МЕКТЕПКЕ БАЛДАРДЫ алты ЖАШТАН БЕРҮҮ ТУУРА

  • 28.02.2025
  • 0

МЕКТЕПКЕ БАЛДАРДЫ  алты ЖАШТАН БЕРҮҮ ТУУРАКыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги өлкөдө билим берүүнүн улуттук жаңы моделин түзүп, ишке ашыруу аракетинде. Ага ылайык, мындан ары балдар мектепке алты жаштан бара баштайт. Бул теманын тегерегинде коомдо талкуу жүрүп, ар-кандай пикирлер айтылууда. Ушул темада Кыргызстанга эмгек сиңирген дарыгер, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун мурдакы жетекчиси, балдар хирургу, медицина илимдеринин доктору, Салымбеков Университетинин профессору Камчыбек Узакбаев менен маектештик.

Камчыбек Аскарбекович, сиз көп жылдан бери балдардын саламаттыгын изилдеп, ден соолугуна камкордук кылып келатасыз. Учурда мектепке балдарды алты жашынан кабыл алуу маселеси көтөрүлүп, түрдүү пикирлер айтылып жатат. Саламаттык сактоо тармагынын адиси катары айтсаңыз, алты жаштагы бала мектепке барууга даярбы?

— Эгемен Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, бардык балдар жынысына, этностук тегине, диндик ишенимине, социалдык-экономикалык жана маданий айырмачылыктарына, ден соолугуна карабастан өз убагында гармониялуу өнүгүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга тийиш. Өлкөбүздөгү жаңы билим берүү моделине ылайык быйылкы жаңы окуу жылынан баштап, Кыргызстанда балдар алты жаштан мектепке бара баштайт. Албетте, ар башка өлкөдө балдардын  биринчи класска баруу курагы ар кандай экен. Мисалга алсак, Венгрияда балдар төрт жашынан, айрым өлкөлөрдө беш жаштан барат. Бизде балдардын социалдык, психологиялык жана физиологиялык даярдыгын, ошондой эле дүйнөлүк тажрыйбаны эске алуу менен, биринчи класска алты жаштан баштап балдарды кабыл алса болот деп адис катары айта алам.

Физикалык жактан алганда, беш жаштагы баланын бою бир метрдин тегерегинде, салмагы 17-18 килограммдай болот. Баланын мээсинин 90 пайызы беш жашка чейин калыптанат. Ошондуктан төрөлгөн учурдан мектепке чейинки жылдар баланын жашоосундагы эң маанилүү мезгили, айлана-чөйрөнү таанымы кеңейүү, түшүнүү жана өнүгүү учуру болуп саналат. Ал эми беш жашка чейинки убак илимде “мүмкүнчүлүктөрдүн терезеси” деп аталат. Бул мезгилде бала өтө тез өнүгүп, салмак кошуусу, боюнун өсүүсү, дүйнө таанымы, айтор бардык жактан өрчүгөн мезгил, кабыл алуусу активдүү  учуру болуп саналат. Андыктан, ушул жылдарда жеткинчек балдардын таанып-билүүсү жана социалдык-эмоционалдык жөндөмдөрү алардын жетилүүсүнө, кийинки  мектепте окуусундагы жана күнүмдүк жашоосундагы натыйжаларына чоң таасирин тийгизип, зор роль ойнойт.

— Алты жаштагы бала мектепке оңой көнүп, окуу процессине бат аралашуусу үчүн кандай аракеттерди көрүү зарыл? Алгачкы жолу мектеп босогосун аттай  турган балдар кандай даярдыктан өтүшү керек?

— Негизинен эле беш-алты жаштагы бала өзүн-өзү тейлей алышы керек, өзү кийинип-чечинип, ата-энелерине кол кабыш кылып, айрым бир жеңил үй жумуштарын аткарганды билүүсү зарыл. Өзүнүн, ата-энесинин аты, жашы, жашаган дареги өңдүү зарыл маалыматтарды билүүсү керек. Ошондуктан мындай жагдайда ата-эненин жана бала бакчанын ролу, таасири өтө зор. Бала бакчага барган баланын мектепке көнүп кетүүсү жеңил, оңой болот. Муну дүйнөлүк тажрыйба далилдеп, адистер дагы пикирлерин айтып жүрүшөт. Бала бакчага барган бала тарбиячы жана башка балдар менен мамиле түзгөндү үйрөнүп, башкача айтканда, өзүнө тың болуп, социалдык чөйрөгө тез аралашат.

МЕКТЕПКЕ БАЛДАРДЫ  алты ЖАШТАН БЕРҮҮ ТУУРА

Эгерде кайсыл бир себептерден улам жеткинчек бала бакчага барбаса, анда аны менен ата-энеси үйүндө көбүрөөк иштеп, көндүмдөргө үйрөтүүсү зарыл. Учурдагы көйгөйдүн бири болгон телефон, ар кыл гаджеттерге алаксытып койбой, бала менен баарлашып, көбүрөөк көңүл буруп, дүйнө таанымын кеңейтүүсү керек. Баласын коңшу балдар менен чогуу ойноосуна да мүмкүнчүлүк берип, өз алдынчалыкка көндүрүү зарыл.

Эмоционалдык жагынан алсак, окуу процессине киргенге чейин ата-энеси баланы окуй турган мектебине алып барып, экскурсия жасап, мугалими менен тааныштырып койгону оң. Анан албетте, баланын жаңы чөйрөгө мыкты адаптация болушуна мугалимдин ролу, таасири чоң. Биринчи класстын окуучусу үчүн билимдин пайдубалын түптөп, ааламдын эшигин ачып, баланы билим дүйнөсүнө жетелеп кирүүдө биринчи мугалимдин мээнети, эмгеги баа жеткис.

Мектептеги окуу процесси тууралуу сөз кылсак, билим алуу үчүн  балдарга сөзсүз түрдө ыңгайлуу шарттар түзүлүшү зарыл. Биринчи класстардагы сабактар оюн форматында, кыска убакытта (20-25 минут) болушу керек. Бир жумада төрт күн окууса жакшы болот. Окуучу бир жерде көпкө отурбастан, кыймыл-аракет жасап туруусу шарт.

Дагы бир орчундуу маселенин бири – мектепте баланын тамактануусу болуп саналат. Өсүп жаткан жеткинчектин организмин толук кандуу азыктандырып турбаса болбойт. Ошон үчүн өлкө боюнча бардык мектептерде аларга ысык тамак уюштуруу өтө маанилүү. Демек, бул маселеде мамлекеттик деңгээлде комплекстүү иш-аракеттерди алып баруу керек. Жыйынтыктап адис катары айтсам, мектепке даярдык көрүү баланын ден соолугунан, физикалык, психологиялык жана социалдык аспектилеринен көз каранды болуп саналат. Ал эми ар бир баланын кулк- мүнөзү, физикалык, менталдык өнүгүүсү ар түрдүү. Ошондуктан мектепке алты жашынан бараткан балдарга, алардын ата-энелерине педагогдордун, медиктердин жана психологдордун  кеп-кеңештери өтө маанилүү.

Ал эми жалпылап айтсам, интеллектуалдык жактан, мээнин мүмкүнчүлүгүнө карата алты жаштагы жеткинчектер маалыматты кабыл алууга даяр. Бирок ошол маалыматтарды сиңире ала тургандай ченеми менен, илимий негизде бериш керек. Маалыматтар ашыкча болсо, анда балага оор болуп калат. Ал эми жетишсиз берилсе тескерисинче, бала өнүкпөй калышы ыктымал. Бала баарын өз убагында билиши керек.

— Камчыбек мырза, жаңыдан мектепке бара баштаган балдардын ден соолугуна кандай карап, кам көрүү зарыл?

— Жаңыдан мектепке бара баштаган балдар эрте жатып, уйкусун толук кандырып, сергек ойгонуп, бир аз дене тарбия көнүгүүлөрүн жасап турса уйкусу ачылып, сергелең болот. Ошондой эле эртең менен мектепке ачкарын барбай, үйдөн жеңил тамактанып баруусу зарыл. Өтө тоюп алып барса, жеген тамагын сиңире албай кыйналышы да ыктымал. Көбүнчө балдардын ден соолугунун абалынын начарлашы өзгөчө окуу жүктөмү жогору болгон гимназиялар, лицейлердин окуучулары үчүн мүнөздүү. Интеллектуалдык жана эмоционалдык жактан оор болгон, бирок мектепте түшкү тамактанууну каалабаган же  курамы зыяндуу тамактарды жеген балдар ичеги-карын ооруларына чалдыгышы мүмкүн. Айрыкча, башталгыч мектеп жашындагы балдарга ата-энелери күнүмдүк рационуна бутерброд, чипсы, гамбургер өңдүү тез татым зыяндуу тамак-аштарды салып беришкени туура эмес. Алар балдардын ден соолугуна терс таасирин тийгизет.Негизинен балдар ысык жана суюк тамактар менен азыктанышы керек.

МЕКТЕПКЕ БАЛДАРДЫ  алты ЖАШТАН БЕРҮҮ ТУУРА

Ошондой эле 7-8 жаштан баштап балдарда туруктуу тиштеринин кариеси көбөйө баштайт. Аны дагы алдын алып, тиш догдурларга да көрүнүп, тазалатып туруу керек.  Окуучулардын партада туура эмес отуруусу көбүнчө сколиоз, лордоз, кифоз жана башка ооруларды пайда кылышы мүмкүн. Алты жаштан мектепке бараткан баланын кийген кийими,  китеп салган баштыгы, рюкзагы ыңгайлуу болушу да зарыл.

Ошол эле учурда, эксперттер мектеп окуучуларынын жалпы ден соолугун жакшы абалда сактоо оңой деп айтышканы менен келечек муунду тарбиялоодо эң маанилүү маселе болуп саналат.Бул багытта мектептерде медициналык кабинети болушу зарыл. Андан башка балдардын кыймыл-аракетин көбөйтүү, окуу ордун туура уюштуруу, дене тарбия жана спорт менен машыктыруу маселелерин комплекстүү алып баруу керек. Ошондой эле, ыңгайлуу кийим-кече, пайдалуу тамак-аш менен камсыз кылуу зарыл.

Кабыл Макешов,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер