Кыргыз барда ЧыҢгыз жашайт түбөлүк
- 14.02.2025
- 0
Гүлшат Эгемназарова,
Майлуу-Суу шаарындагы Борбордук Азия колледжинин кыргыз тили жана адабияты сабагынын окутуучусу, Мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча директордун орун басары, усулкана башчысы
Кыргызстандын залкар уулу, дүйнөгө аты таанымал белгилүү жазуучу, коомдук жана мамлекеттик ишмер, Кыргыз эл жазуучусу, Социалисттик Эмгектин Баатыры, Кыргыз Республикасынын Баатыры, кыргыздын гана эмес, дүйнөлүк адабияттын кенчи Ч.Айтматовдун өмүр жолу, чыгармачылыгы канчалаган макалаларга жана изилдөөлөргө түгөнгүс булак болот.
Чыңгыз Айтматов арабыздан о дүйнө салып кеткенине 17 жыл толсо да, анын элеси, руху кудум бүгүн биз менен чогуу жүргөндөй туюлат. Убакыт өткөн сайын ал ак кар, көк муз кетпеген Ала-Тоонун чокусундай бийик, бараандуу көрүнүп, анын ар бир сөзү өзүнүн улуулугун да, салмагын да, тереңин да, маанисин да кемитпей, мезгилден эмес, замандын уюткулуу оюна айланып барат.
Немец элинин классикалык философиясынын ири өкүлү Людвиг Фейербахтын: «Жазуучу жана акындар өзүлөрү жашаган доордун абийири жана ар-намысы!» деп айтканы бар. Анын негизинде: Ч.Айтматов азыркы доордун көркөм сөз чеберлеринин ири өкүлү жана коомдук саясий турмушка активдүү аралашкан ишмери болуп саналат. Анын калеминен жаралган прозалык, драмалык жана публицистикалык чыгармалар кыргыз адабиятынын ургаалдуу өнүгүүсүнүн кийинки бийиктиктерин белгилегени талашсыз.
Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары Таластын Шекер айылынан башталып, …кыргыздын тоо-ташын аралап өтүп, …казактын улуу талаасын Сары-Өзөктү аралап, …Орусиянын унутта калган түндүк элдеринде Охот деңизинде, …Москвада Кремлде, Германиянын шаарларында, …океандын үстүндө, аягы келип космосто уланат. Окуя бирде арабада өтсө, бирде поездде, бирде самолётто өтөт.
Адамдан адамзатка, Бугу-Энеден Иисус Христоско, Шекспирден космоско чейинки аралыкты камтый алган Айтматовдун кеменгерлигине дагы бир жолу кайрылалы.
ЮНЕСКОнун маалыматы боюнча, Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары эң көп тилдерге которулуп, китеп болуп чыккан Англия элинин улуу жазуучусу Уильям Шекспир жана орус элинин улуу жазуучусу Лев Толстойдон кийинки дүйнөлүк классик экени талашсыз чындык.
Айтматовдун чыгармаларынан реалдуу жашоону көрүп жана түшүнүүгө болот. Улуу жазуучунун эмгектери жашоонун өзүнөн алынгандыктан, Чыңгыз Төрөкулович Айтматов кыргыз адабиятындагы баалаган жазуучуларымдын бири.
Айтматов жазуучу эле болбостон, зоотехник, дипломат да болгон. Анын Советтер Союзу мезгилиндеги мал чарбачылыгындагы асыл тукум малды өстүрүү боюнча өлкөгө кошкон салымы жана тышкы саясатты жүргүзүүдө элчилик кызматын аркалап мамлекеттик тышкы маселелерди чечүүдөгү орду чоң экендиги баарыбызга белгилүү. Ар бир адам кандайдыр бир кесиптин ээси болот. Адам өзүнүн көңүлүнө, жүрөгүнө жакын кесипти аркаласа, ал жемишин берет деп ойлойм. Айтматов жазуучулукка киришүү менен бирге татаал жана узак сапарга аттанып жатканын билген жана ага даяр болгон. Анын жасаган эмгеги өз жемишин берди.
Биз, кыргыздар, дүйнөлүк маданияттын казынасына улуттук сыймыгыбыз болгон «Манас» эпосу жана Чыңгыз Айтматов менен сыймыктана алабыз. Алардын ар бири бүткүл адамзаттын кайталангыс жана өчпөс байлыгы болуп саналат.
«Чыңгыз Айтматов – кыргыз элинин чыгаан уулу гана болбостон, дүйнөнүн бардык көчмөн элдердин баа жеткис сыймыгы. Гениалдуу улуу жазуучубуз өзүнүн эбегейсиз таланты жана эмгекчилдиги менен алакандай кыргыз элин дүйнөлүк маданияттын ааламындагы жаркын Жылдызга айландырды. Өз элинин тарыхына жана маданиятына таянуу менен жазуучу жакшылык, адилеттик, кең пейилдик жана сабырдуулук кандай болорун калеминин курчтуулугу менен көрсөтө алган.
Кыргыз элинин улуу жазуучусу Ч.Айтматов келечекти алдын ала көрө билген, доордун күрөө тамырын кылдат сезген ири сүрөткер, биздин элдин улуу өнүгүүсүнүн санжырачысы жана жарчысы гана эмес, бүткүл ааламдагы жакшылыктын жарчысы болгон. Айтматов айылдык карапайым кыргыздардан дүйнө тааныган кыргыздарды жараткан. Дагы далай муун Айтматов ааламы менен жашайт. Залкар жазуучу кыргыздын эле эмес, дүйнө адабиятынын кемибес кенчи.
Ч.Айтматовдун эне тилибизге тийгизген таасири өтө чоң. Анын чыгармалары кыргыз тилинин тереңдигин, байлыгын жана чеберчилигин дүйнө жүзүнө таанытты. Анын чыгармалары, айрыкча «Жамийла», «Биринчи мугалим», «Ак кеме» жана «Эрте келген турналар» кыргыз тилинде жазылганы үчүн аны татаал жана терең ой жүгүртүү менен түшүнүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылды.
Ошондой эле Ч.Айтматовдун чыгармаларында колдонулган сөздөр кыргыз элинин маданиятынын, тарыхынын жана дүйнө таанымынын терең туюмун берген. Айтматовдун чыгармачылыгы кыргыз тилин өнүктүрүүгө зор таасирин тийгизди, ошону менен катар дүйнөдө кыргыз тилине кызыгууну арттырды.
Ал эми анын чыгармаларындагы философиялык тереңдик, адамдын руханий дүйнөсү жана экологиялык маселелер кыргыз тилинин мүмкүнчүлүктөрүн ачык көрсөтүп, келечек муундарга дагы күчтүү таасир калтырды.
«Эч ким, эч нерсе, эч качан унутулбайт» дегендей, Чыңгыз Айтматовдун калемине таандык аңгемелери, повесттери, романдары, учкул сөздөрү кыргыз жана дүйнөлүк адабиятта көрүнүктүү орунду ээлеп, ар бирибиздин жүрөгүбүздө жашай берет деп ишенем!
Азыр Айтматовдун чыгармаларын окубай коюу, демек, айтматовдук алп жана ажайып ааламдан алыс калуу эмеспи. Биз акыркы 1000 жылда Манасты жаратып, улут болуп сакталып калсак, соңку 100 жылда Айтматов аркылуу дүйнөгө таанылдык.
Комментарийлер