МЕЗГИЛ  ИСАТОВ: «ӨМҮРДҮ САНДАН-САНГА БАРАКТАЛГАН, ДЕПТЕРИМЕ КАЛТЫРЫП, ЖААП КОЙДУМ.»

  • 19.06.2024
  • 0

 

 

 

МЕЗГИЛ  ИСАТОВ:  "ӨМҮРДҮ САНДАН-САНГА БАРАКТАЛГАН,  ДЕПТЕРИМЕ КАЛТЫРЫП, ЖААП КОЙДУМ."МЕЗГИЛ  ИСАТОВ:

«ӨМҮРДҮ САНДАН-САНГА БАРАКТАЛГАН,

ДЕПТЕРИМЕ КАЛТЫРЫП, ЖААП КОЙДУМ.»

РЕДАКЦИЯДАН: Акын Мезгил ИСАТОВДУН ысымы поэзия күйөрмандарына жакшы тааныш.  Ал эч кимге окшошкусу келбеген, эч кимди туурабаган, керемет поэзиянын тили менен көркөм табылга, жаңы ой жараткан таланттуу акын.  Поэзиядан тышкары  Борбор Азия элдеринин жомокторун түрк тилине которуп, беш  китеби  басылып чыккан.   Кыска  эссе-аңгемелери топтолгон китеби да бар. “Издөөнү табуу”аттуу ырлар жыйнагы  2005-жылы жарык көргөн. Андан кийин “Түндөгү караңгы” ырлар жыйнагы 2018-жылы басылган. Ырлары түрк, өзбек жана кытай тилдерине которулуп чыккан. Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.

Белгилүү акын, сынчы Б.Таштаналиев: “М.Исатовдун ар бир ырында, атүгүл ар бир сабында поэзия алтындай болуп жылтырап көрүнүп турат. Болгону анын ырларын жөн эле көздүн кыры менен окуп койбой, жүрөктүн оту менен окуш керек. Анын ырлары мына дал ошондо гана ачылат,” -деп жазган экен. Анын сыңарындай Мезгилдин ырларын ойлонуп окуйлу.

***

Эски там,

Эки терезе — эки көзүм.

Сырттан да, ичтен карап тагдырымы

Жолоочудай жолумда…

Эски үйүм элесимде,

Эсимде…

Жарыктарым, жакшыларым,

Кечиргиле…

Кереметти күтө берип,

Кереметтей жакындарым

Байкатпастан кетиптир…

Сүйүү барда ичибизде жашайбыз,

Жүрөктөрдө,

Эски үйүбүздө —

Эки терезе.

Эки дүйнөдө —

Бир эшик…

МЕЗГИЛ  ИСАТОВ:  "ӨМҮРДҮ САНДАН-САНГА БАРАКТАЛГАН,  ДЕПТЕРИМЕ КАЛТЫРЫП, ЖААП КОЙДУМ."

***

Күн өтсө, күүгүм кирсе,

Күйпөлөктөп кеч бешим,

Караңгыга камынып,

Кээ бир жылдыз эрте чыкты…

Энекем!

Уюн саап, дасторконун эрте жайып,

Ошол күнү

Күн дагы

Эрте батты…

Эртеси энесиз эң биринчи таңым атты.

А жылдыздар кеч кетти.

Энемдин элеси асманга тартылды.

Азыр да карап турат.

Ак булуттар…

***

Ушул күндү, улуу жолду, жашоону

Учурашып, удургуган сезимдин,

Жибин тартып, эртеңиме үңүлсөм,

Ушул жарык, караңгынын ичинде,

Сен караган жерден кандай көрүнөм?

Сансыз жылдыз арасында,

Бирөө гана сени карайт…

Тамырларым тартылышып,

Бир кан тамыр жерге тартат.

Жер — төшөгүм, Көз — убакыт,

Келээрибиз, кетээрибиз билинбей,

Бүгүн менен эртеңимдей,

Сен жолумду өлчөбөчү, Аралык!

Айрылсак,

Денебиз айрылды!

***

Менин жашоом меникине окшобой,

Ар бир жашым кайсы жылы жашалган?

Үтүктөлгөн, үзүк-үзүк күндөрүм,

Үшүгөндөн үйүн таппай,

Үнсүз гана үмүттөрү үзүлүп,

Жашалбаптыр жаштыгым…

Сандан санга саналып,

Сап-сап болгон жылдарым

Бир катарга тизилген каркырадай

Көктөм менен көкөлөп,

Учуптур  изи  калбай…

***

Үйдө жалгыз, жымжырттык экөөбүз,

Отурабыз, ой аралап.

Жашоо дагы жылымык.

Эки бөлмө, эки көзүм,

Эки башка…

Ээсиз турмушумда,

Баратсам өзүм жалгыз,

Эч жерде… эч бир жерден,

Экөөбүз тең өкүнбөгөн жер таппайм!

Өмүрдү сандан-санга баракталган,

Дептериме калтырып, жаап койдум,

Жаштыгымды…

Эшигимди…

Жүрөгүмдү…

Ичинен илип койдум!

 

***

Учурба, шамал — Учурба!

Жепжеңил барик жүрөгүм,

Жеңилип жерге куласа…

Шагынан алыс учурба!

Сапырба, шамал – Сапырба!

Сентябрь гүлү — жүрөгүм

Салаалап бирден чачылса…

Сабынан алыс калтырба.

Унчукпа, шамал — Унчукпа!

Убайга баткан убагым,

Удургуп менден сураба.

Унтулуп калган убада…

Угулба, шамал — Улуба!

Учурба, шамал -Учурба!

 

***

Эсим ооп, эңшерилип – дүнүйө,

Көздөр гана чанагынан чыкчуудай

Карап калды…

Калдайган сезимдерим сенсиз эле

Булуттардай буулугуп,

төгүп жатты…

Караңгыны кучактасам,

Ай жарыгы

Кирип келди түшүмө.

Ааламдын эшиги

сыртынан да, ичинен да жыбылды.

Босогодо каректерим

бопбош калды.

Ыйлап жатты

көздөрүмдөн башкасы.

Ааламдын жүрөгүнүн

жүгү кулай,

Күн нуру күндө чыгат.

Сүйүүнүн улуулугун эч ким жеңбей,

Ай нуру түндө чыгат.

Ак жылдыз арзуулары,

Ашыктык ырын ырдай,

Таң атырат…

***

Ойлоруму оодарып

Уктатпаган уйкум келди.

Ойдон алып, көргө салып,

Көз караңгы…көз жарык.

Акылым айтпаса,

Жүрөгүм укпаса,

Мен ашык болбосом экен?

…Сен түшүмдөн кетмейинче,

Мен да кетпейм!

***

Эңсөө келбе, эки башка үйдөгү

Экөөбүздү эстебе…

Бурчка койгон буюмдай унутулуп,

Эски сүйүүм эч бир жерде

Калдыктары калбаптыр.

Сакчы болбо күтүүлөрүм,

Айнектей чачыраган, ал күндөрдү

Бириктирип, чаптай албайм…

Чымчыктай кыялдарым,

Чындыктарым,Чыркырап чыгып кетти,

Учуп кетти…

 

 

 

 

 

 

.

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер