КОРРУПЦИЯНЫН КОЛУН БАЙЛАГАН КАДАМДАР

  • 03.12.2021
  • 0

Акыркы жылдары Билим берүү жана илим министрлиги билим берүү тармагындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу жана коомчулуктун ишенимин арттыруу максатында олуттуу кадамдарды жасап келет. Ушул жылдын август айында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча Кеңеши министрликтин коррупциялык тобокелдиктердин жана коррупциогендик кызмат орундарынын тизмегин бекиткен. Ага министрликтин борбордук аппаратында иштеген бардык адистер кирген.

АРАКЕТ – БЕРЕКЕТ

Бул көрүнүштөрдү жоюу максатында министрлик кызмат көрсөтүүдөгү бардык процесстерди автоматташтырып, адам факторунан арылуу аракетин көрүүдө. Аткарылган иштердин эң алгачкысы жана жемиштүүсү деп мектепке чейинки билим берүү уюмуна киргизилген “Электрондук кезек” маалыматтык тутумун айтсак болот. Бул программа алгач пилоттук режимде ишке киргизилип, учурда республика боюнча кулачын жаюуда.

Ушундай эле тутум эки жылдан бери балдарды мектепке кабыл алууда ийгиликтүү кызмат кылып жатат. Буга чейин балдарды мектепке киргизүүдө, өзгөчө 1-класска кабыл алууда коррупцияга жол берилип, коомчулуктун арасында түрдүү пикирлер айтылып келгени жашыруун эмес. Министрлик Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети, “TLN Company” менен биргеликте иштеп чыккан мектептерге “Электрондук жазылуу” системасы азыр пилоттук режимде Бишкек шаарында иштеп жатат. Келе жаткан жылы бул системаны да, бала бакчаларга электрондук кезекке туруу системасын да республикадагы бардык билим берүүчү мекемелерге киргизүүнү пландоодо.

Министрликтин системасындагы коррупциялык тобокелдиктердин катарына кирген билим берүү мекемелерине лицензия берүү кызматы дагы толугу менен электрондоштурулууда. Учурда лицензия берүү боюнча техникалык тапшырмаларын иштеп чыгуу иштери жүрүүдө. Билим берүү ишин жүргүзүү укугуна ээ болгон лицензиаттар жөнүндө маалымат министрликтин расмий сайтында жарыяланууда.

КОРРУПЦИЯНЫН КОЛУН БАЙЛАГАН КАДАМДАР

Билим берүү жана илим министрлигинин Коррупциянын алдын алуу саясаты секторунун башчысы Марат Усупбеков

– Мугалимдердин эмгек акысын эсептөөдө адам факторун, коррупциялык тобокелдиктерди жокко чыгаруу максатында эмгек акыны берүү системасы да автоматташтырылды. Бул салык төлөмдөрүн эсептөөдө катачылыктарды четтетүүгө жана коррупциялык көрүнүштөрдү жоюуга мүмкүндүк берди, — дейт Билим берүү жана илим министрлигинин Коррупциянын алдын алуу саясаты секторунун башчысы Марат Усупбеков. — Жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуудагы коррупциялык тобокелдиктерге бөгөт коюу максатында атайын система иштелип чыгып, абитуриенттер быйыл экинчи жолу жогорку жана орто окуу жайларына онлайн форматта тапшырышты. Бул жеке гана ата-энелердин, абитуриенттердин окуу жайдын кызматкерлери менен болгон түз карым-катнашын жокко чыгарбастан, кошумча чыгашаларды да азайтты.

Жогорку окуу жайларында коррупциялык тобокелчиликтерди, убактылуу чыгымдарды, кезектерди төмөндөтүү жана ЖОЖго тапшырып жаткан жарандар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында киргизилген «Бирдиктүү терезе» системасы дагы үзүрүн берүүдө. Студенттер азыр мурдагыдай ар түрдүү маалымкаттарды (окуган жеринен маалымкат, академиялык маалымкат, архивдик маалымкат, дипломдорду берүү ж. б.) алуу үчүн кезекке турбайт, ар кимге барып жалдырабайт. Бирдиктүү терезеден электрондук форматта гана алышат.

Министрлик коррупциянын алдын алуу үчүн билим берүү жана илим тармагындагы коррупциялык схемаларды демонтаждоо боюнча планы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-сентябрындагы №474 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын коррупцияга каршы күрөшүү боюнча 2019-2021-жылдарга карата иш-чаралар планы менен иш жүргүзөт. Аталган токтомдун негизинде 2019-2021-жылдарга карата атайын иш-чаралар планы бекитилген.

КОРРУПЦИЯНЫН ЭҢ ЧОҢ ДУШМАНЫ – АЧЫК-АЙКЫНДУУЛУК

Министрликтин талабы боюнча мамлекеттик жогорку окуу жайлар бюджеттик жана атайын каражаттардын каякка жумшалып жатканы, материалдык-техникалык жана финансылык абалы, тууралуу жамаатка жана студенттерге ачык-айкын отчёт берип турууга милдеттүү. Ал берилген отчёттор окуу жайлардын сайтына да жайгаштырылышы керек. Мындай талапты ар бир окуу жай өз учурунда аткарып, эмгек жамаатка, студенттерге, коомчулукка байма-бай отчётторун берип келишет.

КОРРУПЦИЯНЫН КОЛУН БАЙЛАГАН КАДАМДАР

ОшМУда студенттер үчүн электрондук ишеним кутучасы иштейт. Бул жакка түшкөн ар бир кат ректорат тарабынан каралат.

КОРРУПЦИЯНЫН АЛДЫН АЛУУГА АРНАЛГАН ОКУУ КИТЕПТЕР

«Коррупция жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди адалдоо көйгөйлөрүн изилдөө Борбордук Азия институту» Коомдук фонду менен биргеликте жогорку окуу жайлардын окутуучулары жана студенттерине семинарлар, тренингдер өткөрүлүп келет. Министрлик бул фонд менен биргеликте окутуучулар үчүн “Коррупцияга каршы саясаттын негиздери” аттуу окуу куралын жана студенттер үчүн “Коррупциянын алдын алуунун негиздери” окуу курсун министрликтин грифи менен басып чыгарды. Бул эмгектерде коррупция жана анын түрлөрү, маңызы, өзгөчөлүгү, коррупциянын алдын алуу чаралары эл аралык өңүттөн каралып, аны азайтуу боюнча практикалык кеңештер берилет.

КОРРУПЦИЯНЫН КОЛУН БАЙЛАГАН КАДАМДАР

ОКУУ ЖАЙЛАРДАГЫ ИШ-ЧАРАЛАР

Коррупциянын алдын алуу иштери республикадагы бардык билим берүү мекемелеринде жыл бою тынымсыз жүргүзүлүп турат. Бул жылы дагы 9-декабрда бардык окуу жайларда илимий-практикалык конференциялар, семинарлар, тегерек столдор, коррупцияга каршы тематикадагы ачык сабактар, окуучулар арасында сүрөт конкурстары өткөрүлөт.

Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде “Коррупциянын алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча” иш-чаралардын планы алдын ала түзүлүп, бекитилген. Ректораттын тапшырмасына ылайык, атайын түзүлгөн комиссиянын курамы бар. Андан сырткары бардык факультет, колледждерде “Ишеним кутучалары” орнотулуп, “Ишеним телефондору” иш алып барат. “Чыныгы билим менен келечекке карай!”, “Коррупцияга каршы чогуу күрөшөлү!”, “Чыныгы билим-таза сессия!” деген ураан, чакырыктар даярдалып, окуу имараттарына илинген. Ошондой эле иш планына ылайык, “Коррупциянын алдын алуу жана ага каршы күрөшүү баарыбыздын милдетибиз!” деген темада атайын адистердин, укук коргоо органдарынын катышуусунда тегерек столдор уюштурулуп турат. Коррупциянын алдын алуу максатында окуу жайдын имараттарында, лекциялык зал, аудиторияларда видеокамералар орнотулган. Тийиштүү жетекчилер тарабынан сабактардын өтүлүшүн, студенттердин жүрүм-турумун көзөмөлдөөгө шарттар түзүлгөн. Буга улай эле студенттердин укугун коргой турган студенттик акыйкатчы, студенттик жаштар комитети тийиштүү иш-аракеттерди алып барышат.

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер