МЕКТЕП МУГАЛИМДЕРИ МЕНЕН ОКУУЧУЛАРДЫН ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТ БОЮНЧА МААЛЫМДУУЛУГУ КАНДАЙ?

  • 06.08.2025
  • 0

Бул макала 2025-жылдын июль айында Германиянын Мюнхен шаарында өткөн “Билим берүү технологияларындагы жасалма интеллект” боюнча VI эл аралык конференцияда (AIET 2025) презентацияланды. AIET — жасалма интеллект, билим берүү, санарип трансформация жана педагогикалык инновациялар жаатында иш алып барган алдыңкы илимпоздор менен адистерди бириктирген маанилүү илимий аянтча. Бул жылы конференцияга АКШ, Сингапур, Кытай, Бириккен Араб Эмираттары, Франция, Норвегия жана башка 35тен ашуун өлкөдөн 100дөн ашык изилдөөчү, эксперт жана новатор катышты. Алар билим берүүдө жасалма интеллектти колдонуудагы жаӊы ыкмаларды, илимий-методикалык чечимдерди жана глобалдык тенденцияларды талкуулашты.

МЕКТЕП МУГАЛИМДЕРИ МЕНЕН ОКУУЧУЛАРДЫН ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТ БОЮНЧА МААЛЫМДУУЛУГУ КАНДАЙ?

МЕКТЕП МУГАЛИМДЕРИ МЕНЕН ОКУУЧУЛАРДЫН ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТ БОЮНЧА МААЛЫМДУУЛУГУ КАНДАЙ?

AIET 2025 конференциясын дүйнөгө белгилүү Springer Verlag басма үйү, Барселона университети жана Колдонмо илимдердин Эл аралык университети уюштурган. Бул иш-чара илим жана практика чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтыкты бекемдөөгө, ошондой эле билим берүү системаларында ЖИ технологияларын инклюзивдүү түрдө интеграциялоонун жолдорун издөө максатында өткөрүлдү.

МЕКТЕП МУГАЛИМДЕРИ МЕНЕН ОКУУЧУЛАРДЫН ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТ БОЮНЧА МААЛЫМДУУЛУГУ КАНДАЙ?

Кыргызстандан сунушталган бул изилдөө өлкөбүздүн контекстинде жасалма интеллектти билим берүү тармагына киргизүү маселесин илимий негизде талдоону максат кылып, айрыкча, мугалимдер менен окуучулардын ЖИ тууралуу маалымдуулук деңгээлин иликтөөгө багытталган. Бул иш чоң практикалык мааниге ээ эмпирикалык маалыматтарды сунуштайт.

Актуалдуулугу

Жасалма Интеллект (ЖИ)— бул азыркы тапта жашоо тартибибизди, иштөө жана билим алуу ыкмаларыбызды өзгөртүп жаткан технология. Бул изилдөөдө биз ЖИни — адамдын акыл-эс ишмердүүлүгүнө окшош аракеттерди аткара алган технологиялар катары аныктайбыз; мисалы, чечим кабыл алуу, жаңы маалыматтарга ылайыкташа билүү же окутуу процессин автоматташтыруу.

Билим берүү тармагында ЖИ тесттерди баалоодо, жекелештирилген окутууда жана окуучулардын жетишкендиктерин көзөмөлдөп туруу иштеринде колдонулары күтүлүүдө. Бирок бул технологиянын тездик менен киргизилиши саясий жана укуктук ченемдерден ашып түшүүдө, айрыкча аз жана орто кирешелүү өлкөлөрдө, анткени бул мамлекеттерде мектеп системалары көп учурда керектүү инфраструктурадан, санариптик көндүмдөрдөн же жөнгө салуучу ченемдик негизден кемчил болушу мүмкүн.

Жасалма интеллект боюнча билим берүү тармагындагы изилдөөлөр учурда жогорку кирешелүү өлкөлөрдө жүргүзүлөт. Ал эми Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстан тууралуу эмпирикалык маалыматтар дээрлик жок. Кыргызстанда санариптик технологияларга кызыгуу өсүп жатканы менен, мугалимдер менен окуучулардын жасалма интеллект түшүнүгүн кандай деңгээлде билишери жана аларды колдонууга канчалык ишенимдүү экени тууралуу маалымат жетишсиз.

Бул боштук олуттуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Эгер мугалимдер ЖИ тууралуу жетиштүү түшүнүккө ээ болбосо, алар аны коопсуз жана натыйжалуу колдонууга окуучуларды үйрөтө алышпайт. Ал эми окуучулар болсо, бул технологиялардын мүмкүнчүлүктөрүн туура колдонбой, билим алуудагы потенциалын толук ишке ашыра албай калышы мүмкүн. Бул билим берүүдө теңсиздиктин тереңдешине алып келиши ыктымал.

Максаты

Ушул көйгөйлөрдү эске алуу менен биз бул изилдөөнү жүргүздүк. Анын максаты — ЖИ маалымдуулугу боюнча Кыргызстанда алгачкы ирет эмпирикалык маалымат топтоо, саясат иштеп чыгууда жана мугалимдерди даярдоодо негиз боло турган далилдерди сунуштоо, жана келечектеги изилдөөлөргө жол ачуу.

Биз эки негизги суроого жооп издедик:

  1. Кыргызстандагы мектеп мугалимдери менен окуучулардын ЖИ боюнча маалымдуулугу кандай?
  2. Бул эки топтун маалымдуулугунда статистикалык жактан маанилүү айырма барбы?

Мындан тышкары, катышуучулардын социалдык-демографиялык өзгөчөлүктөрү, интернетке жеткиликтүүлүгү, түзмөктү колдонуу жана ЖИ колдонуу тажрыйбасы да анализденди. Бул жыйынтыктар керектүү стратегияларды иштеп чыгууда, окуу программаларын жана мугалимдерди даярдоо системасын жакшыртууда багыт бере алат.

Теориялык Адабият

Эл аралык адабияттарды талдоодо ЖИ боюнча мугалимдердин маалымдуулугу орточо же төмөн деңгээлде экендиги көп учурда белгиленген. Бул, негизинен, жаш курак, билим берүү мекемелери тарабынан колдоонун жоктугу сыяктуу себептерге байланыштуу. Ошондой эле, мектеп курагындагы окуучулардын ЖИ боюнча маалымдуулугун өлчөй турган текшерилген инструменттер жок экендиги аныкталды.

МЕКТЕП МУГАЛИМДЕРИ МЕНЕН ОКУУЧУЛАРДЫН ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТ БОЮНЧА МААЛЫМДУУЛУГУ КАНДАЙ?

Кыргызстандын контексти

Кыргызстандын 2024–2028-жылдарга карата Санариптик трансформация концепциясында ЖИ маанилүү деп белгиленгени менен, азырынча мугалимдер үчүн ЖИ боюнча атайын даярдоо программалары киргизиле элек. Мектеп программасында ЖИ маалыматтык технологиялар сабагынын курамында гана эскерилет, бирок аны кантип окутуу керектиги тууралуу так көрсөтмөлөр жок.

Методология

Биз Чиу жана башкалар тарабынан иштелип чыккан мугалимдердин жасалма интеллект жаатындагы компетенттүүлүгүнө болгон өз ишенимин өлчөөчү TAICS шкаласын негиз катары алдык. Бул шкала Гонконгдо иштеген мугалимдердин ЖИ компетенттүүлүгүн баалоодо колдонулуп, валидизациядан өткөн.[1] Аталган шкала мугалимдердин ЖИ компетенцияларын алты багытта өлчөйт. Изилдөөбүздө биз «ЖИ боюнча маалымдуулук» бөлүгүн колдондук (4 суроо). Суроолор окуучуларга да ылайыкташтырылып, мугалимдер менен салыштыруу жүргүзүлдү.

Изилдөө үчүн мугалимдер жана окуучулар үчүн өз-өзүнчө, бирок окшош түзүлгөн анкеталар колдонулду. Алар төрт бөлүктөн турган: ЖИ маалымдуулугу, социалдык-демографиялык маалыматтар, интернет жана технологияны колдонуу, жана ЖИ тууралуу пикирлер.

Маалымат 2024-жылы октябрь – 2025-жылы март аралыгында Google Forms аркылуу, мектеп жетекчилери жана жергиликтүү билим берүү адистеринин жардамы менен чогултулган. Жалпы 595 мугалим жана 484 окуучудан жарактуу жооп алынган.

Катышуучулар Бишкек, Ош шаары, Ош облусу жана Нарын облусунан тандалды. Бул аймактар географиялык жайгашуусу, калк жыштыгы жана технологияга жеткиликтүүлүгү боюнча ар түрдүү болгондуктан, өлкө боюнча кеңири көрүнүш түзүүгө шарт түздү.

Маалыматтар фактордук жана тастыктоочу фактордук талдоо (CFA) аркылуу анализделип, топтор арасындагы айырмачылыктар t-тест жана ANOVA ыкмалары менен текшерилди. Бардык статистикалык анализдер Stata 14 программасы аркылуу жүргүзүлдү.

Негизги жыйынтыктар

Жалпысынан алганда, мугалимдер жана окуучуларда ЖИ боюнча орточо деңгээлдеги маалымдуулук аныкталды. Бирок окуучулардын маалымдуулугу мугалимдерге караганда кыйла жогору болду.

Окуучулардын орточо упайы — 3.98, ал эми мугалимдердики — 3.68. Бул айырма статистикалык жактан маанилүү деп табылды.

Tаблица 1. Мугалимдердин жана окуучулардын ЖИ (жасалма интеллект) жөнүндө маалымдуулук деңгээлинин орточо көрсөткүчтөрүн салыштыруу тести

VariableObsMeanStd. Err.Std. Dev.[95% Conf.Interval]
Factor (мугалимдер)5953.6811870.0315760.7702133.6191733.7432
Factor (окуучулар)4843.9823070.034550.7600893.9144214.050193
combined1,0793.8162580.0237420.7798633.7696743.862843
diff-0.301120.046869-0.39308-0.20916
t test-6.43
degree of freedom1077
p-value0.000

Изилдөөгө катышкандардын көпчүлүк окуучулар жана мугалимдер мамлекеттик мектептерде билим алып, иштешет. Алар негизинен кыргыз тилинде сабак өтүп жана окушат.

Интернет жана технологиянын жеткиликтүүлүгү боюнча: 80% мугалим интернетке мектепте жана үйдө туташа алса, 15% мектепте, 18% үйдө интернет жок экенин көрсөткөн. Мобилдик телефондор — интернетке кирүүдөгү мугалимдердин башкы каражаты болуп аныкталды. 61% мугалим ChatGPT колдонорун билдирген, андан кийин Google Assistant, Gemini, Grammarly жана Copilot айтылган. Жети мугалим ЖИ такыр колдонбойт.

93% мугалим ЖИ тууралуу интернеттен үйрөнгөн. 85% мугалим ЖИ боюнча атайын окутуу программалары керек деп эсептейт, ал эми 80%дан ашыгы билим берүүдө ЖИ боюнча улуттук жоболорду иштеп чыгуу керек деген пикирде.

Таблица 2. Мугалимдердин технология жана интернетке жеткиликтүүлүгү, ошондой эле ЖИ колдонуу адаттары.

Сиздин мектебиңизде интернет жеткиликтүүбү жана аны колдоно аласызбы?
    Ооба48581.51%
    Жок8914.96%
    Жооп бере албаймын213.53%
Сиздин үйүнүздө үзгүлтүксүз интернет байланышы барбы?
    Ооба47780.17%
    Жок10918.32%
    Жооп бере албаймын91.51%
Интернетти колдонгондо кайсыл түзмөктү эң көп колдоносуз?
    Телефон39566.39%
    Ноутбук17028.57%
    Компьютер244.03%
    Башка61.01%
 Кайсыл издөө системасын эң көп колдоносуз?
    Google Chrome57797.14%
    Yandex91.51%
    Safari30.51%
    Башка61.01%
ЖИ негизинде кайсыл куралды же тиркемени эң көп колдоносуз? 
    ChatGPT36461.18%
    Google Ассистент17329.08%
    Gemini315.21%
    Grammarly61.01%
    Башка122.02%
    Copilot20.34%
    Колдонбойм71.18%
Сиз ЖИ тууралуу  эң көп маалыматты  кайсыл жерден аласыз?
    Интернет46293.3%
    ChatGPT5811.72%
    Курстар387.68%
    Мектепте204.04%
    Маалымат албайм132.63%
    Балдар20.4%
    Университет20.4%
Жалпы595100.00%

Таблица 3. Мугалимдердин ЖИ боюнча окутуу программаларына жана билим берүүдөгү ЖИ колдонууга байланыштуу ченемдерге болгон муктаждык жөнүндө пикирлери

ЖИ боюнча мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу зарылчылыгы барбы?
    Ооба, зарылчылык бар50685.04%
    Жок, зарылчылык жок355.88%
    Жооп бере албайм549.08%
Билим берүү тармагында ЖИ-ни колдонууну мамлекеттик деңгээлде жөнгө салуу зарылчылыгы барбы??
    Ооба, зарылчылык бар48080.67%
    Жок, зарылчылык жок416.89%
    Жооп бере албайм7412.44%
Жалпы595100.00%

Окуучулардын көпчүлүгү да ЖИ тууралуу интернеттен билишкен, дээрлик 19% ChatGPTди атайын белгилеген. 69% окуучу мектептерде ЖИ сабактары болушун каалай турганын билдирген.

Таблица 4. Окуучулардын технология жана интернетке жеткиликтүүлүгү, жана ЖИ колдонуу адаттары

Сиздин мектебиңизде интернет жеткиликтүүбү жана сиз аны колдоно аласызбы?
    Ооба29260.33%
    Жок12926.65%
    Жооп бере албайм6313.02%
Сиздин үйүнүздө үзгүлтүксүз интернет байланышы барбы?
    Ооба39180.79%
    Жок7114.67%
    Жооп бере албайм224.55%
Интернетти колдонгондо кайсыл түзмөктү эң көп колдоносуз?
    Телефон46996.90%
    Ноутбук81.65%
    Компьютер51.03%
    Башка20.42%
 Кайсыл издөө системасын эң көп колдоносуз?
    Google Chrome41987%
    Yandex245%
    Safari122%
    Башка296%
ЖИ негизинде кайсыл куралды же тиркемени эң көп колдоносуз? 
    ChatGPT36976.24%
    Google Ассистент9118.80%
    Gemini153.10%
    Башка61.24%
    Колдонбойм30.62%
Сиз ЖИ тууралуу  эң көп маалыматты  кайсыл жерден аласыз?
    Интернет31164.26%
    ChatGPT9118.80%
    Мектеп275.58%
    Достор183.72%
    Маалымат албайм224.55%
    Жооп жок153.10
Жалпы484100.00%

Tаблица 5: Окуучулардын мектепте ЖИ сабактарын киргизүү боюнча пикирлери

Сиздин мектебиңизде ЖИ боюнча сабактар керекпи?
    Ооба, керек33268.60%
    Жок, кереги жок5210.74%
    Жооп бере албаймын10020.66%
Жалпы484100.00%

Талкуу

Мугалимдер менен окуучулардын маалымдуулук деңгээлиндеги айырма технологияны колдонуудагы муундар аралык айырмачылыктан келип чыгышы мүмкүн.

Бул изилдөө ЖИ боюнча билимдин базалык деңгээлин чагылдырат жана колдонмо, этикалык же техникалык жөндөмдөрдү камтыган жок.

Маанилүү маселелер:

  • ЖИни жакшы билген окуучулар тапшырмаларды анын жардамы менен аткарууда мүмкүнчүлүк алышат.
  • ЖИге көп маани бербеген мугалимдер ЖИ аркылуу жасалган иштерди байкабай калуу коркунучу бар.

Бул билим берүүдөгү этикалык көйгөйлөрдү жаратып, билимдин сапатына терс таасир тийгизиши мүмкүн.

Ошондой эле, катышуучулардын негизги маалымат булагы — интернет (мугалимдерде 90%, окуучуларда 65%). Бирок интернеттеги маалыматтар дайыма ишенимдүү боло бербейт. Бул туура эмес түшүнүктөрдүн пайда болушуна жол ачат.

Мындан тышкары:

  • 15% мугалим, 27% окуучу мектепте интернетке кире албайт.
  • 66% мугалим жана 97% окуучу негизинен мобилдик телефондорду колдонушат. Бул айрым ЖИ куралдарын колдонууга тоскоол болушу мүмкүн.

Сунуштар:

  1. Билим берүүгө ЖИни интеграциялоо боюнча улуттук стратегия жана жоболорду иштеп чыгуу;
  2. ЖИ маалымдуулугу боюнча мугалимдер үчүн атайын окутуу программаларын түзүү;
  3. Окуу программаларын заманбап технологиялар менен шайкеш келтирүү;
  4. Мектептерде туруктуу жана жеткиликтүү интернет менен камсыздоо;
  5. Окуу процесси үчүн жеткиликтүү жана заманбап техникаларды (ноутбук, планшет) камсыздоо.

Чектөөлөр жана келечектеги багыттар

Бул изилдөө ЖИ тууралуу негизги билимди гана камтыды. Ал этикалык, педагогикалык жана техникалык аспектини камтыган эмес.

  • Окуу предметтери боюнча айырмачылыктар изилденген эмес;
  • Окуучулар 9-11-класстар менен гана чектелген;
  • Жаш, жыныс, жашаган аймак сыяктуу факторлордун ЖИ боюнча маалымдуулукка таасир эткени эсепке алынган эмес;

Келечектеги изилдөөлөр бул багыттарга көңүл буруп, эмпирикалык анализди жүргүзө алышат.

Жыйынтык

Жасалма интеллект тууралуу маалымдуулук — Кыргызстандагы билим берүүдө теңдикти камсыздоодо, сапаттуу билим берүүдө жана окуучуларды келечекке даярдоодо маанилүү ролду ойнойт, бирок азырынча жетишсиз изилденген аспектиси болуп саналат.

Мугалимдер менен окуучулардын ортосундагы маалымдуулук деңгээлинин айырмасы байкалып, бул маселени атайын стратегия, окутуу жана окуу программаларын өнүктүрүү аркылуу чечүү зарыл.

Бул изилдөө билим берүүдөгү ЖИди төмөн ресурстуу шарттарда да инклюзивдүү жана келечекке багытталган ыкма менен киргизүүгө жардам бере турган эмпирикалык маалыматты сунуштайт.

Алмазбек БЕЙШЕНАЛИЕВ,

Борбордук Азия Аймактык Институтунун директору,

педагогика илимдеринин кандидаты, тарых илимдеринин доктору

[1] Chiu, T. K., Ahmad, Z., Çoban, M.: Development and validation of teacher artificial intelligence (AI) competence self-efficacy (TAICS) scale. Education and Information Technologies, 1–19 (2024)

 

Бөлүшүү

Комментарийлер