ӨЛБӨСТҮКТҮН ҮРӨНҮН СЕПКЕН МЕЛИСБЕК

  • 25.10.2024
  • 0

Алмустактан бери элибизде айткандай, адамдын жаралмагы бар, кайра өлмөгү бар. Жараткан ар бир адамга өлүмдү жашына да, карысына да, бирөөнө узун өмүр, бирөөнө кыска өмүр берет. Кыска берсе дагы өмүрүнүн аягына чейин элдин эсинен кеткис кылып, өрнөктүү өмүрүн эки дүйнөдө байлап берет экен. Ошолордун бири —  элдин уулу атыккан, атанын уулу атка конгон Мелисбек Оросказиевдин арабыздан кеткенине 24 жылга караптыр. Өзүнүн көзү тирүү болгондо быйыл туптуура 70 жашка келмек. Өзү жок болсо дагы үй-бүлөсүнүн, теңтуштарынын, замандаштарынын жан дүйнөсүндө дайыма жашап келет. “Өткөндөр баркталмайынча, тирүүнүн иши жүрбөйт” дегендей, ушул аптада ага арналган эскерүү кечеси өткөрүлүп, анын өздүк китепканасындагы 200дөн ашык ар кандай жанрдагы китептер Аламүдүн райондук китепканага өткөрүлүп берди.

ӨЛБӨСТҮКТҮН ҮРӨНҮН СЕПКЕН МЕЛИСБЕК

 

Түгөлбай Казаковдун улуу “Элегия” чыгармасын Мелисбек агабыз жактырып угуп, көп ырдаар эле. “Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин” дегендей, өткөндү даңктамайын, тирүүнүн иши жүрбөйт дейт элибизде.

ӨЛБӨСТҮКТҮН ҮРӨНҮН СЕПКЕН МЕЛИСБЕКӨЛБӨСТҮКТҮН ҮРӨНҮН СЕПКЕН МЕЛИСБЕК

Бир келген өмүрдүн, баркын баасын билип, жакшы ниет, жаркын мүнөзү менен өлбөстүктүн үрөнүн сээп, күжүрмөн эмгеги, мээнети менен калктын кадырына арзып, чын дили менен достукка, улуу өнөргө, сый-урматка көпүрө болуп, далай адамга жакшылык кылып, адамгерчилиги, ишмердиги менен таанылып, нарк-насилинен жазбай, көзү өтсө да жаркыраган мүнөзү, адамдык бийик сапаты элдин оозунда дагы эле аңыз болуп айтылып келет.  Атанын уулу Тынай Мелисбек тууралуу кеп учун улайлы.

ӨЛБӨСТҮКТҮН ҮРӨНҮН СЕПКЕН МЕЛИСБЕКӨЛБӨСТҮКТҮН ҮРӨНҮН СЕПКЕН МЕЛИСБЕК

Оросказиев Мелисбек Тынаевич 1954-жылы 17-январда Ат-Башы районундагы Ат-Башы айылында туулган. 1972-жылы Ат-Башыдагы Ленин атындагы №2 мектебин бүтүрүп, ошол эле жылы Кыргыз мамлекеттик искусство институтуна өткөн. 1976-жылы институтту ийгиликтүү аяктап, Аламүдүн райондук маданият бөлүмүндө эмгек жолун баштаган. Ал жерден методисттик кесиптен баштап жетекчиликке чейин жеткен.  Союз учурунда Суусамыр, Кенесанархайдагы малчыларга, саанчыларга, колхоз, совхоздордогу талаа дыйкандарга өзү түзгөн агитбригада менен  концерт, кино, лекцияларды өткөрүп келген. 1985-жылдан баштап Маданият министрлигине караштуу Республикалык чыгармачылык борборуна директор болуп ийгиликтүү иштеп жүрдү. 1991-жылы Токтогул Сатылгановдун 125 жылдык юбилейи  Москва шаарында өтүп, Мелисбек Тынаевич комиссиянын мүчөсү катары  чоң делегация менен барган. Андан кийин 1995-жылы  “Манастын — 1000 жылдыгы”  иш-чарасына кошкон  салымы үчүң “Манас – 1000” деген медаль менен сыйланган.  Ошол эле жылдары Союздун деңгээлинде өтүп жүргөн бардык конкурс, фестивалдарга чыгармачыл топторду жетектеп, Россия, Өзбекстан, Тажикстан, Түркменстан, Украина республикаларына  барып, кыргыз маданиятын көрсөтүп, республиканын даңкын чыгаргандардын бири эле.

ӨЛБӨСТҮКТҮН ҮРӨНҮН СЕПКЕН МЕЛИСБЕКӨЛБӨСТҮКТҮН ҮРӨНҮН СЕПКЕН МЕЛИСБЕК

Өмүрүнүн акыркы жылдарында  кайрадан Аламүдүн районуна келип, маданият үйүнүн директору болуп  иштеп жүрдү.  Мелисбек Тынаевич 2001-жылы 47 жаш курагында  акка моюн сунуп,  дүйнөдөн кайтты.  Анын артында алган жары,  уул-кыздары, неберелери, ага-туугандары, эл-жери калды. Анын өзү жок болсо дагы, анын жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө ар дайым жашайт.

Ат арыбас болсочу,
Жаш карыбас болсочу.

Жаратканың чын болсо,

Деги жай жайына койсочу…

Эскерүү кечесине келгендер анын кандай инсан болгонуна токтолушту.

Өскөн ОРОСКАЗИЕВ, агасы:

— Бир үйдө чоңоюп, бир үйдө өстүк. Өзү кичинекей кезинен эле музыкага шыктуу болчу. Ага ата-энебиз көп жардам берди. Кезегинде аккордеон, гитара алып беришкен. Ат-Башыда уюшулган “Арашан” эстрадалык ансамблинде дагы ырдап жүрдү. Өз күчү менен окууга өтүп, аны ийгиликтүү бүтүрдү. Жооптуу, чоң кызматтарда иштеди. Мелис өтө кичи пейил эле. Айылдан келсек өмүрлүк жубайы Жумагүл экөө үйдөн бир сыйлап, ресторандарга алып барып дагы сыйлашчу. Жумушуна барып калсак, ал жерден белгилүү композитор, обончу Калыбек Тагаев баш болгон жамааты “Мелистин байкеси келиптир” деп министрдей эле тосуп алышчу. Мелистин кадыр-баркы абдан жогору экенин ошондо көргөн элем. Айылга барганда туугандарды кыдырып, баарыбыздын көңүлүбүздү алчу. Адам баласынын тагдырында эң оор нерсе түгөйүнөң ажыроо. Жалгыз калуу. Бирок келинибиз тагдырдын татаал жолуна моюн бербей, жалгыз балдарды өзү чоңойтуп, окутуп, турмуш жолуна багыт берди. Неберелерин чоңойтуп жатат. Инимдин элесин өчүрбөй,  баарыбызды эскерүү кечесине чакырган келинибиз Жумагүл Карагуловага ыраазыбыз!

ӨЛБӨСТҮКТҮН ҮРӨНҮН СЕПКЕН МЕЛИСБЕКӨЛБӨСТҮКТҮН ҮРӨНҮН СЕПКЕН МЕЛИСБЕК

 

Сайра эже, Республикалык эл чыгармачылык борборунун кызматкери:

ӨЛБӨСТҮКТҮН ҮРӨНҮН СЕПКЕН МЕЛИСБЕК

— Мелис менен чогуу иштеп калганыма өтө кубанычтуумун. Калыбек Тагаев менен 25 жыл бир кабинетте отуруп, чогуу иштедик. Булар улуу таланттар, улуу кишилер эле. Мелис жөнөкөй, кадыр-баркты билген, уюштургуч, жаш болсо  да кадыры элге сиңген, коллектив сыйлаган азамат жетекчи эле. Өкүнүчтүү, эрте кетип калды. Укканда кабыргабыз кайышкан эле. Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин алдындагы  чоң мекеменин жетекчиси болчу. Ошол учурда биздин маңдайыбызга “Манас – 1000” иш-чарасын  өткөрүү туш келди, күнү-түнү иштедик. “Манас” айылы ошол кезде жаңы бүткөн эле, ал жерге 100 боз үй тиктирип, Таласка да  100 боз үй тиктирип, чоң иштерди аткардык.  Айтканга оңой болгону менен, жасай келгенде болуп көрбөгөндөй чоң түйшүктүү иштерди тике туруп аткардык. Канча эмгек, канча түйшүк?!. Ал иш-чарага биринчи жолу Түркиянын Президенти келип катышкан. Ошондой чоң коноктор келип жатканда уят болбойлу деп  эмгектендик. Мындан сырткары Мелис Тынаевичтин учурунда  Бүткүл союздук көргөзмөлөр болчу. Өзү өтө тамашакөй, жөнөкөй адам эле. Эрте кеткенине өкүнөбүз, ал тирүү болгондо дагы далай иштерди аткармак.

Тимур КОЗУБЕКОВ, бажасы:

— Мелис жездем быйыл туптуура 70 толмок. Эскерүү кечесин уюштурган эжебизге, балдар-кыздарына, неберелерине ыраазыбыз! Жездемдин арбагы бир оодарылды… 2024-жыл өзгөчө жыл, биринчиден, эжем экөө жашташ болгон үчүн экөө тең 70 жашка чыгып жатат. Экинчиден, алар 1974-жылы баш кошушкан эле. Тирүү болгондо азыр алтын тойдо отурмакпыз. Бирөө түбөлүктүү сапарга кеткен, бирөө маңдайыбызда отурат. Экөөнү тең 70 жашы менен куттуктайбыз! Кыргыздын мыкты жигити болчу. Жөнөкөй, боорукер, чынчыл, бирөөгө катуу сүйлөбөгөн, бирөөнү басмырлабаган, байлык, бийлик деп акчага жутунбаган жигит болчу. Өмүрү өткүчө кызматы менен элге көрүнүп, үй-бүлөсүн бакты. Жаңы эгемендүү жылында кыргыз маданиятынын бутуна турушуна  жездебиздин чоң салымы бар.  Республикалык эл чыгармачылык борборун жетектеп туруп, чоң иш-чаралардын башында турду.  Канчалаган конкурстарды өткөрдү, таланттарды чыгарды, иш-чараларды жер-жерлерде өткөрдү.  Ошонун баары жездемдин жеке эмгеги. Жатка жери жайлуу болсун.

 

Бактыгүл эже, Аламүдүн райондук маданият үйүнүн кызматкери:

— Мелис менен чогуу иштешип калдык. Ал абдан чыгармачылык адам эле. Өзгөчө музыканы жан дүйнөсү менен өткөрчү. Айыл өкмөттөрдү, мектептерди кыдырып, таланттарды тандайбыз деп комиссиянын төрагасы болуп жүрдү. Биз жашпыз, музыканы деле жакшы түшүнө бербейбиз, баары эле жакшы ырдап жаткандай сезилчү.  Мелис ишине абдан тыкан эле, таланттарды да жакшы тандачу. Ал дайыма “маданият болуш керек, баскандын, ырдагандын маданияты болушу керек” дээр эле. Бардык жагын эске алчу. “Мен кандай чечсем, силер ошого кошуласыңар”, —  дээр эле. Себеби биз жакшы ырдап жатат деп суранчубуз айрымдарга. Ал боорукер болгон үчүн биздин суранычыбызды аткарбай койчу эмес. Жумушка так болчу, жоопкерчиликтүү эле. Уюштургуч, боорукер болчу.

Жумагүл  КАРАГУЛОВА, жубайы:

ӨЛБӨСТҮКТҮН ҮРӨНҮН СЕПКЕН МЕЛИСБЕК

ӨЛБӨСТҮКТҮН ҮРӨНҮН СЕПКЕН МЕЛИСБЕК

— Мелис тирүү болгондо 70 чыкмак эле деп ойлонуп жүрүп, балдарым менен кеңешип, эскерүү кечесин уюштуруп, өзүнүн жеке китепканасындагы китептерди ыргытып жибербей, Аламүдүн райондук китепканага өткөрүп берүүнү туура көрдүк. Неберелерибиз таятасынын кандай инсан болгонун билип жүрсүн дедим. Ал дайыма жүрөгүбүздө, эсибизде. 24 жылдын ичинде анын кесиптештеринин, өзүбүздүн куда-сөөк, теңтуштарыбыздын дагы көбү дүйнө салыптыр, арабыз абдан суюлуп кетиптир. Ушуга мен абдан капа болдум. Акка баш ийет экенбиз. Мындан ары эл-журтубуз аман болсун! Элеси жүрөгүбүздө сактала берет.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”,

Талант КАРАГУЛОВ, УТРК, алып баруучу

Бөлүшүү

Комментарийлер