МЕКТЕПКЕ КАТТОО: ТАЗА ЖАНА ЖЕҢИЛ ЖОЛ
- 16.07.2025
- 0
Учурда жаңы окуу жылына электрондук каттоонун экинчи туру жүрүп жатат. Агартуу министрлиги билдиргендей, республика боюнча мектептерде 121 миң 239 орун бош турат. Ата-энелер убакыттан уттурбай, балдарын мектепке каттоого ашыгуулары керек.
Эмдиги жылы да 2-класска электрондук каттоо болобу?
Жаш курагына жараша балдарды мектепке электрондук каттоо киргизилгенине беш жылдын жүзү болуп калды. Коррупциялык элементтерди минималдаштыруу максатын көздөгөн бул электрондук ыкма жыл сайын өркүндөтүлүүдө. Алсак, быйыл балдарды “Түндүк” порталы аркылуу каттоо колдонулуп, ата-энелер документ топтоо убарагерчилигинен арылышты. Агартуу министрлигинин мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Айнура Кусеинова быйыл балдарды мектепте электрондук каттоо учурунда пайда болуп жаткан айрым суроолорго жооп берди.
— Жаңы окуу жылына даярдык көрүү шартына байланыштуу азыр балдарды мектепке электрондук каттоо процесси жүрүп жатат. Мурда 1-класска гана электрондук каттоо жүргүзүлсө, быйыл 1-класска жана 2-класска электрондук каттоо жүргүзүлүп жатат. Бирок келерки жылы мурдагыдай эле 1-класска гана кабыл алууда электрондук каттоо системасы колдонулат.
Электрондук каттоо эмне себептен киргизилген? Ата-энелер балдарын мектепке киргизүүдө мектептерди кыдырып, тааныш издеп бир топ түйшүк тартып келгени жашыруун эмес. Азыр болсо кааласа үйүнөнбү, иш ордунда болобу же болбосо, чет жактарда жүрөбү, айтор, кайсы жерде жүрсө да балдарын электрондук портал аркылуу мектепке каттай алат. Бул ыкма коррупцияны минималдаштырат, өзгөчөлүгү – система аркылуу кайсы жердеги мектепте орун болсо, ошол жакка каттоого мүмкүнчүлүк берилет. Каттоонун биринчи этабында балдардын коопсуздугун сактоо максатында баланын үйүнө жакын жайгашкан мектепке каттоо жүрөт, тагыраак айтканда, юридикалык жактан каттоосу (пропискасы) бар ата-энелер балдарын өздөрү туруктуу жашаган жердеги мектепке каттай алат. Экинчи этабында каттоосуна карабай, кайсы мектепте орун болсо, система аркылуу тандап эле каттала алат.
Быйыл мурдагы жылга салыштырмалуу жеңилдиктер бар. Алсак, мурдагы жылдары тиешелүү документтерди тиркөө талап кылынса, быйыл эч кандай документтер тиркелбейт, б.а. башка мамлекеттик мекемелер менен бирге интеграцияланган “Түндүк” порталы аркылуу бардык документтерди, даректерди тактап алса болот, — дейт.
Электрондук каттоодо көйгөйлөр көп жаралып жаткан Бишкек шаары болууда, анын себеби түшүнүктүү – ички миграциянын натыйжасында каттоосу жок жарандар көп.
Бир класста канча бала окушу керек?
Бишкек шаарынын тургуну Махабат айым небересин улуу балдары окуган мектепке каттоону туура көргөнүн айтат. Ал адегенде аны статусу бар мектепке же жеке менчик мектептердин бирине киргизүүнү ойлогон, бирок жакын тааныштарынын кеңеши менен, мектепти эмес, мугалимди тандоо чечимине токтогон.
— Ата-энелердин баары эле балдарын статусу бар мектептерге орноштурууга ашыгат эмеспи, анысы деле түшүнүктүү, балдарыбыз мыкты мектепте билим алсын дейт, а бирок бир класста 40-50дөн ашык балдар отурганда, кайдагы билим сапаты жөнүндө айтууга болот? Кыздарымдын кеңеши менен неберемдин шык жөндөмүнө жараша кошумча билим берүү борборлоруна алып барып, өзүн катардагы эле мектепке берели деп чечтик, — дейт Махабат Сүйүнтбекова.
Ырасында, айрым учурларда ата-энелер балдарын борбор калаадагы №13, №24, №70 сыяктуу статустуу мектепке каттагысы келет. А бирок ар бир мектептин өзүнүн мүмкүнчүлүгү болот эмеспи. Биринчиден, канча бала кабыл алуу боюнча квотаны мектеп өзү аныктайт, анткени мектеп администрациясы канча кабинети, канча мугалими бар экенин өзү жакшы билет. Алар аймактык билим берүү бөлүмү менен макулдашып, квоталарды тактап беришет. Билим берүү мекемелеринин биринчи максаты — сапаттуу билим берүүгө багытталат, ал эми класста балдардын саны көп болгон мектепте билим сапатын камсыздоо абдан кыйын экени жашыруун эмес. Министрликтин адисинин айтымында, бир класска кабыл алуу нормасы – бир класста 36 окуучу болууга тийиш.
Техникалык көйгөйлөрдү 110 Колл борбору чечет
Ата-энелердин баары эле санарипти жакшы билет деп айтууга болбойт. Кай бирде заманбап гаджеттерди мыкты билген жаш ата-энелер деле кандайдыр бир себептерден улам ката кетирип алышы мүмкүн, кемчилик кетпейт деп эч ким кепилдик бере албайт. Андыктан каттоо учурунда кандайдыр бир көйгөйлөр жаралса, ата-энелерге 110 Колл борбору жардамга келет.
— Электрондук каттоо кандай жүрүп жатканына, тагыраак айтканда, канча бала катталып, канчасы каттала электигине мониторинг жүргүзүлүп турат. Бир дагы бала мектепке катталбай калбайт, натыйжада баардыгы ылайыкташтырылып жайгаштырылат. Азыр канча мектепке канча кошумча квота берүү маселеси каралып жатат, ошондо балким көпчүлүк ата-энелер үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүп калар деп ойлойм. Система ачык, кайсы мектепте, кайсы класста канча орун бар экенин билип туруп, ошол мектепке кайрылуу гана керек. Эгерде техникалык маселелер жаралса, республикалык 110 Колл борбору аркылуу акысыз консультация ала алат. Ал эми аймактарда кеңеш берүүчү жооптуу адистер бар, — деди А.Кусеинова.
Катталууда кимге жеңилдиктер берилген?
Жаш курагы жеткен балдарды мектепке каттоонун Жобосунда жеңилдетилген шартта мектепке кабыл алынуучу жарандар бар. Биринчи кезекте кызматына байланыштуу убактылуу көчүп жүргөн аскер кызматкерлеринин балдары ошол жашаган жериндеги мектепке токтоосуз кабыл алынат. Экинчиден, мугалимдерди колдоо максатында ошол мектепте иштеген мугалимдердин балдары кабыл алынат. Үчүнчүдөн, Кыргызстанга көчүп келген этникалык кыргыздардын балдары, кайрылман статусуна ээ болгондор кайрылман күбөлүгүнүн негизинде каттала алат.
Ал эми быйыл жаңы киргизилген тартип боюнча эгиз балдар бир мектепке кабыл алынат. Ушул категориядагы жарандарга жалпы квотадан 10 пайызы берилет.
Балдарын өзү каалаган мектепке орноштурууда кай бир ата-энелер ар кандай айла-амалдарды колдонуп жаткан айрым фактылар ММК беттеринде ачыкталып жүрөт. Маселен, укук коргоо органдары кайсы бир статустуу мектепке катталуу үчүн бир үйгө он чакты баланы каттатып койгон фактыны аныктаган. Натыйжада 86 бала каттоодон чыгарылып, алардын ордуна кезектеги балдар кабыл алынган. Ата-энелер мындан ары мындай мыйзам бузууларга барбайт деп ишенебиз.
— Көп балалуу ата-энелерди түйшөлткөн дагы бир суроо – бул балдарынын баарын бир мектепте окутуу. Себеби түшүнүктүү, эгерде үч баласы болсо, үч мектепке ташыгандын ордуна, бир мектепке алып барганы ыңгайлуу болмок.
– Мен жогоруда айтып кеткендей, балдарды мектепке каттоодо эң оболу ошол мектептин мүмкүнчүлүгү эске алынат. Албетте, бала ата-энеси жашаган аймакта катталууга тийиш, а бирок ал жакта орун бар болсо гана каттала алат. Себеби системадан тышкары каттоого мүмкүн эмес, келерки жылы ушундай жагдайларды эске алуу менен маселени чечүү жолдорун карап, жобого өзгөртүү киргизебиз, — дейт Айнура Кусеинова.
Ата-эне алты жашар баласын мектепке бербей кое алабы?
Агартуу министрлигинин 15-июлда билдирген маалыматы боюнча республикадагы мектептерде 121 миңден ашык бош орун бар. Алардын көбү Ош, Нарын жана Баткен облустарында болууда. Бул ушунча бала катталбай калды дегенди билдирбейт. Демек, ата-энелер балдарын 1-класска жана 2-класска каттоого дагы мүмкүнчүлүгү бар. Алар системаны карап эле кайсы жерде бош орун болсо, дароо ошол жерге катталууга ашыгуусу керек.
Кээ бир ата-энелер алты жаштагы балдарын мектепке бербей, бала бакчада эле калтырып окуткусу келерин билдирүүдө. Бул канчалык туура? Бул суроого министрликтин адиси мындайча жооп берди: «Дагы бир жолу баса белгилей кетейин, биз 12 жылдык билим берүүгө өткөндүгүбүзгө байланыштуу быйыл гана 2-класска кабыл алынып жатат, эмдиги жылы 1-класска гана каттоо болот. Быйыл 2018-жылы жана 2019-жылы төрөлгөн жана ошондой эле “Наристе” программасынан өткөн балдар 2-класска катталат. Эгерде 2019-жылы төрөлгөн бала “Наристе” программасынан өтпөсө, ал 1-класска катталат. Ошондой эле эгерде ата-энеси баласын быйыл мектепке бербесе, анда ал баласы эмдиги жылы 1-класска отурат. Себеби “Наристе” — мектепке даярдоо программасы болгондуктан, ал эмдиги жылы да мектепте даярдоо программасын кайталап окуп калат».
Эмне үчүн азыр арыз берүү маанилүү?
- Система баланы жашаган дарегине жана жеңилдиктерге жараша автоматтык түрдө мектепке бекитет.
- Ата-эне жеке кабинетинде окууга кабыл алынгандыгы тууралуу кабарлама жана SMS билдирүү алат.
- Арыз канчалык эрте берилсе, жакын жайгашкан мектепке кабыл алынуу мүмкүнчүлүгү ошончолук жогору болот.
Баланы мектепке каттоонун жол-жобосу төмөнкүдөй:
- Каттоо үчүн баланы тандоо;
- Облусун, районун же шаарын көрсөтүү;
- Тизмедеги жеткиликтүү мектептердин бирин тандоо;
- Окуу тилин тандап, «Мектепке каттоо» баскычын басуу.
Ата-энелер 110 кыска номерин терип, каттоо маселелери боюнча кеп-кеңеш ала алышат.
Кошумчалай кетсек, балдардын саны көп катталган Бишкек шаарында кокусунан мектептерде орун тартыш болуп калса, бала бакчалардан орун алууну альтернативдүү вариант катары карап турат, анын аныгы каттоо аяктаганда, тагыраак айтканда, 15-августтан кийин билинмекчи.
Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”
Комментарийлер