Мектеп рэкетчилигинин өзөгү кайда?

  • 31.10.2024
  • 0

Ата—энеге да, балага да кан жуткузуп, өлүмгө чейин алып барган мектеп рэкетчилиги бүгүнкүнүн  да, эртеңкинин  да актуалдуу көйгөйү десек болот. Ал күндөн-күнгө тамырын жайып, жаш муун арасында адатка айланып бараткансыйт. Күчтүүсү алсызга, улуусу кичүүсүнө кысым көргөзүп, топторго бөлүнүп мушташкан жаштар ар бир райондо кездешсе керек. Акча эле талап кылбастан «тигини сабап келесиң, муну алып келесиң» деп, торуна түшкөн балага тынчтык бербей келет. Көзөмөлдөн чыккан балдар ата-эненин тилин албай, мугалимди көзгө илбей калат экен. Жадакалса жергиликтүү милиция кызматкерлеринин күчү жетпей, кайдыгер мамиле кылып койгону кадимки көрүнүш эмеспи. Деги окуучуларды мындай топтордон кантип аман сактап калса болот? Жабырлануучу тарап физикалык жактан гана зордук-зомбулук көрбөстөн, психологиялык жактан да катуу сокку жейт. Жапа чеккен балада кандай өзгөрүүлөр болот? Аларга кантип колдоо көргөзүү керек?  Мына ушул суроолорго жооп алуу үчүн «Сезим» Кризистик борборунун балдар психологу Тюлекеева Гульмирага кайрылдык.

— Жабыркаган баланын жүрүм-турумунда дароо өзгөрүүлөр болот. Мисалы, мектепке баргысы келбей, жакындары менен сүйлөшүүдөн качып, табити жоголуп, агрессивдүү болуп калат. Ал эми эмоционалдык абалында коркуу, тынчсыздануу сезими болуп, жалгыз болгусу келип баштайт. Мындай балдарга сөзсүз түрдө колдоо керек. Бала менен ачык сүйлөшүп, тынчтандырып, конфликти чечүүгө көмөк көргөзүү зарыл. Жабырлануучу тарап кимдер менен жакын мамиледе болсо, ошолор менен ачык сүйлөшүп, балада болуп жаткан өзгөрүүлөрдү анализдөөгө  аракет кылыш абзел. Бул жерде үйбүлө жана анын достору маанилүү ролду ойнойт. Ушул боюнча кыргыздарда көйгөй көп жаралат. Баарыбызга эле белгилүү эмеспи, көпчүлүк ата-энелер балдары менен жакын мамиледе боло бербейт. Ошондуктан бала маселелеси тууралуу айткандан тартынып, өзү чечүүгө же болбосо өзүнө кол салганга чейин барат. Негизи жаңжалдардын көпчүлүгү бекерчиликтен жаралат. Кыларга иши жок балдар, ушундай жолдорго кирип кетет. өспүрүм куракта энергия мол болуп, күчкө келип калган мезгил эмеспи. Балдарды ошол маалда туура жолго багытташ керек. Айрыкча спорт менен машыгуу эң жакшы тандоо  деп эсептеймин. Машыккан баланын бир эле ден соолугу чың болбостон, бош убактысын текке кетирбей, энергиясын, күчүн спорттон чыгарып алат. Спорт адамды физикалык жактан эле эмес, менталдык жактан да тарбиялайт. Бирок баланын эмнеге кызыгарын аныктап, тиешелүү курстарга, кружокторго катыштырганы жакшы.

Мектеп рэкетчилигинин өзөгү кайда?

Юнисефтин берген маалыматы боюнча, жапа чеккен  балдардын 73 пайызы үй-бүлөдөгү мамиледен, ал эми 83.5 пайызы мектептеги зомбулуктун курмандыгы болот.

Ата-эне балдарын кимдер менен достошуп жатканын билип турганы оң. Анткени көп учурларда чөйрө менен болгон мамиленин аркасынан коркутуулар келип чыгат. Достору “Тигини жасабасаң сабайм, кошпойм” деген сөздөр менен коркута баштайт. Мындай учурда бала жалгыз калбоо максатында  суроо-талаптарды аткарууну туура көрөт. Өз айланасында “кысымга” көп дуушар болуучу окуучулардын тайпасына жоош, өзүнө ишеничи аз, санаалуу жана дайыма өзүн көзөмөлдөп жүргөн окуучулар экенин психологдор далилдешкен. Ошондой эле кээ бир балдарды ата-энелери “таш менен урса, аш менен ур” деген принципте тарбиялашкан. Мындай тарбия көргөн бала өзүнүн “мен” дегенин сыртка чыгара албай, кордук, кемсинтүүлөргө жооп кайтара албайт.

Мектеп рэкетчилигинин өзөгү кайда?

Болжолдуу мындан 10-15 жыл мурункуну карап көрсөк, рекетчилик эркек балдар арасында актуалдуу болгон. Бирок бүгүнкү күндө кыздар да калышпай, бири-бирин опузалап жатканы жан кейитет. Жаштардын жапырыла мындай жолго түшкөнүнө эмне себеп? Же үйүндөгү тарбиянын жоктугубу? Же мектеп тарбия бере албай жатабы? Же коомдун жаштарга көргөзгөн үлгүсү ушундайбы? Бул суроолорго кеңири жооп табуу үчүн Лейлек районундагы  Ю. А. Гагарин атындагы орто мектебинин дтректору Кундузова Гулмира эжей менен маектештик.

Мектеп рэкетчилигинин өзөгү кайда?

«Рэкетчиликке баруунун эң негизги себептеринин бири — бул үйбүлөлүк жагдай. Айрыкча кыздарга ата-энесинен көңүл буруу, мээрим жетишпей калганда мүнөзү таш боор болуп, башкаларга көргөзө баштайт. Же бир туугандарынан, ата-энесинен ур-токмокко кабылып, зордук-зомбулук көрсө, аны сөзсүз өзү кайталайт. Коомубузда бул маселени токтотуу үчүн көп убактан бери айтылып келе жатат. Бул чоң маселе жана таптакыр жок кылып салуу мүмкүн эмес. Ар бир үйбүлө өз баласына туура тарбия берип, мектеп жамааты окуучулар менен тыгыз иштешкенде гана азайта алабыз. Менимче, ар бир адам коомдон өзүнүн көз карашына жараша сабак алат. Окуган окуучу билимдүүлөрдү көрүп, үлгү алып жатат. Ал эми мушташкысы келген балдар коомдон ошондой нерселерди таап, кайталап жатпайбы. Заман талабына ылайык коркутуулардын да жаңы түрү пайда болду. Интернет кеңири жайылгандыктан балдарга карата зомбулук интернеттен коркутуу жана онлайн режиминде кысым көргөзүү сыяктуу жаңы формага өттү. Зордукзомбулукту көрүп өскөн балдар муну жашоонун кадыресе бөлүгү катары кабыл алышы мүмкүн. Рэкетчилик кайдыгер карала турчу маселе эмес. Бул өлүмгө чейин алып барат. Мен ар бир мугалим жана ата-эне бала менен эркин сүйлөшүп, көйгөйлөрдү мушташ менен эмес, сүйлөшүү аркылуу жоюуну үйрөтсө деймин».

Жабыркаган тарапты кантип коргой алабыз?

Биринчи колдоо албетте, ата-эне тарабынан болуусу кажет. Андан тышкары,  жер-жерлерде ачылган атайын  балдарды коргоо борборлоруна  кайрылса болот. Ал жерде зомбулуктун жана ташбоор мамиленин курмандыктары болгон балдар социалдык, психологиялык жана укуктук жардам алышат. Психологдорго кайрылуу, жапа чеккен бала менен жекече иштешүү да баланын кайра калыбына келүүсүнө көмөк болот.

Мектептерде опузалоо жана зордук-зомбулук жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу да азаюуга себеп боло алат. Ошондой эле  маданиятты калыптандыруу, көп түрдүүлүктү, укуктарды  билүү, диалог түзүү, жаңжалды зомбулук колдонбой токтотуу усулдары да көмөктөшөт.

Мектеп рэкетчилигинин өзөгү кайда?

Ата-энесинен узак жашаган балдар зордук-зомбулукка көп учурайбы?

Адистердин айтымында, зордук-зомбулукка кабылган балдардын басымдуу бөлүгү ата-энелери жакынкы жана алыскы чет мамлекеттерге кетишкен эмгек мигранттардын балдары.

“Балдарды коргоо борбору” коомдук бирикмесинин кызматкери Таалай Жакыпов “Азатыкка” берген маегинде ата-энеси менен чогуу жашабаган, интернатта өскөн балдар тууралуу төмөнкүлөрдү айткан: “90-жылдары кароосуз балдар убактылуу жашоочу жайлардагы балдардын кийинки тагдырын иликтеп көргөнбүз. Ошол жайларда жашаган балдардын жок дегенде 50 пайызы азыр кылмышкер болуп, түрмөгө түштү. Эркек балдардын көпчүлүгү ушундай болду, а кыздардын көбү ичип, ажырашып кетишти же башка терс иштерге барышты. Ошон үчүн биз бул көрүнүшкө кайдыгер карабашыбыз керек”.

Мектеп рэкетчилигинин өзөгү кайда?

Юнисефтин берген маалыматы боюнча, көптөгөн факторлордон (аны менен катар жакырчылыктан) улам мигранттардын балдары көп нерселерден куру калып, зомбулукка, эксплуатациялоого кабылышат. Туугандардын кароосуна калтырылган же интернаттык мекемелерге жайгаштырылган мигранттардын балдары катаал мамилеге жана зомбулукка көбүрөөк туш келишет. Ата-энеси чет жакка иш издеп кеткенден кийин балдар адатта туугандарынын колунда калат. Көп учурда чоң ата-чоң энесинин колунда болушат. Алар болсо чоңоюп келаткан балдардын муктаждыктарын канааттандыра албай калат. Ата-энесин узак мөөнөт көрбөгөн балдарда психологиялык жана социалдык көйгөйлөр пайда болот.

Мектеп рэкетчилигинин өзөгү кайда?

Эмгек министрлигинин билдирүүсү боюнча, быйылкы жылдын тогуз айында ата-энеси мигрант болгон 86 миңден ашык бала аныкталып, көзөмөлгө алынган. 72 миң баланын (83,7 пайыз) ата-энеси өлкөдөн чыгып кеткен. Маалыматка караганда, балдар туугандарынын камкордугуна калтырылган.

Айдана Маматбердиева,

«Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер