МУГАЛИМДИН ЖАН ДҮЙНӨСҮ ЭМНЕГЕ ЧАРЧАБАЙТ

  • 05.03.2022
  • 0

Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылындагы академик Аман Мамытов атындагы мектеп-гимназиянын директору Бурулжан Абдырахманова 8-март – Аялдардын эл аралык күнүн быйыл өзгөчө маанайда жана өзгөчө статуста тосуу алдында турат. Анын 40 жылдан ашык педагогикалык эмгеги татыктуу бааланып, жакында эле КР эмгек сиңирген мугалими болду.

Чоң ата, чоң энеге таандык балалык

Бурулжан Абдырахманова (Сыдыкова) 1957-жылы 20-сентябрда Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районундагы Көк-Мойнок деген айылда жарык дүйнөгө келген. Анын балалык чагы чоң эне-чоң атасынын койнунда эркелеп өттү. Анткени аны кыргыздардагы тун небереге таандык тагдырга байланыштуу төрөлгөндө эле чоң энелери энчилеп алышкан болчу. Айрыкча Бүбүй чоң энесинин жомоктору күнү бүгүнкүдөй эсинде.

– Чоң энем Бүбүй ак сөөк жан эле. Кочкордо турушкан таякелеримдин айтымында, энем кадимки олуя Калыгул байдын тукумунан болгон. Калыгул байдын Бердике деген бир тууганынын баласы Калыбек, анын баласы Чыныбек болгон, ошол Чыныбек бийдин кызы менин чоң энем – Бүбүй. Чыныбек бий өз заманына жараша сабаттуу адамдар менен байланышып, балдарын окутуп билимге умтулган адам болгон дешет. Ал эми чоң атам Сыдык Тоңдогу Катагандын кан Кошоюнун тукумунанбыз деп айтып жүргүлө деп көп айтчу. Энем кол өнөрчүлүк менен алектенчү, жайдын саратанында боз үйдүн чийлерин иргеп, жүндү кызыл-тазыл боекторго салып кооздоп, таар соккону, айтор, кандай кыймылдаса да, аппак элечеги башынан түшпөй, зыңкыйган жүрүм-туруму көз алдыма балалыктын балдай таттуу элеси менен кошо тартылат.

МУГАЛИМДИН ЖАН ДҮЙНӨСҮ ЭМНЕГЕ ЧАРЧАБАЙТ

Үй-бүлөсү менен

 

Энем мага дайыма жатаарда сонун жомокторду айтып берчү. Акыл Карачач, Жээренче Чечен, Ак Мөөр, Манас, Семетей, Сейтектерди ошол энемдин оозунан уккам. Анын айтуусу боюнча кадимкидей көз алдыма элестетчүмүн, — дейт.

Кийин чоң энеси ден соолугуна байланыштуу Бишкекке көчүп келгенде чоң энеси менен кошо келгени, ал ортодо чоң атасы эт, май, куруттарды куржундап ташып турганы, энеси экөө үйдө жалгыз калганда ырдап берген ырлары бүт жадында жадыбалдай сакталып калды.

– Эми ойлосом, энем астма окшойт, жөтөлгө көл жээги жакшы дешкенинен, кайра Чолпон-Атага көчүп бардык. Мен Чолпон-Ата шаарындагы Киров атындагы мектепке 1-класска кирдим. Байкем Сапарбек орусча жакшы билсин дегениби же ошол кезде жапырт мода ошондой беле, айтор, мени орус класска отургузду. Аны уккан энем барып мени кыргыз класска киргизди. Байкем да өз оюнан кайткысы келбей, кайра орус класска которду. Бирок энем өжөрлөнүп кайра-кайра барып атып акыры жеңип, мени кыргыз класска отургузду. Ошентип, мен 10-классты аяктап, Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарына билим жолуна аттандым. Мында мени КМУнун чет тилдер факультетинде англис тилинен сабак берген бир тууган таежем Үмүт Асанова тосуп алып, өзү иштеген факультетке окууга кирүүмдү сунуштады. А мен кыялымда энемди дарылаган дарыгер болгум келчү. Бирок таежемдин сунушун четке кага алган жокмун, анын үстүнө ал кезде бизде чоңдорго каяша айтуу деген жок эмес беле. Мен мектепте немис тилинде окугандыктан, Роза Отунбаеванын бир тууган эжеси, таежемдин жакын курбусу Рая эже репетитор болуп, немис тили бөлүмүнө даярдана баштадым. Рая эжеге ушул кезге чейин ыраазы болом, ал мени алфавиттен баштап үйрөтүп, ырларды жаттатып: “Болбой эле баратса ыр айтып жибер” — деп катуу даярдаган (күлүп). Ошентип, Рая эженин жардамы менен кирүү экзамендеринен ийгиликтүү өтүп, немис тили адистигинде окуп калдым. Таяжем мага “Жакшы оку, окууңду Москвадан улантасың, элчи болосуң” деп менин жакшы окушума демилгелеп турчу.

Эне кесибин улаган урпактары

Бурулжан Чокаевна 1979-жылы КМУну ийгиликтүү аяктап Чолпон-Атага барганда, үйүндөгүлөр шаарга кайра кетишине каршы чыгып, Ысык-Көл райондук комсомол комитетинде жаңы ачылган мектептер бөлүмүнүн инструктору кызматына ишке киргизишти. Ошол жерден иштеп жүргөнүндө, баскан-турганы тың, ар бир ишти жоопкерчилик менен аткарган, олоң чачы жер чийген жаш адиске райондук комсомол комитетинин биринчи катчысы “көз кырын салып” жүрсө керек, армиядан жаңы келген инисине кудалап алып берип коюшту. Жолдошу Канатбек экөө кудайга шүгүр, үч кыз, бир уулду тарбиялап өстүрүп, эрезеге жеткиришти.

Бурулжан эженин улуу кызы Жылдыз апасынын жолун жолдоп чет тилчи болду. “Тил билсең дил билесиң” демекчи, КББАда, ОБСЕ академиясында, Вашингтон университетинде, Шотландияда, Дипломатиялык академияда билим алган кызы, эл аралык уюмдарда ишин ийгиликтүү улантып кетти. Учурда үй-бүлөсү менен Португалияда жашайт.

Кийинки кызы Кундуз КМУнун юридикалык факультетин аяктаган. Юридика илимдеринин кандидаты, учурда Кыргыз юридикалык академиясында декан. Үчүнчү кызы Салтанат да мугалимдик кесиптен баштап, бирок кийин турмуш шартка байланыштуу туризм тармагына өтүп кетти. Уулу Нурбек кесиби боюнча юрист, учурда Ысык-Көл райондук жол коопсуздугу кызматынын башчысы болуп иштейт. Ал эми келини Алтынай кайненесинин жолун жолдоп, башталгыч класстын мугалими болду. Абышкасы Канатбек Абдырахманов экөө азыр алты неберенин жытын жыттап, амандыгын тилеп бакубат өмүр сүрүшүүдө.

Мугалимдик кесиптин сыйы жана сыймыгы

Ысык-Көл районундагы академик Аман Мамытов атындагы мектеп-гимназиясынын директору, кыргыз тили, адабияты жана немис тили мугалими, “КР эмгек сиңирген мугалими” наамынын ээси Бурулжан Абдырахманова баш-аягы чейрек кылымга жакын директорлук кызматты аркалап келет. Биз адатта мугалим жөнүндө жазганда, ал милдетин кандай аткарып жатканын, кандай эмгек сиңиргенин алдыңкы планга коюп алабыз. Анын турмушу, адамдыгы, кыялы, максаты жөнүндө учкай гана кеп кылып коебуз. Бул жолу мугалим жана жетекчи аялзатынын портретин жазып отуруп, жакшы эле иш тууралуу азыраак жазайын дедим эле, арийне, аткарган иш баянын кошпосок, толук ачылбайт өңдүү. Анткени 40 жылдан ашык өмүрү мектепке байланган директор айым жөнүндө башка эмне жөнүндө жазса болот?!

МУГАЛИМДИН ЖАН ДҮЙНӨСҮ ЭМНЕГЕ ЧАРЧАБАЙТ

Эмгек жамааты менен

– Мугалим болуш өтө кыйын. Аны мугалим болуп иштеген адам жакшы билет. Бул кесип бир жагынан ардактуу, сыйлуу жана сыймыктуу болгону менен ошого тете оор жүгү, жоопкерчилиги бар. Ал эми чыныгы чыгармачыл мугалим болуу андан да кыйын. Кырк жылдан ашык убакыт ушул кесип менен жашап, өмүрүм жалаң кагаз, дептер, китеп, калем сап менен коштолуп келатат. Мен “Жакшы мугалимдин жан дүйнөсү чарчабайт” деп көп айтып калам. Колумду жүрөгүмө алып, чындыкты айтсам, мугалимдин жан дүйнөсү деле чарчайт, ансыз болобу, анткени ал деле башкалардай эле адам да. А бирок ошол чарчаган жан дүйнөсү эртең менен мектептин босогосун аттаганда, чурулдаган балдарды көргөндө, класска кирип, колуна калем сабын алып, дептерге үңүлгөндө, кандайдыр бир сыйкырдуу күч-кубатка ээ болгондой жанданып, чарчаганы жазыла түшөт. Чыныгы мугалим ошол мектебинен, классынан, окуткан балдарынан дем-күч алып, жан дүйнөсү жашарат. Мына ушунун өзү чыныгы бакыт болсо керек, — дейт, Бурулжан Чокаевна ойлуу.

Бурулжан Абдырахманова жетектеген гуманитардык багыттагы мектеп-гимназия республика боюнча тандалган 102 мыкты мектептин катарына кирди. Мында учур талабына ылайык, балдарга кесиптик багыт берүү боюнча кошумча билим берүүдө көп тилдүүлүккө басым жасашат. 2015-жылы мектепте ачылган тил борборунда окуучулар кыргыз класстар үчүн орус тили, орус класстар үчүн кыргыз тили, түрк, араб, корей ж.б. тилдерин тереңдетип окуп үйрөнөт.

– Мен өзүмдү кыргыз тилинин күйөрманымын деп эсептейм. Ушул багытта бир топ иштерди аткарууга аракеттендим. Адегенде райондук комсомол комитетинин мектептер бөлүмүнүн инструктору болуп башталган агартуу майданындагы эмгек жолумда немис тили, кыргыз тили мугалими, мамлекеттик тил адиси катары котормочулук кызматтан баштап, орус класстары үчүн кыргыз тилин окутуу боюнча китеп жазууга, сөздүктөрдү түзүп чыгарууга активдүү аралаштым. Мектеп директору кызматында иштеп жүргөн учурда деле өзүмдү эң биринчи тилчи катары сезем. Анткени чыгармачылык менен иштегенди жакшы көрөм. Тил майрамында, Эл аралык эне тили күнүндө ар дайым фестивалдарды өткөрөбүз. Кыргыз тилине болгон тымызын сүйүүм тээ бала чагымдан чоң энем айткан жомоктор аркылуу жүрөгүмө сиңип калса керек деп ойлойм. Үлгүлүү кыргыз тилчи катары сынакка да катыштым, китеп да жаздым. Бирок мектеп түйшүгү баарынан күчтүү болуп кетти окшойт, мектепке байланып чыга албай калдым.

Ушул кесиптин урмат-сыйын көрдүм, эми алдыда убактысы келгенде ардактуу эс алууга чыгып, неберелеримди окутуп, тарбиялагым келет, алардын ийгилигин көргүм келет. Анткени адам жаш кезинде жумуш деп жүрүп балдарынын кантип чоңойгонун сезбей, билбей калат турбайбы.

Алдыда келе жаткан 8-март – Аялдардын эл аралык күнү менен бардык мугалим айымдарды жана жалпы эле аялзатын куттуктап, баарына аманчылык, бакубаттуу өмүр каалайм, — деп, Бурулжан Чокаевна майрам алдындагы маегин аяктады.

Айнагүл Кашыбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер