КООМЧУЛУКТУ ТҮЙШӨЛТКӨН ЖРТ ЖЫЙЫНТЫГЫ

  • 07.07.2023
  • 0

Элибиздин эгемендүүлүк алгандан берки эң зор жеңиши — ЖРТ жыйынтыгы чыкты. Быйылкы ЖРТнын өзгөчөлүгү эмнеде? Билим берүү министрлиги учурда колго алган мектеп реформасынын талаптарына ылайык мындан кандай жыйынтык чыгарабыз? Эмесе мына ушул суроолорго жооп издеп көрөлү.

КООМЧУЛУКТУ ТҮЙШӨЛТКӨН ЖРТ ЖЫЙЫНТЫГЫ

Алгач Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТнын) өлкөбүздүн билим берүүсүндөгү тарыхый ордуна, учурдагы аткарып жаткан зор миссиясына туура баа берип кетсек деймин. Анткени акыркы убактарда биздин коомдо, айрыкча агартуучулар арасында союз доорунан калган оозеки жана жазуу жүзүндөгү экзамендерди эңсегендер жок эместиги байкалууда. Каршы чыккандардын бир тобу ЖРТга мектеп программасынын негизинде түзүлгөн суроолорду киргизүү жөнүндө өз ойлорун айтып келишет. Өткөн жылы Талас мамлекеттик университетиндеги «Ыйык Ата Журт» фонду уюштурган эл аралык симпозиумда мындай аракеттерге устат педагог Гапыр Мадаминов «Эй ушул карапайым адамдардын балдарынын бактысына кол салганды качан токтотобуз! ЖРТ болбосо өлкөбүздүн эң четки Арка айылындагы  чакан эксперименталдык гимназиядан 70 бүтүрүүчү Медакадемиянын бюджеттик бөлүмүнө өтөт беле?!» деген өзүнүн орундуу аргументин каршы койду. Жалындуу жаңычыл педагог болбогондо симпозиумдун айрым катышуучуларынын демилгеси менен мурунтан коррупциянын очогу болгон ЖОЖго кабыл алуу экзамендери «эл эңсеп күткөн жаңылык» катары симпозиумдун резолюциясына кирип кетмек.
Бирок кудайдын кулагы сүйүнсүн, Кыргызстанда жаңылыкка каршы чыккандарга караганда аны колдогондор арбын.
— Эгемендик алганыбыздан берки максатына жеткен эң ийгиликтүү жалгыз долбоор — бул ЖРТ деп эсептейм. Анткени ал чындап билими бар идиректүү балдар-кыздардын жолун ачып, ЖОЖдордогу жемкорлуктун бир көзүн жапты. Эми ЖРТнин негизги бөлүгү түздөн-түз мектепте окутулган предметтик билимди эмес, ошол билимдин негизинде калыптанган жөндөмдөрдү: ой-жүгүртүүнү, анализ жасоону, окуганын түшүнүүнү өлчөйт. Башкача айтканда, эртең эле унутула турган жаттап алган куру маалыматты эмес, түбөлүккө жарамдуу акыл-жөндөмдү таразалайт. Анткени ЖОЖдо окуш үчүн предметтик билимден көп ушул жөндөмдөр керек. Ошондуктан мында математикага, тилге, текстти окуп-түшүнүүгө жана логикага байланыштуу суроолор басымдуулук кылат, – дейт Нурдин Усеев аттуу жаран.
Мына ушундан болсо керек, жаштар арасында ЖРТга өз келечегин байлагандардын саны арбын. Жыл сайын өлкөбүздө 40 миңге чукул мектеп бүтүрүүчүлөрү сынакка катышат. Бирок, «Кой аксагы менен миң» демекчи, Билим берүү министрлигинин Чүйдө жана Жалал-Абадда өткөн быйылкы көчмө коллегиясынын жыйындарында Чүй облусунда, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы айрым мектептер ЖРТга катышпай калган фактылар бардыгы айтылган болчу. Ошондогу көчмө коллегия жыйынынын чечимине ылайык Жалал-Абад жана Чүй облустарынын мектептерине мектеп бүтүрүүчүлөрүн тестирлөөгө катышуусун колго алуу жагы милдеттендирилген. Аталган облустардагы жергиликтүү билим берүү бөлүмдөрү 11-класстардын окуучуларын чукул арада жалпы республикалык тестирлөөгө алдын-ала даярдоо боюнча бир топ иштерди жүргүздү. Колдогу маалыматтарга таянсак, эки облуста тең тагдыр чечүүчү сынакка катышкан окуучулардын саны аз эмес. Бул албетте жакшы. Бардык эле сынакта катышуудан мурда ийгилик жаратуу көп эсе маанилүү эмеспи, андыктан ЖРТда эки көрсөткүч баарынан жогору турат.  Босого баллдан өтүү окуучунун өзү үчүн маанилүү болсо, «Алтын сертификат» ээси болуу жеке эле окуучунун эмес, аны даярдаган мугалимдин, он бир жыл билим берген мектептин, райондун, шаардын, облустун жеңиши болуп эсептелет. Эки жума мурун, тагыраак айтканда, 20-июнда Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева Билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаевага 2023-жылы жалпы республикалык тестирлөөдө жогорку упай топтоп, «Алтын сертификат» алуу укугуна ээ болгон 54 окуучунун тизмесин тапшырды.
Ошол тизмеге ылайык Бишкек шаарынан  39, Ош шаарынан жана Ош облусунан  4, Чүй облусунан  2, Ысык-Көл облусунан 2, Нарын облусунан 2, Баткен облусунан  2, Талас облусунан 2, Жалал-Абад облусунан 1 окуучу «Алтын сертификат» алмакчы. Өткөн жылы «Алтын сертификатка» 57 бүтүрүүчү ээ болсо, 2020-жылы 53 окуучу, 2021-жылы 58 бүтүрүүчү татыктуу болгон. Дагы бир кызыктуу факт, бул ирет эң жогорку упайды Бишкек жана Оштон эки бүтүрүүчү алды. ЖРТда жылдызы жанган бүтүрүүчүлөрдүн басымдуу бөлүгү Бишкектен.  Борбор шаарыбыздан 39 бүтүрүүчү быйыл  Президенттин колунан «Алтын сертификат» алат. Борбор шаарыбыздагы мектептердин ичинен №26 француз тилинде тереңдетип билим берүүчү мектеп-гимназия жакшы жыйынтыктарды көрсөттү. Мектеп директорлорун конкурстук негизде тандоо сынагынын жеңүүчүсү, мектеп директору Чолпонбек Тиленбаевдин айтуусунда бул ирет өзү жетектеген мектептен төрт окуучу «Алтын сертификатка» татыктуу болду.
«Алтын сертификат» өз ээлеринин колуна тие электе анын жыйынтыгы коомчулукта кызуу талкууну жаратты.
— Кыргыз мектептеринин көбүнүн шарты салыштырмалуу начар, мүмкүнчүлүгү чектелүү. Орус тилдүү мектептердин шарты жакшы, мүмкүнчүлүгү жогору. Орус тилдүү мектептер негизинен кара жумуш аз шаарларда, райборборлордо жайгашкан. Менимче, эң биринчи себеп ушунда, – дейт Нурдин Усеев.
Ош шаарынан Иманбек Азазилла уулу сынактын жыйынтыгы бардык бүтүрүүчүлөр үчүн бирдей болушу үчүн мамлекеттик тилге маани берүү керектигин айтат.
— Азыркы тапта мамлекеттик тилди өнүктүрүү саясаты жигердүү жүрүп, мамлекеттик тил жөнүндө конституциялык мыйзам кабыл алынганы турат. Жеке пикиримде Кыргызстандагы бардык жалпы билим берүүчү мекемелер мамлекеттик тилде гана тест тапшырышы керек деп ойлойм. Ошондо адилеттүүлүк болот. Анткени орус тили өнүккөн, илим катары калыптанган (лингвистикалык жагынан) чоң тилдердин бири. Ал боюнча тест тапшыргандар жогору балл алары мыйзам ченемдүү көрүнүш. А кыргыз тили илимий жактан эми гана телчигип, өнүгүү этабына жаңы гана түшүүдө. Мамлекеттик тил башка тилдердин көлөкөсүндө калбашы керек, – дейт Иманбек Азизилла уулу.
Ошентсе да ЖРТдагы ийгилик окуучу кайда жашап, кандай мектепте билим албасын, анын өзүнүн даярдыгына көз каранды деп ойлойбуз. Муну айтканымдын себеби, бир жылдары өлкө боюнча  эң жогорку көрсөткүчтү эң алыскы  мектептердин бүтүрүүчүлөрү камсыз кылган. Демек, көп нерсе даярдыктан көз каранды. Муну окуучулардын өздөрү да, аларды окуткан мугалимдер да, ата-энелери да жакшы түшүнөт. Ата-энелердин көбү азыр баласынан акча аябайт. Бишкек, Ошто эле эмес, бардык район борборлорунда ЖРТга даярдаган курстар, билим берүү борборлору иштеп жатат. Мында окуу акысы да жогору экенине карабай каалоочулардын саны аз эмес.
— Бүтүрүүчүлөрдүн капчыгын пайдаланып, ЖРТ тууралуу жетиштүү билим бере албаса дагы, көптөгөн окуучуларды тестке даярдап, тест өткөрүп, капчыктарын кампайтып, бизнес кылып  жаткан борборлор, курстар жер жайнап кетти…Курстардын эң арзаны 1,500 сом. Бир жолку тесттин эң арзаны 100, 150 сом болууда. Алардын каржылык кирешеси кайнап турган убак, – дейт Кубанычбек Жокинов.
Курстарга эмес, өз күчүнө, системалуу сапаттуу билимге басым жасаган билим берүү мекемелери бизде жок эмес. Адатта мындай мектептер өздөрүнүн автордук программаларына, алдыңкы мугалимдеринин усулдук табылгаларына басым жасашат. Бул багытта  башынан бери ийгиликтүү катышып келе жаткан мектептердин бири — билим берүү министри өзүнүн түштүк аймагындагы иш сапарында жакындан таанышып жогору баа берген Ноокат районундагы «Билимкана» гимназиясы. Быйылкы окуу жылында мамлекеттик Ноокат билимканасын 54 окуучу аяктап, ЖРТда   7 окуучу  200 — 206 упайды, 3 окуучу 190 —  199 упайды, 17 окуучу  170 —  189 упайды,  14 окуучу 150 —  169 упайды камсыз кылган. Бүтүрүүчүлөрдүн баары босого баллынан жогору упай алышкан. Орточо көрсөткүч 166 упайды түздү. Бул албетте жакшы көрсөткүч! Мектеп жетекчилиги азыртан эле кийинки жылы мындан да мыкты көрсөткүчтөргө жетүү үчүн мугалимдердин алдына таасын милдеттерди коюп, окуучуларга окуп чыгуу үчүн дем, шык берүүчү адабияттарды сунуштоодо.
Жакында Ат-Башы районунда да бир жагымдуу окуя болуп өттү. Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Э.Абдыкадыров «Алтын сертификат», «Алтын тамга», Жалпы республикалык тестирлөөдө 200 баллдан жогору алган жана  предметтик олимпиададан орун алган окуучуларды ийгиликтери менен  куттуктап, акчалай сыйлык, ардак грамота, ыраазычылык каттарды тапшырды. Ат-Башы районунан
Назарова Гүлайым 226 балл топтоп, «Алтын сертификат» алуучулардын тизмесине илинди.  Райондон тогуз окуучу 200дөн жогорку упай алганын айта кетели.  Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектебинен Нурланова Аманда 217,  Бейшеналиев Нурзирек 217, Асанова Мелина 213, Медербек кызы Азиза 205 балл топтогон.
Кара-Көл шаарындагы Токтогул атындагы №1 мектеп-гимназиясын 52 бүтүрүүчү аяктап, окуучулардын арасынан   Оторбаева Акылай 194, Сыдыгалиева Айганыш192 , Кадыров Касым 191,  Уметов Марлен   183 упай, Жеңишбек уулу Арсен 180 упай топтогон. Мектеп директору Рахат Тагаева бул биринчиден  жалпы республикалык тестирлөөгө даярдаган мугалимдердин тынымсыз эмгегинин натыйжасы экенин айтат.
Ошентип, кайра эле «Алтын сертификат» ээлерине кайрылсак, биз бир эмес, бир нече жолу көмөкчү чарба жүргүзүүдөгү алдыңкы тажрыйбасы тууралуу жазып, окурмандарды тааныштырган Кара-Суу районундагы А.Сматов атындагы чакан мектептен Айтмаматова Нурия аттуу бүтүрүүчү «Алтын сертификатка» татыктуу болуп, райондун намысына жарады.
Бүтүрүүчүлөрдүн ийгилигине чыгармачылык менен изденип иштеген мугалимдер да өзүнүн салымын кошууда. ”Олимпиадага жол”, “Беш сандык” китептеринин автору, бир жылда 1000ден ашык мугалимге сабак берген, 1000ге жакын окуучуну ЖРТга даярдаган Нургүл Тайир кызынын кажыбас эмгеги тууралуу айтпай кетпесек болбос. Нургүл эжейдин даярдаган окуучуларынын басымдуу бөлүгү 170 менен 187ге чейинки упайды топтосо, эң жогоркусу 219 упай алган.
Жаш педагог 60 окуучуну олимпиадага даярдап, облустук турга 22 окуучусу,   республикага 8 окуучусу өтүп, бир окуучусу  2-орунду багындырган. Өз тажрыйбасынын негизинде Нургүл Тайир кызы облустан 300 мугалимге ЖРТга даярдоо боюнча онлайн сабак берген. Чыгармачыл мугалим өзүнүн кесиптик билимин жогорулатууну да унутпайт.
Демек, ЖРТнын ийгиликтүү болушу мугалимдин кесиптик даярдыгына жараша экенин унутпайлы.

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

    

Бөлүшүү

Комментарийлер