1) «Башталгыч класста дифференцияланган окутууну колдонуу»;

(2) «Предметти жана тилди интеграциялап окутуу»;

(3) «Башталгыч мектепте балдар китебин пайдалануу»;

(4) «Башталгыч мектептеги чыгармачыл жазуу»;

(5) «Башталгыч мектептеги күн сайын жазуу».

Модулдардын баары кыргыз жана орус тилдеринде иштелип чыккан жана өзбек жана тажик тилдерине которулган.

COVID-19 пандемиясы долбоордун пландарына белгилүү бир өзгөртүүлөрдү киргизди: «Башталгыч мектепте окууну жана жазууну дифференциялап жана интеграциялап окутуу» курсун аралаш түрдө окутууга (blended learning) өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алынды. Иштелип чыккан модулдардын бир бөлүгү («Башталгыч класста дифференцияланган окутууну колдонуу», «Предметти жана тилди интеграциялап окутуу», «Башталгыч мектепте балдар китебин пайдалануу») аралыктан окуу үчүн Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту (КР ББИМнин алдындагы РПККЖжКДИ) бир нече жылдан бери колдонулуп келген Moodle платформасына көчүрүлдү.

Окутуу эки тилде – орус жана кыргыз тилдеринде, каскаддык схема боюнча бир нече этапта жүргүзүлдү. Окутууга үч негизги топ катышты жана катышып жатат: (1) устат (мастер)- тренерлер, (2) улуттук тренерлер, (3) мугалимдер, мектептердин усулдук бирикмелеринин жетекчилери, мектеп администрациясы, китепканачылар жана райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн методисттери.

(1) 2021-жылдын январь айында 36 устат-тренерлер үчүн окутуу салттуу катышып окуу (оффлайн) түрдө өттү.

(2) Андан кийин, устат-тренерлер өлкөнүн ар облусунда 358 улуттук тренерлерди даярдашты. Улуттук тренерлер башталгыч класстардын мугалимдерин аралыктан окутууну уюштуруп жана координациялап жатышат, анын ичинде, угуучулар менен видеоконференцияларды өткөрүп, ментор/насаатчы катары мектептерде сабактарга байкоо жүргүзүп, мугалимдерге кайтарым байланыш берип жатышат.

(3) 1687 максаттуу мектептердин башталгыч класстарынын мугалимдерин жана мектеп китепканачыларын «Башталгыч мектепте балдар китебин пайдалануу» модулу боюнча Moodle платформасы аркылуу окутуу 13-февралда башталды. Бул модулда «балдар адабияты» жана «балдар китеби» түшүнүктөрү камтылган жана төмөнкү темалар каралган: а) башталгыч мектепте ар кандай предметтер боюнча сабактарда окутуу процессине балдар китебин киргизүүнүн маанилүүлүгү; б) балдар китептеринин түрлөрүнүн көптүгү; в) окуу жана жазуу, математика, мекен таануу жана башка сабактарда балдар китебин колдонуу мүмкүнчүлүктөрү; г) мугалимдерге балдар китебин окутуу процессине киргизүүгө жардам бере турган стратегиялар. Бул модуль боюнча окутуу 22-мартта аяктады. Кийинки модуль 27-мартта ачылды. Жалпысынан 2021-жылдын июнь айына чейин мугалимдер үч модулду аралыктан окуп бүтүшөт. Дагы эки модуль боюнча окутуу 2021-жылдын август айынан баштап салттуу форматта улантылмакчы.

Дистанттык окуу башталганга чейин, ар бир максаттуу мектеп үч модулдун материалдарынын баарын басып чыгарылган китепчелер түрүндө алган, ошондуктан, ар бир мугалим бул модулдарды өз мектебинде алышы керек. Модулдардын бир нускасы мугалимдер жана китепканачылар келечекте колдонуусу үчүн мектеп китепканасында сакталышы керек.

Курстун угуучуларынын 85% окуу үчүн өзүнүн телефонун колдоноорун статистика көрсөттү. Дистанттык окуу платформасы смартфон жана планшет аркылуу жеткиликтүүрөөк болушу үчүн долбоор анын Moodle Mobile мобилдик тиркемесин да сатып алды. Бул мобилдик тиркеменин эң башкы жана маанилүү артыкчылыктарынын бири — ачып окуган тренингдин материалдарына оффлайн (интернетке кошулуу жок болгон учурда) кирүү жана модулдун материалдарын тез жетүү мүмкүнчүлүгү.

Бүгүнкү күндө дистанттык окуу курсуна 17 000ден ашуун долбоордун максаттуу мектептеринин башталгыч класстарынын мугалимдери жана китепканачылары катталды. Курстун угуучулары 420дан ашуун топторго бөлүнгөн (1-сүрөт).

«ОКУУ КЕРЕМЕТ!» ДОЛБООРУ – КЫРГЫЗСТАНДЫН МЕКТЕПТЕРИНДЕ БАШТАЛГЫЧ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН САПАТЫН ЖОГОРУЛАТУУ ҮЧҮН ЖАҢЫ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨР

Мугалимдерди Moodle системасы аркылуу окутуу төмөнкүчө жүргүзүлөт: ар бир модуль менен таанышууга курстун угуучусуна (мугалимге, китепканачыга) төрт жума убакыт берилет. Бул убакыттын ичинде курстун угуучулары берилген материалдын баарын өз алдынча окушат, тапшырмаларды аткарышат, сунушталган окутуу стратегияларын сабагында колдонуп көрүшөт, аралык сынактарды тапшырышат, жана ар ишемби күнү тренер-ментор өзүнүн угуучуларынын тобу менен Moodle платформасына киргизилген (Big Blue Button тиркемесинде) видеоконференцияда 1,5-2 саатка жолугат.

Moodle платформасына жүктөлгөн баардык окуу материалдары ар бир модулдун басып чыгарылган нускасындагы ырааттуулукта берилген жана модулда сунушталган стратегияларды сабакта колдонуу боюнча видео-сабактар менен коштолгон. Бул окуу материалдары интернетке кирүүгө мүмкүнчүлүгү болгон каалаган компьютерде, смартфондо жана планшетте жеткиликтүү жана бул материалдарга бир нече жолу кайрылса болот. Moodle платформасынын дагы бир өзгөчөлүгү — модулдун материалдарын берилген ырааттуулукта окуу жана тапшырмаларды аткаруу талабы: курстун угуучулары 1-чи тема боюнча тестти тапшырганга чейин 2-чи темага өтө алышпайт. Бул талап курстун угуучуларына окуу материалын жакшы өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ар бир тренер курстун угуучуларынын жеке прогрессин жана активдүүлүгүн көзөмөлдөй алат. Эгерде курстун жүрүшүндө мугалимдерде суроолор пайда болсо, алар ал суроолорду кийинки видеоконференция учурунда талкуулай алышат, же болбосо, аларды форумга жаза алышат. Тренер бул суроолорго жооп берүүгө аракет кылып, талкууну багыттап турат. Угуучу модулдун баардык окуу материалдарын окуп бүткөндөн кийин гана ага жыйынтыктоочу баалоо тести ачылат. Жыйынтыктоочу сынактын жыйынтыгы боюнча катышуучулардын 85% 3-модуль боюнча окууну ийгиликтүү аяктады (2-сүрөт).

Кыргызстандын билим берүү системасы үчүн аралыктан окутууга бир убакта 17 000ден ашуун угуучуларды камтуу-бул биринчи масштабдуу тажрыйба. Ар бир жаңы башталган иш сыяктуу эле, кандайдыр бир ыкчам натыйжаларды күтүүнүн кереги жок. Аралыктан окутууну ишке ашырууда, биз төмөнкү кыйынчылыктарга дуушар болдук:

— Өтө начар туруксуз интернет, өзгөчө региондордо. Бул көйгөй окутуу системасында техникалык үзгүлтүктөргө алып келди;

— Мектепте информатика кабинети /компьютерлер жана интернет жеткиликтүү болбогону;

— Баардык эле мугалимдердин телефондору Moodle окутуу платформасынын мобилдик версиясын колдой бербейт;

— Баштапкы этапта окутуунун жаңы форматын түшүнүүгө жана кабыл алууга каалоонун жок болушу, өз алдынча жана аралыктан окууга болгон мотивациянын төмөндүгү.

Бул системада иштөө менен, биздин мугалимдер (жана тренерлер) заманбап жашоо талабы болгон жаңы аралыктан билим берүү технологиялары менен иштегенди үйрөнүп, өздөрүнүн санариптик көндүмдөрүн бир кыйла жакшыртып жатышат. Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүү системасында келечекте бул платформаны колдонуу окутууда ийкемдүүлүктү камсыз кылууга мүмкүнчүлүк берет. Бул ийкемдүүлүк мугалимдик ишмердүүлүк үчүн маанилүү болгон курстардан турган мугалимдер үчүн индивидуалдык окуу программасын түзүүгө мүмкүндүк түзмөкчү. Аралыктан окутуу форматынын артыкчылыгы — кеңири камтуу жана үнөмдүүлүк экендигин белгилей кетүү маанилүү.

Бөлүшүү

Комментарийлер