МЕДРЕСЕЛЕРДИН КЕЛЕЧЕГИ КАНДАЙ БОЛОТ?..
- 20.10.2023
- 0
Бошогон мамык бош калбайт!
Албетте, андай эмес. Биринчиден, Кыргызстан – көп улуттуу, динден тышкары светтик мамлекет. Дегеле, исламдын диний курамы менен диний түшүнүктөрү деле ар түрдүү, Мукамбет пайгамбардан ары, Муса пайгамбардан бери узак жол баскан кыйла татаал, кыйла катаал чоң дүйнө! Алардын ич ара тиреши бүгүнкү күнгө чейин бүтпөй келет. Азыр анын баарын көрүп турабыз. Албетте, өз кызыкчылыгынан улам, аларды маал-маалы менен козутуп турган күчтөр дагы жок эмес. Муну эстен чыгарбаш керек.
Ошондон улам, КР Президенти Садыр Жапаров бийликке келери менен, балдардын ички ой-туюмун ойготуу жана ой туйгусун жандандыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын мектептер менен жогорку окуу жайларында “Диндердин өнүгүү тарыхы” сабагын киргизүү жөнүндө” Жарлыгын чыгарган. Ачыгын айтыш керек, буга чейин деле жаштарга диндердин жаралуу таржымалын окутуу демилгеси көтөрүлүп келген, бирок бирдиктүү колдоо тапкан эмес эмес. Анын кайрадан коюлуп жатышы өлкөнүн диний чөйрөсүндөгү абалдын анчалык алымсындырарлык эмес экенин айгинелеп турат.
Ошентип, ислам динин жандандыруу шарданы менен өлкө аймагына салттуу ханафий мазхабынан сырткары жүргөн диний агымдардын кызыгуусу артып, алардын өкүлдөрү байма-бай башбага баштады. Ал арада көрүнгөн көзү ачыктар, ээликме эмчи-домчулар, баптист менен мун сыяктуу капкаяктагы чоочун уюмдар да өз шыбагасын жыра талашып турду. Ал эми эки ортодо алакан ушалаган сасык саясатчылар менен жармач атка минерлер аларды ар кандай шайлоо өнөктүктөрүндө электорат жана өздөрү уюштурган жагалданма жараяндардын жандооч батакөй чалы катары пайдалангандан башкага жараган жок. Мунун дагы күбөсү болдук, эми деле арыла албай турабыз.
Ислам дининде жалпы жонунан 73 агым бар. Бирок алардын негизги багыттарын, исмаилиттерди кошпогондо, суннит жана шеит жамааты түзөт. Алар дагы ич ара өздөрүнчө бөлүнөт. Маселен, суннит агымы ханафий, шафинт, маликит, ханбалит сындуу төрт топтон турат. Кыргыз мусулмандары негизинен ханафий мазхабын карманат. Кыргызстандын аймагында бүкүлү журтту бөлүп-жаруу аракеттерин карманган 21 диний, экстремисттик, террордук уюмдар менен топторго тыюу салынган.
Ишенимсиз эл болбойт,
а бирок…
Албетте, ар бир адамдын жеке ишеними менен өз ынанымдарын сыйлоо керек, бирок аны кимдир бирөөгө таңуулаганга болбойт. Мыйзамга ылайык, эрезеге жеткен ар адам өз ишенимин тандап алууга акылуу. Анын жеткинчектерге эч тиешеси жок. Балдарды мажбурлоого да эч кимдин акысы жок. Кайсы бир дин же ишеним укумдан-тукумга генетикалык, генологиялык, биологиялык жол менен бериле турган шыпаа эмес, ал аң-сезим аркылуу сырттан кабылдап, ичтен ынана турган нерсе.
Эгер ал ишеним жалпы жашоо-турмушубуз менен жалгашып кете алса, караламан калктын калың катмарына сиңип, өз жашоосун андан ары улантат. Ал жалпы белгилери боюнча диний ишенимге караганда, кадимки эле каада-салтка жакындашып, нарк-насилге жалгашып кетет. Мындай көз караш жаш муундарга таалим-тарбия берүү жана алардын андан аркы тагдырына көзөмөл кылуу жүрүмүндө сөзсүз эске алынууга тийиш. Ансыз ар капшыттан аңдыган «карышкырга кой кайтарткан» болобуз.
Маселен, Кыргызстан Дин башкармалыгынын акыркы маалыматы боюнча, ушу тапта Бишкек шаарында 14, Чүй облусунда 39, Талас облусунда 7, Ысык-Көл облусунда 2, Нарын облусунда 3, Ош шаарында 5, Ош облусунда 37, Жалал-Абад облусунда 17, Баткен облусунда 15 диний окуу жайлары бар. Булар расмий каттоодон өткөндөрү. Ал эми каттоодон өтпөй, көп көзүнөн көмүскө иш жүргүзүү менен, көзөмөлдөн калып, чалмакейин чалып, кара жанын багып жаткандары канча. Азырынча алардын так эсеби жок. Ага ким жооп берет? Жанагы жолбун иттин өлүгү дал ушунда көмүлгөн!..
Азыркы учурда жаш балдарга билим берүү шылтоосу менен иш жүргүзгөн эки түрдүү диний билим берүү мекемелери бар: бири – Дин башкармалыгы менен биргелешип иш алпарган, экинчиси – Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын каттоосунан өтпөй, өз алдынча иш жүргүзгөн медреселер. Диний билим берүү мекемелеринин иштери менен шарттарын иликтеген Булан институтунун маалыматына караганда, мына ошол мекемелердин ортосунда асман-жердей айырма бар.
Мисалы, эксперттер кээ бир медреселердин өз имараты менен жатаканасы бар, тийиштүү атайын шарттар түзүлгөнүн белгилейт. Ал эми айрымдарынын имараты түгүл анын түгү да жок, мечиттер менен аргасыз аралашып калган. Атүгүл мечиттин өзү дагы каттоодон өткөн эмес. Демек, жарытылуу сабак берүү түгүл, аларда Кыргызстандын билим берүү стандарттарынын аты да, жыты да жок. Мындай жосун негизинен каттоодон өтпөгөн хужра тибиндеги медреселерге таандык десек болот. Алар кайсы бир туруктуу демөөрчүлөрдүн эсебинен эмес, мечитке түшкөн кайыр-садаганын эсебинен жан багат.
Көпчүлүк медреселерде сабаттуу жана атайын билимдүү окутуучулардын жетишсиздиги таасын байкалып турат. Айрым маалыматтарга караганда, диний мектептер менен окуу борборлорунда иштегендердин 20 пайызга жакынынын атайын билими бар, ал эми жогорку билимдүүлөрдүн катышы 3 пайыздан ашпайт. Алтургай, алардын башын мыкчыган Дин башкармалыгындагы курамы 2 миңден ашуун кызмат адамынан турган жамааттын жарымынан бир аз ашыгыраагынын атайын диний билими бар. Аларың акыл токтото элек өспүрүмдөрдүн мээсине эмне куюп жатканын ким билет, балдардын толук кандуу жаран катары калыптанышына ким кепилдик бере алат?..
Медреселерге жашы жете элек балдардын кабыл алынган учурлары да сейрек эмес. Элестетип көрүңүз, 7-8 жаштагы баланын ошончолук жагымсыз шартта жатакчылык менен билим алып жатканын. Сабак негизинен арапча жазуу жана окуй билүү, Куран сүрөөлөрүн жаттоо, мусулман пендесинин жүрүм-турум эрежелерин үйрөнүү, диний ырым-жырымдардын жол-жоболорун өздөштүрүү менен чектелет. Мындай жагымсыз жагдай диний билим берүү мекемелеринде Кыргызстандын жалпыга билим берүү стандарттары менен талаптарынын аткарылышы күмөн экенин көрсөтүп турат.
Диний окуу мекемелеринде стандарттуу билим берүү сапаты жөнүндө узун сабак кеп кылса болот. Баарыдан мурда чет өлкөлөрдө диний билим алып жаткан балдардын келечек тагдыры кабатыр кылбай койбойт. Арасында эрезеге жете элек, ар нерсени өз алдынча жакшылап аңдай албаган жаштар арбын. Коом ичин радикалдаштырууну көздөгөн күчтөрдүн айрыкча жаш балдар менен аялдарга тап коюп жатканы дагы бекеринен эмес.
Жакшы тилек – жарым ырыс, карагым!
Кыргызстандын аймагында эртеден-кечке ислам идеологиясын алпарган теле жана радио каналдар арбыды. Арасында аты-жыты белгисиз ар кандай багыттагы басылмалар да бар. Алар ислам дининин кайсы багытына ыктайт, кайсы булактардан каржыланып жатат, контенти кандай болот, аны менен эч кимдин деле иши болбой калды. Кайсы бир молдоке алпаруучунун маңдайына отурат да, башынан аягына чейин акылы жеткен акыл-насаатын айткандан, Курандын кээ бир сүрөөлөрүн окуп, айрым бир көрүүчүлөрдүн андан бетер алешем суроолоруна жооп бергенден башкага жарабайт.
Жакында эле бир телеканалда Өзбек ажы ак жоолукка буулган кыздарды чогултуп алып, акыл-насаатын айтып атыптыр: “Силер эркек менен дос болбогула, алар калп эле дос болумуш болуп жүрүп, бир күнү баса калат!”, — дейт, жарыктык. Баракелде, мына биздин молдокелерибиздин жеткен акылы же жапжаш кыздарга берчү насааты. Ушундан улам, молдокелерибиздин карманган диний ишеними менен акыл тегеретүү маданияты жөнүндө кеп кылуунун деле кажети жок чыгар.
Дагы бир молдокебиз: «Жаңылдыңбы-жаздыңбы, алдына кел, Аллах баарын кечирет. Пайгамбарыбыз дагы адамдын бутуна кенедей бир тикенек кирип кетишин каалабайт. Аллах анын өтүнүчүн аткарбай койбойт», — дейт. Анда күнүнө беш маал Жараткандан жалбарып ден соолук сураган майыптар кайдан чыкты экен?.. Анда «Шекшинүү гана бул дүйнөнү өзгөртөт!» деген аксиомалуу аныктаманы кайда алпарып катабыз?..
«Жакшы тилек – жарым ырыс» дейт, ошондой эле болсо экен. Жараткан баарыга тең, баарын кечирет эмеспи, алдына алакан жая кечирим сурап келген баштапкы диний билим берүү мекемелерин көр сооданын чордонуна айлантып алган немелерди деле кечирет чыгар?.. Биз дагы кол куушуруп отура бербей, асмандагы Аллабызга алакан жайып, балдар менен аларды билим дүйнөсүнө жетелеген молдокелерибиздин амандыгын тилейли!..
Комментарийлер