МОДЕЛДИК ИННОВАЦИЯЛЫК КИТЕПКАНА – БИЛИМДИН ЖАНА ТЕХНОЛОГИЯНЫН БОРБОРУ
- 31.07.2025
- 0
Ат-Башы районунда билим берүү жана маданият тармагындагы чоң жетишкендиктердин бири — бул заманбап талаптарга жооп берген Б.Кыдыкова атындагы Моделдик-инновациялык китепкананын ишке кириши окурмандар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түздү. Китепкананын курулушу Ат-Башынын кулуну, коомдук ишмер, меценат, “Дордой” ассоциациясынын негиздөөчүсү Аскар Салымбековдун демилгеси менен Салымбеков университети тарабынан каржыланган.

Китепкана — жарандар үчүн ачык мейкиндик
Жайдын саратан аптабында бирөөлөр Көлдү карай жөнөсө, айрымдары туулган жерине жол тартышат. Бул жолку эс алууда мен дагы туулган жерим, алтын чөйчөк Ат-Башыма сапар алдым. Айылыбыз күн сайын эмес, саат сайын өзгөрүп, трансформацияланып жатканын көрүп кубандым. Өзгөчө, Б.Кыдыкова атындагы райондук моделдик-инновациялык китепканага неберелерим менен барсам, балдар үчүн жакшы шарттар түзүлүптүр. Неберелерим дароо эле Балдарды өнүктүрүү борборуна кирип, айылдык балдар менен кошо аралашып, пазл чогултуп, кооз китептерди алып, окуганга киришти. Бөбөктөр үчүн жомок сааттары, интерактивдүү оюндар жана өнүктүрүүчү иш-чаралар өтсө, жаш окурмандар үчүн STEM жана медиа сабаттуулук боюнча ийримдер да иштейт экен.

Китепкананын кире беришинде жол коопсуздугунун эрежелерин сактоо боюнча МАИнин кызматкерлери бөбөктөргө сабак өтүп жатканы кубандырбай койгон жок. Дагы бир топ балдарга ардагер эжеке Зина Боотаева (көп жыл китепкананын директору болуп иштеп келген) улуттук оюндардын тарыхын, маанисин айтып берип, ойноо ыкмасын көрсөтүп жатканына күбө болдук. Китепкананын базасында окуучуларга жөн эле окуганга китеп берип койбостон, жайкы лагерь уюштуруп коюшканы абдан жакты.


Китепканачылар бирдиктүү форма кийишет экен. Бул дагы башкаларга үлгү.
Эң башкысы жетекчиси өзүн көрсөтүп, көкүрөктү чапкылабай эле ынтымактуу жамааты менен бир топ иш-чараларды, сынактарды өткөрүп, мыкты окурмандарга, сынактын жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктарды тапшырып, керек болсо чет өлкөлөргө саякатка жолдомо берип, окурмандарды китеп окууга шыктандырып турушат. Мындай жакшы иштерди колдогон атбашылык жаш ишкерлер да арбын экен.


Моделдик китепкана — бул салттуу китеп сактоочу жайдан алда канча кеңири мааниге ээ маданий жана билим берүү борбору экени талашсыз. Ал заманбап технологиялар менен жабдылып, китеп сүйүүчүлөргө жана жаш окурмандарга ыңгайлуу шарттар түзүлүптүр. Китепкананын имараты заманбап форматта курулуп, окуу залдары, компьютердик окутуу борбору, электрондук ресурстарга кирүү үчүн интернет жана интерактивдүү жабдуулар орнотулганы кимди болбосун өзүнө тартып турат.
Санариптешүү жана инновация
Китепканада электрондук китептерге жеткилик бар, ошондой эле маалыматтык издөө системалары да иштейт. Бул, өзгөчө, айыл жергесиндеги жаштар үчүн заман талабына жооп берген мүмкүнчүлүк экени айдан ачык. Китепканада ар түрдүү иш-чаралар — китеп көргөзмөлөрү, автордук жолугушуулар, окурман клубдары жана окуу марафондору өткөрүлүп тураарын тажрыйбалуу китепканачы Дамира Мукуева айтып берди.

Жергиликтүү коомчулуктун колдоосу
Китепкана айыл тургундарынын активдүү катышуусу менен иш алып барып, жергиликтүү мугалимдер, окуучулар жана ата-энелердин билимге болгон кызыгуусун арттырууга өбөлгө түзүүдө. Мындай мекемелер айыл жергесинде билимге болгон жеткиликтүүлүктү камсыз кылып, маданиятты жайылтууда чоң роль ойнойт.
Тажрыйбалуу китепканачы Дамира Мукееванын айтымына караганда, буга чейин эле китептер фонду окурмандар кызыккан адабияттарга бай болчу.

— Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, анын демилгеси менен кыргыз тилинде басылып чыккан көптөгөн китептер бизге дагы жетти. Демөөрчүлөр дагы окурмандар талап кылган адабияттарды камсыз кылууга жардамдарды берип жатат. Жаңы маалыматтык технологиялар менен иш жүргүзүүгө толук мүмкүнчүлүктөр болуп калды. Улуу, ортоңку жана кичи муундар деп кадр маселеси дагы жакшы жолго коюлган. Эриш-аркак болуп ааламдашуу жолунда маалыматтык тейлөөнү уюштурууга, аны алга жылдырууга дагы бизде толук мүмкүнчүлүктөр, шарттар бар, — дейт Дамира айым. — Бая күнү балдар акыны Ысмайыл Кадыров келип, сааттын жебесин көрүп (анда атбашылык төбөсү көрүнгөн инсандардын сүрөт илинген), абдан сүйүндү. Китепканабыз Салымбеков университети тарабынан компьютерлер менен камсыз кылынган.


Китепканачынын берген маалыматы боюнча, быйыл Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгына карата “Алыкулга таазим” аттуу адабий кече өтсө, республикалык деңгээлде акындын юбилейине арналган конкурска катышкан айрым китепканачылар ардак грамотага татыктуу болушкан.
— Алыкул Осмоновдун чыгармаларын окуучулар көп окушат. Алыкул Осмонов биздин Пограничник колхозуна келип, ден соолугун чыңдап кеткенинде Ат-Башынын чымчыгы, абасы, Коргон-Таш, Рахмандын жайыты деген көптөгөн ырларды жараткан, — дейт Дамира Мукеева. — Ат-Башы районунун 95 жылдыгына карата “Ат-Башым – алтын бешигим” деген китеп көргөзмөсүн уюштурганы турабыз. Анда райондун тарыхын, адабиятын, экономикасын, райондон чыккан акын-жазуучулардын китептерин топтогонго аракет жасадык. Алсак, белгилүү акын-жазуучулар Жедигер Саалаев, Шайлообек Дүйшеев, Ысмайыл Кадыров, Динара Касмалиева-Мамбетакунова, профессор Эсенбек Мамбетакунов ж.б.у.с. китептерин чогултуп, бир жерге койдук. Китеп фондусун байытканга атбашылык байкелерибиз китептерин бергенге аракет жасап жатышат.
Айтмакчы, демөөрчүлөр тарабынан келген бир топ китептер бар экенин көрдүк. Жакында эле эл сүрөтчүсү Р.Шыгаев келип, өзүнө таандык китепти белекке тапшырып кетиптир. Кыскасы, айылдын китепканасына кур кол эч ким барбайт экен.

— Балдарга мотивация берүү үчүн жакшы китептер бар. Ушул боюнча дагы тез окуу сынактарын өткөрүп жатабыз. Просынактын жардамы менен Мамбетасановдун ата-энелер менен балдардын ортосундагы байланышты чыңдоо максатында “Балам мени түшүнбөйт”, “Балама туура тарбия берүүнүн жолдору” деген китептер боюнча сынактар өткөрүлүп, жеңүүчүлөр Түркияга, Ташкентке, Алматыга жолдомо алышты. Ошондой эле кызыктыруучу сыйлыктар менен да окурмандар сыйланып, жакшы ийгиликтерге жетиштик. Эрлан Жыргалбеков деген демөөрчү жигитибиз тарабынан да китептерди окууга карата жакшы сынактар өтүп жатат, — дейт китепканачы.
Сөз соңу
Ат-Башы районундагы Моделдик инновациялык китепкана — бул келечектин билим борбору. Ал билимге умтулган ар бир жаран үчүн эшигин дайыма ачып, заманбап технологиялар менен салттуу окурман маданиятын айкалыштырып, интеллектуалдык коомду калыптандырууга чоң салым кошот деген үмүт чоң.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер