НУРИСТАН МАРАТ УУЛУ: “БАЛДАРДЫ ЧЫН ЖҮРӨКТӨН СҮЙҮП, ӨЗ ИШИНИН УСТАСЫ БОЛУУ”

  • 08.10.2024
  • 0

Республикалык “Жылдын мыкты мугалими – 2024” сынагында Ош шаарындагы №52 «Кыргыз-Түрк Достугу» атындагы мектеп лицейинин мугалими Нуристан Марат уулу  “Мыкты география мугалими” номинациясын жеңип алып, Билим берүү жана илим министрлигинин “КР билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси жана Ардак грамота менен сыйланды.

НУРИСТАН МАРАТ УУЛУ: “БАЛДАРДЫ ЧЫН ЖҮРӨКТӨН СҮЙҮП, ӨЗ ИШИНИН УСТАСЫ БОЛУУ”

Мыкты агай

Марат уулу Нуристан 1997-жылы 9-июлда Ош облусунун, Кара-Суу районуна караштуу Тээке айылында жарык дүйнөгө келген. 2003-жылы ошол эле айылдагы №22 Бегайым Лапин кызы атындагы орто мектебинин 1-классына кабыл алынып, 2014-жылы ушул эле мектепти ийгиликтүү бүткөн.

2018-жылы Ош мамлектинин табият таануу жана география факультетин ийгиликтүү аяктап, 2020-жылы ушул эле факультеттин магистратурасын кызыл диплом менен аяктаган. Мугалимдик эмгек жолун 2019-жылы ОшМУнун «Кара-Суу» гимназиясынан башталды. Азыркы учурда Ош шаарындагы №52 «Кыргыз-Түрк Достугу» атындагы мектеп лицейинде география мугалими болуп эмгектенет.

2024-жылы Ош шаарында өткөрүлгөн «Жылдын мыкты мугалими» конкурсунда биринчи орунга жетишип, республикалык баскычка жолдомо алып, эми минтип мыкты география мугалими номинациясын жеңип отурат..

— Мугалимдик кесип менин бешенеме жазылган кесип окшойт. Анткени, кичинекейимден башка бирөөлөргө маалымат айтып берүүнү  жана ар дайым башка бирөөлөр менен маалымат бөлүшкөндү абдан жакшы көрчүмүн. Менин бул сапатым мугалим болушума өбөлгө түздү. Бала мезгилимде алдыма койгон «Мыкты мугалим болуу» кыялым орундалды. Мыкты мугалим болуу «Мыкты мугалим» деген наамды алуу менен эле чектелбейт. Биз күн сайын мыкты болууга умтулушубуз керек. Бул жеңиш мени дагы да мыкты болуума шыктандырды, — дейт жеңүүчү.

НУРИСТАН МАРАТ УУЛУ: “БАЛДАРДЫ ЧЫН ЖҮРӨКТӨН СҮЙҮП, ӨЗ ИШИНИН УСТАСЫ БОЛУУ”

Нуристан Марат уулунан турган турпаты, сүйлөгөн сөзүнөн нукура мугалимдик касиетти көрсө болот. Ал сынактын 2-турунда «Глобустун жардамы аркылуу географиялык маселелерди чыгаруу» темасында кызыктуу мастер-класс өтсө, акыркы, чечүүчү турда «Европанын калкынын жана чарбасынын жайгашуу географиясы» темасындагы сабагы өтө кызыктуу болду.  Нуристан сабагы кызыктуу, жугумдуу болуу үчүн ар бир окуучуга планшет ала келген. Андан сырткары тесттин вариантын көрсөтүү үчүн атайын улуттук ою түшүрүлгөн куржунда  дизайн менен жасалган тамгалары окуучуларды өзүнө тартып турду.

— Мен мугалим болуп иштегенди жакшы көрөм, анткени мугалим — кесиптердин төрөсү, мугалим болуу аркылуу бир адамды эмес, бүтүндөй коомду тарбиялоого болот. Окуучуларымдан  себепсиз жакшы көргөндү, эртеңкиге үмүт менен караганды, жашоодо бар нерсеге канаат кылууну  үйрөндүм, — дейт агай.

Нуристандын кесиптик амбициясы — өз өлкөсүнө татыктуу кызмат кылган, мекенчил, тарбиялуу муунду тарбиялоо. Анын хоббиси – китеп окуганды жана шахмат ойногонду абдан жакшы көрөт.

Өзү жаш болгону менен эмгекчилдиги үчүн бир топ сыйлыктарга татыктуу болду. Ал Ош шаардык кеңешинин Ардак грамотасы (2024), Ош шаардык мэриясынын ыраазычылык баракчасы (2024), ОшМУнун Ардак грамотасы (2023), ОшМУ ыраазычылык баракчасы (2022) менен сыйланган. Ошондой эле Нуристан Ош шаардык билим берүү борборунун “Эң мыкты чыгармачыл мугалим мугалим” номинациясынын ээси (2024).

Ал «Эн, эн, эн» китебинин автору. “Акыл үчүн витаминдер 1”, “Акыл үчүн витаминдер 2” “Дүйнөнү багынткан кедейлер 1”, “Дүйнөнү багынткан кедейлер 2”, “Генийлер кантип сүйлөшөт”, “География предметинен олимпиадалык маселелерди чыгаруу”, “PISA-2025 Окуу сабаттуулугу”, “PISA-2025 Математикалык сабаттуулук”, PISA-2025 табигый илимдер боюнча сабаттуулук” деп аталган 10 китептин түзүүчүсү жана автору.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер