МОЛДО  НИЯЗ  ДЕГЕН  КИМ  ЭЛЕ?

  • 11.10.2023
  • 0

 

МОЛДО  НИЯЗ  ДЕГЕН  КИМ  ЭЛЕ?Өлгөндөр баркталмайын, тирүүлөр даңкталбайт

Мукагали      Макатаев  казак акыны

Кыргыз эли көчмөн турмушта  миңдеген жылдардан бери тоо койнунда турмуш кечирип   өзүнүн карт тарыхын, маданияты менен адабиятын, каада-салтын, үрп-адатын сактап келе жаткан улуу эл. Калкынын санынын аздыгына карабастан өз мамлекеттүүлүгүн сактап, планетабызга таанылып келе жатат. Калкыбыздын тарыхында миңдеген акындар менен ырчылар, балбандар, манасчылар менен чоорчулар, комузчулар менен дастанчылар, эл бийлеген инсандар жашап өтүшкөн. Бизге алардын бир азы гана маалым болуп, жазылып калды го чиркин! Ошолордун катарына үстүбүздөгү жылы 200 жылдык маарекеси белгиленип жаткан, кыргыз жазма поэзиясынын баштоочусу, таланттуу акын Молдо Нияз Эрназар уулун эч тартынбастан кошуп, аны менен сыймыктанууга болот.

      Деги эле Молдо Нияз деген ким эле? Аны ким калайыкка алып чыкты? Азыркы замандаштарыбыз, бөтөнчө келечек ээлери болгон жаштар аны билишеби? Башка ырчы-акындардан эмнеси менен айырмаланат? -деген соболдорго жооп издеп көрөлү. Кыргыз элинин жазма адабияты Молдо Нияздын санаттарынан башталат. Залкар акын 1823-жылы азыркы Баткен областынын Кадамжай районундагы Кызыл-Булак айылынын колтугундагы Кара-Дабан деген жерде жарык дүйнөгө келген. Анын ата-теги Кокон хандыгына белгилүү молдо, жүз башы, илимдар адамдардан болгондуктан акын жаштайынан араб арибинде билим алып, сабаты ачылып Чыгыш элдеринин поэзиясы менен кеңири таанышкан. Алгач Маргалан, Кокон шаарларындагы медреселерде, Кара-Тегиндеги мечиттерде окуп илим алса, кийинчерээк ага канааттанбастан Кашгар калаасына барып илимин дагы тереңдеткен. Айлап, жылдап окуп үйрөнгөнү, санаттарды жазганы айтылып жүрөт. Акындын ырларын 1950-жылдары эл аралап жүргөн академик Болот Юнусалиев  таап, калыс терең маани берип, кыргыз жазма поэзиясы Молдо Нияздын ырларынан башталарын белгилеп, аябай кубанычта болгон. Кийинчерээк илимдер академиясынын аракети менен акындын үч кол китеби табылып, кол жазмалар фондунда сакталып калган. Баса белгилей кетсек, Молдо Нияз санаттарын жөн гана ырдап тим болбостон, элдин келечегин ойлоп, өзү редакциялап, мукабалап, китепке айландырып, азыркы беш мамлекеттин- Кыргызстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Түштүк Казакстандын, Батыш Кытайдын аймагындагы айыл-кыштактарды аралап, кыдырып, санаттарын окуп таркаткан.

      1993-жылы Улуттук Илимдер Академиясынын илимий кызматкери, кумурскадай иштеген аалым Омор Сооронов көп жылдар бою окулбай жаткан Молдо Нияздын санаттарын иреттештирип, дин кызматкери Равшанбек Зулпукаровдун үлкөн жардамы менен “Санат дигарасттар” деген китебин басмадан чыгарып, өлчөөсүз эмгек жасаган. Ошол жылы акындын кичи мекенинде анын 170 жылдык маарекеси белгиленип, ага Бишкек, Ош шаарларынан, ирегелеш Өзбекстандан илимпоздор, жазуучу-акындар, жетекчилер катышышкан. Андан бери эмне жумуш аткарылды? Молдо Ниязды элге, журтка тааныта алдыкпы?- деген маселе бар. Ооба, кызыгышкан аалымдар менен адабиятчыларга тааныта алдык десек болот. Анткени акындын ырлары окуу китептерине, тарыхый чыгармаларга, энциклопедияларга киргизилди. Молдо Нияздын ысымы кичи мекениндеги гимназия мектебине ыйгарылып, чакан музейи ачылды. Ак-Кыядагы балдарды окуткан, сабатын жойгон үңкүрү реконструкциялана баштады. Акындын сөөгү азыр Өзбекстандын эксклавына айланган Шаймерден айылындагы көрүстөнгө коюлган экен. Эми аны өзбек агайындар менен бир масилетке келип, чакан күмбөзүн куруп, белгилеп коюу зарыл деп ойлойм.   Тарыхчы Кыяс Молдокасымовдун албан аракети менен Ташкент шаарындагы мамлекеттик архивден табылган Молдо Нияздын 1905-жылы  жашаганы тууралуу кабар бизге жагымдуу жаңылык болду.

         Молдо Нияздын ырлары байыркы Чыгыш поэзиясына сугарылганы менен айырмаланат. Ал жалпы түрк элдерине мүнөздүү чагатай тилинде энциклопедист, тарыхчы, саякатчы, агартуучу катары 19-кылымдагы кыргыз тарыхын кыргыздын көзү, баамы менен жазып калтырганы абдан баалуу. Анын ырларын кайра-кайра окуп отуруп Кыргызстандын Түштүгү менен Түндүгүн калтырбай кыдырып, далай залкар инсандарга жолугуп көчмөн калкыбыздын биримдигин чыңдоону башка планга койгонун аңдадым. Албетте, Молдо Нияздын дербиштей болуп жер кыдырышын ошол учурдагы Кокон хандыгындагы Алымбек датка, Курманжан датка, Алымкул аталык, Омор хан баштаган адабиятты баалашкан инсандар колдоп кубатташкан. Орустардын баскынчылыгын, Кашкардагы Якуббектин мыкаачылыгын даана жазып калтырган.

     Акыркы отуз жылдын аралыгында Молдо Нияздын чыгармачылыгына, философиясына, тилине арналган жети илимий диссертация жакталды. Дагы изилдеп жатышкан жаштар көп. Үстүбүздөгү жылы акындын 200 жылдык юбилейи аш-тойдун эмес, илимий ачылыштардын, Молдо Нияздын чыгармаларын пропагандалоонун маарекеси катары белгиленмекчи. Акындын ысымы өзүнүн киндик каны тамган жердеги айыл өкмөтүнө, Кадамжай шаарындагы маданият үйүнө ыйгарылып, ысымы жогорку окуу жайлардын бирине коюла турган болду. Эми бизде Молдо Нияздын чыгармачылыгын изилдөөчү атайын институт болбосо да мекенчил атуулдар үч китепти Бишкектин “Турар” басмасынан жарыкка чыгарышты. Дагы төртөө кезекте туру. Бул иш-чаралардын туу башында Айтмат Исраилов жетектеген “Молдо Нияздын урпактары” коомдук фонду турат. Албетте, кыргыз өкмөтү, жергиликтүү бийлик башчылары, келечекти ойлошкон, кыргыз адабиятын, маданиятын өнүктүрүү парзын туура түшүнүшкөн жеке ишкерлер да жардам колун сунушар деген үмүттөбүз. Молдо Нияз ичкилик калкынын гана эмес жалпы кыргыз элинин улуу акыны болгонун унутпай жүрөлү замандаш!

                                                                                             Адылжан  Жажанов

         

Бөлүшүү

Комментарийлер