НУРКИДС — КЫРГЫЗ ТИЛИН ӨНҮКТҮРҮҮ ҮЧҮН САНАРИПТИК ЭКОСИСТЕМА
- 08.04.2026
- 0
САРЫГУЛОВА Нур, “Нуркидс” долбоорунун негиздөөчүсү — маркетолог, ишкер жана билим берүү долбоорлорунун автору. Ал санариптик контент түзүү тармагында иштеп, билим берүүнү жана кыргыз тилин өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашырып келет. Нур — Super TV Нуркидс билим берүү платформасынын негиздөөчүсү. Бул кыргыз тилиндеги сапаттуу балдар контентин жаратууга багытталган санариптик платформа. Нуркидс идеясы жөн гана бизнес эмес, коомго, келечек муунга инвестиция катары пайда болгон. Биз каарманыбыз менен аталган долбоордун маңызы, максаты жана келечеги туурасында сүйлөштүк.
НУРКИДС — КЫРГЫЗ ТИЛИН ӨНҮКТҮРҮҮ ҮЧҮН САНАРИПТИК ЭКОСИСТЕМА
-Саламатсызбы, Нур! Сиз негиздеген «Нуркидс» долбоору бүгүнкү күндө ата-энелер арасында абдан актуалдуу болуп жатат. Бул идеянын жаралышына эмне түрткү болду?
-Саламатчылык! Идея турмуштук муктаждыктан улам жаралды десем болот. Бүгүнкү күндө балдардын бош убактысы көбүнчө гаджеттер менен өтөт, бирок андагы сапаттуу контенттин басымдуу бөлүгү чет тилдеринде. Кыргыз тилинде балдарды кызыктыра турган, заманбап жана билим берүүчү материалдардын жетишсиздиги чоң көйгөй экенин байкадык. Жашырганда эмне, Кыргызстанда көпчүлүк балдар эне тилин жакшы түшүнүшпөйт, эркин суйлөй алышпайт жана чет элдик контент менен өсүп жатышат. Кыргыз тилиндеги материалдардын жетишсиздиги маданият менен болгон байланыштын алсырашына алып келүүдө. Ушундай шартта «Нуркидс» жөн гана бизнес эмес, бул биздин келечек муунга, эне тилибиздин сакталышына кошкон салымыбыз жана инвестициябыз катары пайда болду.
-Долбоорду баштоодо кандай кыйынчылыктар болду? Алгачкы кадамдар жөнүндө айтып берсеңиз?
-Алгач командабыз абдан чакан эле. Идеяны ишке ашыруу үчүн чоң туруктуулук керек болду. Себеби, сапаттуу анимация түзүү, сценарий жазуу жана аны педагогикалык талаптарга ылайыктоо — бул этап-этабы менен жасала турган татаал процесс. Биз ар бир материал балдардын ой жүгүртүүсүн кеңейтип, улуттук баалуулуктарды сиңире тургандай болушуна өзгөчө көңүл бурдук.
-«Нуркидс» платформасы кимдерге арналган жана анын ичинде эмнелер бар?
-Бул — балдар, ата-энелер, бала бакчалар жана мектептер үчүн түзүлгөн бүтүндөй бир санариптик дүйнө. Платформада кыргыз тилиндеги окуу куралдары, өнүктүрүүчү видеолор жана оюн түрүндөгү билим берүүчү контент топтолгон. Биз билим менен оюнду айкалыштырып, баланын кыргыз тилин сүйүп үйрөнүүсүнө шарт түзөбүз. Баса белгилей кетчү жагдай, эне тилибиз акырындап баланын күнүмдүк жашоо чөйрөсүнөн алыстап бара жатат. Эне тилдеги контенттин жетишсиздиги өлкөбүздүн маданий келечегине коркунуч алып келүүдө. Биз ушундай таасирдүү долбоорлор менен өзөгүбүздү, эне тилибизди сактап, өнүктүрүп кетишибиз парз.
-Сиз маркетолог жана ишкер катары бул долбоорду кандай баалайсыз? Ата-энелер үчүн анын башкы артыкчылыгы эмнеде?
-Маркетолог катары айтсам, биз ата-энелердин эң башкы «оорусун» жеңилдетүүгө аракет кылдык. Ата-энелер баласынын интернетте эмне көрүп жатканына тынчсызданышат. Ал эми «Нуркидс» -бул ишенимдүү платформа. Анын башкы артыкчылыгы- контенттин коопсуздугу, сапаты жана баланын тилин гана эмес, аң-сезимин да өнүктүрө алгандыгында. Нуркидс долбоору- жумшак күчтүн инстурменти.
-«Нуркидс» долбоорунун келечектеги максаттары кандай?
-Биздин максат- кыргыз тилдүү балдар үчүн №1 санариптик платформа болуу. Келечекте жаңы форматтарды, интерактивдүү билим берүү программаларын жана заманбап санариптик чечимдерди киргизүүнү пландап жатабыз. Кыргыз тили -заманбап технологиялардын жана билимдин тили боло аларын далилдегибиз келет. Мазмунду кеңейтүү максатында ата-энелер үчүн логопед, дефектолог, психологдордун кенештерин, балдар жазуучуларынын чыгармаларын киргизебиз. Келгиле, Кыргызстандын келечегин бирге куралы! Нуркидс — балдарга жана мамлекеттик тилге болгон чоң сүйүү менен түзүлгөн социалдык маанилүү демилге дем айта алам.
-Ал эми Нуркидс платформасынын мамлекеттик органдар менен кызматташуусу кандай болууда?
— Платформа мамлекеттик органдар менен активдүү кызматташып келет. Нуркидс колдонмосу тиешелүү мамлекеттик мекемелер тарабынан каралып чыгып, анын мазмуну жана функционалы белгиленген талаптарга жана стандарттарга ылайык экени жөнүндө расмий кат алынган. Ошондой эле Нуркидс платформасы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча Улуттук комиссиясына тааныштырылган. Мындан тышкары, долбоор тиешелүү мамлекеттик мекемелердин жана адистердин катышуусунда презентацияланып, санариптик билим берүү чөйрөсүндө кыргыз тилин өнүктүрүүгө кошкон салымы белгиленген. Нуркидс командасы мамлекеттик тилди өнүктүрүү, балдардын сапаттуу билим алуусун колдоо жана заманбап санариптик билим берүү экосистемасын түзүү багытында мамлекеттик органдар менен мындан ары да тыгыз кызматташууга даяр. Биз баарыңыздарды кыргыз тилин ар бир баланын жашоосунда негизги тилге айлантуу үчүн, маданий мурасыбызды сактап, улутубуздун жаркын келечегин камсыздоо багытында кызматташууга чакырабыз. Келгиле, эне тилге жөн эле сырттан байкоочу же күйүмүш болуп, кургак ураан чакырбай, реалдуу ишке өтөлү демекчимин.
БЛИЦ-СУРОО ЖООП
-Нуркидс деген эмне?
-Бул балдар, ата-энелер, бала бакча жана мектептер үчүн атайын түзүлгөн, кыргыз тилиндеги билим берүүчү санариптик онлайн-платформа.
-Платформада балдар эмнелерди үйрөнө алышат?
-Балдар кыргыз алфавитин, сандарды жана математиканы үйрөнүп, жаратылыш, жаныбарлар, дүйнө тааным, ошондой эле кыргыз маданияты жана салт-санаасы менен тааныша алышат.
-Окутуу контенти кайсы форматтарда берилген?
-Маалыматтар балдарга кызыктуу болушу үчүн мультфильмдер, окутуучу видеолор, интерактивдүү сабактар жана атайын билим берүү программалары түрүндө сунушталат.Биз баланын инсандык өнүгүүсүнүн бардык багыттарын камтыган, салт-санаадан тартып заманбап технологияларга чейин котент түзөбүз. Ар бир материалды балдардын жаш өзгөчөлүктөрүн жана билим берүү стандарттарын эске алуу менен кылдат иштеп чыгабыз.
-Долбоордун негизги миссиясы кандай?
-Негизги максат- кыргыз тилин балдардын санариптик дүйнөсүнүн ажырагыс бөлүгүнө айлантуу жана чет элдик контентке заманбап, кызыктуу альтернатива түзүү. Кыргыз тилин балалык кезден тартып жандуу жана сүйүктүү тилге айлантуу. Методологиябыз- тилге чөмүлтүп окутуу, эне тилдеги мультфилимдер, влогдор жана диалогдор аркылуу билим берүү.
-Платформа кандай иштейт?
-Нуркидс үй-бүлө менен көрүүгө, ошондой эле бала бакчаларда, мектептерде жана өнүктүрүү борборлорунда окуу куралы катары колдонууга ылайыктуу. Максаттуу аудиториябыз-Кыргызстандын аймагындагы 3-12 жаш курактагы балдар түзөт. Онлайн платформанын өлкө боюнча максималдуу аудиторияны камтуу максатында бардык негизги түзмөктөрдө үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылдык.Ар жума сайын жаңы контент кошулуп турат. Ата-энелер үчүн балдарды тарбиялоо боюнча адистерден кеңештер материалдар да киргизилет.
-Бул долбоордун коом үчүн мааниси эмнеде?
Бул -эне тилди өнүктүрүүгө жана келечек муунга эне тилинде сапаттуу билим берүүгө багытталган социалдык маанилүү демилге.
—Маегиңиз үчүн рахмат! Ишиңизге ийгилик каалайбыз.
Аңгемелешкен Майрамбек ТОКТОРОВ,
«Кут Билим»
.
Комментарийлер