КЕСИПКӨЙЛӨРДҮН КЕЗЕГИ. ДИРЕКТОРЛОР СЫНАГЫНЫН ЧЫГААНДАРЫ КИМДЕР?

  • 07.09.2022
  • 0

Республикада мектеп директорлугуна талапкерлердин сынагынын биринчи айлампасында 486 талапкер босого баллдан жогору алган. Анын ичинен 363 талапкер конкурстун жеңүүчүсү  деп табылып, жалпы билим берүү уюмунун директору болуп дайындалды.  Cынактын сентябрь айында региондор үчүн өтүүчү  экинчи айлампасынын графиги бекитилди.  Биринчи айлампада босого баллдан жогору алып, бирок өзү каалаган мектепке өтпөй калгандар бош орундарга дагы бир жолу күчүн сынап көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ал эми Бишкек, Ош шаарларындагы бош орундарга документтер октябрь айынын башында онлайн кабыл алынат. Бул тууралуу дагы жакындаганда маалымат беребиз. 

КЕСИПКӨЙЛӨРДҮН КЕЗЕГИ. ДИРЕКТОРЛОР СЫНАГЫНЫН ЧЫГААНДАРЫ КИМДЕР?

Бош орундарга кайра дагы катышса болот

Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепте, мектептен тышкаркы башкармалыгынын башкы адиси Айнура Кусеинованын берген маалыматына таянсак, жакында өтчү сынактын экинчи айлампасында жогорку балл алып өтпөй калгандар бош орундарга кайра катышса болот.

— Бишкек шаарындагы №69 ОТКга бир нече талапкер документтерин тапшырышкан. Башка талапкерлерден жогорку баллды белгилүү билим берүү мекемесин көп жылдан бери жетектеп келаткан Сайрагүл Атаева (77,5%) алган. Бул мектепке өтпөй калган талапкерлер эми бош орундарга экинчи жолу катышса болот. Кайрадан документтерди онлайн форматында тапшырат. Албетте, суроолор алмаштырылат. Дагы бир мисал,  Ош шаарында 17 мектепте орун бош болчу, 11 талапкер сынактан өтүп, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын буйругу менен директор болуп дайындалды. Калган алты мектепке кайрадан конкурс жарыяланды.  Эч кимдин укугу чектелген жок, мурда жетекчи болуп иштегени да, жаңы жаш мугалим деле тестке катышууга мүмкүнчүлүк алган. 10-20-30 жыл директор болгондордун дарегине сын-пикирлер айтылып, алар кетиши керек дегендер да бар. Бирок тажрыйбасы мол, жакшы жыйынтык көрсөткөндөргө эмнеге ишин улантып кетүүгө болбосун? Билим берүүнүн сапатын баалоо борбору экинчи айлампанын  жыйынтыгын берери менен жаңы жетекчилер дайындалат. Арасында көп жаш адистер болот деп ишенип турабыз,  — дейт А.Кусеинова.

Заман талабына жараша өзгөрүү

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев компьютердик тестирлөөнүн жыйынтыгында Бишкек шаарындагы айтылууу Токтогул Сатылганов атындагы №69 окуу-тарбия комплекс-гимназиясына директор болуп дайындалган Сайрагүл Атаева менен №68 мектеп-гимназиясына жетекчиликке келген  Чолпон Рыспаеваны куттуктап, алдыдагы жоопкерчиликтүү иштерине ийгиликтерди каалады.

КЕСИПКӨЙЛӨРДҮН КЕЗЕГИ. ДИРЕКТОРЛОР СЫНАГЫНЫН ЧЫГААНДАРЫ КИМДЕР?

Министрликтин басма сөз кызматынын берген маалыматына таянсак, өз сөзүндө министр бардык талапкерлерге ийгилик каалап, заман талабына жараша өзгөрүүлөргө даяр болуу жана билимдүү муунду тарбиялоо үчүн биргеликте иш алып баруу, атаандаштыкка жөндөмдүү бүтүрүүчүлөрдүн моделин тарбиялап өстүрүү маанилүү экенин белгилеген.

Айта кетсек, Сайрагүл Атаева компьютердик тестирлөөнүн жыйынтыгында беш атаандашынан алдыга озуп 77,5%, ал эми Чолпон Рыспаева 72,5% упай топтогон.

Көп жылдан бери жетекчи болуп келаткан Аламүдүн районундагы Лебединовка №1 мектебинин директору  К.Искакова жамааттын каалоо-тилеги боюнча катышып, ал дагы жеңүүчүлөрдүн катарын толуктады. Ал Президенттин Жарлыгы, Билим берүү жана илим министринин буйругу чыкканда чочулап,  жумушту өткөрүп берип, сынакка катышпоону туура көргөн. Бирок педагогикалык жамаат “көнүп калган өзүңүз эле калганыңыз оң болот эле, тынч иштегенге” деп, сынакка катышууга түрткү беришет.

— Жаңыча иштегенди, IT технологияны билемби деген чочулоо пайда болгон, бирок документ тапшырган соң уят болбоюн деп жоопкерчилик менен даярдык көрдүм. Тестирлөөгө болбой эле кооптонуу менен кирдим. Бирок багыма жараша мен даярданып барган суроолор келди. Айрым билген суроолорумду деле сүрдөгөндөн өткөрүп жибердим окшойт. Жалпысынан 70 балл алдым. Мен үчүн жакшы эле балл. Сынактан чыккандан  кийин “конкурска  катышкыла, биз билген эле суроолор экен” деп айрым кесиптештериме айтсам, алар дагы катышууга белсеништи. “Бизге мотивация берип, өзүң да өттүң, биз да өттүк”, —  деп айтып жатышат. Өткөнүн го өттүк, эми ушул моюнга тагылган өтө чоң жоопкерчиликти актап иштөө үчүн жетектөө стилимди, жамаатка койгон талаптарды өзгөртүүм керек деген максатты койдум. Жаңыча иштеп, жаңыча талап кылып, креативдүү мамиле кылганды  билет экемин, — дейт директор.

Бишкек шаарындагы №48 мектептин мурдагы жетекчиси Т.Роткина да өз ордун сактап калган.  Ал 32 жылдан бери билим берүү тармагында иштеп келатат, анын ичинен 17 жыл  №48 мектептин  директору болуп иштеп келди. Татьяна Роткина  К.Искаковадай эле сынакка мектеп жамааты жана ата-энелердин суранычы менен катышканын айткан. Сынактын жыйынтыгында ал 78,5% суроого жооп бергени аныкталды.

— Өтө чоң сынак болду. Түрдүү суроолор келди, өзгөчө педагогика жаатында суроолор көп экен. Биздин жамаат аябай ынтымактуу, ошондуктан тестке катыштым, — дейт директор.

Мугалимден  директорлукка чейин

КЕСИПКӨЙЛӨРДҮН КЕЗЕГИ. ДИРЕКТОРЛОР СЫНАГЫНЫН ЧЫГААНДАРЫ КИМДЕР?

Окурмандын эсинде болсо керек, быйыл эле Чүй облусунун Лебединовка айылындагы №1 мектеп-гимназиясында  окуучу сөккөн мугалим жумушунан өз каалоосу менен кетип, бирок анын күчтүү тарыхчы экенин, окуучунун мугалимге карата туура эмес мамиле жасаганын укук коргоочулар, коомчулук, кесиптештери анын 30 жылдык эмгегин баалап  айтып чыккандан кийин аны кайрадан мектепке алып келүү аракеттеринин акыбети кайткан. Мына ошол тарых мугалими Жылдыз Садырбаева сынакка катышып, босого баллдан жогору алып, борбор калаадагы №38 мектепке директор болуп дайындалды.

“Көздүү мончок жерде калбайт” дегендей,  бир убакта укугу тебеленген  мугалим минтип билими  күчтүү  экенин тастыктап отурат.

Ак ийилет, бирок сынбайт

Дагы бир мисалды айтып кетүүгө туура келип жатат. “Сөз келгенде айтпаса, сөздүн атасы өлөт” дегендей, мындан эки жыл мурда Ат-Башы районундагы Ак-Моюн айылында жайгашкан А.Койчуманов атындагы орто мектептин информатика мугалими Анаркүл Сыдыкова биздин редакцияга кайрылган эле. Ал 2005-жылы Ж.Баласагын атындагы КУУнун “Башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы” бөлүмүн, кошумча “Информатика” адистигин алып чыккан экен. 2009-жылы ал А.Койчуманов атындагы орто мектепте информатика мугалими болуп иштеп турганда ошол кездеги мектеп жетекчилери жаш адисти алдап, ага бөлүнгөн саатты  башка бирөөгө алып берип, аны декретте жүргөн педагогдун ордуна башталгыч класстын мугалими кылып убактылуу орнотушкан. Кийин декреттен чыккан мугалимге Анаркүл ордун бошотуп бергенге аргасыз болуп, ишсиз калган.  Бул маселе боюнча биз Ат-Башы райондук билим берүү бөлүмүнө, ушул мектептин ошол кездеги директоруна чейин кайрылып, эки жыл бою адилеттүүлүктү орното албай койгон элек. Мына эми Президент С.Жапаровдун Жарлыгы, билим берүү жана илим министри А.Бейшеналиевдин туура жүргүзүп жаткан реформасы А.Садыкованын багын ачып отурат. Мектеп жетекчилигине жарыяланган сынакка Анаркүл катышып 61,3% алып, директорлук кызматка өтүп кетти. “Ак ийилет, бирок сынбайт” дегендей, бир кезде алданып калган жаш мугалим бийликтин жакшы шарапаты менен жөнөкөй эле мугалим эмес, жетекчи болуп келип отурат.

 

КЕСИПКӨЙЛӨРДҮН КЕЗЕГИ. ДИРЕКТОРЛОР СЫНАГЫНЫН ЧЫГААНДАРЫ КИМДЕР?

—   Сынактын абдан таза өткөнүнө толук ишендим. Акыркы суроого жооп бергенден кийин эле жыйынтыгын дароо көрдүк. Жаңы кызматка кирип жатып, окутуу-тарбиялоо процессинде заманбап технологияларды пайдалануу аркылуу окуучулардын билим сапатын жогорулатуу жана компетенттүүлүккө жетишүү – башкы максатым. Эң башкысы реформатор министр А.Бейшеналиевдин жүргүзүп жаткан саясаты абдан туура, анын сүйлөгөн ар бир сөзүн угуп, талдап, эми өз ишимде дагы реформаларды жүргүзсөм деген ниетим бар, — дейт Анаркүл Сыдыкова.

№61 лицейге окумуштуу келди

Бишкек шаарындагы айтылуу №61 мектепке  үч адам талапкер болуп, анын ичинен  эң жогорку пайыздык көрсөткүчкө 56 жаштагы Эрмек Усекеев ээ болду. Ал берилген 80 суроонун жетимишине (87,5%)  туура жооп бериптир.  Э.Усекеев Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетинин деканынын орун басары болуп иштеген. Ал КМУнун информатика жана прикладдык математика факультетин артыкчылык диплом менен аяктап, ошол эле ЖОЖдон юриспруденция адистигине ээ болгон. Санкт-Петербургдагы мамлекеттик университеттин прикладдык математика факультетинин жогорку математика кафедрасынын стажер-изилдөөчүсү, аспиранты, 1992-жылы физика-математика илиминин кандидаты окумуштуулук даражасын ийгиликтүү жактаган.  Бул мектеп борбор калаадагы эле эмес, жалпы республикадагы алдыңкы мектептердин бири. Эң башкысы артка кетпей, мурдагыдан да  жогорку ийгиликтерди жаратат деп ишенип туралы.

Ал эми бул билим очогунун мурдагы жетекчиси Ю.Н.Низовский Президенттин Жарлыгын тоготпой, министрдин буйругун көзгө илбей, сынакка катышууну кемсинтүү катары эсептей турганын айтып, документин тапшырган эмес. Ал көп өтпөй эле УКМК  тарабынан коррупцияга шектүү деп кармалып, айыпталган. Бирок сот аны үй камагына чыгарган.

 Сөз соңу

А дейбиз, бу дейбиз, бирок С.Жапаровдун «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча айрым чаралар жөнүндөгү» Жарлыгы коомчулукка, анын ичинен өзгөчө мугалимдерге, бир кезде директор болсом деп дегдеп жүргөндөргө майдай эле жагып жатат. Болгону сынакка киргенде улуу муундагы талапкерлер IT технология боюнча кыйналып калышы ыктымал болсо, тескерисинче, жаштар жаңы муундагы технологияны семичкедей чакканы менен башка суроолордон такалып калышы мүмкүн экен. Эмнеси болсо дагы мектепке кесипкөй, жамаат менен тил табыша билген, билим уясын өркүндөтүп-өстүрүүгө менеджерлик сапатка эгедер, эң башкысы окуучуларды өз баласындай сүйүп, аларга сапаттуу билим алуусуна бардык шарттарды түзүп берген заманбап жетекчи керек. 

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер