НАРЫН: МУГАЛИМДЕР БИЛИМ БЕРҮҮНҮН ЗАМАНБАП ЧАКЫРЫКТАРЫНА ДАЯР
- 19.08.2024
- 0
Нарын облусунун мугалимдери жаңы 2024-2025-окуу жылына карата билимдерин өркүндөтүп, окуучуларга жугумдуу, заман талабына ылайык билим берүү үчүн эс алуу учурунда ар кандай семинар-тренингдерден өтүп, жаңыча сабак берүүгө даяр турушат.
Нарын шаары боюнча үч мектеп курулууда
Жаңы окуу жылына карата көрүлүп жаткан иш-аракеттер боюнча облустун усулдук билим берүү борборунун директорунун орун басары С.Кошалиевдин берген маалыматына таянсак, С.Ж.Чолпонбаев атындагы жалпы орто билим берүүчү №10 мектептин курулуш иштери республикалык бюджеттин эсебинен 168 млн 864 миң сом каралып, “Ильяз курулуш” компаниясы тарабынан 2024-жылдын май айынан баштап курулуш иштери жүргүзүлүп жатат. Ал эми Нарын шаарынын В.П.Чкалов атындагы №2 жалпы билим берүүчү мектеп-гимназиясы 500 орундуу корпус “MERIBELL” курулуш компаниясы тарабынан курулууда. Ошондой эле Нарын шаарынын А.Садыков атындагы №9 жалпы билим берүүчү орто мектебинин 375 орунду жаны мектеби (сметалык баасы 141552000 сом) курулуп жатат.
Нарын шаарында жалпы 580 мугалим эмгектенет. Анын ичинен 533 мугалим жогорку билимдүү, ал эми 47 мугалим сырттан окуусун улантып жатат. 2023-2024-окуу жылында 40 жаш мугалим эмгектенип, тажрыйба топтоп, ийгиликтерди жарата алышты.
— Азыркы учурда Нарын шаарында мугалимдер PISA – 2025 эл аралык баалоого даярдануу максатында Билим жана илим министрлигинин “Келечек билим берүү” долбоору тарабынан “Инновациялык педагогикалык технологиялар жана STEM билим берүүнүн негиздери”, “Санарип сабаттуулук” жана РИПКК тарабынан “Жашыл көндүмдөр” окуу-семинарынан өтүштү. Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн усулчусу А.Кыдыралиева мугалимдерге “Билим берүүгө заманбап талаптар”, ”Математикалык, окурмандык, табигый илимдер сабаттуулук” темаларында окутуу тренингдерин өткөрдү. 2023-жылдын ноябрь айында ал Кытай ѳлкѳсүндѳ “Teenager Maker Camp” аттуу илимий лагерге катышты. 11-класстын окуучулары менен “Космос” темасын тандап, спутниктин моделин, Айда Экосистема куруп, жемиш ѳстүрүү боюнча проект ишин окуучулары менен ишке ашырды. Азиядан келген ѳлкѳлѳр арасында Кыргызстандан жалгыз бир команда гана Кытай ѳлкѳсүнѳ барып, катышып келди. Ошондой эле Маадемилова Сымбат илимий лагерде ѳзүнүн STEM боюнча методикасын кандай колдонуп жатканын жеткирип, англис тилинде доклад окуду. Докладында мектепте кандай проекттер ишке ашат, окуучулардын илимге болгон кызыгуусу тууралуу айтып берди. Ошондой эле бул доклад журналга англис тилинде түшүрүлдү жана Нарын облусунан келгенин докладында белгиледи, — дейт С.Кошалиев.
Азыркы учурда мугалимдер мектептерде лабораториялык каражаттар жетишпегендиктен “Виртуалдык лаборатория” сабактарын жана окуучуларды долбоор, изилдөө иштери менен көбүрөөк иштеткенге басым жасалууда.
Жоробек Сатылганов атындагы орто мектебинин математика мугалими Гүлүм Саадабаеванын айтымында, ал жайкы эс алуу учурунда окуучуларды ЖРТга даярдоо курсунан өттү.
— Учурда окутуунун 1-бөлүгү (бир ай) аяктап, 2-бөлүгү башталганы турат. Бул курста негизги тестте келүүчү алгебра жана геометрия предметтеринен бардык темаларды карадык. Абдан көп практикалык иштер болду. Суроолорду жаңы, жеңил ыкмалар менен чыгарганды үйрөндүк. Убакытты туура пайдаланууга көндүк. Эң негизгиси ЖРТда сөзсүз келүүчү жана ЖРТга жакын суроолорду чыгарып жаттык. Кудай буюрса, курстун 2-бөлүгүндө 10-11-класстын программасы боюнча олимпиадага даярдоонун эффективдүү ыкмалары жана (PISA) окуучулар жаттама эмес, алган билимин окуп түшүнүп, колдонууга үйрөтүү ыкмалары каралат. Мен алган билимимди сөзсүз түрдө туура пайдаланып, окуучуларды окутууга жумшайм, — дейт мугалим.
Ал эми Ак-Талаа районунун Жоробек Сатылганов мектебинде математика мугалими болуп эмгектенген Элмира Саякбаева дагы эмгек өргүүнүн мезгилинде билимин жогорулатуу максатында онлайн курстардан окуганын айтты. Окуучуларды ЖРТга даярдоо жана олимпиадаларда ийгиликтерди жаратуу — анын биринчи максаты.
— Мен июль айында инстаграмм баракчадан ЖРТга даярдоо боюнча Азизбек Мурзаевдин кулактандыруусун көрүп, агай менен байланышып катталып, 72 сааттык курсун алгебра, геометрия боюнча кээ бир эсептердин кыска чыгарылыштары боюнча жана татаал мисалдарды кантип оңой жол менен чыгарыш керектигин үйрөндүм, жакшы билим алдым. Андан сырткары электрондук портфолио түзүү жана техникалык каражаттарды кантип пайдаланып, кызыктуу сабактарды өтүү керектиги боюнча курстардан өттүм. PISA сынагындагы мисалдарды чыгарууда ыкчамдык талап кылынат. Бул сынактын максаты — окуучу алган билимин турмуш-тиричилик менен байланыштырууда да ыкчам эсептөө талап кылынат. Мисалы, базардан соода кылып жатканда өзүнө пайда келгидей жолун издөөдө тез эсептөө керек, бул курстун пайдасы бизди мисалдарды чыгарууда эсептердин оңой жол менен чыгарылаштарын окудук. Бул курстан алган билимимди математикалык сынактарда, ЖРТда, PISA — 2025 сынактарына даярданууда колдоном, — дейт элеттик мугалим.
Дагы бир нарындык мугалим Күмүшай Мамаева жаңы окуу жылына заманбап билим берүүнүн талабына ылайык, жаңы усулдарды үйрөнүү үчүн “Мугалимдер Академиясы” мугалимдердин квалификацияны жогорулатуу курсунан педагогика, психология, компьютердик билим алганын белгиледи.
— Бул курстан алган билимди сабактан колдоном. Мисалы, ден соолугу начар окуучу бар эле. Ал окуучу оор жумуш кыла албайт. Субботникке чакырып жатсам, ал окуучу мен жарабайм деген ойдо калды. Курстан алган метод менен ага жумуш тапшырдым. Ал кызга мен субботникке ким эмне алып келет, ким эмне алып келди, ким жаңы даярдык менен келүү үчүн келди, кандай иштегенин көзөмөлдөө жагын тапшырдым. Башка учурларда да жазуу жумуштарын берип, ага болгон ишенимди арттырдым, — дейт К.Мамаева.
Ал ошондой эле “Биз билгибиз келет” — компьютердик академиясы тарабынан өткөрүлгөн онлайн курска да катышып, 2 жарым ай 72 сааттык окутуудан өттү. Бул академиянын курстарынан ал үч жылдан бери окуп келатат.
Курстан алган билимдин негизинде элеттик мугалим “Жылдын мыкты мугалими — 2024” конкурсунда пайдаланып, жакшы жыйынтык көрсөтө алды. Баалоодо, үй тапшырма текшерүүдө, бышыктоодо алган билимдерин колдонуп келет.
— Мисалы, бышыктоодо футбол оюнун түзүп (https://www.umapalata.com/zexpo/game.html?LANG=RU&idGames=98569) жыйынтыктап алдым. Окуучулардын алган билимин футбол ойнотуп, түшүнгөнүн текшерип алдым. Кызыгуусу артат экен. “Сабакты кызыктуу өтүүнүн заманбап ыкмаларын IT билим берүү менен айкалыштыруу” аталышы боюнча 16 саатык квалификацияны жогорулатуу курсунан өттүм. Бул курстан да жакшы билим алдым. Эми сабактарга колдоном. Ар бир курстун өзүнчө жакшы жактары бар. Окуучунун кызыгуусун арттырууда чоң салым кошот, — деди мугалим.
Ошентип, нарындыктар эс алууда бир дагы убакытты текке кетирбей ар ким ар кандай курстардан окуп, билим куржунун жаңыча усулдарга, ыкмаларга толтурушту.
Айтмакчы, 2024-2028-жылдарга мектептик билим берүүнүн он эки жылдык түзүмүн этап-этабы менен киргизүү, эл аралык билим берүү мейкиндигинде интеграцияланган жана таанылган улуттук мектептик билим берүү системасын түзүү, глобалдык атаандаштыкка жөндөмдүү болууга мүмкүндүк берген жана улуттук социалдык-маданий мурасынын сакталышын жана өнүгүшүн камсыз кылуу максатындагы Билим берүү жана илим министрлигинин буйругун аткарууга нарындыктар бардык аракетти көрүп жатканы жакшы көрүнүш.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер