МАМЛЕКЕТ ИШКЕР АЙЫМДАРДЫ КОЛДОЙТ

  • 27.03.2024
  • 0

Бишкек шаарынын тургуну үч балалуу Жаннат Замирбек кызы былтыр пилоттук долбоордун алкагында ишке ашырылган өкмөттүк акселераторлор программасы боюнча үч күндүк окуудан өткөн соң, үй тибиндеги бала бакча ачкан. Ал үйдө бала менен олтурган айымдардын бала багуусуна жана жеке ишкерлик жүргүзүүсүнө көрсөтүлгөн жакшы колдоо болду деп эсептейт.

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин физика-математика факультетинин бүтүрүүчүсү Жаннат Замирбек кызы борбор калаабыздагы өзү жашаган жумушчулар шаарчасында ачкан үй тибиндеги бала бакча 30 балага ылайыктуу, бирок учурда өзүнүн баласын кошкондо 10 бала бар. Ишкер айым өзүнө окшоп үйдө олтурган энелерге бул программанын жардамы чоң болуп жаткандыгын, айрыкча, тиешелүү окууларды байма-бай уюштуруп туруу зарылдыгын белгиледи.

— Мен былтыр Бишкек шаарынын Ленин району кирген пилоттук долбоордун алкагында өкмөттүк акселераторлор программасына катышып, сертификат алганмын. Бул программа чындыгында мага окшоп үйдө олтурган энелерге чоң жардам болду. Биз үч күндүк окуудан өтүп, мектеп жашына чейинки бөбөктөргө билим жана тарбия берүүнүн негиздерин үйрөндүк. Бирок мен үчүн жетишсиз болгондуктан, тажрыйбалуу тарбиячы алдым. Өзүм ата-эне, педагог болсом да, көп нерселер мен үчүн жаңы болуп жатканын жашырбайм. Ата-энелер менен иштешүү да оңой эмес экен. Айрыкча диний көз караштары басымдуу ата-энелер балдарын эмдөөдөн өткөрүүдөн баш тартууда. Учурдагы эпидемиологиялык кырдаалды эске алып, биз эмдөөдөн өтпөгөн балдарды кабыл алууга моралдык укугубуз жок экенин айтсам да, тескерисинче, бизге нааразычылыктарын айтып, урушканга чейин барган ата-энелер да бар. Албетте, биз кээ бир ата-энелердин жеке көз караштары, кызыкчылыктары үчүн башкалардын ден соолугуна коркунуч жарата албайбыз, андыктан түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жок дегенде кызамыкка каршы эмдөөдөн өткүлө деп айтып жатабыз, натыйжада бир ата-энени макулдаттык. Кырдаалга жараша биздин аймактагы оорукананын педиатрын байма-бай чакырып балдардын ден соолугун сөзсуз текшертип турабыз, — дейт.

МАМЛЕКЕТ ИШКЕР АЙЫМДАРДЫ КОЛДОЙТ

Анын айтымында, мындан башка да көйгөйлөр жок эмес. Алсак, газ, суу, жарык үчүн төлөмдөрдү төлөөдө тактай турган кырдаалдар кездешип жатат.

— Жалпысынан алганда, балдарды бала бакчалар менен камсыздоодо үй тибиндеги бала бакчалардын ачылып жатканы колдоого аларлык демилге. Санитардык-эпидемиология, өрт коопсуздугу кызматтарынын өкүлдөрү келип текшерип, көрсөтмөлөрдү берип жатышат. Мен ай сайын төлөнүүчү төлөмдөрдү коммерциялык баада төлөөгө туура келип жатканы биз жүргүзүп жаткан иш ыргагына терс таасирин тийгизип жатканын белгилеп кетким келет. Бул маселени жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен чечишебиз деп ишенемин. Ал эми билим-тарбия берүү программаларын Билим берүү жана илим министрлигинен алып, ошол программалардын негизинде окутуп жатабыз. Тарбиячылар, педагогдор улам жаңы көндүмдөрдү окуп-үйрөнүп турушу керек, андыктан биз дагы окуулардан өтүүгө кызыкдарбыз. Себеби биз алган үч күндүк билим аздык кылат. Эгерде дагы окуулар болсо, мен сөзсүз катышып окугум келет. Азыр өз алдымча да изденип, болгон аракеттеримди жумшап жатам, — дейт Жаннат Замирбек кызы.

Учурда мектепке чейинки курактагы балдардын 26,4% гана бала бакчага барат. Бала бакчалардагы бош жаткан бөлмөлөрдү оптимилдаштыруу, кыска мөөнөттүү бала бакчаларды ачып, мектепке даярдоо программалары менен камсыздоо жана биз жогоруда сөз кылган өкмөттүк акселераторлор программасын киргизүүнүн натыйжасында бала бакчалардын саны өткөн жылга салыштырмалуу 2,5%ке көбөйгөн.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча мектепке чейинки мекемелерде окутуу 100 сааттык, 240 сааттык жана 480 сааттык “Балалык”, “Наристе” программаларынын жардамы менен жүргүзүлөт. Кабыл алынган жаңы мыйзамдын негизинде билим берүү — Билим берүү жана илим министрлигинин түздөн-түз милдети, ал эми балдардын өмүрүнө, ден соолугуна жана коопсуздугуна кам көрүү милдеттери жүктөлгөн тиешелүү башка органдар бар. Алсак, саламаттыгын, тазалыгын жана коопсуздугун Саламаттыкты сактоо министрлиги, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана ага баш ийген компетенттүү мекеме-уюмдары көзөмөлдөөгө тийиш.

МАМЛЕКЕТ ИШКЕР АЙЫМДАРДЫ КОЛДОЙТ

Бишкек шаарындагы дагы бир “Илимтай” жеке менчик бала бакчасы 2020-жылдан бери ишмердүүлүгүн жүргүзүп келе жатат. Анын башчысы Таңгүлү Кемелбек кызынын айтымында, Билим берүү жана илим министрлигинен тиешелүү күбөлүк, лицензия алып, Юстиция министрлигинен расмий каттоодон өткөн. Андан тышкары, санитардык-эпидемиологиялык, өрткө каршы кызматтардын процедураларынан толугу менен өтүп, тиешелүү көрсөтмөлөрдү байма-бай алып турат. Ашыкча текшерүү же болбосо алардын ишине тоскоолдук жараткан кырдаалдар жок.

— “Илимтай” мектепке чейинки билим берүү мекемесинде балдарды Билим берүү жана илим министрлигинен түзүлгөн программалардын негизинде окутабыз. Мугалимдерибиз жана тарбиячыларыбыз ар жыл сайын билимин жогорулатуучу атайын окуулардан өтүп турат. Бизде билим берүү светтик багытта жүгүзүлгөндүктөн, башка бир диний көз караштар үстөмдүк кылууга жол берилбейт. Балдарды мектепке даярдоо жана тарбиялоо ишинде ата-энелер жана башка тиешелүү органдардан эскертүүлөр же болбосо, нааразычылыктар жок.

Бирок мен азыркы учурда кабыл алынган жаңы мыйзамдын негизинде ачылып жаткан башка дагы жеке менчик бала бакчалардын жүргүзүп жаткан иш-аракеттерине тиешелүү министрликтер кылдат мамиле жасоо керек деп эсептейм. Менин жеке оюмда педагогикалык билими бар же жогуна карабай эле каалоочулардын баарына бала бакча ачууга уруксат берилип жатканы туура эмес. Мындай шартта балдарга билим берүүнүн кайсы сапаты жөнүндө сөз болушу мүмкүн?! Бала бакчалар коммерциялык максатты көздөп, каражат табуу булагы катары кабыл алынбашы керек, — деди Таңгүлү Кемелбек кызы.

МАМЛЕКЕТ ИШКЕР АЙЫМДАРДЫ КОЛДОЙТ

Менчик бала бакчалардын санын көбөйтүүдө олуттуу орунду ээлеген өкмөттүк акселераторлор программасын ишке ашыруу боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын Ленин району боюнча муниципалдык администрациясынын социалдык бөлүмүнүн башчы адиси Бермет Исаева бизге төмөндөгүдөй маалымат берди.

— Өкмөттүк акселераторлор программасын ишке ашыруу тууралуу муниципалдык администрациясынын тиешелүү буйругу чыккан. Ага ылайык, ар бир муниципалдык аймактык башкармалыктарда социалдык иштер боюнча адистери жооптуу болуп бекитилген. Алар менен биргеликте кварталдык, үй комитеттердин башчыларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жер-жерлерде жыйындар өткөрүлгөн. Өкмөттүк акселераторлор программасынын жумушчу тобу үчүн Ак-Өргө, Ак-Ордо, Арча-Бешик конуштарында жыйындар уюштурулуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Муниципалдык администрация, муниципалдык аймактык башкармалыктардын адистери ар бир кайрылган жаранга жакындан жардам берип, телефон аркылуу байланышуу, андан ары иш алып баруу үчүн ватсап топтору түзүлдү. Учурда үй тибиндеги 19 бала бакча иштеп жатат, ага 475 бала камтылган. Жергиликтүү бийлик органдарынын жардамы менен чечиле турган бир катар маселелер оозеки түрүндө талкууланып, чечүү жолдору каралып жатат, — дейт.

Расмий эмес булактардын билдиргенине караганда былтыр ачылган жеке менчик бала бакчалардын кээ бири ар кандай себептерден улам жабылып жатат. Ага ошол аймакта жашаган баланын саны аз болгондугуна байланыштуу каржылоонун жетишсиздиги жана азыркыга чейин куйругу үзүлбөй келаткан жасалма тоскоолдуктар негиз болуп жатканы айтылууда.

 

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер