КЫРГЫЗСТАНГА ЭСТЕЛИК МЕНДЕН — МЕРИНОС!

  • 28.08.2023
  • 0

Саатым жетип, түгөнгөндө ичеер суум,

 Таза абийир болот менин жолдошум.

Урпактарым койбос мага эч күнөө,

Тирүү эстелик болсун ушул өзүмө.

Мени унутпайт кыргыз эли меймандос,

Кыргызстанга эстелик менден — МЕРИНОС! (ред.котормосу) – деген ыр саптарын Михаил Лущихин 1978-жылы өмүрүнүн акырында, ооруп жатканда жазган. Окумуштуунун “кыргыз койлоруна австралиянын шубасын кийгизүү керек” деген кыялдануусу учкул сөзгө айланганып, шакирттеринин алдына койгон максаты болду. 1970-жылы Кыргызстанга жети меринос кочкорун кыргыздын уяң жүндүү койлору менен аргындаштыруу үчүн алып келип, меринос породасын жайылтып баштаган.

Михаил Николаевичтин мал чарбачылыгына кызыгуусу мугалимдик кесипти таштап,  Москвадагы зоотехникалык институтуна окууга киргенде ойгонгон. Студент кезинде дүйнөгө белгилүү “Аскания Нова” чарбасында, тагдырына болуп көрбөгөндөй таасир тийгизген атактуу академик М.Ф.Иванов менен бирге иштешти. “Аскания Нова” коругунда Михаил Иванов негиздеген зоотехникалык тажрыйба станциясында изилдөө иштеринин негизги объектиси койлор эле жана ал жерде койчулардын бонитердик курстары уюшулган. Ал курстардын угуучуларынын бири – илим дүйнөсүнүн болочок окумуштуусу М.Лущихин болгон.

“Аскания Нова” биосфералык коругу, 1930-жыл

1930-жылы институтту окуп бүтөөрү менен Лущихин өз алдынча иштөө үчүн Азияга суранат. Михаил Николаевич Ташкенттеги Ортоазиялык кой-трестте иштейт. Кийин Фрунзедеги тресттин директорунун орун басары кылып которушат. М.Ивановдун институтта калышын сунуштаганына карабастан, М.Лущихин Орто Азиянын татаал шарттарында өз алдынча иштөөнү тандап алган. Устатынын жолун жолдоп, Михаил Николаевич кой өстүрүү боюнча илимий изилдөөлөрдүн негиздерине жана өлкөнүн айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн жогорку билимдүү адистерди даярдоодо зор салым кошкон.

Ошол эле учурда Лущихин, 1933-жылы ачылган зооветеринардык институтта эмгектенет. Акыры бул институт менен (азыркы К.И.Скрябин атындагы КМАУ) тагдыры түбөлүккө чиелешип өтөт. Михаил Николаевич бир мезгилде зоотехникалык, кийин агрардык факультеттердин деканы, окуу жана илимий иштер боюнча директордун орун басары, 1944-1953-жылдары директору жана өмүрү өткөнчө, учурда өзүнүн атын алып жүргөн зоотехнии жеке кафедрасынын жетекчиси болуп келген.

1936-жылы 31 жаш курагында, М.Лущихин “Ардак белгиси” ордени менен сыйланган. Бул сыйлык, кой өстүрүүдөгү жаңылануу – жасалма жол менен уруктандырууну киргизгендиги үчүн берилген. Ал кезде анын жетекчилиги астында чоң илимий изилдөө иштери жүрүп жана практикалык иштер башталган. Кыргызстанга койлордун уяң жүндүү породалары алынып келип, аларды кылчык жүндүү койлор менен аргындаштыруу иштери башталды.

1947-жылы Михаил Николаевия Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген ишмери, 1969-жылы Кыргыз ССРинин Илимдер академиясынын академиги болду. Инновациялык идеялары жана алдыңкы эмгектери үчүн бир нече жолу “Ленин”, “Эмгек Кызыл Туу”, “Ардак белгиси”, “Эл Достугу” ордендери, медалдар жана Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин Президиумунун төрт Ардак грамотасы менен сыйланып келди.

1964-жылы «Кыргыз элине арнайм!» деген арноо менен «Кыргызстандын уяң жүндүү кой чарбасы» аттуу монографиясы кыргыз жана орус тилдеринде басылып чыкты. Бул эмгекте окумуштуулардын, чабандардын жана ар түрдүү улуттагы адистердин көп жылдык кызматташтыгын, Мекенге болгон мекенчилдик сүйүүсүн чагылдырган. М.Лущихиндин илимий изилдөөлөрү 170тен ашык илимий иштерде, анын ичинде беш монографияда басылып чыккан.

Замандаштары академиктин кыялындагы карама-каршылыктардын айкалышына абдан суктанып келишчү. Кызыктуусу, аристократ мырзанын айыл чарбасындагы күнүмдүк көйгөйлөрү тынч алдырбаганы эле. Таң калтырганы, прозадан тышкары анын жашоосунда лирикага орун бар эле – академик ыр жазган, сүрөт тарткан жана кызыктуу аңгеме кура алган сезимтал адам болгон. Анын лекцияларында чоң аудиториялар чогулчу. Өзү жоош адам болгону менен, Михаил Николаевич сүйлөшө келген кишини эрудициясы менен жеңип койчу.

Лущихиндин ырлары жөнүндө окуучусу, белгилүү Чыңгыз Айтматов мындай дегени бар: “Көп жашаган, акылман адамдын — эң ажайып, даанышман ырлары”.

Академиктин достору үй-бүлөсүндө ар дайым жакшылык, эмгекчилдик, чынчылдык, адамдарга сый мамиленин өзгөчө атмосферасы өкүм сүрүп турат деп эскеришчү. Аялы Лидия Дмитриевна экөө төрт баланын ата-энеси болгон. Ата жолун улай, бардыгы жогорку билимдүү жана илимдин кандидаттыгын жактады. Ал эми эң кичүү кызы Евгения Михайловна атасынын кош чылбырын колго алып, айыл чарба илимдеринин доктору болду. Учурда Евгения Лущихина – КР УИА эмгек сиңирген ишмери, Н.И.Вавилов атындагы медалынын ээси, мериносторду өстүрүү фондусунун жетекчиси, КР УИА биотехнология Институтунун генетика лабораториясынын жетекчиси, биология илимдеринин доктору, профессор, Кыргызстандын генетиктеринин жана селекционерлеринин президенти.

Кыргызстандыктар окумуштуунун атын өчүрбөй, Талас облусундагы Кара-Буура районунун малекеттик племзаводуна, Бишкектин көчөлөрүнүн бирине, К.И.Скрябин атындагы КМАУнун зоотехнии жеке кафедрасына ысымын койду. 2001-жылы академик М.Лущихинге, кой чарбасынын илимий мектебинин негиздөөчүсү, кыргыз үяң жүндүү койлорунун тукумунун авторуна, көзү өткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын «ХХ кылымдын илимдеги жетишкендиктери» алтын медалы ыйгарылды.

Айнура Асаналиева “Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер