ҮМҮТ ЖАНДЫРГАН ЛИДЕР ЖАШТАР

  • 20.08.2024
  • 0

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясын ыйгаруу боюнча быйыл Республикалык комиссия биринчи окуу жылына 22 талапкерди жана экинчи окуу жылына алты арызды жактырды. “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясынын 2024-2025-окуу жылына стипендианттарын окутууга Президенттин фондунан 86 764 466 (сексен алты миллион жети жүз алтымыш төрт миң төрт жүз алтымыш алты) сом бɵлүндү.

Таланттуу жаштарга жол ачык

Билим берүү жана илим министрлигинин Жогорку, орто кесиптик жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгынын адиси Айзат Маматкеримованын берген маалыматына таянсак, 2024-2025-окуу жылында “Эл үмүтү” стипендиясы ыйгарылган экинчи окуу жылындагы стипендиаттардын тизмеси жана 2025-2026-окуу жылына карата стипендияга талапкер болгондордун тизмеси каралган.

— «Эл үмүтү» эл аралык стипендиясы таланттуу жаштарга чет өлкөдө билим алууга колдоо көрсөтүү жана шыктануусун арттыруу, социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча жаңы муундун адистерин даярдоо үчүн шарттарды камсыз кылууга жана колдоого багытталган. «Эл үмүтү» стипендиясы жыл сайын Президенттик фонддон бөлүнөт. Белгилеп кетсек, жыл сайын 50 “Эл үмүтү” стипендиясы бөлүнөт. Алардын ичинен техникалык жана инженердик багыттар боюнча магистрлерди даярдоого — 20, экономикалык багыттар боюнча магистрлерди даярдоого — 10, социалдык-гуманитардык багыттар боюнча магистрлерди даярдоого — 10, философия доктору PhD программалары боюнча окутуу үчүн  10 стипендия берилет, — дейт министрликтин адиси.

“Эл үмүтү” стипендиясынын максаты — Кыргызстандын таланттуу жаштарына жогорку окуу жайларынын QS World University Rankings, Times Higher Education топ-100 дүйнөлүк рейтингине кирген чет өлкөлүк окуу жайларында, билим берүү программаларында магистр жана PhD доктору деңгээлинде билим алуусуна көмөк көрсөтүү болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясын 2024-2025-окуу жылына карата биринчи окуу жылы үчүн алууга төмөндөгү талапкерлер бекитилди: Абдурахманова Асель Келдибековна – Джонс Хопкинс университети, “Коомдук саламаттыкты сактоо” программасы боюнча магистратура; Абдыибраева Айтбүбү Нарынбаевна – Ноттингем университети, “Компьютердик илим жана жасалма интеллект” программасы боюнча магистратура; Жолдошалиева Мира Жолдошалиевна – Вестерн университети, “Бизнес аналитика” программасы боюнча магистратура; Канатова Мээрим Канатовна –Пенсильвания университети, “Окутуучу илимдер жана технологиялар” программасы боюнча магистратура; Карыбекова Айгерим Жеңишбековна – Колумбия университети, “Технологиялардын менеджменти” программасы боюнча магистратура; Касымова Бермет Данияровна –Карнеги Меллон университети, “Архитектура” программасы боюнча магистратура; Курманбекова Айгерим Курманбековна – Берклидеги Калифорния университети, “Маалыматтык башкаруу жана системалар” боюнча магистратура; Торогулова Асел Шерикбековна – Карнеги Меллон университети, “Продукциялар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн интеграцияланган инновациялар” программасы боюнча магистратура; Турумбекова Турсунай Алмазбековна – Дьюк университети, “Маалымат илими жөнүндө” программасы боюнча магистратура; Алимжанов Бакыт Алимжанович – Эдинбург университети, “Климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү каржылоо жана инвестициялар” программасы боюнча магистратура; Аязбаев Ислам Марсович – Чикаго университети, “Мамлекеттик саясат” программасы боюнча магистратура; Кыдырова Элида Бекназаровна — Минесота университети, “Коомдук илимдер жана менеджмент” программасы боюнча магистратура; Стамбекова Айпери Азатбековна – Оксфорд университети, “Айлана-чөйрөнү өзгөртүү жана башкаруу” программасы боюнча магистратура; Таджибаева Севара Талипжановна – Гарвард университети, “Дизайн, инновация жана технология тармагында окутуу” программасы боюнча магистратура; Тиленбаева Камила Жолдошбековна – Нью-Йорк университети, “Корпоративдик укук” программасы боюнча магистратура; Ырысбекова Нуржамал Ныязалиевна – Бостон университети,  “Долбоордук менеджмент” программасы боюнча магистратура; Осмонова Алина Арслановна – Чикаго университети,  “Мамлекеттик саясат” программасы боюнча магистратура; Кыдырова Жибек Сатындыевна – Лейден университети, “Укук жана маалыматтык технологиялар” программасы боюнча магистратура; Жеенбекова Алымкан Суеркуловна – Гумбольдт атындагы Берлин университети, “Фольклористика” адистиги боюнча философия доктору (PhD) программасы; Канатбекова Мээржан Канатбековна – Вена техникалык университети, “Кванттык эсептөө” адистиги боюнча философия доктору (PhD) программасы; Кылычбеков Салижан Кылычбекович – Оксфорд университети, “Кванттык программалоо” адистиги боюнча философия доктору (PhD) программасы; Момошова Асель Кадыржановна – Кембридж университети, “Жер экономикасы” адистиги боюнча философия доктору (PhD) программасы.

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясын экинчи окуу жылы үчүн алууга төмөндөгү талапкерлер бекитилди:

Асаналиева Адель Бакытовна – Батыш Австралия университети, биомедициналык илимдер боюнча магистратура; Асанова Салия Белековна – Берклидеги Калифорния университети, “Маалыматтык менеджмент жана системалар” программасы боюнча магистратура; Тураткан кызы Жанылай – Дьюк университети, “Дисциплиналар аралык маалымат илимдери” боюнча магистратура; Абабакиров Нуршат Абдисаламович – АКШ, Колумбия университети, Эл аралык жана коомдук иштер мектебинин (SIPA) өнүктүрүү практикасында мамлекеттик башкаруу боюнча магистратура; Якубжанова Хилола Оманжановна – Корнелл университети, мамлекеттик башкаруу боюнча магистратура; Ашырмаматов Исламбек – Сеул улуттук университети, фармацевтика илимдери адистиги боюнча PhD.

Эмгек ийгиликке жеткирет

“Үмүт” стипендианты Турсунай Турумбекова Кемин районунун Жаңы-Алыш айылынан болот. Ал Бишкек шаарында чоңоюп, белгилүү №12 мектеп-гимназиясында эң жакшы деген баага окуп, ийгиликтүү аяктаган. Мектепте окуп жүргөндө эле Турсунай ар кандай райондук, шаардык деңгээлдеги олимпиадаларга катышып, байгелүү орундарды ээлеп келди.  11-класста окуп жүргөндө FLEX программасынын сынагынан өтүп, Америкада бир жыл бекер окуп келген. Мектепти аяктагандан кийин КИМЭП университетинин стипендиясын жеңип алып, Алматыдагы «Бизнестеги информациялык системалар» факультетин кызыл диплом менен аяктаганын айтпай кетүүгө болбойт.

ҮМҮТ ЖАНДЫРГАН ЛИДЕР ЖАШТАР

— Үчүнчү курста Erasmus стипендиясын жеңип алып, Швеция мамлекетинде жарым жыл Уппсала университетинде студенттерди алмашуу боюнча программасынын алкагында окудум. Студент кезде үч компанияда IT тармагында стажировкадан өтүп, 4-курста эл аралык PriceWaterhouseCoopers компаниясына Дата аналитик болуп жумушка орношкон. Андан кийин О! мобилдик оператор компаниясында Дата инженер болуп иштегенге да үлгүрдүм, — дейт стипендиант.

ҮМҮТ ЖАНДЫРГАН ЛИДЕР ЖАШТАРҮМҮТ ЖАНДЫРГАН ЛИДЕР ЖАШТАР

Албетте, ийгиликке жетүүдө аны дайыма үй-бүлөсү, жакындары колдоп келди. Билим алууну ар дайым биринчи орунга койгон Турсунайды апасы ар кандай кошумча курстарга алып барып, сапаттуу билим алуусуна өзгөчө көңүл бөлүп келиптир. Ал эми атасы болсо англис тилин окууга жардам берип, курстарга, бий ийримдерине жаздырып, кайсы өлкөдөн кайтып келбесин ар дайым кызын тосуп алып, окууга шыктандырып турат экен.

— Менин ата-энем өтө билимдүү. Мени билимге умтулган, адамдык сапаттарды бийик койгон инсан кылып тарбиялаганына терең таазим! Кыргызстаныбыз өнүгүп-өсүш  үчүн ата-энелер балдарына үлгү болуп, билим-илимге багыт бериш керек деп ойлойм. Ата-энеме жана менин тумарымдай болгон Атай иниме жолумда такай колдоп, күч берип тургандарына дайыма ыраазымын, — дейт Турсунай.

Т.Турумбекова Америкадагы Duke университетине IT тармагындагы маалымат жөнүндө илимдери факультетине кабыл алынды. Бул университет дүйнө жүзүндөгү тапшыруучулардын арасынан 6.3% студенттерди гана кабыл алат экен.

Duke мыкты студенттердин арасына Турсунайды кошууга туура көрүп, ага 65% стипендия ыйгарды. Бул ал үчүн чоң сыймык. Калган суммасын “Эл үмүтү” стипендиясынын колдоосу менен төлөнмөй болду.

— Сынакка кандайча катышып калдыңыз? Тандоо канчалык адилеттүү өттү?

— “Эл үмүтү” сынагы жөнүндө биринчи башталган жылы эле угуп, сынакты өткөн мекендештериме суктангам. Арадан убакыт өтүп, өзүм дагы катышып калдым. Керектүү документтерди электрондук жана кагаз форматында тапшырдык. Сынак таза жана адилеттүү өттү деп ишенем. Президентибизге стипендия уюштуруп, жаштарга мыкты мүмкүнчүлүк бергенине, сынакты уюштурган Билим берүү жана илим министирлигине, Республикалык комиссияга жана кыргыз элге ыраазычылык билдирем!  «Эл үмүтү» стипендиясын алуу мен үчүн чоң сыймык жана жоопкерчилик. Элибиздин үмүтүн актап Кыргызстаныбызды билимим, тажрыйбам менен өнүктүргүм келет. Максатым — өлкөбүздү санариптештирүү жана билим берүү тармагын өнүктүрүүгө салым кошуу. Өзгөчө мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын билим алуу шарттарын санарип технологиялары аркылуу өнүктүрүүнү кыялданам.  Кыргызстанга кайтканда бул максаттарды ишке ашырам деген үмүттөмүн, — дейт Т.Турумбекова.

 Билим – ийгиликтин ачкычы

Корнелл университетинин мамлекеттик башкаруу боюнча магистратурага кабыл алынган Хилола Якубжанова Талас шаарында чоңойгон. Анын ата-энеси  Хилоланын жакшы окушу үчүн шыктандырып келди.  Ал билим — ийгиликтүү жашоонун ачкычы экенин эрте эле түшүнгөн.

ҮМҮТ ЖАНДЫРГАН ЛИДЕР ЖАШТАР

— Балалыгымда оюнчукка эмес, энциклопедияларга кызыгаар элем. 6-класста “Сапат” лицейине өтүп, англис жана түрк тилдеринде жакшы сүйлөөнү үйрөндүм. 9-класста FLEX (Future Leaders Exchange) болочок лидерлер алмашуу программасына катышып, беш миң адамдын ичинен 97 гана талапкер өттү. Программа толугу менен Америка тарабынан каржыланган. Америкада үй-бүлөдө жашап, акысыз билим алдым. Билим — бардык эшиктер үчүн ачкыч. Билим алуу үчүн каражат керек, андыктан эч нерсени ойлонбой инвестиция салуу зарыл. Бирок чет өлкөлөрдө окууга каржы маселеси мени туңгуюкка такады. Ошол себептен билим алуудан баш тартууга туура келет деп өтө тынчсыздандым. Бардык мүмкүн болгон варианттарды карап чыктым. Анан Билим берүү жана илим министрлигинин расмий сайтында Президенттик “Эл үмүтү” стипендиясы тууралуу жарыяны көрдүм. Президент Садыр Жапаров таланттуу жана билимдүү жаштарды колдоп жатканын көрүп, абдан кубандым. Документтердин тизмесин көрүп, чогултууга кириштим. Бардык критерийлерге жооп берип, сайттагы талаптар түшүнүктүү болду. Конкурс өтө адилеттүү жана ачык болду, мен комиссияга күчтүү талапкерлерди тандап, бизди баалаганы үчүн абдан ыраазымын, — дейт стипендиант.

ҮМҮТ ЖАНДЫРГАН ЛИДЕР ЖАШТАРҮМҮТ ЖАНДЫРГАН ЛИДЕР ЖАШТАР

Корнелл университетинин мамлекеттик башкаруу боюнча магистратурага кабыл алынган Хилола Якубжанова экинчи курска өттү.  Ал университетте Хилола жалгыз кыргызстандык.

— Ар бир жолу кайдан экенимди, менин билимимди ким каржылайт деп курсташтарым сурашат. Мен сыймыктануу менен Президент колдогонун айткандан тажабайм. Кереметтүү Кыргызстанданмын дейм. Мамлекет башчысынын колдоосун сезүү, ар дайым колдонула турганыңды билип, өз өлкөм бар экенине кубанам. Президент Садыр Жапаров таланттуу жаштарды колдоп, бизге өсүү мүмкүнчүлүгүн берип жатканына чын жүрөктөн сүйүнөм, — дейт Хилола.

ҮМҮТ ЖАНДЫРГАН ЛИДЕР ЖАШТАР

Ошентип, билим дайыма келечекке жол ачаарын белгилешкен стипендианттар келечек муунга убакытты бекер өткөрбөй, билимге инвестиция салып, көп китеп окуп, билимден тажабай изденүү керек деген кеңешин беришти.

Ишиңер ийгиликтүү болсун, жаштар! Мамлекеттин келечеги – лидер жаштардын колунда!

 Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер