КООМДУ КАПТАГАН КООГАЛАҢ КОРОНАВИРУСТАН ЖАМАН

  • 21.12.2021
  • 0

Азыр социалдык тармактардагы маалыматтардан баш айланат. Жагымдуусу кадимкидей жүрөгүңдү жылытып, көңүлүңдү көкөлөтсө, терс маалыматтарды окуганда, көңүлүң жипкирилип, шаабайың кадимкидей сууй түшөт. Айрыкча былтыр ааламды каптаган апаат канчалардын жан дүйнөсүн жабыркатты. Ал коронавирус баарыбызды селт эттире бир силкинтип, көп нерселерге көз карашыбызды түздөп, адамдын өмүрү, адамдын көңүлү сыяктуу баалуулуктардын баасын аңдап-билгендей болбодук беле? Денени жаралаган ал вирустан алыстагандай болгонубуз менен, көңүлгө доо кетирген кетпес вируска кабылсак керек.

Арызчылар “парады” кайда алып барады?

Адамды алып жыккан андай вирустан башка азыр коомду бири-бирине акаарат айтып, көңүлүн кайт кылган, бири-бирине акыйнек айтыштырган өзүнчө бир коогалаңдуу вирус каптап кетти. Азыр баарынан эң коркунучтуусу ошол болуп турат. Соцтармактарды барактасаң, улуусун кичүүсү укпаган, кичүүсү укугумду коргойм деп укуругун узун таштап, соттон башы чыкпаган, атасы өз кызын зордуктаган, бири-бирин боктогон, деги койчу, үрөйдү учурган шумдуктарды окуйсуң.

КООМДУ КАПТАГАН КООГАЛАҢ КОРОНАВИРУСТАН ЖАМАН

Андай вирустар билим берүү тармагын да айланып өткөн жок. Мугалимдердин ишине ичи чыкпагандар, мектептин директорлоруна көзөмөл жүргүзгөндөр, райондук билим берүү бөлүмдөрдүн башчыларына тишин кайрагандар, ал тургай министр баш болгон министрликтин адистеринин ишин сындаган сын каттар, чыр каттар көбөйүп, андан да түз эле министрге, Президентке чейин арыздангандар арбыды. Туура, талаштан тактык жаралат демекчи, тактоо, сындоо керек деңизчи, а бирок жеринде иликтенип, чырдын башын жеринде чечүүнүн ордуна, министр чечип берсин дегендер, андан да жаманы, эки киши араздашып кетсе же кызматынан алынса, министрди күнөөлөгөндөр көбөйдү. Мына ошондой “күндүзү чырак менен акыйкат” издеп, Фейсбуктун “бетин тыткан” Билим берүү жана илим министрлигин каралоону кесип кылган кээ бир авторлордун жазганын окуп, жакаңды карманасың. Кээ бири “чүчкүрүп” калса деле министр күнөөлүүдөй догурунуп, “кетсин эле кетсин” деп жер тепкилеп жеке таарынычын жазып, жазганда да катар-катар каталар менен шыбап жазып, айтор, адамдарды “эрмектеген” ооруга кабылышты. Өкүнүчтүүсү, кээде айла жок, ошолордун деңгээлине түшүп кайым айтышууга туура келет…

Бийлик менен элдин биримдигин бекемдөө саясатын карманган билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев үч жылдан бери арыз кат жазуудан талбаган да, танбаган авторлордун бири Кемин районунун тургуну Алмазбек Канкулиевдин арызы боюнча ноябрь айынын башында Кемин районуна барып, эки тарап менен жолугушуп келген эле. Бул тууралуу “Кут Билим” гезитинин №43 санына “Элдик көзөмөлчүнүн көздөгөнү эмнеде?” деген макала жарык көргөн.

Кийинки кезек Сокулук районуна жеткен бейм, министр баш болгон топ өткөн жумада Сокулук районунун Кызыл-Туу айылындагы Заадаш Абдылдаева атындагы мектепке барып, тээ сентябрь айынан бери тынчыбай келаткан жамаат менен жолугушуп кайтты. Ал жерде аталаш эки абысындын үй-бүлөлүк чыры үйүнөн чыгып, мектепти аралап, райондук билим берүү бөлүмүнө, райондук ички иштер органына, министрликке чейин жеткен.

Сокулук районунун Кызыл-Туу айылындагы жогоруда аталган мектептин директору Аида Курманбаеванын айтымында, чыр эки абысындын улуусу — мектепте иштеген мугалими кичүүсүнүн мектепте окуган баласына туура эмес мамиле жасады деген таарынычтан тутанган.

– Биз үчүн күтүүсүз жана жагымсыз окуя болуп отурат. Ушул эле айылдын тургуну Гүлмира Карагулова менин балама кол көтөрдү деп бизде 36 жылдан бери мугалим болуп иштеген Рима Атабекованын үстүнөн арызданып келген. Анын сөзү боюнча, Рима Атабекова ал баланы башка чапкан. А бирок, мен экинчи тарапты укканымда, мугалим тепкичтен сөгүнүп өтүп бараткан баланы колунан кармап: “сөгүнбө” деп эскертүү бергенин айтат. Натыйжада мен КР Эмгек кодексин карап чыгып, эрежеге ылайык ал мугалимге эскертүү жарыялаганбыз. Бирок Гүлмира ал чечимге ыраазы болбой, мектептен кетирүү талабы менен райондук билим берүү бөлүмүнө, министрликке арызданган. Министрликтен атайын комиссия келип текшерип кеткен. Ал комиссия эки тарапты уккан соң, райондук ички иштер бөлүмүнүн чечимин күтө туралы деп кеткен. Бирок жабырлануучу аны күтпөй министрге чейин барган экен, ал киши келип, эки тарапты укту. Жыйналыштын соңунда эки тарап бири-бирин түшүнүп, бир пикирге келишип, элдешти, — дейт.

Он жылдан бери оңдолбогон даараткана, уурдалган компьютер

Төрт баланын энеси арыз ээси Гүлмира Карагулова, министрге жеке эле баласынын маселеси боюнча кайрылбагандыгын, мектептин ичиндеги көптөн бери чечилбей келаткан маселелерди да айтканы атайын барганын билдирди.

– Мен көтөргөн көйгөйлөрдүн биринчиси – даараткана болчу. Чынында мектептеги сырткы даараткана авариялык абалда болгондуктан, балдарыбыз үчүн көңүлүбүз тынч эмес, айрыкча төмөнкү класстын окуучуларына кооптуу. Аны мурдагы жылы санэпидемстанция келип, колдонууга жарабайт деп чечим чыгарып кеткен. 2008-жылы жаңы даараткана салабыз деп чуңкуру казылып баштап, бирок азыркыга чейин ал дааратканадан дайын жок. Ал үчүн элден 50 миң акча чогулткандары маалым. Министр келгенден кийин ичиндеги даараткананы 20-декабрда ачабыз деп убада беришти, ал эми сырткысынын курулушун министр өзү көзөмөлгө алмай болду. Экинчи маселе – мындан бир топ жыл илгери демөөрчүлөр тартуулаган компьютерлер белгисиз адамдар тарабынан уурдалып кеткен, ушул кезге чейин аны иликтеген адам болгон жок. Эшик-терезелери темир менен бекитилген ал кабинеттен кандай жол менен уурдалганы да күмөн жаратат. Министр мектепке жаңы 15 компьютер берилерин айтып, өзү көзөмөлдөөгө убада берди. Дагы бир маселе – мектепке видеокамера коюу. Аны Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы Акылбек Жылжымышев келерки жылдын бюджетине киргизип, чечип бере турган болду.

Андан тышкары дагы мектепти тазалап-жууган техникалык кызматкерлердин эмгек акысы жөнүндө да маселе козгодук. Алар болгону төрт миң сом акча алышат, акчасы көбүрөөк болсун дешип, эки адамдын ордуна бирөө иштегендиктен, үч кабаттуу мектептин тазалыгын кароого эки пол жуугуч, албетте жетишпейт. Бул маселени да чечип бермей болушту.

Мен өзүм 5-класстын ата-энелер комитетиндемин, балдарыбыз окуп жаткандыктан, биз да мектепте болуп жаткан иштерге кайдигер болбошубуз керек деп эсептейм. Бирине жаман көрүнүп, бирине жакшы көрүнүп жүрүп жогорудагы иштерди иликтегенге аракеттендим. Көрсө, мектептин атын жамынып акча тапкандар көп экен. Мурдагы айыл өкмөт башчысы да аралашып кеткендигин айтышууда, бирок ага мугалимдерге тиешеси жок. Бул жеке гана мурунку директордун жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн шалаакылыгы деп эсептейм, — деди Гүлмира айым.

Мугалимди муңайткан ким?

Сокулук районунда 47 мектеп, 31 бала бакча, бир балдар үйү жана төрт жатак-мектеп бар. Жалпысынан алганда 50745 бала билим алат. Аталган район аймагы боюнча Чүй облусунун калк эң жыш жайгашкан райондордун бири. Анын үстүнө баш калаага жакын болгондуктан, ички миграция агымы үзүлбөйт. Айрыкча, Ново-Павловка, Военно-Антоновка айылдарындагы мектептерде балдардын саны үч-төрт эсе ашыкча болуп жаткандыгын, балким, Военно-Антоновкадагы курулушу 60% аяктаган боюнча он жылдан бери токтоп турган мектепти жана Ново-Павловка-1, Ново-Павловка-2 айылдарындагы мектепке кошумча курулган имараттарды тезирээк ишке салса, абал кыйла жеңилдемек беле деген райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Турум Сатарбаева, Кызыл-Туу айылындагы кырдаал жана жалпы эле райондогу мектептердин, мугалимдердин абалы жөнүндө бизге төмөндөгүлөрдү билдирди.

– Бизде мектептеги орундардын тартыштыгы жыл сайын өсүп жаткан ички миграциянын айынан болуп жатканын жакшы билебиз. Мектеп эле эмес, бала бакчалар да жетишпейт. Учурда район боюнча 2700 бала бала бакчага кирүү үчүн кезекте турат. Албетте, бир класста 48-50 бала окуган шартта мугалимдердин сапаттуу билим берүүсүнө жетишүү өтө кыйын. Бул өкмөттүк деңгээлде чечүүнү талап кылган маселе экендиги да жакшы маалым. Ошого карабастан, мугалимдерибиз балдардын окуусун үзгүлтүккө учуратпай окутууга бардык күч-аракеттерин жумшап иштеп жатышат. Кызыл-Туудагы инцидентке байланыштуу ал жерге министрибиз өзү келип, угуп кетти. Жыйналышта көп сөздөр айтылды, бири-биринен кечирим сурашты дегендей, натыйжада араздашып жаткан эки тарап бири-бирин туура түшүндү деп ишенгибиз келет.

Мен ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, мугалимдерди түйшөлткөн дагы бир маселе тууралуу оюмду айта кетпесем болбос. Мугалимден сапатты талап кылаардан мурда аларга кандай шарт түзүп берип жатабыз, аларга кандай колдоо көрсөтүп жатабыз, алардын сапаттуу ишине эмне тоскоол болуп жатат деп суроо салып көрөлүчү. Көп жылдар мугалимдерди шайлоолордо бекер күч катары колдонуп келдик эле, бул маселе Президент Садыр Жапаровдун кийлигишүүсү менен четтетилгени бизди аябай кубандырат. Бирок мугалимдердин беделин түшүргөн дагы бир кырдаал бар. Бул – жергиликтүү бийлик мугалимдерди ишембиликтерде көчө тазалатып жатканы. Мугалимдер “Менин эшигимдин алдын да шыпыра кет” деп, шылдыңдашаарын айтышып, ыза болушат. Эмне дей алабыз, ар түрдүү адамдар болот экен, ошондуктан жергиликтүү бийлик өкүлдөрү мугалимдерди көчө тазалатуудан куткарышса деген өтүнүчүмдү билдиргим келет,  — дейт Турум Сатарбаевна.

Айнагүл Кашыбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер