«НАРК КУРЖУН 2» КИТЕБИ КЫРГЫЗДЫН КААДА-САЛТЫН ЧЕЧМЕЛЕЙТ
- 13.12.2024
- 0
Ааламдашуу доорунда бардык тараптан өнүгүү менен бирге адам баласынын келечек турмушунда сөзсүз түрдө альтернативдүү тандоо турат – ал өнүгүүгө алган багытыбызда руханий дөөлөттөрүбүздү карманып сактап калуу, же «заманбап» деген сөздүн маанисин туура эмес түшүнүүдөн улам бөтөн элдин маданиятын өздөштүрүп, өзүбүздүн улуттук руханий дөөлөттөрүбүздү акырындык менен түртүп чыгаруу.
Адам баласы жер бетине жаралгандан тартып эле өнүгүү үстүндө келет. Өнүгүү бул – үзгүлүксүз жүрүп туруучу токтоосуз процесс. Бирок ошо ар бир элдин өзүнүн өнүгүүсүндө байыркы доордон бери карай келе жаткан адеп-ахлакты сактаган, нарк-насил менен муун тарбиялаган жазылбаган мыйзамдары бар болот эмеспи. Экономика, маданият, социалдык абал олуттуу өзгөрүүгө дуушар болгону менен, адамзаттын канына сиңген үрп-адаттарынын негизги бөлүгү доорго жараша өзүбүздүн гана менталитетке ылайык болгудай бир аз гана өзгөрүүгө дуушар болгону болбосо, өзөк сакталууга тийиш! Ошо үчүн ХХI кылымдын башынан тарта Жер шарынын бүткүл элине, анын ичинен кыргыз элине да глобалдаштыруу процессине толугу менен кирип кетип, ата-бабаларыбыздын кан-жанын аябай сактап келген маданий, адеп-ахлак мурастарын жоготуп салып, бөтөн элдердин баалуулуктарын кабыл алуубуз керекпи, же наркыбызды сактап калып, биз дагы ошо бабаларыбыздай уялбай кийинки муунга өткөрүп берүүбүз маанилүүбү? – деген олуттуу суроо жаралган. Албетте, дүйнөлүк процесстер Кыргыз мамлекетибизге олуттуу таасирин тийгизди. Өзгөчө, маалымат чагылгандай тез тараган техниканын доорунда анын таасиринен жаралган эң чоң коркунуч – улуттук иденттүүлүгүбүз менен бирге, нарк-насилибизди да жоготуп бара жатканыбыз болду.
Коомубуз руханий жактан жабыркады! Коомубузга руханий адеп-ахлак, дөөлөт жетишпей турат! «Адам боло турган адам биринчи иретте, бала кезинен жамандан адашып, жакшыга жанашып, анын таалимин алып, элдик адеп-ахлактын мыкты өрнөктөрүн үйрөнүп, нуска сөзгө, насыят-накыл кепке кулак төшөшү керек. Боз бала ушундай жол менен акырындап жүрүп отуруп адам болот. Акыл-макал экөө бирдей келер, ал экөөнүн айтканы күндөй тиер, билген адам ошону байым кылаар, көкүрөккө ойлонуп дайын кылар» – деп, Калыгул Бай олуябыз учурунда айткандай, азыркы коомдун дартынын дабасы – руханий байлык тартуулап, кепке келтире турган накыл сөздөр, адептүү жүрүм-турум!
Мына ушундай шартта Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун 2021-жылдын 29-январындагы «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» №1 Жарлыгын жана 2022-жылдын 20-майындагы «Улуттук нарк жөнүндө» №157 Жарлыгын турмушка ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы, накыл сөздөргө сандыгы толгон, айтарга кеңеши, берерге батасы белен турган Сүйүнбек Касмамбетовдун «Кыргыз наркы», «Нарк – улут көрөңгөсү» сыяктуу мазмундуу иш-чараларды жүргүзүп, калың журт ичинде коомго руханий азык берип, руханий дөөлөттү кайтарып келүүгө жан үрөп жүргөн чагы. Албетте, бери эле дегенде отуз жылдан ашык (постсоветтик мезгилдин башталышынан эле алсак) убакыт бою нарк-насилди, адеп-ахлакты артка жылдырып коюп, бөтөн элдин үрп-адатын, «баалуулуктарын» өзүбүзгө кабыл алып, сиңирип бара жаткан жети миллиондон ашык калктын жан дүйнөсүнө төңкөрүштү дароо жасай коюуга мүмкүн эмес. Ошентсе да С.Касмамбетовдун калк арасында жүргүзүп жаткан иши ар бир жарандын көңүлүн өзүнө буруп, накыл кептери руханий дил азык болуп, кыргыз жаранынын жан дүйнөсүнө төңкөрүш жасап, ойлонууга түрткү берип келе жатканын тана албайбыз. Бул бир какыраган таштак жерге, же чөлгө гүл өстүрүү менен барабар.
Дүйнө жүзүндө алгач эки гана түрдүү адам болгон экен: Эркек жана Аял деген. Анан бара-бара миллиарддаган калкка айланыптырбыз. Дал ошол сыңары, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетовдун бүгүнкү күндөгү иши, накыл сөздөрү эки адамдан миллион адамга тарай турган, мээсине куюлуп, аң-сезимге төңкөрүш жасап, адам өзүн кайра башкача жарата турган зор иш деп кабыл алуу зарыл.
Анын басып чыгарган «Жол санат», «Ой санат», «Нарк куржун» аталышындагы басылмалары окурмандардын жан дүйнөсүнө төңкөрүш жасап, адеп-ахлак, нарк сыяктуу баалуу сапаттарды ойготууга түрткү берип жатканын эч кимибиз тана албайбыз. Бирок мамлекеттик катчы С.Касмамбетовдун айтуусу боюнча, бул китептердеги архаизмге, историзмге айланып кеткен көркөм сөз каражаттарынын мааниси көпчүлүк окурманга тааныш болбой, чечмелөөнү талап кылган. Натыйжада, ошол көркөм сөз каражаттары талдоого алынган «Нарк куржун 2» китеби жарык көрдү.
«Нарк куржун 2» китебиндеги баяндарында тарыхый, маданий, психологиялык негиздер бар, улуттун баалуулугу, эскерүүбүз, элестетүүбүз камтылган, аларда адамдын коомдогу орду гана эмес, мекенге, адамга, эне тилге, маданиятка, урпактарга болгон мамилебиз да козголуп турат. Текст ичиндеги даяр көркөм сөз каражаттары, автордук көркөм сөз каражаттар, сүйлөм түзүү ыкмасы, жада калса тыныш белгилери да көптөгөн окурмандардын бүйүрүн кызытып, чечмеленишин издетүүгө мажбур кылат. С.Касмамбетовдун сөздүк корунда кыргыз тилинде кенен жайылып колдонулуп келе жаткан, же болбосо унутулуп историзмге, же архаизмге айланган каражаттардан сырткары, автордук көркөм сөз каражаттарын, автордук тыныш белгилерди да арбын кездештиребиз. Автордук көркөм сөз каражаттар аркылуу этностун тарыхы, этнографиясы, психологиясы даана сызылып чыгат.
Руханий адеп-ахлактан сырткары, Интернет түйүнүнүн тээ алыскы аймактарга чейин кенен жайылышы менен, бетме-бет жандуу баарлашуулар, китеп окуулар азайып, интернет аркылуу кыска баарлашууга, аң-сезимди жалкоолукка түрткөн кыска гана маалыматтарды окууга адамзат көнүп бара жатат. Анын кесепетинен тилге чоркок, сөз баалабаган, сөз төркүнүнө маани бербеген муун өсүп келе жатканы да коркунуч туудурат. Жөнөкөй адамдан тартып кызматкерге чейин айрым адамдар оюн так, маңыздуу түшүндүрүп бере албаган учурлар көп. Мектеп окуучуларынан тартып, ата-энелерге чейин «ок», «оа», «мм», «давай», «поки», «чмоки» деген чоркок сөздөргө көнүп, телефондон даяр смайликтерди жиберүү менен сүйлөшүүнү адатка айландырышты. Андыктан коомду, келечек муунду адеп-ахлакка, руханий дөөлөттөргө гана сугарбастан, сөздү кадырлоого, кеп маданиятын өстүрүүгө да көнүктүрө турган учур келди. Ал үчүн алгач фундаментти бекемдөө керек. Ошол багытта Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы С.Касмамбетовдун «Нарк куржунунан» алынган баяндары жана анын текстиндеги негизги ойлордун, көркөм сөз каражаттарынын чечмелениши мектеп курагындагы балдардан баштап, жалпы кыргыз журту үчүн мекен, эл-журт, үй-бүлө алдындагы жоопкерчилигин арттырууга, кыргыздын каадасын, салтын, наркын түшүнүүгө, келечекте турмуш-тажрыйбасында колдоно билүүгө, сөз байлыгын өстүрүп, кеп маданиятына көнүктүрүүгө түрткү бере турган материал катары пайдалуу колдонмо боло алат.
Мисалы, «Баам» деп аталган баян «Камчыны илбей кирген жигиттер» деп башталат. Кыргыз элинин жашоо турмушунда камчынын өз орду бар, ал ат жабдыгы эле болуп калбастан, көчмөн доордо согушта курал да болгон. Камчы менен мамиле чечилген. Көчмөн кыргыз элинин турмушунда ар бир үйдө камчы илинип турган. Көчмөн заманда камчынын абалына жараша жолоочунун максатын аныкташкан.
Камчыны качан илбей кирет? Камчыны ээрдин кашына илип кирсе, эр жигит шашкандыгын билгизет; камчыны колуна кармап, сүйрөп келсе, «даярдан, мен сени менен чабышканы келдим» – деген белгиси; камчыны өтүгүнүн кончуна кыстарып кирсе, жатар конок экендигин, “каадаңды көр” – дегени; камчыны колтугуна кыстарып жүрсө: “мен жок издеп жүрөм, мал издеп жүрөм, чочуба, үйдүн ээси”, – дегенди туюндурат. Ал эми камчыны илбей, колуна бүктөй кармап кирсе, чабарман экендиги же кабарчы экендиги; мойнуна илип кирсе, кечирим сурап келгенин билдирет. Демек, С.Касмамбетов дал ушул вербалдык эмес аракет аркылуу кыргыздын камчыны сүйлөтө билгенин көрсөтөт.
Андан ары «шашпай бедиреп отурган жигиттердин сөзү кызыганда, сыңар тизелей отуруп, кымыз куюп жаткан келин, акыркы кайрыкка жеткен чаначты жаңыртмакка жер таяна туруп, сыртка жөнөдү» деген сүйлөм бар.
«Сыңар тизелеп отуруу»: Эки буту менен тең эмес, сыңар (бир, жалгыз, жалкы, көбүнчө кош нерсенин бири, түгөйү) тизелеп отурат. Мында адеп-ахлактуу жүрүм-турум туюнтулган. Эркектердин жанына шашпай келип, тизелеп отуруп калган жок, сыңар гана тизелеп отурду, демек, аял кишинин адеби сакталды. Көчмөн кыргыздын заманында улуу жана орто жаштагы аялдар бир бутун сунуп, экинчи бутун тизелеп көкүрөгүнө тартып отурушчу. Ал эми жаш келин, кыздар бир бутун тизеден бүгүп, экинчи бутунун үстүнө отурган. Дал ушул отуруш «сыңар тизелеп отуруу» деп аталат.
Мындан сырткары, шашылыш жүргөн эркектер да сыңар тизелеп, отура калчу. Мисал келтирсек:
- Жамагат чогулду. Өкүрүк тоо титиретти. Бекназар баштаган топ өкүрүп бүтүшүп, кумсарып-кумсарып ар кимиси ар жерде сыңар тизелеп, отуруп калышты. Эшим гана жаңы өкүрүктөрдү тосуп кырчоо кармап, бөйрөгүн таянып: — Кубаты-ы-м!.. Кубатым сенден айрылдым!.. — деп бүткүл денеси менен солкулдап өксүп турду (Т.Касымбеков. «Сынган кылыч»).
Демек, сыңар тезелей отуруу – жаш аялдар үчүн каада-салттын белгиси болсо, башка учурларда ыңгайсыздыкты, шашылышты, же бир өтүнүч менен кайрылуу үчүн отургандыгын туюндурган вербалдык эмес кыймыл болуп саналат. Мында «сыңар тизелөө» сөзү менен жыныстык өзгөчөлүк, жаш өзгөчөлүк жана шарт-кырдаал ажыратылып жатат. Бул дагы жогорудагыдай эле вербалдык эмес кыймыл-аракет аркылуу кыргыздын наркын туюнтуп турат.
Ушул эле баянда «Акыркы кайрыкка жеткен чанач» деген сөз айкашы бар: Чанач – кымыз, айран куюп алып жүрүү үчүн улактын, эчкинин, серкенин туюк союлган терисинен жасалган, көчмөн кыргыздын турмушунда кенен колдонулган идиш.
Кыргыздар кээде кымызды идишке куюп албастан, чаначтын өзүн алдына коюп, оозунан жээгин сыртка карай кайрып кармап, отурган мейманга идишке кымыз куюп турган. Кымыз бөксөргөн сайын, анын жээгин улам сыртка кайрып отуруп, куя берген. Ошентип, чанач жээгинен кайрыла берип, акыркы кайрыгына жеткенде – кымыз түгөнөт. Бул сөз айкашы менен кыргыздын ошол учурдагы идиш менен байланышкан аракетин гана көрсөтпөстөн, ошо процесстеги кыймылды да элестүү көрсөткөн. Демек, чаначты толук көтөрүп куюуга болбойт, андагы кымыз азайган сайын куюуга жеңилдик шарт түзүп, жээгин сыртына карай кайрып жүрүп отурган. Муну менен кыргыздын этнографиясындагы маданияты чагылдырылган.
«Чаначты жаңыртуу»: Чачачты жаныртпайт, тактап айтканда, жаңы чанач алып келбейт, ичиндеги кымыз түгөнгөндүктөн, кайра дагы кымыз куюп келет. Мында «чанач» сөзү – метонимия (метонимия – бири-бирине кандайдыр-бир алакасы бар, бирок окшошпогон предметтин белгилери алмашат. Мисалы, мында нерсенин (кымыздын) аты идиштин (чаначтын) ордуна колдонулду болуп эсептелет.
«Сөз кызыганда: Курсактагы баланын кулагы ачылган экен, жакшы маанай, жагымдуу сөзгө өткүлө, жигиттер!» – деп жатат аксакал.
Мында кыргыз карыяларынын көсөмдүгү, жөн билгиси, этинопедагогикасы жатат. Кыргыз эли ушундай кааданы, үрп-адатты, наркты тутуу менен болочок инсанды тарбиялап келген. Тактап айтканда, муундан-муунга өтүп келе жаткан ыймандын, маданияттын, ишенимдердин, нарк-дөөлөттөрдүн духунда тарбиялоого багытталган билимдердин жана иш-аракеттердин калыпка салынган тутуму болгон этнопедагогиканын негизинде инсанды тарбиялоо ишке ашырылган.
Илимпоздор курсактагы бала менен эненин ортосунда эмоционалдык байланыш болуп, ал баланын дене бойлук, акыл-эс саламаттыгына таасир этет деп айтып келишет. Бирок мындай байланышты кыргыз эли байыртан эле билип, кош бойлуу келиндин көзүнчө жаман адаттан, жаман иштен, жаман сөздөн алыс болушуп, курсактагы ымыркайды да, энени да коргоп келишкен.
Учурда статистикага таянсак, 2017-жылдан азыркы учурга чейин жылына 500дүн тегерегинде майып бала төрөлөт. Эненин стрессте болушу, жаман окуяларга кабылышы, жаман сөздөрдү угушу анын организминде картизол гормонунун деңгээлин жогорулатып, түйүлдүктүн өөрчүшүнө терс таасирин тийгизет да, ымыркай ара төрөлүп, же салмагы өтө кичине болуп же майып төрөлүп калуу коркунучу бар. Изилдөөчүлөрдүн маалыматтары боюнча, курсактагы кезинде мындай терс маанайдагы сөздөрдү уккан түйүлдүк, түйүлүп, жарык дүйнөгө келүүдөн коркуп калат. Тескерисинче, эненин кубанычы, сүйүүсү, бакубат жашоосу баланын өөрчүшүнө оң таасир этип, кош бойлуулукту тынч өткөрөт.
Карында кезинде таасир эткен терс нерселерден улам көптөгөн наристелер чыркоо болуп, же кайрымсыз өсүп же майып болуп төрөлүп калышат. Демек, баланын кулагы курсактагы кезинде эле ачылат да, энеге карата болгон бардык таасирлерди сезип, туюп, угуп турат.
Бул алты гана сүйлөмдөн турган бир гана баян ичиндеги таалим-тарбиялык багыттагы мисалдар. Наркка чакырган мындай баяндардагы ушу сыяктуу вербалдык эмес да, вербалдык да көркөм сөз каражаттары өтө көп. Булардын бардыгы келечек муунга өз таасирин тийгизип, сөздү баалоого, наркты кадырлоого көнүгөт деген изги тилегибиз бар.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы С.Касмамбетовдун интернет бетине жарыялап келе жаткан Нарк куржунунан баяндарындагы көркөм сөз каражаттарына талдоо жүргүзүлүп, чечмелеп берүү аракети, С.Касмамбетовдун өзүнүн уруксаты жана каалоосу боюнча, илимий багыттан эмес, мектеп окуучусунан баштап, жөнөкөй окурманга чейин түшүнүктүү болуусу үчүн жөнөкөй гана тил менен жүргүзүлдү. Андыктан бул китеп ар бир окурмандын жүрөгүнөн түнөк табат деген ишенимдебиз.
Бурулсун БАБАШЕВА, КР ЖК Аппаратынын Котормо, редакциялоо жана лингвистикалык кызмат бөлүмүнүн сектор башчыс
Комментарийлер