НАРКТУУЛУК – БААРЫНА БИРДЕЙ БААЛУУЛУК

  • 13.07.2023
  • 0

Чүй районундагы Б.Маленов атындагы орто мектептин ардагер мугалими Райкан Дүйшөналиева өзү иштеген мектепте “Манастаануу” борборун негиздегенден бери ошол борбордогу “Манастаануу” ийримин түзүп, жаш муундарга эле эмес, улуу жана орто муун өкүлдөрүнө улуттун каада-салт, улуттук нарк насил баалуулуктарын кеңири жайылтууда өз замандаштарына үлгү болуп, үзүрлүү эмгектенип келатат.

“Бала Манас бакчада”

Ардагер мугалим Кыргыз ССРинин, СССРдин Эл агартуусунун отличниги, Чүй районунун Ардактуу атуулу, Чүй облусунун “Кеменгер” Ардак төш белгисинин ээси болгондугу, андан тышкары, “Мунара-Эне” коомдук фондунун негиздөөчүсү-төрайымы экендиги бул анын жеке сыймыгы, сыйлыгы эле эмес, бүтүндөй мугалимдер журтунун сыймыгы жана терең жоопкерчилиги экени да анык.

НАРКТУУЛУК – БААРЫНА БИРДЕЙ БААЛУУЛУК

Райкан Абдиловна Президентибиз Садыр Жапаровдун “Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндөгү” жана «Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы болгон “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” үчилтигин ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндөгү» жарлыктарын ишке ашыруу жана жайылтуу жеке эле агартуучулардын эмес, улуу-кичүү жарандардын да бирдей милдети деп эсептейт.

— Тарыхыбызды, каада-салтыбызды, нарк насилибизди жоготпой баалап-барктап билип жүрүшүбүз үчүн бала бакчалардан баштап мектептерде, жогорку окуу жайларда түрдүү иш-чараларды байма-бай өткөрүп турушубуз керек деп билемин. Өзүм кыргыз наркын туу туткан инсан катары тарыхый, улуттук дөөлөттөрдүн даңазаланып, ардакталып-бааланып сакталышына жан үрөп, элге, айрыкча, жаш муундарга жеткирүүдө колумдан келишинче аракеттерди жасоо менен бирге, “Мунара-Эне” коомдук фондунун ишмердүүлүгүнүн алкагында семинар, кереге отурум, ангеме, лекция, конференцияларды, маданий багыттагы иш-чараларды байма-бай уюштуруп келатамын. Алсак, Чүй районунун бир катар бакчаларында “Бала Манас бакчада” аттуу долбоорубуз жемиштүү иштеди. Өткөрүлгөн иш-чаралар мектеп жашына чейинки балдардын жүрөгүнө улуттук дөөлөт жана кыргыз нарк-насилинин уругун өндүргөнүн байкаганда, аракетибиз текке кетпептир деп кубандык, ыраазы болдук. Албетте ал иштердин баары мугалимдер менен тарбиячылардын талыкпас түйшүгүнүн натыйжасы. Алардын ар бир иш-чараны изденип, чыгармачылык менен креативдүү мамиле жасап өткөргөнү өз жемишин берди. Беш-алты жаштагы балдар эпостогу каармандардын образын жаратып, “Манас” айтып, кыргыз салтын көрсөтүп, патриоттук ырларды аткарып, улак тартмай, аркан тартмай, жаа атмай, топ таш, жип алмай ж.б. кыргыз оюндарын көрсөткөндө, кубанычтан көзүбүзгө жаш алдык. Айрыкча, бакчадагы кичинекей бөбөктөрдүн манас эпосунан бир топ сапты жатка билгендиги баарыбызды таң калтырды. Ушундан улам “Манас” үчилтигин бакчадагы балдардан баштоо керек экен деген тыянакка келдик, — дейт.

“Манастаанууга” бир ай арнайлы

Бүтүндөй өмүрүн балдарга билим-тарбия берүүгө арнап келаткан ардагер агартуучу Райкан Абдиловна 1971-жылы КУУнун кыргыз филологиясы факультетин аяктагандан бери мектепте пионер жетекчиси, кыргыз тили жана адабияты мугалими, Чүй районунун Алчалуу айылынын орто мектебинин директору, Чүй-Токмок шаарынын администрациясында мамлекеттик тил жана улуттар аралык мамилелер боюнча жетектөөчү адиси, Чолпон-Ата шаарындагы Балдарга билим берүү борборунун «Манас» мектебинин жетекчиси, Чолпон-Ата шаарындагы Г.Гмайнер атындагы SOS «Балдар айылындагы» мектептин билим берүү курсунда кыргыз тили жана адабияты сабактары боюнча жекече репетитор ж.б. кызматтарда жалпысынан алганда, жарым кылымга жакын агартуу майданында чарчадым-чаалыктым дебей, алдыңкы катарда жаштарга насаатчы болуп келатат. Ардактуу эс алууга чыкса да коомдук иштер менен активдүү алектенип, бүгүнкү күнгө чейин Чүй районунун Маданият айылындагы Байдылда Маленов атындагы орто мектебинде өзү түзгөн «Манастаануу» борборун жетектеп, ошол борбордогу «Манастануу» ийриминин жетекчиси болуп иштейт. Жигердүүлүгү жаштарга үлгү насаатчы мугалим Райкан Абдиловна жакында эле Чүй облусунун билим берүү жана илиминин ардагерлер кеңешинин төрайымы болуп шайланганы, ага болгон терең ишенимдин айкын далили. Өз окуткан сабагына жаны менен берилген эжей “Манастаануу” сабагын планга киргизүү керек деп эсептейт.

 

НАРКТУУЛУК – БААРЫНА БИРДЕЙ БААЛУУЛУК

— Кыргыздын тили — Манастын тили, андыктан “Кыргыз тилинин” үч айлыгынын бир айын, алсак, ноябрь айын Манастаанууга арнасак, ал боюнча иш-чаралар милдеттүү түрдө өтүлүп турмак. Анткени аны өкмөттүк деңгээлде билим берүү тармагынын планына киргизбесе, тегиз ишке аша койбойт. Муну өз башымдан өткөргөн түйшүктөн улам айтып жатам, анткени коомдук уюм тарабынан уюштурулган иш-чарага мектептер да, бала бакчалар да, окуу жайлар да окчун мамиле кылышат.

Өлкөдө жарлыктардын аткарылышы үчүн анын так критерийлери болбосо, максаттуу иш-чаралар колдоого алынбай калат экен. “Манас” күнү — 4-декабрь Өкмөттүн бир күн эскерүүсү менен гана чектелип калат. “Манас” – улуттун уңгусу, кыргыз идеологиясы эмеспи. Муну келечек муундардын сезимине сиңирүү керек” – деп, омоктуу ой-сунуштарын далилдер менен бекемдеди.

Эне-аталар – этнопедагогика эталону

“Мунара-Эне” коомдук фондунун демилгеси менен Б.Маленов атындагы Маданият орто мектебинде түзүлгөн “Ата-энелер мектебинин” долбоору натыйжалуу иштеп келатат.

“Ата-энелер мектебинин” алкагында өспүрүмгө үй-бүлөдө туура тарбия берүү үчүн ата-эненин түздөн-түз аралышып катышуусун талап кылуу абдан зарыл экенин коомчулук анык аңдап билип калбадыбы. Андыктан, ата-эне этнопедагогиканын негиздерин, тарыхты, каада-салтты, билим-тарбиялоонун бүгүнкү күндөгү өзгөчөлүктөрүн билүү үчүн, ошондой эле кыргыз элинин баа жеткис байлыгы “Манас” үчилтигин популяризациялаштыруу максатында лекция, семинар, аңгеме, кереге отурум, конференцияларды өткөрүүнүн максатка ылайык келет деп эсептеген ардагер эжей, жагымдуу шарттарда ата-энелер менен жогорудагы темалар боюнча баарлашуу, соц.педагогдор, балдар психологдору ж.б. менен окутуучу-семинарларды да өткөрүү керектигин баса белгилеп, өзү да ушул багытта ишти алып баруунун жолдорун издөө үстүндө жүргөнүн айтты.

НАРКТУУЛУК – БААРЫНА БИРДЕЙ БААЛУУЛУК

— Улуттук баалуулуктар, улуттун тарыхы, элдик мурастар аркылуу билим берүү жана тарбиялоо иштери комплекстүү, үзгүлтүксүз болушу абзел. Жаш курактык өзгөчөлүккө жараша алгач балдар бакчасында, анан мектепте, орто кесиптик окуу жайларда, жогорку окуу жайларда жана бара-бара эмгектенип жаткан иш ордунда комплекстүү иштер  аткарылып турса, жалпы коомчулук да тарбия иши тек гана тарбиячы, мугалим-педагогдордун иши деп кайдигер болбой, ар бирибиз үйдөгү жана коомдук жайлардагы туура эмес көрүнүш-жосундарга жалпылап бөгөт коет элек. Андай терс жосундар бара-бара өзү эле жоголмок. Ар тараптуу, орундуу аракеттер менен биз улууну урматтаган, кичүүнү ызааттаган, ата-баба салтын, тарыхын, намысын сактаган, баалаган, барктаган, урматтаган коом өкүлдөрүн өстүрүүгө жетишерибизге терең ишенемин.

Мен Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовдун радио уктуруулар, теле көрсөтүүлөр жана гезиттер аркылуу улуттук каада-салт, бабаларыбыздын наркы менен накыл мааниси тууралуу айткандарын муюп угам. Атаганат, аны ар бир атуулубуз угуп, угуп эле тим болбой, кулагыбызга куюп, күнүмдүк жана эртеңки турмушубузда колдоно билсек, эң сонун болбойт беле. Мен өзүм эне тилибиз, тарыхыбыз, адабиятыбыз, деги эле жалпы рухий мурастарыбызды жигердүү жайылтып, жаш муундарды улуттук-руханий дөөлөттөрдүн нугунда тарбиялоо, өстүрүү, калыптандыруу жаатында иш-чараларды уюштуруп, коомдук иштер менен алектенгенден кубат алам, себеби тарбия жана билим берүү ар тараптуу болууга тийиш. Өнүккөн, кубаттуу жана келечектүү өлкөнүн мыкты муунун өстүрүүдө бала бакчада – тарбиячылар, мектепте мугалимдер, үйдө — ата-энелер менен бирге бир туугандар, жогорку окуу жайларда педагогдор ар убак туура жүрүм-турум, туура мамиле куруу, туура сүйлөө, туура иш алып баруу ж.б. турмуштук темаларда сабак өтүп, бири-бирине үлгү болуп турса, оң натыйжасы көпкө күттүрбөсү анык, — дейт ардагер мугалим Райкан Дүйшөналиева.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер