МЕКТЕП РЭКЕТИН КАНТКЕНДЕ ТЫЯБЫЗ?

  • 21.02.2025
  • 0

Акыркы убактардагы өспүрүмдөр арасындагы өлүм менен коштолгон зомбулук көрүнүштөрү бүтүндөй коомчулуктун көңүлүн өзүнө бурду. Албетте, көйгөй жөнүндө айтып коюу жетиштүү эмес. Кеч болуп кала электе, аны кантип жок кылуу тууралуу ойлонушубуз керек…

Өспүрүмдөрдүн үрөй учурган зомбулук көрүнүштөрү

Арийне, өспүрүмдөрдүн катышуусундагы зомбулук окуялары бүгүн эле болуп жаткан жок. Андай фактылар жыл сайын кайталанууда. Быйылкы жыл башталбай жатып, 2-февралда Кара-Суу районундагы Каратай айылындагы №39-мектепте  9-11-класстын окуучуларынын ортосунда чыр чыгып, натыйжада, 9-класстын окуучусу каза болуп калган. Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын билдирүүсүнө караганда, окуяны теске алган жыйындан соң, район башчысынын буйругунун негизинде райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы иштен бошотулуп, директор, мугалимдер жана соцкызматкер жумуштан убактылуу четтетилди.

Ушундай эле терс окуялар Нарын облусунун Жумгал жана Кочкор райондорунда да  катталган. 2025-жылдын 6-февралында Кочкор районундагы Калыгул Бай уулу атындагы орто мектебинин 7-классынын окуучусун ушул эле класстын окуучусу бычак менен сайып, денесине жаракат келтирген. Мындан тышкары, 10-класстын окуучулары менен 9-класстын окуучулары мушташышкан.

«Эмнегедир эки факты боюнча топ-топ болуп урушкан балдар жашырылып калган» — деп жазат Кочкор районунан ички иштер органдарынын ардагери Нарынбек Молдоисаев.

Ушундан көп өтпөй, 14-февралда, Баткен шаарында да эки өспүрүм чырдашып, бири теңтушунун сол көкүрөгүнө ашкана бычагы менен сайып жибергенин Баткен облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады. Ушуга улай Бишкектин Жал кичи районунда жайгашкан №72 мектептеги  өспүрүмдүн өлүмүнө классташтары мектеп рэкети түздөн-түз себеп болгонун айтып чыгышты.

Коомчулуктун пикирине кулак салсак

Санариптик технологиялар өсүп-өнүккөн маалыматтык доордо мектеп партасындагы окуучулардын кылмышкерлерден кем калбай, мыкаачылыкка барып жатышы кыргыз коомунун катмарын терең ойго салды.

«Учурда жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук күндөн-күнгө өсүүдө. Өзгөчө мектептерде рэкетчилик, уурулук, денеге атайын жаракат келтирүү, лидерликти талашып топтошуп мушташуу күч алууда.  Натыйжада алган жаракаттан өлгөндөрү,  майып болуп калгандары бар» деп Кочкор районунан ички иштер органдарынын ардагери, милициянын полковниги Нарынбек Молдоисаев сарсанаа болот.

Андан ары милициянын ардагери «Мындай кайгылуу окуялардын болушуна ким күнөөлүү?» деген суроо коюп, ошого жооп табууга аракет кылат.

— Биринчиден, биз, ата-энелер, балдардын жүрүш-турушуна көзөмөл жүргүзбөгөндүктөн, экинчиден, райондук администрациянын социалдык маселелери боюнча кызматкерлери, райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери укук коргоо органдары менен бирдикте профилактикалык иштерди алып барышпагандыктан, үчүнчүдөн, өздөрүнүн жылуу-жумшак орундарын сактап калуу үчүн, билим берүү бөлүмүнүн чиновниктери мындай кылмыштарды жаап-жашыруусу себеп болот, -дейт ал.

Бизде өспүрүмдөр арасындагы зомбулуктун  өөрчүп жатканын мектептерде агайлардын өтө аздыгынан көргөндөр жок эмес.

— Окуучулардын ээнбаштыгы күчөп жатканына мугалимдердин дээрлик 90 пайызы аялдар болуп атканында эмеспи? Айрым мектептерде 100% экен, – дейт Баялы Саркулов.

Өспүрүмдөр арасындагы зомбулук фактылары боюнча билим берүү тармагынын жетекчиси да үн катты.

“Бизде көйгөй жеринде, себеби райондук билим берүү башкармалыктарын аким менен айыл өкмөтү башкарат. Жер-жерлерде Жаштар комитети, маданият бөлүмдөрү бар, тарбиялык  иштерди алып баруу алардын мойнунда. Министрлик билим берүү процесси, мугалимдердин кесиптик чеберчилиги, окуу китептери сыяктуу маселелер менен алекпиз. Мектептерде ар бир бала менен иштегенди билген мугалимдер бар. Соцпедагог тобокел тобундагы балдар менен иш алып барат. Мындан сырткары, агрессияга чакырган контентти чектеп, үй-бүлөлүк баалуулуктарды даңазалаган, ата-эненин жоопкерчилигин күчөткөн иштерди аткарышыбыз керек”, – деди билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Ички иштер министрлигинин жетекчиси менен жолукканда.

Адистер эмне дейт?

Ооруну жеңиш үчүн анын себептерин билүү зарыл болгондой, биздин оюбузча мектептеги өспүрүмдөрдүн зомбулук көрүнүштөрү адистер, окумуштуулар тарабынан кылдат иликтөөнү талап кылат.

Бул жерде класс жетекчилер, мугалимдер, ата-энелер үчүн мектептерде түздөн-түз изилдөө иштерин жүргүзүп жүргөн практикалык психологдун ою баалуу деп ойлойбуз.

— 7-11-класстын окуучулары өткөөл куракка туш болушат. Бул баланын физикалык жана гормоналдык өзгөрүүлөрүнө алып келет. Ошол себептен бул курактагы балдар эмоционалдык жактан туруксуз, агрессивдүү болушу ыктымал. Бул табигый көрүнүш. Айрымдары өтө агрессивдүү, кээ бирөөнүкү тынч өтөт. Бул эмне менен байланыштуу? Көп учурда үч жашты курактык кризис деп угабыз. Мына ошол учурда үч жаштагы баланын ата-энеси балага көп нерсеге уруксат бербей, эркиндигин чектеп, ачылып келе жаткан мүнөзүн басып койсо, өткөөл куракта катуу жарылышы мүмкүн, — деп көрсөтөт Нуржан Найзабекова.

Эң эле кызыгы, мектептеги буллингге, мугалим муну өзү байкабай же билбей себепкер болушу мүмкүн экен.

— Бул, албетте, баланын үйдөгү тарбиясынын таасири жана мектептеги мугалимдердин жоопкерчилиги. Эмнеге мектеп? Себеби бала биринчи класска барганда да стресске кабылат. Буга чейин бала үчүн эң маанилүү фигура ата-энеси болсо, мектепке баргандан тартып, мугалим да таасирдүү адамдын катарына кирет. Андан сырткары, достору пайда болот. Мектепке барганда бала үчүн коомдошуу (социалдашуу) өтө маанилүү болуп калат. Мына ошол учурда мугалим жакшы окуган же, тескерисинче, начар окуган баланы жалпы класстын көзүнчө бөлүп, аларды мактап же урушса, анда аларга карата  классташтарынын мамилеси да өзгөрөт. Бул буллингдин алгачкы белгилери. Мектептеги буллинг ар дайым эле окуучулар тараптан башталбайт, айрым учурда мугалимдин этиятсыз же билбестик мамилесинен улам болушу мүмкүн, – деп улантат өз оюн психолог.

Нуржан Найзабекова зомбулук көйгөйүн чечүү үчүн ар бир мектептин өз психологу болушу зарыл деп эсептейт.

— Дагы бир көйгөй – мамлекеттик мектептерде психологдор жокко эсе. Социалдык педагог, жашы жетпегендер менен иш алып баруучу тескөөчү бар, бирок алар психолог кылган ишти эч качан кыла албайт. Анткени бир гана психолог баланын мектепке болгон адаптациясын, окууга кызыгуусун, мотивациясын же суицидалдык маанайын аныктай алат. Социалдык педагог да мындай нерсени аныктай албайт.

Кандай кылабыз?

Бул арада Жогорку Кеңеште өспүрүмдөр арасындагы зомбулукту алдын алуу боюнча мамлекеттик саясат күчөтүлүшү керек деген пикирлер айтылууда.

Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет жыйынында Комитеттин төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаков өспүрүмдөр арасындагы  зомбулуктун өсүп жатканына өз тынчсыздануусун билдирди. Ал укук бузууларды алдын алуу боюнча мыйзамдар бар экенине карабастан, бул багытта мамлекеттик органдардын иши жетишсиз экенин баса белгиледи.

“Бир гана укук коргоо органдарынын күчү менен коомдо кылмыштуулукту токтотуу мүмкүн эмес. Бул жалпы коомдун, анын ичинде мамлекеттик органдардын, жергиликтүү бийликтин, ата-энелердин жана билим берүү мекемелеринин биргелешкен жоопкерчилиги болушу керек,” – деди Комитеттин төрагасы.

Эл өкүлүнүн пикиринде  укук коргоо органдары көбүнчө кылмыштын кесепети менен күрөшүп, алдын алуу иштерине жетиштүү көңүл бурулбай жатат. Ошол эле мезгилде, жергиликтүү бийликтер жана мамлекеттик мекемелер бул маселеде кайдыгерлик көрсөтүп, мыйзамда көрсөтүлгөн милдеттерин аткарбай келишет.

Комитеттин төрагасы мектептерде алдын алуу иштеринин деңгээли  талапка жооп бербей турганын жана социалдык педагогдор менен психологдордун жетишсиздиги өспүрүмдөр арасындагы укук бузууларга шарт түзүп жатканын жашырган жок. Ал мектеп окуучуларын спортко, чыгармачылык ийримдерге жана аскердик-патриоттук иш-чараларга активдүү тартуу керектигин белгилеп, бул багытта комплекстүү чараларды көрүүгө чакырды.

Жыйында С.Омурзаков аткаруу бийлигине кайрылып, өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун негизги себептерин иликтеп, аны жоюу боюнча конкреттүү жана натыйжалуу иш-чараларды иштеп чыгууну талап кылды. Ал тергөө иштеринин адилет жана ыкчам жүрүшүн камсыз кылуу зарылдыгын айтып, прокуратура органдарын бул маселени өз көзөмөлүнө алууга чакырды.

“Биз бүгүн дени сак, билимдүү жана тартиптүү муунду тарбиялай албасак, эртең мамлекетибиздин коопсуздугуна чоң коркунуч жаралат. Ошондуктан, бул маселеге бардык мамлекеттик органдар олуттуу көңүл буруп, натыйжалуу аракеттерди көрүшү зарыл,” – деп жыйынтыктады өз сөзүн Сүйүнбек Өмүрзаков.

Өспүрүмдөр арасындагы зомбулук маселесине арналган макаланын этегинде төмөнкү пикирге орун берүүнү туура көрдүк.

— Өспүрүм – келечектин күзгүсү. Бүгүнкү жеткинчек эртеңки жаран экенин унутпайлы! Өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун өсүшү – бүтүндөй коомдун көйгөйү. «Балаңды тарбияла, элди тарбиялаба» демекчи, ар бирибиз жаш муундун адеп-ахлагына, жүрүм-турумуна кайдыгер карабашыбыз керек. Кеңешмелерди өткөрүү – бир кадам, аны ишке ашыруу – чыныгы жоопкерчилик. Жалаң сөздөн ишке өтчү учур келди, — дейт

Талас облустук Билим берүү борборунун директору Салтанат Бейшенова.

Ооба, бүгүнкү өспүрүм, эртеңки жаран экенин унутпайлы!

P.S. 20-февралда Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги Кыргызстандын мектептериндеги мектеп буллингин алдын алууга, окуучулардын зомбулуктун жана дискриминациянын кесепеттери жөнүндө маалымдуулугун жогорулатууга, ошондой эле балдардын коопсуз билим берүү чөйрөсүн түзүүгө активдүү позициясын өнүктүрүүгө багытталган “Буллингге жол жок” аттуу Форум өткөрөт.

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер