МЕКТЕП: 12 ЖЫЛДЫККА ӨТҮҮДӨГҮ БАРДЫК ИШ-АРАКЕТТЕР

  • 14.10.2024
  • 0

Өткөн жумада Жогорку Кеңеште Билим берүү жана илим министрлигинин ишмердүүлүгү каралып,  эл өкүлдөрү билим берүү тармагына тиешелүү бардык көйгөйлөрдү, анын ичинде китеп маселесин  көтөрүп, талаш-тартыш талкууну жаратты. Трибунага чыккан эл өкүлдөрүнүн айтуусу боюнча мектептер эски, окуу китептери жок ж.б.у.с.  Ооба, эски мектептер бар. Бирок Президент С.Жапаровдун колдоосу менен четинен оңдоо-түздөө иштери жүрүп, аны менен катар жаңы мектептер болуп көрбөгөндөй салынып, окуучуларга эшигин ачып жатат. Бүткүл дүйнө жүзү билим берүүнүн жаңы моделин  издеп жатканда, эмне үчүн Кыргызстан эски модель менен иштеши керек?  Учурда Кыргызстанда билим берүү тармагы масштабдуу трансформацияланып жаткан кези. Ырас, реформа бир жылда, керек болсо эки жылда дагы ишке ашпаары бышык. Аны ишке ашыруу бир топ жылды талап кылат. Анда  12 жылдыкка өтүүдөгү иш-аракеттерди карап көрөлү.

Концепция — негизги документ

Депуттарга министр Догдуркүл Кендирбаева так эсе жооп берди.

— Китептер боюнча жаңы жумушчу топ түзүлүп, азыр бардык мамлекеттик компоненттер боюнча стандарттар иштелип жатат. 12 жылдыкка өтүүдө 1-12-класска чейин так илимдер боюнча китептер алынып, адаптацияланып, Сингапур дүйнөлүк алдыңкы китептер кыргыз билим берүү саясаты менен айкалышып жатат, — деди ал.

Кыргыз Билим берүү академиясынын президенти Н.Дүйшееванын айтымында,   12 жылдык билим берүүгө өтүү Концепциясы Кыргызстанда мектептик билим берүү системасын уюштуруунун максаттарын, милдеттерин, принциптерин жана өнүктүрүү багыттарын чагылдырган негизги документ болуп саналат.

— Бул Концепция Кыргыз Республикасынын Конституциясына (46-берене), Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамына, 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясына жана 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасына, ошондой эле 2021-2040-жылдары билим берүүнү өнүктүрүү программасына жана аны ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планына ылайык иштелип чыккан. Бүткүл дүйнө жүзү билим берүүнүн жаңы моделин/моделдерин издөөдө. Ошол эле учурда, билим берүү экономикалык тартипти индустриялаштыруу башталгандан бери концептуалдык жактан жаңыланган жок. Кыргыз Республикасында билим берүүнүн жаңы   түзүмүнүн калыптанышынын жана мазмунун жаңылоонун контексти болуп бир катар глобалдык тренддер саналат. Алар: глобалдык технологиялык өзгөрүүлөр өнөр жай, экономика жана коомдогу өзгөрүүлөрдүн тездешин шарттайт. Глобалдык рыноктордун жана башкаруу системаларынын татаалдыгынын өсүшү жана жаңы тармактарды, кластерлерди жана иштин жана кооперациянын башка формаларын түзүүнүн эсебинен улуттук атаандаштыкка жөндөмдүүлүктүн жаңы булактарын издөө жүрүп жатат. Экинчи — эмгек рыногу динамикалуу түрдө трансформацияланууда. Өндүрүштө жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө салттуу кесиптердин 70 пайызына чейини жасалма интеллект, роботтор, автоматташтырылган логистикалык системалар ж.б. киргизилгендигине байланыштуу 2035-жылга карата алмаштырылышы мүмкүн. Бүгүнкү күндө түшүнүк калыптана элек билимди жана көндүмдөрдү талап кылган жаңы кесиптер пайда болот. Бул өмүр бою билим алууну түзүү зарылдыгын жаратат, анын түзүүчүсү болуп мектеп да, кошумча билим берүү түзүмдөрү да саналат, — дейт Н.Дүйшеева.

МЕКТЕП: 12 ЖЫЛДЫККА ӨТҮҮДӨГҮ БАРДЫК ИШ-АРАКЕТТЕР

12 жылдык мектепте билим берүү концепциясы кантип ишке ашырылат?

Ар кандай стратегияларды колдонуу менен эл аралык практикада 11 жылдык билим берүүдөн 12 жылдык билим берүүгө өтүү 8-12 жана андан көп жылды талап кылган жана сөзсүз түрдө тиешелүү инфраструктураны жана материалдык-техникалык камсыздоону өнүктүрүүнү, жаңы стандарттарды, программаларды жана ОМКны иштеп чыгууну, мугалимдерди кайра даярдоону, баалоонун тиешелүү системасын жана куралдарын иштеп чыгууну камтыган даярдоо мезгилин камтыйт.

МЕКТЕП: 12 ЖЫЛДЫККА ӨТҮҮДӨГҮ БАРДЫК ИШ-АРАКЕТТЕР

— Көптөгөн өлкөлөрдө өтүү жыл сайын 12-класска чейин кийинки классты ырааттуу кошуунун негизинде уюштурулган. Мурда окуган бардык балдар билим алууну 11 жылдык мектептин программасы боюнча аякташкан. Мамиленин негизги татаалдыгы эл аралык мейкиндикке интеграцияланган сапаттуу билим алууга окуучулардын көп санынын муктаждыгын камсыз кылбаган узак өтүү мезгилине; ошондой эле мектепте узак убакыт бою эки параллель билим берүү программасынын болушуна байланыштуу. Мектептин бардык класстарын жаңы программага бир учурда өткөрүү тажрыйбасы аныкталган жок, анткени бул кыска убакыттын ичинде кадрларды даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу системасын уюштуруу зарылчылыгына жана бюджетке оорчулук келтирүүгө байланыштуу. Ошондой эле, тез өтүү мугалимдерге эмоционалдык жүктөмдүн жогору болушу, жаңы программаларга, иш формаларына жана стратегияларына ыңгайлашууга убакыттын жоктугу менен байланыштуу. Эл аралык практикада мектептик билим берүүнүн бардык баскычтарында синхрондуу (бир убакта) өтүүнү баштоо жана 12 жылдык программаны ар кандай баскычтарда (2-3 жылдан кийин) ырааттуу киргизүү варианттары колдонулган. Мындай программалардын негизги татаалдыгы уюштуруучулук кыйынчылыктар менен байланышкан – класс аркылуу өтүү, өтүүнүн деталдарына жараша кандайдыр бир класстардын контингентин эки эсеге көбөйтүү; көбүрөөк жүктөлгөн программаны өздөштүрүшү керек болгон жогорку класстын окуучуларынын жүктөмүнүн көбөйүшү, — деди Назира Кубанычбековна.

Кыргыз Республикасында 12 жылдык окууга өтүү үчүн эки стратегияны карап чыгуу сунушталат: башталгыч жана жогорку баскычтарда 12 жылдык программаны ырааттуу киргизүүнүн негизинде жана билим берүүнүн бардык баскычтарында (башталгыч, орто жогорку) бир эле мезгилде өтүүнү баштоонун негизинде.

Концепцияны ишке ашыруу этаптары

МЕКТЕП: 12 ЖЫЛДЫККА ӨТҮҮДӨГҮ БАРДЫК ИШ-АРАКЕТТЕР

1-вариант. 12 жылдык программаны башталгыч жана жогорку баскычтарда ырааттуу киргизүү. Даярдык этабы 2024-жылдын майынан  2026-жылдын августуна чейин деп каралган. Бул мезгилде стандарттарды, программаларды, ОМКны жаңылоо, мугалимдерди окутуу ж. б. кирет.

— 2026-2027-окуу жылынан баштап 1-, 2- жана 3-класстарда жаңы стандарттар жана программалар боюнча окутууну баштоо, жыл сайын бирден класс кошулуп турат. 6 жаштагы балдар биринчи класска барышат. 7 жаштагы балдар жаңыланган “Наристе” программасынын алкагында даярдыктан өткөндөн кийин, 2-класска киришет. 1-класстын окуучулары 11 жылдык программа боюнча 3-класска өтүшөт. Ал эми жаңыланган стандарттар жана программалар боюнча окутууну 2028-2029-окуу жылынан баштап 11-класста баштоо. Кийинки окуу жылында 11-класстын окуучулары 12-класска өтүп, 2029-2030-окуу жылында окуусун аякташат. Жыл сайын, 6 жылдын ичинде (2033-2034-окуу жылына чейин) бул схема боюнча 11-класстын окуучулары 12 жылдык окуу программасына өтүшөт. Ушул жылдардагы профилдик мектеп 2 жылга гана созулаарын эске алуу менен бул билим берүү уюмдарына профилдик окутууга ыңгайлашууга жана профилдик окутуу циклине (3 жыл) жеңил өтүүгө мүмкүндүк берет. Ал эми 2-вариантында билим берүүнүн бардык баскычтарында (башталгыч, орто жана жогорку) бир эле мезгилде өтүүнү баштоону берилген. Анда 3 өтүү баштапкы баскычта 3-класстан – 5-класска; орто баскычта 3 өтүү 6-класстан — 8-класска, 2 өтүү 9-класстан — 11-класска, — деди Н.Дүйшеева.

Киргизүү этаптарын карап көрөлү. Башталгыч баскычта өтүү 2026/2027 – 2030/2031-окуу жылдары. Жаңы стандарттар жана программалар боюнча окутууну 2026-2027-окуу жылынан баштап 1-3-класстарда баштоо, жыл сайын бирден класс кошуу менен. Ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү, стандарттарды, программаларды тактоо, жаңы ОМКларды адаптациялоо, мугалимдерди окутуу, ошондой эле 2030-2031-окуу жылында башталгыч мектеп өтүүнү аяктайт жана 6 жылдык болот.  Жогорку баскычта өтүү 2028/2029 – 2029/2030-окуу жылдары кирет. 2028-2029-окуу жылынан баштап 11-класста жаңыланган стандарттар жана программалар боюнча окутууну баштоо, 2029-2030-окуу жылында 12-класста жаңы стандарттар жана программа боюнча окутууну улантуу каралды. Ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү, стандарттарды, программаларды тактоо, жаңы ОМКларды адаптациялоо, мугалимдерди окутуу менен 12 жылдык окуу программасына өтүү 2029-2030-окуу жылында аяктайт. 6 жылдын ичинде жаңыланган программа боюнча 10-класстын окуучулары 10-класстан 12-класска өтүшөт. Ал эми 12 жылдык мектепти ишке киргизүү программасын мониторингдөө, баалоо жана корректировкалоо     —   2026-2040-жж. жүргүзүлөт.

1-варианттын артыкчылыктары менен тобокелдиктери. Алар: 12 жылдык программаны акырындык менен жана ырааттуу киргизүү; 5-7 жылдык узак мөөнөткө даярдануу боюнча уюштуруу жана финансылык жүктү бөлүштүрүү (2026-2031);  ишке ашыруу этаптары ГПЦО жана Окуу Керемет (ЮСАИД) долбоорлорун финансылык, материалдык жана эксперттик колдоо менен жакшы шайкеш келтирилген; башталгыч баскыч үчүн адаптацияланган жана жаңыланган ОМКнын бирдиктүү топтому киргизилет; жаңыланган программаны жогорку баскычта киргизүүнүн кошумча этабы 12 жылдык билим берүү жөнүндө документти эртерээк алууга мүмкүндүк берет (2029-2030-окуу жылы); 11 жылдык программа боюнча бүтүрүүчү 9-класстын окуучулары кошумча жүктү сезишпейт, түшүнүктүү жана логикалык өтүүлөр; жаңы программаларды жана ОМКны этап-этабы менен адаптациялоого/иштеп чыгууга убакыт көбөйүүдө; жеке жана эл аралык мектептердеги тажрыйбаны байкоо, талдоо жана кайра карап чыгууга убакыт бар (Кембридж программасынын негизинде 12 жылдык билим берүү); МТОнын бардык эле инфраструктурасы башталгыч мектептин балдарынын тийиштүү санын кабыл алууга даяр эмес, башталгыч класстардын даярдалган мугалимдеринин жетишсиздиги, анткени башталгыч мектептин узактыгы көбөйүүдө; 2 жылдын ичинде 3 жылдык программаны өздөштүрүүгө тийиш болгон жогорку класстын окуучуларына жүктөмдүн жогорулашы жана 6 жылга жогорку баскыч үчүн 2 жылдык өтүү программасы талап кылынат. Башталгыч жана орто билим берүү системасы 2032/33-окуу жылында бүтүрүүчүлөрдүн контингентинин эки эсеге көбөйүшүнө даярдалышы керек.

 

2-вариант. Билим берүүнүн бардык баскычтарында (башталгыч, орто жана жогорку) бир эле мезгилде өтүүнү баштоосу каралды. Анда 12 жылдык мектепти аяктагандыгы жөнүндө аттестат – 2027-2028-окуу жылынан баштап берилет.

— 2-вариант төмөнкүлөрдү камтыйт: 3 өтүү баштапкы баскычта 3-класстан – 5-класска; орто баскычта 3 өтүү 6-класстан — 8-класска, 2 өтүү 9-класстан — 11-класска. Жаңы ОМКлар менен камсыз кылуу: 2025/26-окуу жылы — 3 жаңы адаптацияланган окуу китеби (математика, табият таануу, англис тили); 2026/2027-окуу жылы — 6 жаңы адаптацияланган окуу китеби (математика, табият таануу, англис тили); 2026/2027-окуу жылы — 3 жаңы адаптацияланган окуу китеби (математика, табият таануу, англис тили). Улуттук контентти жаңылоо графиги — талкуулоо процессинде, — деди КББАнын президенти.

2026-2027-окуу жылынан баштап 11-класстарды жаңы стандарттар жана программалар боюнча окутуу башталат, андан ары бирден класс кошуу менен. 11 жылдык программанын 9-классынын окуучулары 12 жылдык программанын 11-классына өтүшөт. Бул варианттын артыкчылыктары  менен тобокелдиктерине көз чаптырып көрөлү.  Алар: 12 жылдык мектепти аяктагандыгы жөнүндө документти тез арада алууну камсыз кылат; өтүү математика, табигый илимдер жана англис тили боюнча ОМКнын которуу жана адаптациялоо планы менен синхрондоштурулган; окуучулардын контингенти көбөйүп жаткан башталгыч мектеп үчүн инфраструктураны жана материалдык-техникалык камсыздоону даярдоого убакыттын жоктугу; башталгыч класстардын жаңы мугалимдерин даярдоого жана иштеп жаткан мугалимдерди кайра даярдоого убакыт жетишсиз. Башталгыч класстардын мугалимдерин 2 жолу окутууга туура келет — Сингапурдун жаңы окуу китептерин киргизүү үчүн жана улуттук контентти жаңылагандан кийин; 1-класс үчүн жаңы программа кийинки окуу жылына даяр эмес жана керектүү материалдар менен камсыздалган эмес. Ал колдонуудагы мектепке чейинки даярдоодон айырмаланат; баштапкыда ОМК жарым-жартылай киргизилет, мектепти реформалоонун негизи катары өзгөртүүлөрдүн бүтүндөй топтомун киргизүү зарыл; орто баскычта жана жогорку мектепте сиз өткөөл программаларды түзүү керек — бул окуу китептерин жана жаңы мамилелерди жарым-жартылай киргизүүгө мүмкүндүк берет; өтүү реформанын ар түрдүү компоненттерин камсыз кылуу үчүн пландаштырылган ГПЦО  жана ЮСАИДдин ресурстары менен синхрондоштурулган эмес; класс аркылуу өтүүнүн татаал схемасы — мектептеги билим берүүнүн үч баскычында тең мектеп директорлору жана завучтар үчүн олуттуу кыйынчылыктарды жаратат жана реформалар процессине мектептин мугалимдеринин көпчүлүгү тартылат.

Баса, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы гранттык макулдашууну ратификациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койгон.

Ал макулдашуулар 2021-2040-жылдарга Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү программасын санариптик окутуу жана билим берүү ресурстарына жеткиликтүүлүк, ар бир окуучунун билимин жана компетенттүүлүгүн өнүктүрүүгө багытталган билим берүүнүн мазмунун модернизациялоо, педагогикалык кадрларды даярдоонун сапатын жогорулатуу, педагогикалык кадрлардын потенциалын өнүктүрүү, мектепти профилдештирүү бөлүгүндө, анын ичинде математикалык, табигый-илимий, технологиялык билим берүү жааттарында ишке ашырууга колдоо көрсөтүү үчүн финансылык каражат бөлүп берүү каралат.

Аталган Макулдашуулардын алкагында Кыргыз Республикасына 40000000 (кырк миллион) АКШ доллары өлчөмүндө (жыйырма миллион АКШ доллары — гранттык негизде жана жыйырма миллион АКШ доллары — кредиттик негизде) финансылык жардам көрсөтүлөт.

Кадрлар менен камсыз болуу

12 жылдык билим берүүгө өтүүдө башталгыч билим берүү системасына гана бир учурда кошумча 3,8 миң мугалим талап кылынат, жыл сайын дагы 300гө жакын адамга көбөйөт.

МЕКТЕП: 12 ЖЫЛДЫККА ӨТҮҮДӨГҮ БАРДЫК ИШ-АРАКЕТТЕР

12 жылдык билим берүүгө өтүүдө, өзгөчө ири шаарларда инфраструктура боюнча бир катар маселелер жаралат. Даярдоо жылында эле билим берүү системасына кошумча 35-40 миңге чейин бала келет, андан ары жыл сайын окуучулардын санынын өсүүсү 10 миң адамга жетиши мүмкүн. 6 жаштагы балдарды 100% камтуу үчүн долбоордук кубаттуулугу 500 окуучулук орун болгон кошумча 168 мектеп, башталгыч класстарда ысык тамак берүү маселелерин чечүү талап кылынат. Мектептердин ашыкча толуп кетүүсү, айрыкча Бишкек жана Ош шаарларында, ошондой эле 2-3 кезмет менен иштеп жаткан райондук борборлордогу мектептердин ашыкча толуп кетүүсү коркунучу бар.

12 жылдыкка өтүү иш-аракеттери

 

12 жылдык окууга өтүүнү даярдоо үчүн минималдуу эки окуу жылы талап кылынат (2024-2025- жана 2025-2026) экен. Бул мезгил ичинде инфраструктураны жана МТСти даярдоо — башталгыч мектептердин жаңы типтүү (2-3 минимум) пландарын иштеп чыгуу жана аларды курууга каражат бөлүү; мугалимдер үчүн ноутбук сатып алуу; МБСти, предметтик стандарттарды жана программаларды иштеп чыгуу/жеткире иштеп чыгуу; башталгыч мектеп үчүн ОМКны даярдоо (Кембридждин ОМКсын которуу жана адаптациялоо ж.б.); окуучулар, мугалимдер, ата-энелер үчүн ачык жеткилүктүүлүк менен санариптик китепканага ОМКны жайгаштыруу; башталгыч класстардын мугалимдерин кайра даярдоо; башталгыч мектеп үчүн баалоо системасын иштеп чыгуу; жогорку класстар үчүн профилге чейинки жана профилдик компоненттердин концептуалдык жана уюштуруучулук көз карашын иштеп чыгуу; ченемдик камсыздоо;  ата-энелер жана мугалимдер үчүн маалыматтык колдоо жана түшүндүрүү иштери; ОКБ жана ЖКБ үчүн мугалимдерди даярдоо үчүн жаңы стандартты иштеп чыгуу; мектептердин педагогдорун (мугалимдерин), ОКБ жана ЖКБ педагогдорун даярдоонун кесиптик стандарттарын жана программаларын адаптациялоо (зарыл болсо).

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер