МУГАЛИМДИН ӨЗҮНӨ ИШЕНИМИН БЕКЕМДЕЙЛИ

  • 25.03.2022
  • 0

Редакциядан: Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишмери Орозали Сайдилкановдун педагогикалык ишмердигине арналган «Заманбап мектеп модели: гумандуу, улуттук жана демократиялык баалуулуктар» аттуу илимий-практикалык конференциянын материалдары жакында китеп болуп жарык көрдү. Анда жасалган мазмундуу баяндамалардын айрымдары менен сиздерди тааныштырабыз.

Мен бул мектепте ачылган күндөн бери иштейм. Көптөгөн мыкты окуучуларды даярдап, турмуш жолуна узаттык. “Бул ийгиликтердин сыры эмнеде?” деген суроого жооп берип көрөйүн.

Адамгерчиликтүү мамиле

Гумандуу мектепте бала өзүнүн жетилиши үчүн мугалимдин кызматташы, шакирти жана жардамчысы болот. Кызматташтыктын айлампасы: баланы сүйүү – сыйлоо – балага ишенүү – жогорку талап коюу – окуудагы ийгилик – баланы түшүнүү – мугалимдин балдарды урматтоосу, сүйүүсү.

Гумандаштыруу – бул педагогикалык жараянды адамгерчиликтүү кылуу: баланын инсан катары баалуулугун, анын эркиндикке, бакытка, адам катары социалдык корголууга укуктуулугун таануу, өнүгүүгө, жакшы болууга умтулуусун, жөндөм, талант, шыгын жана чыгармачылыгын өстүрүүгө жагымдуу жагдай түзүү. Баланы сүйүү, түшүнүү жана анын келечегине ишенүү.

Гумандаштыруу – бул баланын укугун, ар-намысын, абийирин, кадыр-баркын, ден соолугун, өмүрүн сактоо жана коргоо. Аны жаратылыштын укмуштуудай жанда жок сыйкырдуу, чексиз табылгыс ачылыштарга бай, кайталангыс, ыйык жана назик жан деп билүү. Анын өз алдынчалыгын, индивидуалдуулугун колдоо, өстүрүү, шайыр-шатман, жайдары, кубанычтуу күлүп жүрүүсүн камсыз кылуу.

Гумандаштыруу – бул адамдын адамга кең пейил, этият мамиле жасоосу: балага айлана-чөйрөсүнө, анын жеке психологиялык бөтөнчөлүгүнө жараша мамиле жасоо, аны менен баарлаша билүү.

Гумандуу мамиле – баланын жашоо турмушунун өзү. Бала ийгиликке коркуудан, чочулоодон эмес, каалагандыгы үчүн жетишкендей болууга тийиш.

Гумандаштыруу – бул баланын айлана-чөйрөсүн адамгерчиликтүү кылуу.

Бул мектептин ийгилигинин сырлары ушул мамилеге байланышкан.

Мугалим күнгө окшош

Гумандуу мектептеги мугалимдерге кеңеш иштелип чыкты.

Алар:

  • өз кесибин сүйүү, берилүү жана ага сыймыктануу, окуучунун досу, таянычы, ишеними болуу;
  • ар бир баланын жан дүйнөсүнөн анын өзүнө гана таандык индивидуалдык уникалдуу байлыгын тынымсыз изде, ага таянуу менен тынымсыз өнүгүүсүн камсыз кылууга жетиш;
  • баланын чөйрөсүн жана ага чоңдордун мамилесин гумандаштырууга жетиш; дайыма кандай гана оор жагдайда болбо, баланын жакшы адам болоруна ишенимиңди жоготпо, ал үчүн чечкиндүү күрөш;
  • өзүңдүн кесиптик чеберчилигиңди тынымсыз жогорулатуудан талба, өз кесибиңдин устаты бол, дүйнөлүк жана ата мекендик педагогиканын жетишкендиктерин педагогикалык ишмердигиңде пайдаланып, тажрыйбаңды тынымсыз байыт;
  • билимди окуучунун эсине эле эмес, жүрөгүнө жана дилине сеп, окуучуну баш тамга менен жазылган АДАМ деп бил.

Демократия мектептен башталат

Демократиялык мектеп – өзүн-өзү башкаруу, эркиндик жана ишеним мектеби. Бул мектептин негизги белгилери төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) өзү өнүктүргүсү келген чөйрөнү, өздөрү ийгиликке жетише алчу иштерди мугалимдер да, окуучулар да өздөрү тандайт;

2) мугалимдер да, окуучулар да эмнени жана кантип окууну өздөрүнүн муктаждыгына жана керектөөсүнө жараша өздөрү аныкташат;

3) өзүн-өзү башкаруу, өз алдынчалык, эркиндик, мыйзамдуулук, жоопкерчилик жана ишеним;

4) өзүн-өзү, бирин-бири баалоо;

5) мугалимдер балдардын, балдар өздөрүнүн жаратылышынан эле эффективдүү жана жөндөмдүү окуучулар болоруна ишенет;

6) мажбурлоосуз окутуу. Балдарды өздөрүнө таптакыр кызыксыз нерселерди окууга мажбурласак, алардагы тубаса билимге болгон талпынуусун кыйратып алабыз;

7) ар түрдүүлүк. Ар бир окуучунун өзүнүн күчтүү жактарын жана кызыгуусун өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуусу;

9) тандоо эркиндиги жана теңдик. Окуучулар өздөрүнүн өнүгүү чегинде өз таланттарын, шыгын, жөндөмүн, кызыгуусун жана чыгармачылыгын каалаган тереңдикте өстүрүү үчүн тандоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу зарыл;

11) динамизм. Программаны ар түрдүү жаш курактагылар менен ар түрдүү адистеги мугалимдердин бирге иштөөсүн жана өз ара мамилесин ишке ашырууга мүмкүн боло тургандай кылып түзүү кажет. Ал окуучуларды жергиликтүү коомчулук менен байланыштырып, иштин жүрүшүндө өсүп-өнүгүүсү зарыл.

12) мектеп окуучулары үчүн мектеп бекем эрежелердин эмес, кызыгуулардын, ачылыштардын жана эркин тандоонун чөйрөсү болушу абзел.

Илимий-усулдук жана эксперименттик кеңеш эркин тандоо укугун берүү жөнүндө жобо иштеп чыкты. Ал жобого ылайык бири-бири менен ажырагыс биримдикти түзгөн төмөнкүлөргө эркиндик берүү каралган:

  1. Сабакты, сабактан жана класстан тышкаркы иштерди уюштурууга;
  2. Мектепти өнүктүрүү, сабакты жана сабактан тышкаркы иштерди жакшыртуу боюнча пикирин, оюн айтуу;
  3. Ишти пландоо, формасын аныктоо уюштуруу жана өткөрүү;
  4. Өз алдынчалыкка, чыгармачылыкка, жаңыны жаратууга жана аны ишке киргизүүгө;
  5. Өз муктаждыктарын, керектөөлөрүн, каалоосун жана кызыгуусун канааттандырууга шарт түзүүнү талап кылуу;
  6. Өзүнүн кадыр-баркын, беделин, укугун сыйлоону талап кылуу.

1-этапта демократиялык мектептин жогорудагы негизги белгилери мугалимдерге, окуучуларга жана ата-энелерге кеңири түшүндүрүлөт. Окуучулардын жана мугалимдердин өзүн-өзү башкаруу жоболору иштелип чыгат. Кадрларды тандоодо жана жайгаштырууда предметтик усулдук бирикмелерге өз алдынчалык берилет. Мугалимдердин ишмердигинин сапатын жана натыйжасын өзү баалоо баракчасы түзүлөт. Кошумча усулдук көрсөтмөлөр, нускамалар берилет. Мугалимдердин педагогикалык маданиятын, кесиптик чеберчилигин, теориялык билимин жогорулатуу максатында “Билим берүү жана демократия”, “Мектеп ишин башкарууну демократиялаштыруу”, “Билим берүүнү демократиялаштыруудагы инновациялык процесстер”, “Окутуу процессин демократиялаштыруу”, “Демократия шартында мугалимдин, ата-эненин жана окуучунун ролу жана орду”, “Башкаруу маданияты жана лидерлик”, “Мектеп коллективинин өзүн-өзү башкаруусу жана анын натыйжалуулугу”, “Окуучулардын өзүн-өзү башкаруусу – демократиянын мектеби”, “Ата-энелерди мектеп ишин башкарууга активдүү катышуусун уюштуруунун ийгиликтүү ыкмалары”, “Демократия жана мыйзам”, “Демократия – эркиндик жана жоопкерчилик”, “Демократия – укук менен милдеттин тең салмактуулугу”, “Демократия – тандоо эркиндиги”, “Демократиянын шартындагы мугалим (продуктивдүү – изденет, натыйжалуу, креативдүү – жогорку чыгармачыл, новатор), “Демократиянын шартында мектеп жетекчилери” ж.б. илимий-усулдук иштер жүргүзүлдү. Теориялык маселелер боюнча тийиштүү жоболор, көрсөтмөлөр, нускамалар, колдонмолор жана нускамалар иштелип чыкты.

Алтын эреже

Демократиялык мектептин мугалиминин инсандык жана ишкердик сапатына, бейнесине талаптар иштелип чыгып, ар бир мугалимге жеткирилди жана аны ар бир мугалимдин “Алтын эреже” катары аткаруу зарылдыгы белгиленди. Алар:

  1. Мугалимге карата ишеним анын жеке үлгүсүнөн жаралат. Ал бардык балага сүттөй ак, акактай таза дил, рух, акыл-эс жана терең билим менен өрнөк болууга тийиш.
  2. Демократия – бул адам укугу, эркиндиги, мыйзамды сактоо, тартиптүү жана жоопкерчиликтүү болуу. Бул баалуулуктарга ээ болуу менен мугалим өзүнүн ажарын ачат.
  3. Абийир – биздин алга карай илгерилешибиздин жогорку чени. Ишеним – шыктандыруучу күч. Ар намыс – жоопкерчиликтин жана уяттын күчү – адептин күзгүсү.
  4. Оптимизм – биздин өнүгүү принцибибиз. Демократия – оптимизм булагы, өнүгүүнүн энергетикалык дүрмөтү.
  5. Мектеп демократиялык институт катары. Сынчыл ой жана акылмандык, кызматташтык жана өз ара урмат көрсөтүү, толеранттуулук жана ынтымактык идеяларына баш кошуусунан, сөз менен иштин биримдигинен түзүлөт. Ынтымактуулук – жан дүйнөнүн тазалыгы.
  6. Бала – биздин жана коомдун келечеги, бакты-таалайдын шооласы. Ага инсан катары мамиле жасоо, ишенүү, түшүнүү жана аны сүйүү кесиптик жана инсандык парзыбыз.
  7. Ата журттун, Мекендин келечек тагдыры үчүн жоопкер болуу, укук, эркиндик, маалымат ж.б. маданиятка ээ болуу, кесиптик чеберчиликти тынымсыз жогорулатууга умтулуу, демократиялык ой жүгүртө билүү.
  8. Ар бир баланын кубанычы, бактысы, ийгилиги мектептин кубанычын, бактысын жана ийгилигин шарттайт.
  9. Мугалимдик кесип – жаратман, түзүүчү жана чыгармачыл кесип. Андыктан бул кесиптин ээлерине жан бактылык, тоготпостук, кайдигерлик, жалкоолук, карасанатайлык сыйышпайт.
  10. Демократия өзүн-өзү көзөмөлдөөнүн жоктугу, өз билгенин кылып, өтүгүн төргө илүү эмес, ал – бир адамдын эркиндигин, укугун, беделин, кесибин сүйүп, жоопкерчиликтүү жана абийирдүү мамиле жасоосу.
  11. Дили, тили таза, денеси сак мугалим – баа жеткис байлык жана күч, мектебибиздин кыймылдаткыч күчү, ар-намысы жана абийири.

Ошентип, мектепке мастер, жаратман, демилгечил, конкреттүү иште идеяны ишке ашырууга жөндөмдүү мугалим керек. Натыйжада жакшы мугалимге тиешелүү сапаттарды үйрөнүүгө өзгөчө көңүл бурууну чечтик.

Ар бир мугалим адистик жана кесиптик чеберчилигин өнүктүрүүнүн жеке планын түзүүгө туура келди. Жеке планда:

  1. Эмнени үйрөнүү зарыл?
  2. Кайдан кантип үйрөнөбүз?
  3. Кимдер менен тажрыйба алмашуу керек?
  4. Ишиндеги өзгөрүүлөрдү кантип баалоо керек?
  5. Ээ болгон тажрыйбасын ким менен бөлүшүү керек? деген суроолорго жооп камтылат.

Саадат Баймуратова,
Кара-Кулжа районундагы Орозали Сайдилкановдун автордук гимназия-мектебинин англис тил мугалими, билим берүүнүн мыктысы

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер