“МЕНИН МЕКЕНИМ – КЫРГЫЗСТАН”

  • 04.07.2023
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги  Балдардын жана өспүрүмдөрдүн «Сейтек» улуттук борбору менен биргеликте көгүлтүр ЫсыкКөлдүн жээгиндегиСолнышкоэс алуу жайында 2023-жылдын 26-июнунан 2-июлга чейин өткөргөн Менин Мекеним  Кыргызстанаттуу балдардын XV чыгармачылык фестиваль-сынагына өлкөнүн  бардык аймактарынан келген 500кө чукул таланттуу окуучулар катышып, сынактын талаптарын так аткарган ансамблдер, жеке катышуучулар байгелүү орундарга ээ болушту. Сынактын жыйынтыктоо аземинде жеңишке жеткен таланттуу балдар статуэтка жана 1-, 2-, 3-даражадагы диплом менен сыйланышты.

“МЕНИН МЕКЕНИМ – КЫРГЫЗСТАН”

“МЕНИН МЕКЕНИМ – КЫРГЫЗСТАН”

Таалим-тарбияны жогорулаткан сынак

Балдардын жана өспүрүмдөрдүн «Сейтек» улуттук борборунун директору Ира Балтабаеванын айтымында, фестивалдын максаты – жалпы билим берүү уюмдарынын жана мектептен тышкаркы кошумча билим берүү мекемелеринин тарбиялануучуларынын, жаш жеткинчектердин жана өспүрүмдөрдүн жарандык-патриоттук тарбиясын жогорулатуу, маданий-эстетикалык табитке, улуттук асыл-нарктарга сугарылган муунду өстүрүү, балдардын аң-сезимине сергек, дени сак жашоо образын сиңирүү, адеп-ахлакка тарбиялоо, өз тилин, дилин, руханий дөөлөттөрүн, улуттук баалуулуктарын арттыруу, дүйнө элдеринин бий-ырлары аркылуу башка элдердин маданиятын тааныштыруу, улуттар аралык маданий кызматташтыкты чыңдоо болуп саналат.

“МЕНИН МЕКЕНИМ – КЫРГЫЗСТАН”

— Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө», ошондой эле «Улуттук нарк жөнүндө» Жарлыгын, “Кыргыз жараны» концепциясын ишке ашыруу алкагында өттү. Фестиваль ар күнү эртең менен катышуучулардын флешмобу менен башталып, таланттуу балдардын концерттик программасынан тышкары, күн сайын ден соолукту чыңдоо жана маданий-массалык иш-чаралар өтүп турду. Мисалы,  балдар үчүн теплоход менен Ысык-Көлдү айлануу, “Рух Ордо” тарыхый комплексине саякат,  “Кумдан жасалган элестер”, «Көңүлдүү старт» сыяктуу көл жээгиндеги сынактары абдан кызыгуу менен өттү. Албетте, ар бир сынактын артында нааразычылыктар, таарынычтар болот. Бирок биздин фестиваль-сынакка катышкан ар бир ансамбль, жекече катышкандар номинация боюнча 1-, 2-, 3-орундарды алышты. Калыстар тобунун чечимдерине нааразы болгондор жок, — дейт борбордун жетекчиси.

“МЕНИН МЕКЕНИМ – КЫРГЫЗСТАН”“МЕНИН МЕКЕНИМ – КЫРГЫЗСТАН”

Жеңишке жеткендер

Азыркы  илим менен техника саат сайын өсүп жаткан убакта ар бир атуулдун Мекенге болгон сүйүүсү, өз улуту менен сыймыктануу сезими болуусу  шарт. Ушул шартта Балдардын жана өспүрүмдөрдүн “Сейтек” улуттук борбору  кыргыз элинин баалуулуктарын, кылымдан кылымга аздектеп келген каада-салттарын, үрп-адатын, улуттук  фольклордук аспаптардын, улутубуздун улуу мурасы болгон  манас айтуу, дастанчылык өнөрүн  өркүндөтүп, комузда кол ойнотуп, анын  коштоосунда  ырдоо, ыр-бий өнөрлөрүн аздектеп, жаңы калыпка келтирип, жайылтуу иретинде, өлкөбүздүн булуң бурчундагы жашаган жаш жеткинчектерди, өспүрүмдөрдү бири-бири менен чыгармачылык аркылуу достоштуруп, Кыргызстанда жашаган ар улуттун  чыгармачылыгы  менен тааныштырган “Менин Мекеним – Кыргызстан” фестиваль-сынагы эң жогорку деңгээлде өткөнүн айтып коюу парз.

“МЕНИН МЕКЕНИМ – КЫРГЫЗСТАН”“МЕНИН МЕКЕНИМ – КЫРГЫЗСТАН”

— Бул жолку иш-чаранын өзгөчөлүгү фестиваль-сынак болду. Анда балдар манас, дастан айтуу, комузчулардын ансамблдери, фольклордук топтор, комуз-соло, комуздун коштоосунда  элдик ырдоо,  элдик бий (кыргыз, дүйнө элдеринин  бийлери), заманбап бий жана вокал боюнча таймашты. Фестивалга  чыгармачылык бий топтору менен, ырчылар, фольклордук  топтор, кыргыздын улуттук  аспаптарында кол ойноткон топтор катышты.  Катышуучулардын жашы —  9дан 17 жашка чейин, бий ансамблдин же фольклордук топтун саны 15 адамдан ашпашы керек болчу.  Фестиваль-сынак бир нече номинацияга бөлүндү.         Катышуучулардын жаш курактары — 9-10, 10-13 жана  14-17 жашка  чейинкилер болду.

 

Мисалы, “Манас айтуу” боюнча номинацияда   “Манас”  эпосунан  бир үзүндү 5-7  минутадан  ашпай, облустан эки окуучуга чейин  катышууга уруксат берилген. Тилекке каршы, манасчылар аз болду. Ушул жерден Чаткал райондук балдар чыгармачылык үйүнөн келген Нафиса Абдилажанова жогорку деңгээлде манас айтып, 1-орунду камсыз кылды, — дейт Ира Балтабаева.

Ар бир номинация боюнча сынакка катышкандардын  артистизмин, дикциясын, актердук  чеберчиликте көркөм айтылышын, так айтылышын калыстар тобу белгилеп, туура баалашты. Маселен, комузчулар  ансамблдери, фольклордук топтор  бир тур менен, эки убакытта  эки чыгарма менен  катышып, алардын аткарган чыгармасы элге жайыла элек болушу шарт болчу, ал эми экинчи  чыгарманы уюштуруу тобу  аткарып берүүнү сунуштады. Жюрилер ансамблдердин костюмдарынын көрктүүлүгүнө да көңүл бурушту.  Ар бир катышкан ансамбль болобу, же жекече аткаруучу болобу көздүн жоосун алган костюмдары эч кимди кайдигер калтырган жок.

— Комуздун коштоосунда элдик ырдоо балдардын музыкалдуулугун  эске алуу менен бирге, дикциясы, аткаруучулук  чеберчилиги эске алынып, чыгармалар  патриоттук, жер, эне, Ата Мекен жөнүндө  темаларды  камтыганын айтып коюу парз, — дейт борбордун методисти,  КР билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер Сабийра Челпакова. – Фестиваль-сынакта балдар ден соолуктарын чындап,  өздөрүнүн өнөрлөрүн көрсөтүп, ыйык сахнада татыктуу таймашты. Бул сынакта  комузда кол ойнотуп,  манас, дастан айтып,  бийде таланттарын көрсөтүштү.

Комузчулар ансамблинин ичинен 1-орунду Бишкек шаарындагы  №95 мектеп-гимназиясында түзүлгөн “Байчечекей” фольклордук ансамбли багындырса, комуз менен күү чертүү – соло номинациясында Кара-Көл шаардык Балдар чыгармачылык үйүнүн “Келечек” комузчулар ансамблинен Назира Ратбекова алдыга чыкты. Ал эми бий боюнча кичине топтун ичинен  1-орунга Балдардын жана өспүрүмдөрдүн “Сейтек” улуттук борбору “Ариет” хореографиялык бий ансамбли чыкса,  ортоңку топтон  1-орунга Кара-Көлдөн келген  “Келечек” бий ансамбли  жана  жогорку топтон  Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук балдар чыгармачылык борборунун “Ассоль” элдик бий ансамбли камсыз кылды. Мыкты айтуучу  номинациясында дастан айтуу боюнча Бишкектеги №95 мектеп-гимназиясында түзүлгөн “Байчечекей” фольклордук ансамблинен  Суламита Арстанбекова менен Айбийке Саякова жеңүүчү деп аныкталды.  Комузчулар ансамблинин ичинен “Мыкты коллектив” наамы  “Азем” комузчулар ансамблине ыйгарылса, “Мыкты аткаруучу” деп  Токтогул райондук Балдар чыгармачылык үйүнүн  “Миң-Кыял” комузчулар ансамбли аталды. Ал эми “Мыкты кол ойнотмочу” номинациясында  элдик, үлгүлүү “Байчечекей” фольклордук-этнографикалык ансамбли алдына эч кимди чыгарган жок. “Мыкты костюм” номинациясында Ош шаарынан келген “Келечек”  Балдардын чыгармачылык борборунун “Таберик” комузчулар ансамбли менен Раззаков шаарынын «Аруузат» ансамбли жеңүүчү болушту. Белгилей кетүү керек,  калыстар тобунун чечими менен жаңы эле түзүлгөн “Сейтек” борборунун «Чагылган» бий ансамбли 1-орун, Ош шаарынын  «Келечек» Балдардын чыгармачылык борборунун «Таберик» комузчулар ансамбли менен Раззаков шаарынын “Баластан” билим берүү борборунун “Аруузат” бий ансамблдери 2-орунга чыгышты.

— “Өзгөчө үн”” номинациясында Нарын облусунун Баетово айылынын Балдар чыгармачылык үйүнүн тарбиялануучусу Тахира Асанбекова жеңүүчү болду.  “Вокал” номинациясында 1-орунна Айпери Тимур кызы  чыкты, — деди И.Балтабаева.

Ошентип, фестиваль-сынактын  катышуучуларын алты  унутулгус  чыгармачылык күндө бири-бири менен достошуп, ден соолуктарын чыңдап, сыйлык алып, белектерге чөмүлүп, тажрыйба топтоп, кийинки жылга дагы максат коюп, кайтышты.

Эл аралык конкурстан кийинки сезимдер

Мурат САДЫКОВ, хореограф, Ош шаары:

– Ысык-Көлгө ар түрдүү иш-чара, конкурс, семинар жана тажрыйба алмашууга көп жолу келгем. Ар бир келгенимде көлдүн өзү мени абдан суктандырат. Фестиваль жөнүндө айтсак, жыл сайын программаны жакшыртып, жаңылатып жатышат. Бул жылы дагы мыкты пансионатты тандоосу, анын шарттары жакшырып, туура нукка түшүп жатканынан кабар берет. Балдар абдан кубанып, ыраазы болушту. Биз жыл сайын жаңы окуучуларды алып келебиз. Алар жакшыга умтулуп, өзүн өнүктүрүүгө стимул болсун деп.  «Эң мыкты аткаруучу», «Эң мыкты кум чеби», «Эң мыкты сүрөт», «Флешмоб боюнча» гран-при, комуз чертүү боюнча алдыңкы орундарды алдык. 36 окуучу менен келгенбиз. Чет өлкөгө чыкканды пландап жатабыз.

Аида ЖАКЫПБАЕВА, “Келечек” балдардын чыгармачылык борборунун директору, Ош шаары:

— Быйыл фестиваль конкурс форматында өткөнү менен өзгөчөлөндү. Мурун фестивалга эле келип турчубуз, эми конкурстар да болду. Таланттуулар таймашты. Биздин командадан «Таберик» жана «Айгине» комузчулар тобу келген. «Айгине» 3-орун, «Таберик» 2-орунду алды. Калыстар так баалашты, аябай ыраазыбыз. Мугалимдер менен бирге 41 катышуучу (35 окуучу, 6 мугалим) келдик. Үч команда – эки комузчулар жана бир бий тобу. Биз тарбиялаган окуучулар акыркы 4-5 жылдан бери  чет мамлекеттеги сынактарга да катышып жатышат. Өнөргө, мекенчилдикке, улуттун уңгусуна, улуттук наркка умтулган жаштар өсүп келе жатканы баарыбызды кубантты. Баары алынча даярданган, өзгөчө Чаткалдан бир манасчы кыз аябай даярданып келген экен. “Манас” айтам деген жаш балдар да өз өнөрү менен конкурска  катышты. Комузчулар дагы жакшы көрсөткүч көрсөттү. Көлгө келип, чыгармачыл конкурска катышып, өзүн көрөм деген жаштардын  бар болгону эле дайым бизди сүйүнтөт.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер