МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫНЫН СӨГҮНГӨН АДАТТАРЫНА МУГАЛИМДИН МАМИЛЕСИ

  • 30.06.2025
  • 0

 

Тарбия – узак убакытты талап кылган процесс, бирок туруктуулук менен жакшы натыйжага жетүүгө сөзсүз болот. Сөгүнүү адатын жоготуу үчүн үй-бүлөдө, мектепте жана коомдо туура тарбиялык чараларды колдонуу маанилүү.

МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫНЫН СӨГҮНГӨН АДАТТАРЫНА МУГАЛИМДИН МАМИЛЕСИ

1995-жылдын ноябрь айы болчу. Өзүм туулуп өскөн айылдан 50 чакырым алыскы айылга жаңы эле келин болуп келгенмин. Айылдагы мектепке ишке орноштум. 4-класстын эжекеси декреттик эргүүгө кетип, мени ишке чакырышты. Балдар менен иштөө мага аябай жакты. Убакыттын өткөнүн байкабай да каламын. Коңгуроо кагылбай турса экен деп тилейм. Күндөрдүн биринде айылдан районго бардым, сабакка колдонгонго көргөзмө курал жасашым керек эле, алдым да кайра айылга жөнөдүм. Ал мезгилде сары түстөгү автобус каттачу. Автобуста келе жатабыз, эл аябай көп болгондуктан отурганга орундук жок. Бир мезгилде бир киши ордунан туруп эле, бир кишинин жакасын кармап, оозуна кирген сөз менен сөгүп кирди. Экөө мушташа кетти. Бир да жан аларды ажыратып койбойду. Көрсө, алар мас кишилер экен. Автобуста кары-картаңдар, аялдар, жаш балдар да бар эле. Мен болсо аябай жаман болдум. Мындай сөздөрдү укпай чоңойгонума жаман ахыбалга түштүм.

Айылга да жетип келдик. Баягы урушкан кишилер урушканын унутуп, кайрадан кучакташып түшүп кетишти. Бул окуя менин эсимден кетпей койду. Эртеси мектепке барып, окуучуларымдын көздөрүн карап, булар да чоңойгондо ушул кишилердей болобу деп аяп кеттим. Жоок-жоок, менин окуучуларым билимдүү, маданияттүү болуп чоңоюшат деп өзүмдү токтоттум. Мен мындай сөгүнгөн сөздөрдү уккан эмес экенмин. Атам айылда врач, апам болсо мугалим болуп иштечү. 7 бир тууганбыз. 4 эркек бала, 3 кыз чоңойдук. Биздин үй-бүлөдө сөгүнгөн эркек болбоду. Майрам күндөрү көчөдө арак ичип, сөгүнүп жүргөн кишилерди жана балдарды көп көрчү болдум. Бара-бара окуучулардан байкай баштадым. Ошол сөгүнгөн, мушташкан аталардын балдарына көз салчу болдум. Көрсө, ошол аталардын балдары да ошондой болуп чоңоет экен. Мектепте, тарбиялык саат өтүлөбү, же көчөдө сөгүнгөн жаш балдар болобу, токтотуп алып жаман адат экендигин түшүндүрүүгө аракет кылып келем. Ошентип, иш тажрыйбамда байкадым, ата-эненин жүрүм-туруму сөзсүз балага таасир этет экенин. «Тарбия үй-бүлөдөн башталат» деген сөз бекеринен айтылбаган экен. Сөз маданиятын, биринчиден, үй-бүлөдөн үйрөнөт десем жаңылышпаймын.

Менин чоң атам 98 жашында ааламдан өткөн. Дагы эле эсимден кетпейт дасторкондо чай ичип отурганда баарыбызга көп насаат сөздөрүн айтчу. ”Жаман сөзгө да, жакшы сөзгө да периштелер оомийин кылат. Ошондуктан эч качан жаман сөздөрдү сүйлөбөгөнгө аракет кылгыла балдарым”, — дей берчү. ”Атанын сөзү — акылдын көзү” — кандай гана таасирдүү сөздөр. Акылман аталар сөз, макал-лакап менен балдарды тарбиялап келген экен. Ал эми көчөдө сөгүнүп жүргөн аталар кандай тарбия берет деп ойлоп кетем.

МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫНЫН СӨГҮНГӨН АДАТТАРЫНА МУГАЛИМДИН МАМИЛЕСИМЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫНЫН СӨГҮНГӨН АДАТТАРЫНА МУГАЛИМДИН МАМИЛЕСИ

Башталгыч класстагы балдар сөгүнүү сөздөрүнүн маанисин анчалык түшүнүшпөйт. Эгерде бул сөздөрдү үй-бүлөдө көбүрөөк уккан болсо, көнүмүш сөз катары кабыл алып колдонушат. Бирок бардык окуучуларда эмес. Балдардын сөгүнүүсүнө эмнелер себеп болушу мүмкүн:

  1. Курчап турган чөйрө же кайталоо.

2.Теңтуштарынын таасири.

  1. Эмоциясын билдирүү.
  2. Чоңдордун аракетин байкоо.

Кантип алдын алса болот:

  1. Эмоцияны билдируунун башка жолдорун уйротуу керек.
  2. Жакшы сөздөрдү кантип колдонуу керектигин.
  3. Сөгүнүү -жагымсыз экендигин түшүндүрүү.
  4. Теңтуштарын байкоо. Эгерде дагы уланта берсе, себептерин изилдөө керек.

Ал эми ата-энелердин арасында сөгүнүү сөздөрү, чөйрөгө, тарбияга, билим деңгээлине, жашоо шартына же стресстин деңгээлине жараша колдонушат. Ошондой эле чоңдордун балдарга тийгизген таасири өтө чон. Эгер бала ата-энесинен сөгүнүүгө үйрөнсө, мындай сөздөрдү бала кадимки көрүнүш катары кабыл алышат. Ошондуктан, үйдө жакшы маданиятты кармануу алардын сөз байлыгына жана адеп-ахлагына оң таасирин тийгизет. Ал эми мугалимдер арасында да болушу мүмкүн экендигин иш жүзүндө байкадым. Чоңоюп калган окуучулар кээде мугалимдерге терс адаттарын көрсөтүшөт. Эмне үчүн? Тапшырма аткарбай келишкенде мугалим урушуп койсо, жаман сөздөрдү сүйлөп коюшкандыгын айтып даттанып калышат. Ал эми окуучулар болсо, “мени гана сурай берет эжеке”, —  деп даттанышат. Бирок азыркы окуучуларга катуу сүйлөгөндөн да коркушат. Ошондуктан да мугалимдер стрессте болушат. Кээ бир мугалимдер, айрыкча, эркек мугалимдер урушкан сөздөрдү колдонушат. Окуучулар менен иштөөдө, чыдамдын түгөнүшүнөн, ашыкча жүктөн, же мугалимдин эмоциясын башкара албай калгандыгынан колдонушу мүмкүн. Бул окуучуларга кандай таасир этет.

  1. Мугалимден көргөн адатты мектептен тышкары колдонушу мүмкүн.
  2. Мугалимге болгон сый-урматты жоготушу мүмкун.
  3. Мектеп чөйрөсүнө таасир этиши мүмкүн.

Мугалим өзүн көзөмөлдөй билуу керек. Кантип?

  1. Стрессти башкара билуу керек.
  2. Үлгү болуу менен.
  3. Сабак учурунда эмоцияны башкаруу
  4. Мектептеги эрежелерди сактоо керек деп ойлойм.

Эгерде мугалимдер ата-энелер же окуучулар арасында сөгүнүү сөздөрү кеңири таралган болсо, мектепте маселе катары каралыш керек деп ойлойм. Азыркы коомдо же мен жашаган айылда бул сөздөр азыраак колдонулуп калды же азайды. 5-10 жыл мурда биздин айылда окуучулар менен биргеликте «Арак –  арты өкүнүч» деген темада райондук деңгээлде жүрүш болгон. Себеби арактын артынан көп үй-бүлөлөр бузулуп, изилдөөнүн жыйынтыгынды 80ге жакын эркектер өлүмгө дуушар болуп, канча балдар атасыз калган. Жыйынтыгында арак саткан дүкөндөргө айып пул төлөнүп, тыюу салынган. Азыркы мезгилде арак ичип, сөгүнүп көчөдө жүргөн адамдар жокко эсе. Албетте, арак ичпей сөгүнүү же жаман сөз сүйлөгөндөр жоголуп кетти дебеймин, кантсе да азайды. Муну менен эмне демекчимин,  кээ бир үй-бүлөдө көнүмүш адат катары калыптанып калган. Үй-бүлөдөгү адатты жоюу үчүн мектеп дагы жардамга келүү керек. Кантип?

Ата-энелер чогулушун ай сайын өткөрүп туруу керек. Биздин мектепте ай сайын өткөрүлүп турат, бирок ар түрдүү темада. Мен бул темадан кийин ойлонуп калдым, эмки чогулуштарды үй-бүлөдөгү кээ бир терс адаттарды жоюу максатын да коюу керек экендигин. Мугалимдердин бул адаттар үстүндө сөзсүз күрөшүү керектигин, айрыкча, башталгыч класстарда сөгүнүү сөздөрүнүн маанисин анча түшүнбөгөндүгүн, бирок чоңдордун реакциясын көрүп, аларды колдонушу мүмкүндүгүн ырастап, бул адатты эртерээк оңдоо керек экендигин билишибиз керек. Тарбиялык иш-чаралар аркылуу оң натыйжага жетишүүгө болот. Бул үчүн бир нече маанилүү кадамдарды аткаруу керек. Мисалы: 1. Үлгү көрсөтүү. (Балдар чондордон көргөн нерсени кайталаганга жакын болушат. Чоңдор маданияттуу сүйлөсө, балдар ошого көнөт.) 2. Түшүндүрүү

иштери. (Сөгүнүу сөздөрүнүн терс жактарын түшүндүрүү керек. ) 3. Тартип эрежелерин түзүү. (Үйдө жана мектепте сөгүнүүгө каршы эрежелердин болуусу.) 4. Он мотивация берүү. (Маданияттуу сүйлөгөн балдарды сыйлоо же мактоо) 5. Баланын чөйрөсүн көзөмөлдөө (Достору, соцтармактар, мультфильм, видеолор).

Эгерде бул чаралар ырааттуу колдонулса, балдар бара-бара маданияттуу сүйлөөгө көнүгүп, сөгүнүү адаттарынан арылат.

Туура үлгү көрсөтүү, түшүндүрүү иштери, тартип эрежелерин бекемдөө оң мотивация берүү жана баланын чөйрөсүн көзөмөлдөө аркылуу бул көйгөйдү чечүүгө болот. Эгер ырааттуу жана сабырдуу тарбия берилсе, балдар сөгүнүүнүн ордуна маданияттуу сүйлөөгө көнүп, бул адатты таштап коюшат. Ошондуктан, ата-энелер менен мугалимдердин биргелешип иш алып баруусу, бул маселени оң натыйжа менен чечүүгө өбөлгө түзөт. Эгерде окуучунун ата-энеси сен жөнүндө өтө жаман сөз сүйлөсө дагы, сен анын баласына өтө жакшы мамиле кылганын — бул чыныгы мугалимдик сапат.

Моолида ИБРАХИМ кызы, С.Эрматов атындагы Кара-Булак  орто мектебинин мугалими, Баткен району, Баткен облусу

Бөлүшүү

Комментарийлер