КУУда ПСИХОЛОГДОРДУН ОРДОСУ АЧЫЛДЫ

  • 27.03.2025
  • 0

Кыргыз улуттук университетинде психология илимдеринин доктору, профессор Чынара Шакеева атындагы психология боюнча илимий-методикалык кабинети ачылды.

КУУда ПСИХОЛОГДОРДУН ОРДОСУ АЧЫЛДЫ

Ушул жылы жогорку окуу жайлардын флагманы Кыргыз улуттук университети түптөлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракесин белгилейт. Окуу жайдын ректору, профессор Догдурбек Чонтоевдин “100 жылдыкка – 100 кабинет ачуу” демилгеси менен уюштурулган Чынара Шакееванын бул жеке кабинети анын алгачкысы болуп калды.

Иш-чарага КУУнун ректору, профессор Д.Чонтоев, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Исраилова, КУУнун проректору Н.Ишекеев, КР УИА академиги М.Мамытов, Кыргызстандын белгилүү психологдору ж.б. катышты.

Чакан салтанатты ачкан КУУнун ректору, профессор Д.Чонтоев Кыргыз-Россия билим берүү академиясынын ректору, Кыргызстан психологдорунун улуттук коомунун президенти, психология илимдеринин доктору, профессор Ч.Шакеевага Ж.Баласагын атындагы “КУУнун ардактуу профессору” дипломун тапшырды.

КУУда ПСИХОЛОГДОРДУН ОРДОСУ АЧЫЛДЫ

Заманбап жасалгаланган кабинетти ачуу аземи Нооруз майрамына туташ болуп жатканын белгилеген КУУнун ректору Д.Чонтоев, бул даталуу күнгө келген меймандарды кыргыздын жаңы жыл майрамы менен куттуктап, Ч.Шакееванын өмүр баянына кыскача токтолуп өттү.

— Бизде бүгүн жакшы саамалык болууда. Чынара Шакееванын илимий-методикалык кабинетинин ачылышы биз алдыда зор салтанат менен белгилей турган эң маанилүү окуя – Кыргыз улуттук университетинин 100 жылдыгынын алкагындагы жагымдуу иш-чаралардын бири. Чынара Асановна 1984-жылы Санкт-Петербургдагы мамлекеттик университеттин психология факультетин ийгиликтүү аяктагандан кийин алгачкы эмгек жолун ушул биздин окуу жайдын педагогика жана психология кафедрасында ага окутуучу болуу менен баштаган. Андан соң КУУда алгачкы жолу ачылган психология кафедрасын 15 жыл жетектеди. Учурда өзү түзгөн Кыргыз-Россия билим берүү академиясында психология боюнча жогорку квалификациялуу кадрларды даярдап келатат. Социалдык психология боюнча базалык билими бар илимдин доктору Чынара Шакееваны ушул тармактагы жападан жалгыз адис десек да болот. Профессордун Кыргызстандагы психология илиминин өнүгүшүнө кошкон салымы өзүнчө сөз кылууга арзыйт. Чет мамлекеттер, жогорку окуу жайлар менен илимий байланыштарды түзүп, ошол эле учурда өзү да барып лекцияларды окуп келип турат. Ушунун баары Чынара Асановнанын Кыргызстандын башка өлкөлөр менен интеграцияланышына, илимий жана маданий байланыштарды өнүктүрүүгө кошкон салымы баа жеткис экендигинин айкын далили, — деди ректор.

КУУда ПСИХОЛОГДОРДУН ОРДОСУ АЧЫЛДЫ

Чакан салтанатка келген меймандар кабинеттин ачылышын Кыргызстандагы психология илиминин жана практикасынын өнүгүшүндөгү эң маанилүү окуя катары баалашты. Психология жаатында консультациялык жана илимий иш-аракеттерди жүргүзүү, тренингдерди, семинарларды өткөрүү үчүн профессионалдык мейкиндикти түзүү максатында ачылган бул кабинет чындыгында эле бул жаатта өлкөбүздө мурда болуп көрбөгөн маанилүү иш-чаралардын ордосу болуп каларында шек жок.

Ардагер агартуучу, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин психологиянын педагогикасы институтунун профессору Жаңыл Жумалиева өзүнүн сөзүндө кыргыз кыздарынын арасынан чыккан биринчи психолог айым жөнүндө өзүнүн жылуу пикирин билдирди.

— Чынара Асановнаны мен 1984 жылдан бери жакшы тааныйм. Аны баарыбыз Санкт-Петербургдагы мамлекеттик университетинде жогорку билим алып, психология илиминин кандидаты болгон биринчи кыргыз кызы деп билебиз жана сыймыктанабыз. Ошондон бери психология илими үчүн жанын үрөп эмгектенип келатат. Бул багытта эки монографиясы чыккан жана башка көптөгөн илимий макалалардын автору. Анын ысмы Кыргызстанга эле эмес, чет өлкөлөргө да кеңири таанымал. Кыргыз-орус билим берүү академиясын өзү уюштуруп, дүйнөлүк деңгээлдеги кесипкөй кадрларды даярдоо боюнча эң сонун ийгиликтерге жетишип келатат, — дейт кесиптеши.

Кабинет ээсин ардактуу профессор наамы жана илимий-методикалык кабинеттин ачылышы менен куттукташкан меймандар мындай жөрөлгөнү улантуу керектигин белгилешти. Белгилүү врач-нейрохирург, медицина илимдеринин доктору М.Мамытов, Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти Т.Коңурбаев жана ошондой эле өлкөбүздүн алдыңкы психологдору учурдагы актуалдуу темалар боюнча баяндамаларды жасап, бул жааттагы илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүүнүн келечеги жана пландары тууралуу ой-сунуштары менен бөлүштү.

КУУда ПСИХОЛОГДОРДУН ОРДОСУ АЧЫЛДЫ

К.Карасаев атындагы БМУнун психология кафедрасынын башчысы, профессор Эрик Орозалиев өзүнүн сөзүндө психолог адистерин даярдоого өтө олуттуу көңүл буруу керектигин баса белгиледи.

— Азыр психолог адистерин бардык эле жогорку окуу жайлар даярдап жатат, бул бир жагынан жакшы деңизчи, а бирок контракт үчүн баланын санын көбөйтүүгө басым жасабай, чыныгы кесипкөй адистерди даярдоо максатын койсок. Анткени психология илими өтө терең изилдеп-иликтей турган илим болгондуктан, кадрларды кылдат тандап алуу керек. Мисалы, 50 бала келсе, арасынан чындап жөндөмү бар,  келечекте профессионал психолог чыга турган улан-кыздардын даярдыгына карап, ашып кетсе 15 баланы кабыл алсак туура болот. Тилекке каршы, учурдагы билим системасы буга жол бербей жатат. Дагы бир сунушум — бала бакчалардан тартып мектептерде, орто жана жогорку окуу жайларда психолог штатын ачуу зарыл. Мисалы, мен көп эле чет мамлекеттерден көрүп жүрөм, ал жактардагы мектептерде кеминде эле үчтөн психологдун штаты бар, башталгыч класстарга бир психолог, орто класстардын окуучуларына дагы бир психолог адиси жана бүтүрүүчү класстар үчүн өзүнчө дагы бир психолог болот. Себеби түшүнүктүү да, өспүрүм балдардын жаш курагына жараша аң-сезими, психикасы, жүрүм-туруму бири-бирине такыр окшобойт. Биздин мектептерде психолог деген бир да штат жок, ошол үчүн суицид, зордук-зомбулук деген терс көрүнүштөр орун алып жатат деп ойлойм. Анткени аларга өз учурунда психологиялык жагынан жардам көрсөткөн профессионал адистер жок. Бала бакчаларга, мектептерге диплому бар кесипкөй адистерди тартуу үчүн тиешелүү шарттарды түзүп берүү зарыл. Кесипкөй адистер эмгек акынын айынан эл аралык уюмдарда, менчик мектептерде иштейт. Мамлекеттик мектептерде абал чындап эле оор, министрлик ушул жагына жакшылап көңүл бурушу керек.

Мен ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып айта кетер дагы бир сунушум бар. Биз жогорку окуу жайлардагы бакалаврдык даражага төрт жыл берип жатабыз. Студенттер 1-2-курста мектептин программаларын эле кайталашат да, негизги кесибине убакыт аз бөлүнөт. Анан биз кантип эки жарым жылдын ичинде жогорку билимдүү заманбап адистерди даярдай алабыз?! Мына, азыр 12 жылдыкка өтөбүз деп жатабыз, мектептерге эле эмес, жогорку билим берүүгө да өзгөртүүлөрдү киргизүү керек деп ойлойм, — деди Э.Орозалиев.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер