КОШУМЧА АДАБИЯТТАРДЫ ПАЙДАЛАНУУ АРКЫЛУУ БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАРДЫН ОКУУЧУЛАРЫН ӨЗДӨРҮНҮН ЖЕКЕ ИНСАНДЫК КОМПЕТЕНЦИЯЛАРЫН КАЛЫПТАНДЫРУУГА ШЫКТАНДЫРУУ

  • 22.08.2023
  • 0

Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун видеоконференция системасы аркылуу 2023-2024-окуу жылына карата усулдук жардам көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдери үчүн вебинарлар өткөрүлүүдө. Вебинарлар, мастер-класстар 14-августтан 27-августка чейин өткөрүлөт. «Окуу керемет!» долбоорунун адистери өткөн вебинар күндөлүгүнөн.

Максаты: Шахло Алавованын «Көрүнбөс кыз» чыгармасы аркылуу окуучуларга өздөрүнүн жеке мүнөздөрүн жана өз-ара мамилелерин туура калыптандырууга багыт берүү.

Күтүлүүчү натыйжалар: Чыгарманын каармандарынын мүнөздөрүндөгү өзгөчөлүктөрдү сүрөттөшөт; негизги каармандын жүрүм-турумундагы өзгөрүүлөрдү талдашат жана ролдук оюн аркылуу каармандардын сапаттарын талкуулап, жыйынтык чыгарышат.

КОШУМЧА АДАБИЯТТАРДЫ ПАЙДАЛАНУУ АРКЫЛУУ БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАРДЫН ОКУУЧУЛАРЫН ӨЗДӨРҮНҮН ЖЕКЕ ИНСАНДЫК КОМПЕТЕНЦИЯЛАРЫН КАЛЫПТАНДЫРУУГА ШЫКТАНДЫРУУ

Ролдук талкуу (3 топко бөлүнүү)

1-топ – Мээрим

2-топ — Ким

3-топ – Жибек, Айбек ж.б. классташтар

1-топ — Мээримге суроолор

  • Өзүңдү эмнеге «көрүнбөс» сезип жүрдүң эле?
  • Алгачкы кадамды жасоого эмне себеп болду?
  • Эмнеге Кимди колдогуң келди?
  • Классташтарың чын эле сен ойлогондой начар балдар бекен?
  • Эч ким байкабаган «көрүнбөс» кыздан активдүү, шайыр кызга айлануу оңой болдубу?
  • Азыр өзүңдү кандай сезип жатасың?

2-топ — Кимге суроолор

  • Алгач класска жаңы келгенде өзүңдү кандай сездиң?
  • Мээримдин сага кат жазганы жагымдуу болдубу?
  • Классташтарыңа аралашып кетишиңе ким же эмне себеп болду?
  • Сен Мээримге жардам бере алдыңбы? Кандай жардам?
  • Классташтарың чын эле сен ойлогондой начар балдар бекен?
  • Азыр өзүңдү кандай сезип жатасың?

3-топ – Жибек, Айбек ж.б. классташтарга суроолор

  • Силер Мээримди эмнеге байкачу эмес элеңер?
  • Эмнеге Кимге начар мамиле кылдыңар? Туура кылгансыңарбы?
  • Мээримди эмнеден улам өзүңргө кошуп калдыңар?
  • Ал мурда эле активдүү болуп, силер менен бирге иш-аракеттерди аткарса кандай болот эле?
  • Классташтарды бөлүп – жарган, сый-эмес мамиле кылган туурабы?

Жалпы суроолор

  • Мээрим түнт, уялчаак, тартынчаак болгону жакшы беле? Эмне үчүн?
  • Анын активдүү кызга айланганына кубандыңарбы? Эмне үчүн?
  • Классташтарынын ага кылган мамилеси туура болгонбу? Эмне үчүн?
  • Эми мындан ары ынтымактуу болушат деп ойлойсуңарбы?
  • Силердин класста Мээримдей окуучу болуп калса, силер кандай кылат элеңер? Эмне үчүн?
  • Силердин класска жаңы окуучу келип калса кандай мамиле кылган туура болот деп ойлойсуңар? Эмне үчүн?

Жыйынтык

  • Мээримдей болуп байкалбай жүрө берген жакшы бекен?
  • Алгачкы кадамды түнт окуучу эмес, силер жасасаңар болобу?
  • Демек, бирөөдөн кандай мамиле күтсөк, өзүбүз да ошондой мамиле кылганды билишибиз керек экен ээ?

Талкуу үчүн суроолор:

  • Тарбиялык сааттын мисалында мугалим кошумча адабиятты пайдалануу менен окуучулардын өздөрүнүн жеке инсандык компетенцияларын калыптандырууга шыктандыра алдыбы?
  • Мугалим балдарга «андай кылбагыла, ал туура эмес, мына ушундай кылсаңар туура» деген сыяктуу кеңештерди бердиби?
  • Жыйынтыкты кимдер чыгарды?
  • Мугалимдин ролу кандай болду?
  • Ушундай тарбия сааттарды же сабактарды өтсө болобу?

 «Багыттоо, баалоо, кеңейтүү, реакция кылуу» стратегиясы

  • Багыттоо:
  • Мугалим окууну багыттоочу суроо менен баштайт, ал окуучуларды

окууга тартылуусуна мүмкүнчүлүк берет, алардын көңүлүн окулуп жаткан

китепке бурат, бул китеп эмне жөнүндө экендигин түшүнүүсүнө жардам

берет. Мугалим китептин аталышын тактайт, окуучулардын көңүлүн

иллюстрацияга бурат же биринчи сүйлөмдү окуп бүткөндөн кийин,

окуучулардан бул китеп эмне жөнүндө боло тургандыгынын кандай

божомолдоосу бар экендигин сурайт.

«Шыбырап айтуу» стратегиясы

  • «Сүйлөмдү бүтүрүү» шыбырап айтуусу: мугалим сүйлөмдү окуй баштайт,

бирок окуучуларга сүйлөмдөрдү өзүлөрү бүтүрүү мүмкүнчүлүгүн калтырат.

Мисалы, мугалим окуйт: «Жазгы аба мелүүн жана таза. Мына, биринчи

…жашыл болуп калды», окуучулар: «Жалбырак» — деп жооп беришет.

Бул тапшырма поэтикалык тексттерге же кайталануучу фразалар

болгон жерлерде колдонулат. Тапшырманы аткаруу бул текстте кайсы

тил стили пайдаланганын окуучуларга аныктоого мүмкүндүк берет, бул

кийинки окуу үчүн чечүүчү мааниге ээ.

 «Баарын эстөө» шыбырап айтуусу

Мугалим окуучуга китеп же текст окуп бергенден кийин, ал

окугандарын эстеп калууга жардам берген суроолорду берет: «Окуя

кантип башталган? Андан кийин эмне болду? Окуя эмне менен

аяктады?»

Асылгүл Токторбаева, «Окуу керемет» долбоорунун тренингдер боюнча адиси 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер