МУГАЛИМДИ ӨЗГӨРТКӨН КУРСТАР

  • 12.02.2025
  • 0

Билим берүү системасы түп тамыры менен модернизациялоого багыт алгандан бери мугалимдер кесиптик чеберчилигин жогорулатуунун үстүндө тынымсыз окуп, изденип башташты. Анткени жаңы моделдин талаптарына ар бир мугалим шайкеш иштеши зарыл. Ошол себептен алар ар кандай семинар-тренингдерге да катышып, жаңыча көз караш, жаңы усулдар менен сабак өтүп, бир эле өздөрү өзгөрбөстөн, окуткан окуучулары дагы сабактарды кызыгуу менен кабыл ала баштаганы айтылууда.

МУГАЛИМДИ ӨЗГӨРТКӨН КУРСТАР

Талас облустук усулдук борборунун жетекчиси Салтанат Бейшенованын маалыматы боюнча, математика багыты боюнча  310 мугалим, ал эми илим багыты боюнча 437 мугалим, жалпы облус боюнча 750гө жакын мугалим кесиптик чеберчилигин жогорулатууда.

МУГАЛИМДИ ӨЗГӨРТКӨН КУРСТАР

— Окуучулардан сураганыбызда ар бир сабакта мугалим теманы изилдеп алып чыгуусу абдан кызыктуу экенин айтышты. Ал эми мугалимдер сабактын планын түзүүдө кылдаттык менен пландоо керектигин билдиришүүдө, — дейт жетекчи.

МУГАЛИМДИ ӨЗГӨРТКӨН КУРСТАР

Учурда STEM багыты боюнча 843 мугалим, мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу курсунда сентябрдан февралга чейин 310 мугалим курстан өткөн. Ошол эле кезде  «PISA компетенцияларын калыптандыруу аркылуу окуучулардын илимий сабаттуулугун жогорулатуу» окуу тренингдери да коз жаздымда калбай, облуста өтүп жатат.

МУГАЛИМДИ ӨЗГӨРТКӨН КУРСТАР

Окуучуларды сабакка шыктандырган жаңы усул

Жаңы моделдин талаптары, жаңы ыкманын таасири тууралуу курстан окуган айрым мугалимдерден сурап көрдүк. Анда эмесе, сөз өзгөрүү жолуна түшкөн мугалимдерде.

МУГАЛИМДИ ӨЗГӨРТКӨН КУРСТАРБактыгүл САРЫБАЕВА, Талас районунун Байсейит уулу Эшмамбет атындагы орто мектебинин химия мугалими:

— Төрт күндүк курстан Сингапур тажрыйбасы менен 5Е моделин үйрөндүк. Бул методика абдан жөнөкөй, ошол эле учурда окуучуларга абдан чоң эффективдүү экен. Методиканын сабакты кызыктыруу менен баштаганы жакты жана окуучуларга өздөрү изилдеген этаптары ыңгайлуу экен. Мугалим окуучулар айта албаган жактарын толуктап багыт берип турат.

Мээрим КАДЫРЧАЛОВА, Ө.Израилов атындагы мектебини химия мугалими:

— Сингапур окуу методикасы боюнча 5Енин түзүлүшү жакты, окуучуларды өз алдынча изденүүгө, аракет кылууга шарт түзөт. Кызыктыруу аркылуу окуучулардын темага болгон кызыгуусун арттыруу, ал жерде бардык көндүмдөрдү калыптандыруу максатында жасалат. Ошондой эле изилдөөдө окуучулардын так ошол теманын негизинде иш алып баруусуна шарт түзүлөт экен. Ал эми түшүндүрүүдө болсо кенен өз ойлорун айтышат. Ошол эле кезде теманы кеңейтүүдө  окуучулар соцтармактарды колдонуу аркылуу маалымат топтошот. Баалоо ар бир мугалимдин иш-аракетине жараша. Мага аябай жакканы окуучуларды шыктандырып, кызыктырып, изденүү аркылуу сабакты бышыктап, жыйынтыктоо. Ар бир сабакты ушул методика менен өтүп жатам.

Гүлжан КАСМАЛИЕВА, А.Оторбаев атындагы орто мектебинин биология мугалими:

— STEM предметти окутуу боюнча атайын курска катышып келдим. Окуу эң жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Аталган курста сабакка 5Е моделинде план түзүүнү үйрөндүк. План түзүүдө мугалим  негизги сабактын максатын туура, кенен койсо окуучулардын сабакка  кызыгуусу, изденүүсү артып, алар топто, жупта иштеп, өзүнүн ойлорун айтып бергени менен сабак өтсөк мугалим үчүн да, окуучу үчүн да кызыктуу экендигин билдим. Азыркы учурда 5Е модели менен сабактын планын жазып, сабак өтүп жатам. Мен үчүн аябай женил, себеби, окуучулар өз алдынча сабактын темасын ачып, топто, жупта иштеп, китеп окууга аракет кылгандыгы байкалды. Интернет булактарынан өз алдынча изденип, берилген теманы ачып берип калышты.

МУГАЛИМДИ ӨЗГӨРТКӨН КУРСТАР

Рахат ШАРШЕНОВА,  Рысбек Айдаралиев атындагы орто мектебинин биология мугалими:

— Окутуунун 5Е модели — окуучулардын активдүү үйрөнүүсүнө жана түшүнүгүн тереңдетүүгө жардам берет экен. Бул модель беш этаптан туруп мугалим үчүн сабак өтүүдө абдан ыңгайлуулукту жаратат. 1-этапта окуучулардын кызыгуусун ойготуп, алардын мурунку билимдерин актуалдаштырып алабыз. 2-этабында окуучулар өз алдынча жаңы түшүнүктөрдү изилдешет. 3-этабында окуучулар жаңы түшүнүктөрдү мугалимдин жардамы менен тактап, түшүндүрүшөт. 4-этапта окуучулар жаңы билимдерин колдонуп, мугалимдин жардамы менен андан ары тереңдетишет. Ал эми 5-этабында окуучулардын үйрөнгөн материалын мугалим баалап, рефлексия кылынат.

МУГАЛИМДИ ӨЗГӨРТКӨН КУРСТАР

5Е моделинин PISA изилдөөсүнө тийгизген таасири да бар деп ойлойм. Анткени кызыктыруу жана изилдөө баскычтарында окуучулар активдүү катышып, өтүлүп жаткан тема боюнча өздөрү изилдеп чыккандыктан кызыгуулары артат. Окуучулар теманы практика аркылуу өз алдынча изилдеп, аны тереңирээк түшүнөт. Изилдөө жана түшүндүрүү этаптары окуучуларды логикалык ой жүгүртүүгө үйрөтөт. Ал эми тереңдетүү баскычтарында окуучулар жаңы билимдерди башка кырдаалдарга колдонуп, чыгармачылык менен иштөөгө үйрөнүшөт. Баалоо этабы билимдин деңгээлин так аныктап, керектүү жакшыртууларды жасоого жардам берет. 5Е модели окуучулардын өз алдынча үйрөнүүсүн жана билимди терең өздөштүрүүсүн колдоого алат, ошонусу менен PISA изилдөөсүндө окутуунун бул модели окуучулардын билим сапатын жогорулата алат деп ойлойм.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер