ӨЛКӨДӨ МЕКТЕП КУРУЛУШУ КУЛАЧЫН ЖАЙДЫ

  • 06.09.2023
  • 0

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков 2023-жылдын аягына чейин 100 мектеп колдонууга берилерин, быйыл Кыргызстан боюнча жалпы 204 мектептин курулушу башталганын айтты.

ӨЛКӨДӨ МЕКТЕП КУРУЛУШУ КУЛАЧЫН ЖАЙДЫ

 

Сандарга саресеп салсак

2023-жылдын аягына чейин бүтө турган 100 билим берүү мекемелеринин арасында Чүй облусунда 12, Баткен облусунда 10, Жалал-Абад облусунда 20, Ысык-Көл облусунда 12, Нарын облусунда 8, Ош облусунда 30, Талас облусунда 8 мектеп бар.

Ал эми сентябрь айынан тартып жылдын аягына чейин  Чүй облусунда 5, Баткенде 5, Жалал-Абадда 9, Ысык-Көлдө 8, Нарында 6, Ош облусунда 25, жалпысынан айтканда, калган 64 мектептин курулушу бүткөрүлөт.

Өлкөдө 2023-жылдын 1-сентябрына карата 36 билим уясы колдонууга берилди. Чүй облусунда 7, Баткенде 5, Жалал-Абадда 11, Ысык-Көлдө 4, Нарында 2, Ошто 5, Талас облусунда 2 мектепте кызыл лента кесилип, Билим күнү өзгөчө маанайда өттү.

Бул Кыргызстан эгемендик алган жылдар аралыгындагы эң жогорку көрсөткүч болуп эсептелет.  Салыштырып айта турган болсок, 2010-жылы болгону 1, 2011-жылы 4, 2012-жылы 6, 2013-жылы 29, 2014-жылы 12, 2015-жылы 45, 2016-жылы 45, 2017-жылы 35, 2018-жылы 68, 2019-жылы 31, 2020-жылы 25 мектеп салынган.

Былтыркы аракет быйылкы жакшы иштердин башаты

Өткөн жылы Президент Садыр Жапаров мектеп жетишсиздигин эске алып, алардын санын көбөйтүү тапшырмасын берген болчу. Анын негизинде былтыр  Бишкек шаарында 5 айда 15 билим ордосу курулду.

Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мурунку жылдардагы статистикага токтолуп, билим берүү тармагы көңүл сыртында болуп келгенин айтканы эсибизде.

«Бишкекке бир дагы мектеп курулбай калган учурлар болгону эсибизде.  Мисалы, 2011, 2013, 2014, 2016, 2019 жана 2020-жылдары, демократиялык жарылуунун туу чокусунда эң чоң ички миграция жүрүп, бир дагы мектеп курулган эмес. Жаңы конуштарга дагы курушубуз керек, алар жакынкы жылдары курулат. Беш айдын ичинде бизге ишти  бүтүрүп берген куруучуларга ыраазычылык билдирем», — деген болчу Акылбек Жапаров жаңы конуштардын бириндеги  салтанатта.

Быйыл балдарга эшигин ачкан мектептер

1-сентябрда Чүй облусунун Сокулук районундагы Мирное айылында жаңы мектеп балдарга эшик ачты. Тарыхый окуяга катышкан Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Ренат Айтымбетов билим берүү тармагындагы өнүгүүлөрдү кубануу менен белгиледи. “Жылдан жылга билим берүү тармагына бөлүнгөн каржылоо көбөйүп жатат. Мугалимдердин эмгек акылары да көбөйдү, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга көңүл бурулуп, жаңы мектептер, бала бакчалар курулууда. Натыйжада балдарды окутууга жана татыктуу тарбиялоого ыңгайлуу шарттар түзүлүп жатканы кубанычтуу көрүнүш” – деди ал өз сөзүндө.

Бул айылдагы билим очогу  1960-жылы курулгандыктан, абдан эскирип, авариялык абалда эле. Жаңы окуу жылында эшик ачкан 270 орундук жаңы мектептин имараты толугу менен окуу материалдары, техникалык каражаттар, спорттук шаймандар менен жабдылды.

Дагы бири кубанычтуу окуя Жумгал районундагы  Баш -Кууганды айылында  болуп өттү. Ал жердеги Шатман Садыбакасов атындагы орто мектепте пайдубалы тогуз жыл мурун башталган эки кабаттуу мектептин имараты пайдаланууга берилди.

Социалдык обьект республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды. Жалпы 275 балага ылайыкталган  курулуштун сметалык наркы 78 млн сомду түзүп, объект спорттук залы менен кошо салынды. Билим берүү мекемесинин класстык бөлмөлөрү демөөрчүлөрдүн эсебинен жасалгаланганы жагымдуу жаңылык болду.

 

ӨЛКӨДӨ МЕКТЕП КУРУЛУШУ КУЛАЧЫН ЖАЙДЫ

Жакында Чүй облусуна караштуу Жаңы-Пахта айыл аймагында да жаңы мектеп ачылды. 1947-жвлы курулган авариялык абалдагы билим берүү мекемесинин ордуна 1млн 300 миң долларга евростандарттын талабында  275 орундуу билим ордосу Арабия өнүктүрүү фондунун эсебинен курулду.  Мында 14 класстык бөлмө, спорт залы, ашканасы бар.  Ата-энелер Сауд Арабиясынын Өнүктүрүү фондуна ыраазы экенин айтышат.

Таластагы Казакстанга чектеш Г. Малаев атындагы Үч-Коргон орто мектебинин имаратына бир кылым болду. Авариялык абалда болчу. Эми бул жагымсыз шарттар артта калды.

— Мурдагы шарт менен азыркынын айырмасы асман менен жердей. Азыркы спорт залга кирип мен таң калдым, — дейт ардагер мугалим Алым Мирзаев.

Курулуш иштери республикалык бюджеттин эсебинен 2021-жылдын август айында салына баштаган Түп районундагы Түгөлбай Сыдыкбеков атындагы №16 орто мектепте 461 окуучу билим алууда. Окуу мекемесинде 38 мугалим билим-тарбия берет. Кезинде бул жерден Түгөлбай Сыдыкбеков, Аман Саспаев, Зияш Бектенов, Кусейин Карасаев билим алганын белгилей кетели.

— Бүгүн өтө кубанычтабыз. “Аккан арыктан суу агат” демекчи, ушул мектептен дагы атактуу адамдар чыксын, — дейт агартуу ардагери Майрамкүл Элебесова.

Мындан тышкары, Бишкектин үч мектебинде кошумча корпустар курулууда. Бишкектин №19 мектебинде кошумча корпус курулду. Мэриянын маалыматына ылайык, жаңы корпус 198 окуучуга ылайыкталган. Анда бий залы, окуу класстары, класстан тышкаркы окуу үчүн кабинеттер жана китепкана бар. Курулуш иштерине шаардык бюджеттен 45 миллион сом каралган.

Бишкектеги №18 мектептин да кошумча окуу корпусу ачылды. Муниципалитеттен билдиришкендей, эки кабаттуу имарат 910 чарчы метр аянтты ээлеп, 225 орунга ылайыкташтырылган. Билим берүү мекемесинин кошумча имаратын курууга каражат коррупцияга каршы күрөшүү боюнча депозиттик эсептен бөлүнгөн.

Кыргызстанга Орусия кол сунду

1-сентябрь Билим күнүндө Владимир Путин менен Садыр Жапаров Бишкек, Баткен жана Каракол шаарларында орус тилинде окуткан мектептердин биринчи этабын курууга старт беришти.

ӨЛКӨДӨ МЕКТЕП КУРУЛУШУ КУЛАЧЫН ЖАЙДЫ

Кыргызстанда  2027-жылга чейин Орусиянын көмөгүндө тогуз «супер мектеп” салынып, алардын  алгачкы үчөө Бишкек, Баткен жана Каракол шаарларында курулат. Мектептердин пайдубалына  таш коюу аземине эки өлкөнүн президенттери катышып жатканы символикалуу болмокчу.

Бардык тогуз мектеп эң заманбап стандарттарга ылайык курулары белгилүү. Ар бир мектепте көп функциялуу спорт зал, футбол аянтчасы жана бассейн болот. Бул билимге гана эмес, экономикага дагы инвестиция, анткени мектептердин курулушун кыргызстандык компаниялар жүргүзөт. Мектептерди куруу чечимин Владимир Путин Садыр Жапаровдун демилгесине жооп катары берген.

Жаңы мектептердин окуу планы биргелешкен стандарттар боюнча түзүлөт. Анда: кыргыз тили, адабияты жана Кыргызстандын тарыхы кирет. Эң негизгиси, бүтүрүүчүлөргө эки өлкөнүн сертификаттары тапшырылмакчы.

Ошентип, Кыргызстанда 36 жаңы мектеп 1-сентябрда ачылды. Жыл аягына чейин дагы 60ка жакын билим берүү мекемеси пайдаланууга берилет. Жалпысынан өлкө боюнча 2300 мектеп Билим күнүндө эшигин ачты.

 

А.АЛИБЕКОВ, “Кут Билим”

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер