Махабат КАЛМАМАТОВА: “БАЛА БАКЧА – МЕНИН ЭКИНЧИ ҮЙҮМ”
- 09.10.2024
- 0
Ош шаарындагы №35 “Асан-Үсөн” мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарбиячысы Махабат Калмаматова “Жылдын мыкты тарбиячысы-2024” республикалык конкурсунда биринчи орунду ээледи.
Ал билим берүү кызматкерлеринин бүткүл дүйнөлүк кесиптик майрамына карата жыл сайын өткөрүлүүчү “Жылдын мыкты тарбиячысы” конкурсуна катышкан 28 тарбиячынын бири. Жаңы форматта өткөн быйылкы конкурстун катышуучуларынын айтымында, чындыгында эле жаңылыктар көп болду. Эгерде жылда облустук масштабда өтүүчү экинчи турунан бир гана талапкер келип жүрсө, бул жолу ар бир предметтен, усулдук бөлүмдөрдөн жана ошондой эле мектептен тышкаркы билим берүү мекемелеринен бирден талапкер мыкты наам үчүн таймашты.
Үч тур менен өткөн үчүнчү этабында конкурсанттар адегенде тест тапшырып, кесиптик ишинин тажрыйбасын баяндоо, портфолиону камтыган өзү жөнүндө видеопрезентацияны сунушташты. Кийинки күнү санариптик көндүмдөрдү колдонуу менен мастер-класстар көрсөтүлдү.
— Мен бул конкурста көптөгөн изденүүлөрдүн аркасында ар тараптуу алган билимимди, өзүмдүн иш тажрыйбамды колдондум. Таймаш учурунда менин бакчамдагы жетекчимдин, көп жылдан бери эмгектенип келген тажрыйбалуу тарбиячы кесиптештеримдин жана насаатчыларымдын ишеними, колдоосу мага чоң дем берип, менин ушул сынакта жеке потенциалымды ачууга жол көрсөтүштү. Бул сынакка Кыргызстандын булуң бурчунан келишкен мыкты тарбиячылардын катарында мен да өзүмдүн өзгөчө чыгармачыл методикалык иш тажрыйбаларымды бөлүшкөндүгүмө абдан кубанычтамын. Бул менин тажрыйбамды жайылтууга чоң мүмкүнчүлүк болду. Ар бир катышуучу азыркы заманбап технологияларды пайдалануу менен ар түрдүү көргөзмө куралдарды колдонуп сабак өткөндүктөн, ар бирибиз өзүбүзгө пайдалуу усулдарды ала алдык, — дейт жеңүүчү.
Махабат Арапбаевна 1992-жылы Ош облусунун Алай районуна караштуу Жылуу-Суу айылында төрөлгөн. 1998-жылы Жылуу-Суу айылындагы Б.Аданбаева атындагы орто мектептин биринчи классына кабыл алынып, аны 2009-жылы ийгиликтүү аяктаган. Ошол эле жылы Ош шаарындагы Кыргыз-Өзбек университетинен кыргыз тили жана адабияты адистиги боюнча билим алган. 2021-жылдан тартып Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу №35 “Асан-Үсөн” мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарбиячысы болуп эмгектенип келатат.
Адеп ишке кирген күндөн тарта бөбөктөрдүн сыйкырдуу дүйнөсүнө сүңгүп кирген жаш адис, бала тарбиялоонун сырын иш жүзүндө өздөштүрүүгө жан дили менен киришкен. Ал аракеттери текке кеткен жок, 2021-2024-жылдары бала бакчадагы коомдук иштерге активдүү катышкандыгы үчүн Ардак грамоталар жана ыраазычылык каттар менен сыйланганы акыбетинин кайтканы эмеспи. Албетте, жаш адис Махабат Арапбаевна учур талабына шайкеш окууларга мындан ары да активдүү катышуу менен өзү сүйгөн кесибинин сырын дагы тереңден ачып, дагы да үйрөнүү керектигин жакшы билет.
— Дүйнөдө ар кандай кесиптер көп, ар биринин өзүнө жараша баалуулугу бар. А бирок мен үчүн өзүмдүн кесибимден асыл, зарыл жана кереметтүү кесип жок! Мен өз кесибимди бала кезимден тандап алгам. Анткени, бала чагымда эле балдар үчүн ар кандай оюн-зоокторду ойлоп тапканды, кызыктуу сынактарды уюштурганды жана эстафеталарды өткөргөндү абдан жакшы көрчүмүн. Балалык чагымда мен өзүмдү кыялымдагы тарбиячы элестетсем, эми чыныгы тарбиячымын. Бул мен үчүн эң сонун мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Айрыкча, балдарымды өз мекенин, элин, жерин сүйүүгө, жаратылышка аяр мамиле жасоого, улууларды урматтап-сыйлоого, бири-бири менен биримдиктүү, ынтымактуу болууга тарбиялоодо үйрөнгөн теориялык билимимди ишке ашырууга шарт түзөт. Көптөгөн кесиптердин ичинен менин кесибим эң кызыктуу, чыгармачыл жана жоопкерчиликтүү деп ойлойм. Тарбиячы болуу — бул мен үчүн жашоо дегенди билдирет. Мыкты тарбиячы болуу балалык чагымдагы эң чоң кыялдарымдын бири болчу. Мына, менин кыялым орундалды. Ошону менен катар мага чоң жоопкерчилик жүктөлдү, — дейт ал.
Жаш адис ар кандай кароо-сынактарга катышууга өз алдынча даярданып жүргөндүктөн, берилген тапшырмаларды аткаруу учурунда көп деле кыйналган жокмун дейт. Анын айтымында, жаш тарбиячы болобу же дасыккан насаатчы болобу, балдардын жүрөгүнө жетчү жол бирөө гана, ал – ар бир баланы жан дили менен сүйүү, алардын жашоосу менен жашоо.
Махабат Калмаматова үчүн бул жеңиши чек эмес болгондуктан, мындан кийинки багындыра турган бийиктиктери али алдыда.
— Мен эми мындан ары бир орунда турбастан, дагы да көптөгөн ийгиликтерди жаратуу үчүн алдыга умтула беремин. Азыркы технологиянын өнүккөн заманында өзүмдү дагы да өстүрүү үчүн көп-көп иштеп, ар тараптуу билим алууга, талыкпай изденүүгө милдеттүү экенимди жакшы билемин. Алдыда дагы боло турган кароо-сынактарга катышууга, катышып эле тим болбостон ийгиликтерди жаратууга мени жетелеген, шыктандырган менин кичинекей колдоочуларым бар. Ар түрдүү эмоцияларга бай бала бакчанын жашоосу — менин экинчи үйүм, — дейт толкундануу менен.
Жолдошунун сүйүктүү жубайы, үч кыз, бир уулдун мээримдүү энеси Махабат Калмаматованын ары жоопкерчиликтүү, ары түйшүктүү ишинде ийгиликтерди жаратуусуна жакындан жардам берген анын үй-бүлөсү, кайын журту экенин сыймыктануу менен айтып өттү.
— Бардык эле адамдардын, айрыкча аялзатынын жумушундагы, коомдогу ийгиликтерине, жеңиштерине жетишүүсүнө колдоо көрсөткөн, жакындан жардамчы болгон адамдар болот экен. Жогоруда айткандай, мен бул сынакка көптөн бери даярданып жүргөн элем. Сынактын бардык этабында үйрөнүп-билгендеримди колдондум. Муну менен мен эң биринчи адамдын аракети, даярдыгы керек деп айткым келет. Экинчиден, аны колдогон адамдар болууга тийиш. Сөз арасында белгилей кетейин, менин кайын журтум да агартуу тармагына өмүрүн арнаган адамдар. Алар мени туура түшүнүп, ар тараптан колдоо көрсөтүп турушту. Андыктан кайын журтума, жолдошума, ата-энеме, бир туугандарыма учурдан пайдаланып терең ыраазычылык билдирип кетким келет.
Мен ошондой эле конкурсту уюштурган Билим берүү жана илим министрлигине, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчилигине, мен иштеген бала бакчанын жалпы эмгек жамаатына, айрыкча, жетекчибиз Аймен Туралиевага, бала бакчанын жетектөөчү адиси Саламат Айдаровага терең ыраазычылык билдиремин.
Бала бакча – өзүнчө бир аалам. Менин жеке баамымда жашоодо баары ошол ааламдын айланасында айланат. Ар бир үйдөгү наристенин алгачкы кадамы бала бакчадан башталгандыктан, бала тарбиялоодо баардыгыбыз бирдиктүү, максаттуу аракеттерди көрүүгө милдеттүүбүз. Үйдөгү тарбия менен бала бакчадагы, мектептеги тарбия шайкеш келгенде гана билимдүү, тарбиялуу келечек ээлерин тарбиялай алабыз деп ишенемин, — дейт Махабат Калмаматова.
Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”
Комментарийлер