МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИ СЫН МЕНЕН ИЛГЕРИЛЕТҮҮГӨ БОЛОБУ?

  • 29.02.2024
  • 0

Кыргыз тилди кантип үйрөтөбүз же орус тилди кантип үйрөндүк эле?

Быйыл “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү” мыйзам кабыл алынганына 35 жыл толот, албетте, бир топ жылыштар бар. Бирок мамлекеттик тил жаатында “кой үстүнө торгой жумурткалоодо” дегенден алыспыз. Коомчулуктун бир тобу мамлекеттик тилге өзгөчө көңүл буруп, кескин чараларды кабыл алышыбыз керек десе, экинчи тарабы учурда кыргыз тилди үйрөнүү үчүн тыңгылыктуу методика жок деген аргументти келтиришет. Аргасыздан көпчүлүгүбүз орус тилди кантип үйрөнгөнүбүз эске түшөт.

Куудул Манас Бердибековдун “окуясы” эсиңиздерде болсо керек.

“ЦУМдун жанында остановкада турсам, жакшынакай орус кыз келип калды, сүйлөшкүм келип:

– Девушка, у вас часы есть, – деп сурадым.

– Да, есть, – деди.

– Спасибо! – деп койдум”.

Бишкекке (андагы Фрунзеге) келип, ашканадан тамакка буйрутма бере албай койгон учурларды азыр көп эле адамдар тамаша кылып айтып калышат. Биз жогорку окуу жайда окуп жүргөндө, орус тилден сабак берген эжекебиз тексттерди таратып: “Скажите, какие слова не понятны?”, – деп сураганда, бир студентибиз: “Все” дегени азыр да эсибизде. Ошол адамдар мектептен орус тилди толук окуп келгендер эле да. Алардын көбү кийин орусча жакшы сүйлөп кетишти. Демек, негизги түрткү биз мектепте окуган “мыкты методика” эмес, турмуштук зарылдык болуптур.

Бир нече жыл мурда жумушка бара жатканда да, келе жатканда да бир кыз корейче китепти тырышып окуп жатканына күбө болуп жүрдүм. Бир күнү кызыгып, “Методикасы кандай экен?”, – деп сурасам, “Методикасын билбейм, жөн гана жаттап жатам, жакында Түштүк Кореяга кетишим керек”, – деди эле.

Ошол эле учурда кыргыз тилди үйрөнүүгө чындап кызыккан ыктыярчылар 3-4 айда эле тың сүйлөп кетип жатпайбы.

“Мыкты методика жок” деген бул курулай шылтоо, бүгүн кыргыз тилди үйрөнүү муктаждыгын жаратуу зарыл. Ошондуктан 2023-жылы кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү” конституциялык мыйзамдагы мектеп окуучуларынын, абитуриенттердин мамлекеттик тилден сынак берүүсү жөнүндөгү талапты колдоо керек.

Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “быйыл мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн мамлекеттик тил боюнча сынагынын жыйынтыгы алардын жогорку окуу жайларга тапшыруусуна таасир этпейт, быйылча ал сыноо иретинде болот, кийинки жылдан күчүнө кирет” дегенин да айрымдарыбыз арзан упай топтоп, колубуздан келишинче шыбап жатып калдык.

Албетте, талап болсун, бирок кокусунан чочугандай же “Обу жок катын орсок уй саайт” дегендей болбой, аны бир аз мурдараак айтышыбыз керек эле да. Ошондуктан министрликтин бул чечимин толук колдойм.

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИ СЫН МЕНЕН ИЛГЕРИЛЕТҮҮГӨ БОЛОБУ?

“Сынчынын сыңар өтүгү майрык”

Сын жок кандай жашоо болот, сын керек да деп бул макалды мурда көп түшүнө бербейт элем. Мезгилдин өтүшү менен ата-бабаларыбыз эмнеге мынчалык сынчыны жактырбаганын түшүнгөндөй болуп келем.

Сынды иш кылган киши да, иш кылбаган киши да айтат экен. Иш кылган киши орду менен, чени менен айтып, кантип жакшыртуу керегин кошо айтып, сунушун берет тура. Иш кылбаган кишинин “оозуна ак ит кирип, кара ит чыгат” экен. Анда сындан башка эч нерсе болбойт тура.

Ооба, ал адамдарды түшүнсө болот. Анткени учурунда алар дарамети бир топ дурус болгон адамдар. Бирок алар – өзүнө көңүл бурбай, өзүн тааныбай, жалаң сын менен жүрүп, канчалык артта калганын өзү да баамдабай калгандар. Алар да өздөрүнө башкалардын көңүлүн бургусу келет. Бирок кантип? Эл көңүл бура турган иш жасайын десе, азыр ал колунан келбейт. Өзүн көрсөтүүнүн бир гана жолу калат, ал – алкылдап, оозунан көбүгүн чачыратып сындоо. Булар чыныгы “Сыңар өтүгү майрыктар” тура.

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИ СЫН МЕНЕН ИЛГЕРИЛЕТҮҮГӨ БОЛОБУ?

Конкреттүү ишибиз менен көрсөтөлү

Урматтуу замандаштар, сын айтардан мурда ошол иш боюнча биринчи өзүбүз эмне кылып жатканыбызды айтып, анан сынга өтсөк деген сунушту киргизет элем. Ошондо айткандарыбыз “арык аттап, суу кечет” беле дегеним.

Мол түшүмдү көрүнгөндү сындап отура берген багбан алабы же конкреттүү иш кылган багбанбы, же болбосо кечке карышкырды сындаган малчы көп төл алабы, же малын аздектеп караган малчыбы? Албетте, жообу айтпасак да түшүнүктүү.

Ошондуктан үлгү көрсөтүп, жасап жаткан алгылыктуу иштерибиз тууралуу көбүрөөк айтсак, анан сынга өтсөк.

Мамлекеттик тилди илгерилетүү жаатында 1993-жылы Адабий окуу предметин негиздеп, окуу программасына киргизип, кийин 2-, 3-, 4-класстардын окуу китептери даярдалып, республикабызда 20 жылдан ашык окутулду. Бул окуу предмети азыр да башталгыч класстардын окуучуларынын кебин өстүрүүдө да, жан дүйнөсүн байытууда да ийгиликтүү болуп жаткан предметтердин бири.

Мен жетектеген Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту да мамлекеттик тилди окутууну жакшыртуу жаатында колунан келген бир топ аракеттерин жасоодо.

  1. Республикалык институтта 2022-2023-окуу жылында 2 237, 2023-жылдын сентябрынан 2024-жылдын февралына чейин 1 074, жалпы 3 311 мугалим кесиптик чеберчилигин өркүндөтүү курстарынан өттү.
  2. Алар кыргыз тилин окутуудагы коммуникативдик мамиле (CLIL), кыргыз тилин окутууда окуучулардын жетишкендиктерин баалоо стратегиялары, мамлекеттик тилди А1-В деңгээлинде өздөштүрүү (орус тилдүү мугалимдер үчүн), мамлекеттик тил боюнча интенсивдүү курс (сынакка даярдоо), тил сабактарында негизги компетенцияларды калыптандыруу, окурмандык сабаттуулук боюнча компетенцияларын калыптандыруу жана баалоо, кыргыз тили академиялык окууда жана жазууда сыяктуу курстардан өтүштү.
  3. Республикалык институттун окутуучулары жана эксперттери тарабынан акыркы жылдарда методикалык колдоо жана коштоо багытында видеосабактар тартылып, төмөнкү окуу-усулдук колдонмолор иштелип чыгып, бекитилди:
  • «Кыргыз тили академиялык окууда жана жазууда педагогдор жана окуучулар үчүн” окуу куралдары. Авторлору: У.Ж. Камбаралиева, Г.О. Шавралиева, Ж.К. Жапаров. -Б., “Аркус”, 2021;
  • Кыргыз тили. Практикалык курс, мугалимдер үчүн колдонмо, окутуу орус, өзбек, тажик тилдеринде жүргүзүлгөн мектептердин жогорку класстарынын мугалимдери үчүн. Түзгөн Оморова А.А. ж.б.
  • Кыргыз тили. Практикалык курс, окуучулар үчүн колдонмо, окутуу орус, өзбек, тажик тилдеринде жүргүзүлгөн мектептердин жогорку класстарынын окуучулары үчүн. Түзгөн Оморова А.А. ж.б.
  • “Кыргыз тили” 5-, 6-, 7-, 8- класстар үчүн окуу-усулдук комплекстер. Авторлору Оморова А.А. ж.б.
  • Пандемия учурунда кыргыз тил мугалимдери үчүн 300дөн ашык сабактардын иштелмелери иштелип чыгып, телесабактар тартылды. Видеосабактар Республикалык институттун порталына жайгаштырылды.
  1. Жакынкы эле күндөрдө «Тилим ыйык, кымбатымдын кымбаты, керек анын бир бүчүрү сынбашы», «Ч.Айтматов педагогикалык окуулары», «Чыңгыз Айтматов жана эне тил» сыяктуу тегерек-столдор, сахналаштырылган адабий-музыкалык кечелер өткөрүлдү.
  2. Республикалык институт 2023-жылы кесиптик кошумча билим берүү боюнча лицензия алып, учурда кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп кайра даярдоодон өтүүнү каалаган 17 угуучу ийгиликтүү окуп жатат.

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИ СЫН МЕНЕН ИЛГЕРИЛЕТҮҮГӨ БОЛОБУ?Алмазбек Токтомаметов, Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун директору

 

Бөлүшүү

Комментарийлер