МЕКТЕП ТИРЕГИ: МЫКТЫ КЛАСС ЖЕТЕКЧИЛЕР АНЫКТАЛДЫ

  • 09.04.2026
  • 0

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин башкы азем залында республикалык “Мыкты класс жетекчи – 2026” онлайн кароо-сынагынын жыйынтыгы чыгарылып, өлкөнүн эң чыгармачыл мугалимдери сыйланды. Бул сынак КУУ жана «Мугалим» илимий-педагогикалык журналы тарабынан 5-ирет салттуу түрдө уюштурулуп келатат. Быйылкы жылы өлкө боюнча 200гө чукул мугалим катышып, анын ичинен 131 мугалим финалга чыккан. Баш байгени борбор калаадагы №68 мектептин мугалими Мээримгүл Эсентурова жеңип алды. Ал телевизор, Ташкентке беш күндүк эс алууга жолдомо, “Мугалим” журналынын “Мыкты мугалим” төш белгиси, 72 сааттык окуганы боюнча тастыктама, баалуу китептер менен сыйланды. Сөз башынан болсун!

МЕКТЕП ТИРЕГИ: МЫКТЫ КЛАСС ЖЕТЕКЧИЛЕР АНЫКТАЛДЫ

Мугалимдик кесиптин баркын көтөрүүгө багытталган сынак

100 жылдан ашык тарыхы бар, жогорку окуу жайлардын көч башы, флагманы болгон Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору  Догдурбек Чонтоев куттуктоо сөзүндө, билимдин ордосу болгон улуттук университетте өлкөнүн мыкты мугалимдерин кабыл алуу сыймык экенин баса белгиледи.

МЕКТЕП ТИРЕГИ: МЫКТЫ КЛАСС ЖЕТЕКЧИЛЕР АНЫКТАЛДЫ

— Бул сынак мугалимдик кесиптин баркын көтөрүүгө жана мектеп менен жогорку окуу жайдын кызматташтыгын бекемдөөгө багытталган. Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө”, “Улуттук нарк жөнүндө”, «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» Уңгужолу жөнүндө Жарлыктарын жана “2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн Концепциясын”, “Кыргыз Республикасында он эки жылдык мектептик билим берүүгө өтүү концепциясын” жүзөгө ашыруу максатында “Мугалим” илимий-педагогикалык журналы биздин окуу жай менен биргеликте республикалык деңгээлде “Мыкты класс жетекчи — 2026” онлайн кароо-сынагын эки этап, беш багыт менен өткөрдү. Сынакка республиканын бардык облустарынын жалпы билим берүүчү орто мектептеринде, гимназия-лицейлерде, мектеп-интернаттарда эмгектенип жаткан интеллектуалдык потенциалы бийик, тажрыйбалуу, таланттуу, ар тараптан өздөрүнүн чыгармачылыгы менен айырмаланган 131 мугалим (класс жетекчи) катышкан. Өлкөбүздүн эң мыкты мугалимдеринин башын кошкон, иш берүүчүлөр менен болгон кызматташууну күчөткөн мындай саамалыкты куттуу университетибизде өткөрүү ары сыймыктуу, ары кубанычтуу.  Жакында эле Президент С.Жапаровдун кеңешчиси Ч.Абыкеев эки-үч жыл ичинде мектеп мугалимдердин айлыгы министрлердикиндей жогоруларын билдирди. Демек, ошол учурда мектеп мугалимдерине сынак болуп калышы ыктымал, — деди ректор.

МЕКТЕП ТИРЕГИ: МЫКТЫ КЛАСС ЖЕТЕКЧИЛЕР АНЫКТАЛДЫ

Мындай жагымдуу жаңылыкты мугалимдер дүркүрөгөн кол чабуулар менен кабыл алды.

«Мугалим» журналы — агартуучулардын трибунасы

Андан соң “Мугалим” журналынын башкы редактору Рахат Сулайманова мугалимдер тест тапшырып, видеосабактарды даярдап, педагогикалык кырдаалдардан чыгуу чеберчилигин көрсөткөнүн айтты.

МЕКТЕП ТИРЕГИ: МЫКТЫ КЛАСС ЖЕТЕКЧИЛЕР АНЫКТАЛДЫ

— Быйылкы жылы жалпысынан конкурска  республика боюнча 157 класс жетекчи (мугалим) катышып, 131 конкурсант ат салышты. Эң күчтүүлөр алдыга суурулуп чыкты, — деди башкы редактор.

Сынактын максаты жана жүрүшү

Сынактын негизги максаты — чыгармачыл мугалимдерди, мыкты класс жетекчилерди табуу жана аларды жалпыга таанытуу менен мыкты  мугалимдерди үлгү катары көрсөтүү; республикадагы чыгармачыл мугалимдерди топтоо, аларды “Мугалим” илимий-педагогикалык журналына чагылдыруу; класс жетекчиликтин ар тараптуулугун жана кызыктуулугун арттыруу, колдоо көрсөтүү; тарбиялык иштин ролун күчөтүү; мектеп менен жогорку окуу жайдын кызматташтыгын арттыруу; мугалим адистерди даярдоодо биргеликте аракет жасоо.

МЕКТЕП ТИРЕГИ: МЫКТЫ КЛАСС ЖЕТЕКЧИЛЕР АНЫКТАЛДЫ

 

Сынактын жүрүшүндөгү ар бир тапшырма көз карандысыз калыстар тобу, редакциялык кеңеш тарабынан бааланды. Калыстардын курамы педагог-окумуштуулар, жаӊычыл, чыгармачыл мугалимдерден турду.

Биринчи этаптын багыттары — класс жетекчилер үчүн тесттик тапшырма (40 упай) жана тарбиялык видеосабак (50 упай) жөнөтүлдү. Эӊ көп упай менен бааланган алдыңкы алты сабак “Мыкты сабак”, “Илимий сабак”, “Санарип сабак” наамына ээ болушту.

Экинчи этаптын багыттары — педагогикалык кырдаалга жооп берүү (40 упай), педагогика-психология боюнча тесттик тапшырма (40 упай) жана класс жетекчиликке байланыштуу комплекстүү тест (40 упай) берилди. Ушул жерден белгилеп кетүү керек, тестке суроолор интернеттен алынбайт, аны атайын тажрыйбалуу мугалимдер даярдашат. Ошондуктан сынактын катышуучулары: “Эмне үчүн силер берген суроолор интернетте жок?” – дешти. Эгерде интернеттен алынганда, анда мугалимдер ЖИ аркылуу эле көчүрүп, жоопторду жөнөтүшмөк. Бул жагынан алганда тестке педагогикадан, психологиядан, кырдаалдан чыгуудагы, “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамдар ж.б.у.с. суроолорду адистер кылдаттык менен даярдап, анан гана сынак тест платформасына салып, анда көрсөткөн мөөнөттө мугалимдердин жооптору кабыл алынып, дароо жыйынтыгы чыгып турду. Ошентип үч айга созулган сынактын жыйынтыгы чыгарылып, Баш байге, 1-орунга чыккандар баалуу белектер менен сыйланды. Сынакка катышкан бардык мугалимдер кур кол кеткен жок. Ар бири “Педагогдор коомунун”, “Мугалим” журналынын Ардак грамотасы, 72 сааттык окуудан өткөн тастыктама, ошондой эле журналдын “Лидер”, “Мыкты мугалим” төш белгилери менен сыйланышты.

Мугалимдик кесипти даңазалоо,  зоболосун көтөрүү

Белгилей кетчү жагдай, бул демилгенин өзөгүн түзгөн «Мугалим» журналы 12 жылдан бери үзгүлтүксүз чыгып келет. Журналдын башкы редактору Рахат Сулайманованын айтымында, басылма жөн гана маалымат булагы эмес, мугалимдердин тажрыйба алмашуучу аянты жана жаңычыл идеялардын борбору болуп саналат.

— «Мугалим» илимий-педагогикалык журналынын биринчи саны 2014-жылдын 27-мартында жарык көргөн. Ал түстүү, сапаттуу, жылма кагазда алгач 2 айда бир, азыр квартал сайын 80 бет көлөмүндө чыгып келатат. Анын жалпы нускасы 12 жыл аралыгында 70 миңден ашты. Чыккан күндөн тарта “Кыргыз почтасынын” каталогуна киргизилген. Журнал үзгүлтүккө учурабастан, байма-бай жарык көрүп келүүдө.  Журналдын башкы бетине Кыргыз Республикасынын эл мугалимдери, эмгек сиңирген мугалимдер, көрүнүктүү, залкар педагог-окумуштуулар, ал эми анын мукабасынын экинчи жагына мугалимдик кесипти аркалап келаткан мыкты жаш мугалимдер, педагогдук кесипке багыт алган алдыңкы студенттер чыгат. Бул аркылуу мугалимдик кесипти даңазалоо,  зоболосун көтөрүү максатын ишке ашыруу көздөлүп келет, — дейт Р.Сулайманова.

Журналдын ачылышынын негизги максаты – жер-жерлердеги мугалимдерге методикалык жактан көмөк көрсөтүү, ошондой эле мектептерге алдыңкы иш тажрыйбаларды, билим берүүдөгү жаңычыл идеяларды жайылтуу,  жалпы агартуу журтун педагогикалык, илимий жана практикалык жаңылыктар менен тааныштырып туруу.

Журналдын потенциалдуу авторлору катары белгилүү окумуштуу-педагог, дасыккан насаатчы-методисттерден тарта, ар бир карапайым айылдык педагог, тарбиячы, болочок мугалим да өз макалалары, чыгармачыл изденүүлөрү, методикалык иштелмелери менен чыгып, жеке тажрыйбалары менен бөлүшө алат. Мына ушунусу менен журнал мугалимдердин трибунасынын милдетин аткарып келет.

Жергиликтүү ММКлардан айырмаланып илимий-педагогикалык «Мугалим» журналы негизги иштеринен сырткары, мугалимдик кесиптин аброюн көтөрүү максатында 2014-жылдан тарта «Устатка таазим», «Жылдын мыкты мугалими»,  «Мугалим – коомдун күзгүсү», “Мыкты класс жетекчи”, “Мыкты тарбиячы”, “Мен мугалим болом!” аттуу республикалык масштабдагы кароо-сынак, фестивалдарды, коомдук акцияларды жана көгүлтүр Ысык-Көлдүн жээгинде “Окуучу күткөн мугалим” аталышындагы жайкы эс алуу мектебин уюштуруп, жогорку деңгээлде өткөрүп келатат.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”    

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси

Кароо-сынактын Баш байгесинин ээси: Эсентурова Мээримгүл Асановна  — Бишкек шаарындагы Алыкул Осмонов атындагы №68 жалпы билим берүү мектебинн кыргыз тили жана адабияты мугалими;

1-орун — Кемелов Урматбек Доскулбекович, Жумгал районундагы Мыскал Өмүрканова атындагы жалпы билим берүү мектебинин информатика мугалими;

1-орун — Батирова Бегимай Жоошбайевна, Лейлек районундагы   “Кыргызстандын 40 жылдыгы” жалпы билим берүү мектеби мекемесинин башталгыч классынын мугалими;

2-орун — Өмүралиева  Гүлзат Айтмурзаевна, Тогуз-Торо районундагы  №3 Бейше Урстөмбеков атындагы жалпы билим берүүчү мектеби-мекемесинин башталгыч классынын мугалими;

3-орун — Алекова Бермет Болотбековна, Ак-Суу районундагы Үтүр Калиев атындагы Чолпон жалпы билим берүү мектебинин  башталгыч классынын мугалими;

3-орун — Мурзат кызы Айдай, Тогуз-Торо районундагы №3 Бейше Урстөмбеков     атындагы жалпы билим берүү мектеби-мекемесинин башталгыч классынын  мугалими;

4-орун — Курбанбаева Калыскан Калмаматовна, Баткен шаарындагы Баткен облустук жалпы билим берүү жатак-мектебинин жогорку, тарых жана адам жана коом предметинин мугалими;

5-орун — Акматова Назира Рахматуллаевна, Ысык-Ата районундагы Кант шаарынын №2 Какиш Рыскулова атындагы жалы билим берүү орто мектебинин  математика жана информатика мугалими;

5-орун — Дүйшөнбек кызы Бегимай,  Ат-Башы  районундагы Искендеров атындагы жалпы билим берүү мектебинин орус тили жана адабияты  мугалими;

5-орун — Турумбекова Айтолкун Канатбековна,  Ак-Суу районундагы Мамбет Мамакеев жалпы билим берүү орто мектебинин англис тили мугалими.

“Мыкты STEM сабак” наамы менен:

  1. Исмаилова Радмила Асангуловна — Тоӊ районундагы  Сагынтай  атындагы жалпы билим берүү мектебинин башталгыч классынын мугалими;
  2. Сабитова Насыйкат Эсенбековна — Бишкек шаарындагы №68 Алыкул Осмонов атындагы жалпы билим берүү мектебинин  тарых мугалими.

“Илимий сабак” наамы менен:

  1. Көчкөнбаева Сайрагүл Амангелдиевна — Өзгөн районундагы №6 Тагай Асранов атындагы инновациялык жалпы билим берүү мектеби мекемесинин тарых мугалими;
  2. Агышова Аида Кумарбековна — Тоӊ районундагы Азиз Салиев атындагы жалпы билим берүү мектебинин башталгыч классынын мугалими.

“Мыкты креативдүү сабак” наамы менен:

  1. Бердикожоева Жазгүл Чымырбековна — Нарын шаарындагы №2  В.П. Чкалов атындагы жалпы билим берүү мектебинин математика мугалими.

“Мыкты санарип сабак” наамы менен:

  1. Каныбек кызы Жыпаргүль — Жети-Өгүз районундагы Жумадыл Байболотов атындагы жалпы билим берүү мектебинин башталгыч классынын мугалими.

“Билимдүү клас жетекчи” наамы менен:

  1. Күлчоро кызы Света — Сокулук районундагы Кусеин Карасаев атындагы №1 жалпы билим берүү мектебинин физика жана информатика мугалими;
  2. Насипбаева Эльмира Автандиловна — Талас районундагы Атай Огонбаев атындагы орто мектебинин биология сабагынын мугалими;
  3. Шарипова Айнагул Шариповна — Сокулук районундагы “Давха-Сокулук” орто мектебинин орус тили жана адабияты мугалими.
Бөлүшүү

Комментарийлер